Добавить статью
11:38, 30 января 2020 12747

Ой-пикир:Ислам дининин Кыргызстанга таралыш тарыхынан. Кутейба ибн Муслим

Автор жазган текст, грамматикасы өзгөргөн жок. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Араб Халифатынын белгилүү улуу кол башчысы, ислам динин Борбордук Азияга таркатуучу Кутейба ибн Муслимдин жаны, руху, духу жай тапты. Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылынын түштүк тарабындагы Сахаба аймагындагы 3 гектар жерден ашкан Араб сахабалары, жоокерлери коюлган Сахабалар кѳрүстѳнүндѳгү 715-жылдарга таандык Араб Халифатынын улуу кол башчысы Кутейба ибн Муслимдин кабыр сарайы, мавзолейи кайра курулуп, бүтүү алдында турат. Мавзолейдин курулушуна ѳзгѳчѳ кирпичтер алынып келди. Кирпичти коюу үчүн кокондук атайын даярдыктагы усталар чакырылды. Курулуш иштерине чегерилген каражат Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен бѳлүндү жана жеке ишкерлер тарабынан каржыланды.

Ислам динин таркатууда, Араб халифатынын чек арасын кеңейтүүдѳ, ѳзүнүн тендешсиз салымын кошкон адамдар саналуу гана. Алардын ичинен Борбордук Азия мамлекеттерине Ислам динин таркатуучу кѳрүнүктүү кол башчы Кутейба ибн Муслим. Кутейба ибн Муслим хижранын 48-жылы (668-жылы) Иракта туулган. Арабдардын халифтеринин Омейяддер династиясынын Бахилит уруусунан чыккан.

Ирак Араб Халифатынын Чыгыштагы негизги аскер гарнизондорунун бири болгон. Араб халифатынын гүлдѳп, ѳнүгүп-ѳсүп турган чагында дин илими, куран үйрѳнүү, ислам маданияты, ислам укугу ѳсүп келе жаткан жаштарды тарбиялоодо ѳтѳ жогорку деңгээлде жолго коюлган. Ислам илимине сугарылган Кутейба, атасы Муслим аскер адамы болгондуктан аскер искусствосуна кызыга баштайт. Кутейба жаш кезинен эле ѳзгѳчѳ баатырдыгы, стратегиялык ой жүгүртүүчүлүгү, тайманбастыгы, тапкычтыгы менен айырмаланып, аскерде кызмат кыла баштайт. Кутейбанын ѳзгѳчѳ аскерий касиеттерин байкаган Омейядердин кол башчысы Мухалляб ибн Абу Суфра Ирактын башчысы Хаджжаджага сунуштайт. Ѳзүнүн жеңиштүү жүрүштѳрүнѳ чейин кол башчылыкка такшалуу үчүн Рей шаарынын башкаруучулугуна, андан кийин 704-жылы Хоросанды башкарууга дайындалат.

Хоросан Ирандын чыгыш тарабы, Халифаттын негизги калканчтарынын бири болгон. Араб Халифатынын чеги Амударияга чейин созулган, Амудариядан ѳтсѳ Борбордук Азияга жол ачылган. Борбордук Азияга ислам динин таркатууда негизги уюштуруучу, аз убакыттын ичинде фантастикалык ийгиликтерге жетишүүгѳ үлгүргѳн, таланттуу улуу кол башчы болгон.

Араб Халифатынын чыгыш тараптагы чек арасын кеңейтүүдѳ исламды таратууда жаңы аймактарды ѳздѳштүрүүдѳ, кошууда Кутейба ибн Муслимдин эмгеги ѳтѳ зор. 705-жылы Кутейба ибн Муслим Хорасан аймагы менен чектеш Багдисти каратып, 706-жылы Халифатка Пайкендди кошту, 707-жылы Бухара оазисин каратууга арекет кылды. Бухараны алуу ѳтѳ кыйынга турду, кѳптѳгѳн жоготууларга учурап, үч-тѳрт жолу жортуул жасап, араң 709-жылы Халифаттын бийлигин орнотту. Андан кийин чыгышты карай жортуул улантылган 711-жылы Кутейба ибн Муслимдин армиясы Сиджистанды багындырып, Синда аймагына киришти. 712-жылы Хорезм жана Самаркандды, 713-жылы Чач (Ташкентти) караты.

Кутейба ибн Муслим чыгышты карай жүрүшүн улантты. 714-жылы азыркы Синьзян аймагын, Кашкарга чейинки аралыкты каратты.

Ирактын башчысы Хаджжаджанын ѳлгѳндүгү тууралуу кабар Кутейбанын Ферганага жоортул жасоо убагына туш келди. Репрессиядан, кол башчылыктан айрылуудан кооптонгон Кутейба, 10-июлга чейин Мервге келүүгѳ камынды. Бирок Халиф ал- Валидден келген чабармандан бардык жопкерчиликтери, бийлиги сакталуу менен алкыш жарыялагандыгы тууралуу катты алды. Кооптонууга негиз жок экенин туйду. Аз убакыттан кийин Валиддин ѳлүмү, бийлик анын бир тууганы Сулейманга ѳтүшү, Кутейбанын тагдырын түп тамырынан ѳзгѳрттү. 715-жылы март айларында Кутейба Ферганага жортуулга камданып жатканда ал-Валиддин ѳлгѳнү тууралуу кабар келди. Бир нече жыл мурун Хаджжаджанын сунушун, Сулеймандын мураскорлугун колдобоо тууралуу ал-Валиддин балдары мураскор боло турганын Кутейба колдогон болчу.

Сулейман бийликке келгенден баштап Кутейба ар түрдүү кысымдарга учурай баштады. Кутейба ѳзүн коопсуз сезе баштады. Ошентип Ферганага жортуул кечигип, апрелде башталды. Ферганага июндун башында келишти. Фергананы алгандан кийин жѳнѳтүлүп жаткан куттуктоо каттары, жеңиш тууралуу кубанычтуу кабарлар жаңы Халифти канааттандырбай жатты. Халиф Сулейман кол башчылардын ичинде, Кутейбага каршы атайын куугунтук уюштурду.

Ички козголоңдун бир нече варианттары бар. Ферганага киргенден кийин Кутейба халифаттан баш тартуу жѳнүндѳ кошуундун алдында кабар берет. Эмне жѳнүндѳ айткандыгы илимий булактарда айтылбайт. Кѳбүнчѳ бардык варианттарда Хорасандыктар үчүн мен кѳп арекеттерди кылдым, силер билбей жатасыңар дейт. Армиянын жетекчилери кайрылууну колдогонун-колдобогонун билдирбегени Кутейбанын жинин келтирет. Армиянын жетекчилерин, бѳлүктѳрдүн башчыларын, уруулардын башчыларын чогултуп, катуу жемеге алат.

Араб тарыхчыларынын айтуусунда, Кутейба Маверенахрды каратуудагы ийгиликтери, гениалдуу улуу кол башчы катары, теңдеши жок жетишкендиктери ѳтѳ шыктандырып жиберген. Ошондуктан кошуундун алдында сүйлѳгѳн сѳзүндѳ эч кимди аяган эмес, айрым катачылыктарга жол берген. Кутейба кийин ашыкча сүйлѳп жибергендигин мойнуна алган. Бакриттерди, тийишип жатса да каршылык келтирбеген кул аялга теңештирген, Тамимиттерди жапайы эшектин куйругунун астына теңештирген, Аздиттер – араптар эмес деген.

Айтылган сѳздѳр кызматчылар тарабынан жѳнѳкѳй жоокерлерге тарап жатты. Кошуундун ичинде нааразычылыктар күч алды. Каршы топту башкарганга, Кутейба тамимиттик корпусту башкаруудан иштен алган Ваки, Абу Саудду шайлашты. Кутейба тынчтандыруунун ордуна козголоңчулардын башчысын издей баштаган. Ал мавлей бѳлүгүнүн башчысы Хаййанан Набати болуп чыкты. Кутейба аны ѳлтүрүүгѳ буйруду. Кызматчылар араб эмес Хаййананга буйрук жѳнүндѳ билдирип коюшту. Хаййанан араб эмес армиянын (мавереннахарлыктар, бухаралыктар, согдийликтер, хорезимдиктердин) башчысы болгон. Арабдардын ички пикир келишпестигине аралашпоого Хаййанан сѳз берген, ордуна Ваки кызын бермей болгон.

Кутейба болуп жаткан окуялар жѳнүндѳ тамимитердин жаңы кол башчысы Дирар Хусайнга кайрылганда бул жеке ѳч алуулар деп кийлигишпей койгон. Ваки, Абу Саудду эч ким күнѳѳлѳй, камай алган эмес. Кутейба ибн Муслим Фергана ѳрѳѳнүнѳн 35 фарсак чыгыш тарапта, тоонун түбүндѳ жакын адамдары менен бирге жок кылынган деген маалыматтар бар.

Кутейба ибн Муслим менен кошо 10 адамды жок кылышкан. Кутейбанын балдары: Абдаррахман, Абдаллах, Убайдаллах, Салих, Йасар жана Мухаммедди, ошондой эле тѳрт жакын тууганын жок кылышты. Бир баласы Гузгананда калган, аны да жок кылышты.

705-715-жылдары Кутейбанын кол башчылыгында вассалдык укук менен Халифатка тѳрт мамлекет кирди, экѳѳ жок кылынды. Жаңы кошулган аймак 600 кв км түзүп, адам саны 1 миллиондон ашты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×