Добавить статью
19:00, 10 апреля 2019 14953

Эмне үчүн эркектер отуруп заара кылышпайт? 1-бөлүк

Эмне үчүн эркектер отуруп заара кылышпайт? 1-бөлүк.

Азыркы кезде ар кандай оорулар көбөйүп кетти. Мунун баары экологиядан, аба булганды, тамак-ашта химиялык заттар көп деген эле адамдар. Балким башка себеби бардыр. Биз бул боюнча өзүбүздүн көз карашыбызды окурмандардын алдына коюп көрөлүчү.

Адамдар простатит (шейшеби бекип калуу), Аденома простаты (туттугуп калуу), импотент (букан), подагра (муундардын оорусу), гепатит А,В,С,Е (сарык, Боткин оорусу) жана кант диабети жана бөйрөк оорулары менен жабыркашат. Мына ушул ооруларды алдын алууга болобу? Албетте болот.

Азыркы убакта республиканын ооруканаларынын урология бөлүмдөрүндө эркектерди «пачкалап» операция кылып, чаткаяктагы жалкы безди алып салып жатышат. Бир күндө бери болгондо 15-20 адам союлат экен. Бул дарт эмне үчүн мынчалык көп жана мунун чыгышынын себеби эмне? Статистика изилдөө жүргүзөбү же кургак цифра отчет менен бүтүп калабы? Дарыгерлер алдын алуу боюнча изилдөө жүргүзбөйбү? Эркектердин экинчи жүрөгү болгон заттан эрте айрылып, көпчүлүк эркектер жүрөгүнөн инсульт, инфаркт болуп өлүп калып жатканын изилдеген мекеме барбы?

Мен адамдардын даарат алуусун жалпыга койгум келди. Даарат алууда дааратканада жай отур, жерге жакын отур, көңүлүң жайлангыча отур, оозуңду жаап отур дейт. Ден соолугум таза болсун, көп жашайм десеңиз чокчоюп же бүркүт отуруш менен заара кылгыла. Эгерде энурез (заара коё берип коюу), простатит (шейшеби бекип калуу), цистит (табарсыктын боштугу) жана аденома (туттугуп калуу), импотент (букан) болбоюн, бөйрөктө таш, табарсыкта таш болбосун, бөйрөгүм оорубасын десеңер аялдар 1,5 мүнөт, эркектер 2 мүнөткө чейин дааратканада отуруп заара кылгыла.

Аны аткарып жатабызбы? Жок, эркектер туруп заара кылышат, аялдар табарсыктагы заараны төгүп алып чыга беришет. Кептин баары ушул жерде болуп жатат.

Батыштагы элди туурап, туруп заара кылуу менен чаткаяктагы жалкы без (просто жалко) кыпчылып калып, чоңдугу 5 см, салмагы 50 грамм болгон зат мээден барган импульс сигналды аткара албай калат. Ал эми отуруп заара кылганда чаткаяк ачылып, денеде физиологиялык функциялар жүрүп, моторика иштеп, табарсыкта, бөйрөктө пайда болгон суюктуктун сыртка чыгышына өбөлгө түзөт, каналчалар кеңейип, жыныстык мүчөгө кан толуп, жарым-жартылай кооп, полэрекция пайда болуп, бөйрөктө жана табарсыктагы суюктук менен кошо майда нерселер (кумдар) сыртка чыгат. Бул бөйрөк менен табарсыкта таш, кум пайда болуусун азайтат. Бөтөнчө суусу таза эмес арыктан суу ичкендер, заара кылганда көбүрөөк отурууга туура келет.

Себеби: эркек отуруп заара кылууда чаткаятагы жалкы без жана булчуң чоюлуп, кыймылга келип, без өзүнүн физиологиялык функциясын мээден барган импульс менен моторикасы иштеп, заараны сыртка чыгарууга аракет кылат. Ийилчектигин, жумшактыгын жоготпойт жана карыган кезде да жумшак бойдон калат.

Туруп заара кылуу — бара-бара эркекке көнүмүш адатка айланат, жаш өткөн сайын чаткаяктагы жалкы без өз кызматын аткаруудан четтеп, мээден барган буйруктарды аткара албай калат. Без жылдан-жылга шишип, катып, өзүнүн жумшактыгын жана ийилчээктигин (эластичность) жоготуп, кошумча бездер пайда болуп чоңоюп, түтүкчөлөрдү кыса баштайт. Бул өзү простатит (шейшеби бекип калуу), андан кийин туттугуп калуу (аденома простаты, рак предстательный железы) дартына алып келет.

Бул дарттарды изилдөө үчүн дүйнөдөгү элдердин дааратканаларына интернет аркылуу кирип көрдүм. Мусулман өлкөлөрүндө простатит дарты жок экен, болсо да аз экен. Японияда, Кореяда, Кытайда да жок экен. Бул өлкөлөрдө отуруп заара кылуу менен адамдар узак жашайт экен. Японияда аялдардын орточо жашы 83, эркектер 79 жаш. Алар «чокчоюп отуруш» же «бүркүт отуруш» менен ичин тазалап, уулуу заттардан арылышат. Японияда чай церемониясы, гүл церемониясы сыяктуу эле даараткана церемониясы бар.

Илгери аталарыбыз сол тизеге таяна калып заара кылчу. Азыр орустарды туурап, туруп заара кылуу менен кыргыздын эркектери жашообузду кыскартып жатабыз. Апаларыбыз баланы алдына алып отуруп, бир топ убакыт кармап заара кылдырчу.

Тамакты жарым саат, бир саат, той берсең бир күн кечке жеп, 2 мүнөттү дааратканага коротуп, отуруп заара кылсаң эч качан кемип калбайсың.

Короодогу дааратканаң талапка жооп берсин. Эркек балдарды кичинекейинен 2 мүнөткө чейин отуруп зараа кылганга көндүргүлө, бала бакчадан, мектептен үйрөткүлө. Кыз балдар дагы 2 мүнөткө чейин отуруусу керек. Колунан келгендер жапыз унитаз орнотуп алгыла (горшоктун бийиктигиндей).

Бөтөнчө айдоочулар, бухгалтерлерге, кечке компьютерде отургандарга, стол кучактап чекесин жерге тийгизгиси келбеген кур чирендерге, ооруп калса врачка жүгүргөн, айыгам деп тепкичтин эки-үчүн бир аттагандарга, адам болом деп «Адамолду» кочуштап ичкендерге, велосипед тепсем, атты жайдак минсем айыгам дегендерге эң жөнөкөй эреже: 2 мүнөт «чокчоюп отуруу» менен заара кылуу.

Унитазды колдонуу 1790-жылдарда Англияда Елизавета ханыша үчүн ойлонуп чыгарылган. Ал эми Японияда узун аштоо, Түркияда жана мусулман өлкөлөрүндө жердеги унитаз — чаша «Генуя» колдонулат. Бул өзү биринчиден жерге жакын болот жана ден соолукка пайдалуу. Бизде коомдук дааратканаларда писсуарлар жана дубал бетинде арыктар (ноолор) колдонулат. Бул архитектуралык шедеврлерди жок кылуу, эл ичинде отуруп заара кылууну үйрөтүү менен жогорудагы дарттардын алдын алабыз. Адам баласы миллиондогон, миңдеген жылдардан бери отуруп заара кылып келген, кийинки 100-200 жылдан бери бул адат бузулду.

Балдарыбыз кичинекей кезинен отуруп заара кылса, ар бир адам заара кылууга 1,5-2 мүнөт убакыт сарптаса, энурез, цистит, простатит жана аденома оорусуна кабылбайбыз, дене таза болуп узак жашайбыз, бул оорулардын алдын алган болобуз.

Мындан сырткары подагра, гепатит А,В,С.Е, (сарык, Боткин оорусу), кант диабети ооруларын алдын алууга болот. Бул үчүн кыргыз элинин башатына, байыртадан колдонуп келген үрп-адатына кайтуу керек. Буга көңүл бөлүү жана убакыт бөлүү керек. Тамакты кандай рахаттанып жесек, ошондой эле рахаттанып денедеги артык баш нерселерден арылуу керек. Аялдар дааратканада көбүрөөк отуруп, денесин тазалоо менен уулуу заттардан арылгандыктан эркекке караганда көп жашашат. Аялга караганда эркектин суюктукту сыртка чыгаруучу жолу татаал жана узак. Аялдардын суюктук чыгаруу жолу 30 см болсо, эркектердики 50 смге чейин болгондуктан, бөйрөктөгү суюктукту да чыгарганга убакыт бөлүп, аракет кылгыла.

Дааратканаларда жарнактарды илүү керек. Мисалы: Эркектер карыганда заараң чыгып турсун десеңер, эмитеден отуруп заара кыл!

Эгерде кыргыз элинин генофонду, ден соолугу таза болсун, кыргыз элинин саны көбөйсүн десек, букан эркектер аз болсун десеңер, бул көйгөйдү токтоосуз изилдеп, Саламаттыкты сактоо министрлиги иш жүргүзүп, элге жайылтуусу керек.

Подагра (муун оорулары), гепатит, кант диабети, бөйрөк ооруларын алдын алуу жөнүндө кийинки макалада берилет.

К.Коңурбаев, «Ыйык мурас» коомунун төрагасы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-01-2020
Ой-пикир: НАМАЗДЫН СЫРЫ
15168

12-11-2016
Тарыхыбызды тактайлы
78350

13-07-2016
Түндүктү ылдый тартып, салаңдаган 50 үзѳңгү
28003

23-05-2016
Ааламдын сырдуу дүйнөсү, 2-бөлүк.
38787

02-04-2016
Шейшеби бекип калуу же простатит
27195

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×