Добавить статью
9:29, 15 января 2020 8101

Ой-пикир: Туу белде туруп келген ой

Автор жазган текст, грамматикасы өзгөргөн жок. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Кызарттын бели ары-бери өткөн элдер үчүн бел, бел бойдон жол, жол бойдон эле тургансыйт. Бирок, жакшылап маани берген адамдар үчүн, бул белдеги бүгүнкү ар кандай көрүнүштөр ар бирибизди ыңгайсыз абалда калтырбай койбойт.

Бул бел Кочкор, Жумгал эки районго тиешелүү болгондуктан, белдин көркүн ачып, кимиси ирээтке келтириш керек түшүнүксүз. Тээ атам заманда союз учурунда айлана-чөйрөсү тазаланып, боз үй курулуп, анын ичине улуттук ар кандай буюмдар коюлуп, бир ирээтке келтирилген. Союз таркаганына чейрек кылымдан ашык убакыт өттү. Ал боз үй туш тарабы талкаланып аңырайып турат. Ошондогу бүркүтчөн абышка алигиче олтурат. Өткөн кылымдын 60-чы жылдары Кочкор, Жумгал өз-өзүнчө район болуп бөлүнгөндө курулган, алиги “Жумгал району” деген жазуусу бар тумба сыры да кетип, сыны да кетип турат. Ал эми, ошол Кызарттын туу белине курулуган ажаткананы айтыштын өзү уят. Ошол жерде жалаң Кочкордун эли жайы-кышы соода кылып келишет. Бирок, ал ажатканага кирген чет элдик мейманбы, өз элдик мейманбы, Кызарттын бели Жумгалдын босогосу болгондуктан- саяктар сайрашса тилдеринен чаң чыгат, ажатканасын оңдоп коюшса боло! деген сөздү биринчи кезекте саяктарга айтат. Ошондуктан, Жумгал элинин деле уучтары кур эмес. Аттуу-баштуу намыска туруп берчи эр азаматтары бар. Жумгал эли жети дубандан кыз алып, жети дубанга кыз берген эл. Ошол дубандардан сый куда-сөөктөр ушул бел аркылуу өтүшөт. Анан ошол, касиеттүү Жумгал жерине биринчи кадам таштаган эл, ушундай көрүнүшкө туш келишсе кандай ойдо калышат элестетип көрүңүз. Жол боюндагы ар кандай жакшы, жаман көрүнүштөр ошол чөйрөдө жашашкан элдин маданиятынан кабар берет. Майда деп көңүл бөлбөгөн бир нерседен бир уруу журт кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болоорун эске алсак. Кызарттын бели- бел эле эмес, тарыхый эстелик. Ал белде Ормон хан менен Байзак баатырлардын издери калган. Ошондуктан, эшигин көрүп төрүнө өт демекчи, белге бир арка куруп, бир желек илип, тегерегине карагай кайыңдын көчөттөрүн олтургузуп, алакандай жерди корука алып коюш колдон келсе керек. Эгерде такыр эле эч кимдин колунан келбесе, алиги Кара-Кечени жылдап тытып акча тапкандарга жүктөп коюшка эмнеге болбосун. Жумгал өрөөнүндөгү жолдун баарын ошолор талкалашты. Туу белди экинчи карьерге айлантып кап-кара кылып кирдеткендер да ошолор. Белде, шыкалып токтоп турган машинелердин газынан, сыртта бир мүнөт дем алып тура албайсың. Белди кара туман басып турат. Бузулуп токтогондорго айла жок. Бирок, оң машинелерди бери ойго түзгө токтоттуруп, белге турганга уруксаат бербей коюшка эмне үчүн болбойт. Кыскасы, бир кезде болбосо да, бир кезде бул белди бирөө жарым чыгынып тарыхый жайга айлантып ирээтке келтирет деген ишенич бар. Эмесе окурмандарым ушул белге арнаган ырымды тартуулап кетмекчимин.

Кызарттын бели

“Кырк-Кыз” Кызарттын бели менен,

Касиеттүү Жумгалым жайда келем,

Айдарым жел алгачкы сен тараптан,

Тосуп алат аймалап туу белиңден.

Кышта келем бороонуңда уруп турган,

Сапырылып жол көрүнбөй туманданган.

Ошондо да бир чыгып туу белиңден,

Төштү тосуп абааңдан жутуп турам.

Дарбазасы бир өзүң кең Жумгалдын,

Тососуң да узатасың кулундарын.

Жай чилдеси кээде турат кар чалып

Жашыл жайык туу белиңдин кырларың.

Кылымдарды сен карытып келгенсиң,

Ата-бабам ашып келген белденсиң.

Татаал тарых уламышың болсо да

Тагдыр бизге тартуулаган жерденсиң.

Өзүнчө бир ааламсың эшик ачкан,

Жумгал ичи туу белиңден бир аттасам.

Алтын эшик босогосу бир өзүң,

Таңы агарат Жумгалдын сен тараптан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×