Добавить статью
2:20, 10 июня 2018 10379

«Кайып болуп чыркырап кеткен Бурулайдын жаркын элесине арналат же Кыз Күйөө айылынын келип чыккан таржымалы.»

«Кайып болуп чыркырап кеткен Бурулайдын жаркын элесине арналат же Кыз Күйөө айылынын келип чыккан таржымалы.»

Кыз ала качуу Кыргыздын салтында болгон эмес… Раматылык Атам Зарип бизди окууга Бишкеке жеткизип каникул убагында кайра айылга алып кетчүү эле. Бишкектен Нарын , Ысык-Көлгө кеткен жолдогу Боом капчыгайынын ичиндеги Кыз Күйөө айылын баарыбыз билсек керек.Кыргыздын ар бир айылы шаарлары кандайдыр бир окуяны тарыхты камтыйт эмеспи.? Атамдан Кыз Күйөө айылынан өтүп жатып бул эмне себептен аты ушундай аталып калган деп сураган элем. Атам чоң атамдан уккан санжырада жазылып калган Кыз Күйөө айылынын тарыхын айтып берди эле. Балким кийинки муун бул айылдын тарыхын окугандан соң кыз ала качуу түшүнүгүнөн туура жыйынтык чыгарып бейкүнөө кеткен Бурулайдын тагдыры кайталанбашы үчүн туура жыйынтык чыгараар.

Илгери Кыргыздын салтында азыркыдай ичкилик ичичишип,макулдугу каалосу жок алсыз кыз баланы мал сыяктуу бөктөрө качып ала качкан эч качан болбоптур. Мындай жорук болсо ошол кыздын жети атасына чейин кемсинтүү жана тексиз мамиле катары кабыл алынып,кыздын укум тукуму кана эмес жалпы Кыргыз элин басмырлагандык кылып эсептелинип андай жигиттер өтө катаал жаза алмак экен. Илгери кыздарыбызды барктап багып ата энесинин алдынан өтүп,куда түшүп калың төлөп кана үйлөнүшчү тура. Калың төлөбөй алып кетүүнү кыздын ата тегине шек келтирүү сыяктуу кабыл алынчу . Андан тышкары кызга да балага да ата энесинин айтканын аткаруу парз болуптур. Кудалап айткан кызды алуу же күйөөгө тийүү деген мыйзам каттуу кармалчу экен. Колунда жок кембагал адамдар тестиер кезинен эле койчу жылкычы болуп иштеп келечектеги колуктусунун калыңын чогултуп камын көрушчү тура.( калың төлөй албай азап тарткандар ,сүйгөнүнө жетпей калган тагдырлар да көп болуптур.албетте бул саллтты туура дегенден да алысмын…)

Көбүн эсе учурларда Эки жаштын бири бирине болгон жылуу, аруу сезимдерин байкаган эки жактын ата энелери түшүнүү менен баталарын берип баш коштурган учурлар да болгон экен. Айтайын дегеним калың төлөй албай калган күн болсо да кыздын жеңеси аркылуу ата энесинин батасы менен баш кошуп азыркыдай мал сыяктуу бөктөрүп зорлоп ала качып кеткен болбогонунда. Илгери Көл тараптан бир бай белгилүү адамдын кызы бир колунда жок жигит бири бирин жактырып калыптыр. Кыздын колун сурап жигиттин ата энеси барган экен. Кыздын манчыркаган атасы кызыма калың ушунча болот деп жигиттин ата энеси колунан келбеген байлыкты айтат. Аны төлөй албасаңар кызымды бербейм деп так кессе айткан экен. Бирин бири жактырган эки жаш кыздын атасы батасын бербесине көздөрү жетишип, кол кармашып шертешип Чүй тарапка качышкан экен. (окурмандардын эсине сала кетчүү нерсе ушундай калың төлөй албай калган кезде, же ата энеси макул болбой койгон кезде кыздын макулдугу менен кана эки жаш качкан учурду КЫЗ АЛА КАЧТЫ деп түшүнүшчү экен. Ошентип эки жаш качып кеткенин кыздын атасы билип калып жигитеринен кол курап артынан куугун жөнөтөт экен. Эгер мындай учурда кыз жигит колго түшсө өтө катуу жаза алышчу . Эки жаш ушул Кыз Күйөө айылынын тушуна келип куугун жарга такап кармаарда эки жаш бул жашоодо бир болбосок тиги жашоого чогу кетебиз деген бүтүм чыгарышып жардан Чу дарыясына бойлорун тыштап каза болушуптур.ошондон баштап сүйүшкөн эки жаштын таза махабатынын урматына ошол жер Кыз Күйөө аталып калган экен. Сөзүмдүн аягында айтаарым кыргыз жигиттери кызды кордоп мындай мамиле кылган эмес. Ким мындай мамиле жорук кылган болсо ал акылы жок манкурт,кэм акыл жана коомго эң коркунучтуу адам катары кабыл алып керек болсо өтө катаал мыйзам киргизиш керек. Жартаткан мындан ары кыргыз жигиттерине ыйман берип кайып болуп учуп кеткен Бурулайдын тагдыры эч качан кайталанбаса экен…

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×