Добавить статью
12:32, 1 июня 2020 58929

Ой-пикир: Орусиянын мурунку премьер-министри кыргыз өкмөт башчысынын баласы болгонбу?

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.   

Кыргыз коомчулугунда 1990-жылдардын аягында Орусиянын премьер-министри болуп иштеген Евгений Примаков 1920-жылдардын аягындагы Кыргызстандын өкмөт башчысы Жусуп Абдрахмановдун баласы болгон, деген көп жоромолдор айтылып келет.

Жусуп Абдрахманов

Евгений Примаков

Биринчи версия. Жусуп Абдрахманов менен 1927-жылы Ленинграддан Кыргызстанга сүргүнгө айдалып келген еврей кызы Мария Натансондун ортосунда бир нече жыл сүйүү романы болгон. Бирок баш кошушкан эмес. Мария камакка алынарда кичинекей баласы болгон, аны бир тууган эжесине калтырып кеткен. Ошол бала Евгений Примаков болушу мүмкүн, деп айтылат.

Экинчи версия. Евгений Примаков совет заманында Сокулук районунан СССР Жогорку Советине депутат болгон. Ошол учурда Примаков Чүйгө шайлоочулар менен жолугушууга келет. Бүткөндөн кийин коштоп жүргөн кыргыз чиновнигинен Ысык-Көлдүн Таштак айылына барып келүү мүмкүнчүлүгүн сурайт. Анын каалоосун канааттандырып, машина уюштуруп беришет. Таштак айылы Жусуп Абдрахмановдун туулган жери экени белгилүү.

2018-жылы Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова менен жолугуп, атасынын өмүр таржымалы жөнүндө көпкө маектешкен элем. “Көзүмдүн тирүүсүндө бүтүрө турган бир иш калды. Ал эл арасында “Примаков Абдрахмановдун баласы болгонбу?” деген суроого жооп алуу. Ошол максатты көздөп, Примаковдун Орусиянын “РТР” телеканалында иштеген небересине “Жусуп Абдрахманов сиздин үй-бүлөңүз үчүн бир нерсе билдиреби?” деп суроо коюп, атамдын таржылмалын кошуп, узун кат жөнөттүм. Жообун күтүм жатам” деди эле. Ленина эженин көзү барында ал катка жооп келген жок.

Мына ушундай эл арасындагы суроолорго жооп табуу үчүн иликтеп көрүүнү чечтим. Биз жалаң ачык маалыматтарга, даталарга таяндык, салыштырып көрдүк. Кеп башында “ата-баланын” өмүр жолу жана ишмердүүлүктөрү менен кыскача таанышып алалы:

Абдрахманов Жусуп 1901-жылы Ысык-Көл районунун Күнгөй-Аксуу болуштугуна Чиркей кыштоосунда туулган (азыркы Ысык-Көл районунун Жаркымбаев айылы). Советтик, партиялык мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин биринчи председатели (1927—1933), РСФСР Борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү, СССР Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун мүчөлүгүнө кандидат, ВКП(б)БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат болгон. 1937-жылы “эл душманы” катары камалып, 1938-жылы атылган. Сөөгү 1991-жылы Бишкектеги “Ата-Бейит” көрүстөнүнө коюлган. Жубайы Гүлбахар алматылык казак кызы болгон. Артында бир уул, эки кызы калган. [http://www.languages-study.com/berlin/jews-in-kyrgyzstan.html]

Евгений Максимович Примаков 1929-жылы 29-октябрда Москвада төрөлгөн, советтик-орусиялык саясий жана мамлекеттик ишмер. Орусия федерациясынын өкмөт башчысы (1998—1999), Тышкы иштер министри (1996—1998), СССРдин, кийин Орусиянын борбордук чалгындоо кызматынын жетекчиси (1991-1996), СССР Жогорку Кеңешинин союз советинин төрагасы (1989—1990). Кесиби - экономист, чыгыш таануучу-арабист, экономика илимдеринин доктору (1969), профессор (1972), толук ыйгарым укуктуу элчи (1996), СССР илимдер академиясынын академиги (1979), СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980), Орусиянын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2014). 2015-жылы 26-июнда Москвада каза болгон.  

Евгений Примаковдун биринчи жубайы: Лаура Васильевна Харадзе (1930—1987), экинчиси Ирина Борисовна Примакова. Балдары:  уулу Александр, кызы Нана. [Королёв Б. В. Как Примаков стал Примаковым. — М.: Изд-во МНЭПУ, 1999]

Наталия Мурга деген автор “Семейная тайна Евгения Примакова” деген макаласында минтип жазат: “Евгений Примаков мемуарында “Менин атамдын фамилиясы Немченко, ал жөнүндө мага апам айткан. Мен аны эч качан көргөн эмесмин. Апам экөө ажырашып кеткенден кийин 1937-жылы атылып кеткен кеткен. Мен төрөлгөндөн бери апамдын фамилиясы – Примаковду алып жүрөм, деп жазганы бар”. [https://www.eg.ru/politics/46366/]

“Примаковдун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө (метирка) “отчество” деген графасы бош, сызыкча коюлган. Евгений Максимовичтин жакын туугандарынын маалыматы боюнча апасы Анна Яковлевна жашында Максим Розенберг деген инженерге турмушка чыгат. Кийин атасынын атын “Максимович” кылып алган, Примаков өзү ал жөнүндө эч бир жерде айткан, жазган эмес”,- дейт Наталия Мурга.

“Примаковдун Тбилисиде үй-бүлөлүк катышып, жакшы санаалаш болуп жүргөндөрдүн бири Тамара Челидзе “Евгений Максимович өзүнүн биологиялык атасы 1937-жылы атылганын жазганда, атасы Бухарин болуш керек деген версия айтыла баштады. Айрым сырткы окшоштуктары ушундай ойго түрткөндөй. Бул анын атасы Давид Киршенблат деген врач дегендей эле келжирек версия” деп андан ары эскерүү уланат. [https://www.eg.ru/politics/46366/].

Николай Бухарин ким? Ал 1888-жылы Москада туулган, орус революционери, советтик-партиялык мамлекеттик ишмер. 1934-жылга чейин Бүткүл союздук коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин мүчөсү (ЦК ВКП) болгон. Колхоздоштуруу саясатына каршы чыккан көз карашы үчүн камакка алынып, 1938-жылы атылган. 1929-жылы СССР илимдер акдемиясынын академиги болгон. [Бордюгов Г., Козлов В. Николай Бухарин. Эпизоды политической биографии // Коммунист. — 1988. — № 13.]

Наталия Мурга сөздүн учугун андан ары улайт: “Кеп болуп жаткан, өз мезгилинин белгилүү дарыгери Киршенблаттын чөбөрөсү Карина өз апасы Евгений Максимович Примаков менен бирге чоңойгонун айтып отурду. “Евгений Максимович өз апасы – Анна Яковлевна деп жазганы менен, бирок аны бир туугандары “Хана” дешчү.Таенесинин аты Берта Абрамовна. Хана Тбилисидеги белгилүү гинекологдордон болгон. Евгений Максимович туулган жерин Киев эмес, Москва деп алмаштырып алганы да кызык”.

Канткен күндө да Киршенблаттын аз болсо да Евгений Примаковго байланышы бар. Киршенблат келинчеги каза болуп калганда, үйүн жыйнап оокат кылып жүргөн, эки балалуу Фаинага баш кошот. Фаина Хананын (Анна Яковлевна) бир тууган эжеси. Евгений апасы Хана экөөнүн батири болгону 11 чарчы метр болгондуктан көбүнчө таежесинин күйөөсү Киршенблаттын үйүндө чоңоёт, анын тарбиясын алат. Киршенблат Евгенийди да өз баласындай жакын көргөн. Ошентип жогорудагы айтылган аргументтерге ынансак Евгений Примаков Бухарин, Киршенблаттын да баласы эмес.

Анна Яковлевна Примакова Евгений менен, 1932-жыл

Карина айым Евгений Максимович Примаковдун Розенберг жөнүндө эскербегенинин себебин төмөндөгүдөй түшүндүрөт: “Розенберг менен Хана көпкө балалуу боло алышпайт. Ошол учурда ал башка эркек менен көңүлдөш болот. Женя тогузга чыгып калганда Розенберг өз жанын кыйган. Ал кургур түшкү тамактануу учурунда Хана экөө катуу урушуп кеткенде ачуусу менен терезеден боюн таштаган. Киршенблат ошол учурда жумуштан келе жаткан болот, Розенберг анын колунан жан берет. Хана күйөөсү өлгөндөн кийин турмушка чыккан жок. Ал өзү ажайып сулуу аял болгон”, - деп эскерет Карина. [https://www.eg.ru/politics/46366/].

Сөздүн башында айткандай Жусуп Абдрахмановдун турмушунда “Мария Натансон” деген ысым бар. Ал жөн эле таанышы эмес, өзү айткандай “башын жоготуп сүйгөн адам”. 1927-жылы Кыргыз АССРинин пландоо комитетинде иштеп жүргөндө таанышкан. Абдрахмановдун күндөлүгүндө “Муся”, “М.Н” аталыштарга байланыштуу ичи эзилип, куса болуп, сүйүп жазган учурлар көп кездешет. Кавказдын курортторунда эс алгандарын да жашырбай жазган. Экөөнүн ысык сүйүүсү 1927-1934-жылдардын аралыгында болгон. “Мен элимдин жаман балдарынан эмесмин. Ооба, жамандардын катарында эмесмин. Азырчы? Азыр акыркы бечара болуп турам. Бечара, байкушка башкаргандардын арасында орун жок. Кетиш керек, жетекчиликтен кетиш керек. Ишенимге татыктуу жана күчтүүлөрдү тандап алышсын. Жусуп М.сыз өлүк. Өлгөндөр тирүүлөрдү башкарбайт...22.VIII.28”, - деп жазат Жусуп күндөлүгүндө. [Жусуп Абдрахманов, 1916. Сталинге каттар. Күндөлүк. Бишкек-2017],-

Натансон Мария Яковлевна деген ким? Ал 1901-жылы Москвада туулган еврей кызы. 1917-жылдан компартиянын мүчөсү болгон. 1917-1927-жылдары Ленинградда партиялык кызматтарда иштеген, коммунист-футуристтер тобунун катчысы болгон. Атактуу орус акыны В. Маяковский Марияга арнап көп ырларын жазган. 1927-жылы “Бириккен оппозицияга” кошулуп кетти деген күнөө менен ал компартиянын катарынан чыгарылып, Кыргызстанга айдалат. Кыргызстанда мамлекеттик пландоо комитетинде бир нече ай иштеп, кайра Ленинградга кетет. 1929-жылы компартиянын катарына кайра кабыл алынат. Контрреволюциялык ишмердүүлүгү үчүн 1934-жылы кайра  камакка алынып, 1937-жылы атылган. 1956-жылы акталган. [“Книга памяти Магаданской области”, Магадан-2005]

Мария Натонсон, 1930-жыл

Ал эми Евгений Примаковдун өз апасы деп эсептелген Анна Яковлевна Примакова 1896-жылы төрөлгөн. Кийин апасы Киршенблат деген фамилияны алган. Евгенийдин өз атасы – Максим Егорович Филькенштейн (1892-1938), кийин Примаков деп фамилиясын өзгөртүп алган. Баласы Евгений төрөлгөндөн үч айдан кийин камакка алынган. Ал документтеринде өзүн орус деп жазган. Евгений Киевде төрөлгөн, атасы камалгандан кийин апасы Тбилисиге кетүүгө аргасыз болот. Евгений Максимовичтин балалыгы ошол шаарда өтөт. Апасы акушер-гинеколог болуп иштеген. 1972-жылы дүйнөдөн өткөн, деп жазылган маалыматтар бар [http://to-name.ru/biography/evgenij-primakov.htm].

Примаковдун өз атасы делген Филькенштейн жөнүндө башка ачык маалымат таба алган жокбуз. Ал кайда төрөлгөн, кайсы кызматта иштеген, эмне күнөөсү үчүн атылганы белгисиз. Евгений Примаков апасынын сөзүнө таянып айтып жаткан “атасы Немченко” жөнүндө да маалымат жок. Дагы бир маалымат булагында “анын накта атасы Ираклий Андронников”  болгон” деп жазылып жүрөт [https://baza.vgdru.com/1/26010/].

Жусуп Абдрахмановдун сүйгөнү Мария Натансон менен Евгений Примаковдун апасы Анна Яковлевнанын жакындыгы, карым-катышы болушу мүмкүн, биринин төрөгөн баласын экинчиси багып алышы мүмкүн деген жоромолдор туулат.

Мария – кесиби экономист, берилген революционер болууда, саясий күрөштөргө катышкан каарман. Москадан төрөлгөн, Ленинграддагы революциялык кыймылдарга катышкан. Кыргызстанга сүргүнгө барып келген. Анна – кесиби акушкер-гинеколог, ооруканаларда, төрөт үйүндө иштеген, жаштык кези Тиблиси шаарында өткөнүн байкайбыз. Эки айымга байланыштуу маалыматтарда бири-бирине жолугушкан, катышкан курбу, же тууган катары мамиле түзүшкөнү тууралуу айтылбайт.

Жусуп Абдрахмановдун тагдырында Лилия Брик деген аял бар. Аны менен Мария Натансон тааныштырган. Экөөнүн көңүлү да өтө жакын болгон. Жусупту москвалык интеллигенция менен тааныштырып, алардын чөйрөсүнө кошкон Лилия эле.

Лиля Юрьевна Брик (Лили)  1891-жылы Москвада төрөлгөн, 1978-жылы Москвада 86 жашында өзүн-өзү өлтүргөн. Убагында «орус авангардынын музасы” атка конгон, ХХ кылымдагы белгилүү адабий-көркөм салондорду уюштуруучу, ээси. Бир нече мемуарлардын автору, орустун орошон акыны В. Маяковскийдин турмушунда маанилүү роль ойногон көңүлдөшү. Улуу акын көп ырларын Лилияга арнап жазган. [Ваксберг А. И. Лиля Брик. Жизнь и судьба. — М.: Олимп, 1999. — ISBN 5-7390-0582-2].

Жусуп Абдрахманов жана Лилия Брик Маяковскийдин тажиясында, 1930-жыл 30-апрель


Лилия Брик алгач Осип Брикке, кийин Виталий Примаковго, андан кийин Василий Катанян деген белгилүү адамдарга турмушка чыгып жашаган. Лилия Виталий Примаков менен 1920-жылдардын башында таанышкан, чогуу бир чөйрөдө тааныш-дос болуп жүрүшкөн. Лилия Примаков менен 1930-жылы Маяковский өлгөндөн кийин өтө жакындашып калып, көп өтпөй үйлөнүшөт, алты жыл бирге өмүр сүрүшөт. Экөөнүн балалуу болгону жөнүндө маалымат жок. 1936-жылы Примаков “эл душманы” катары камакка алынып, 1937-жылы атылат. 1957-жылы акталган. [Валюженич А. В. Пятнадцать лет после Маяковского. Лиля Брик — жена командира. — М.: Кабинетный ученый, 2015. — Т. 1. — ISBN 978-5-7525-2924-5.]

Виталий Примаков деген ким? Ал 1897-жылы Черниговск губерниясына караштуу Семеновка кыштагында туулган.  Советтик аскер башчы, Червон казачествасунун командири, корпустун командири (1935) болгон адам.

Примаков Виталий Маркович үч жолу үйлөнгөн: биринчи аялы Оксана Коцюбинская, украиналык белгилүү жазуучу Михаил Коцюбинскийдин кызы болгон. Экинчи үйлөнгөн аялы Довжик Мария Ароновна (1924) болгон, андан Юрий Примаков (1927-жылы туулган) деген бала төрөлгөн, үчүнчү жолу Лилия Брикке баш кошкон.

Виталий Маркович Примаков, 1932-жыл

Ошентип биз бул иликтөөбүздө эки Примаковду кезиктирип жатабыз. Максим Егорович Филькенштейн-Примаков (1892) менен Виталий Маркович Примаковдун (1897) фамилиялары эле окшош болбосо, бир адам деп айтууга негиз жок.

Биз иликтөөбүздүн жүрүшүндө Жусуп Абдрахмановду мурастарын элге жайылтуу, илимий изилдөө эмгектенип жүргөн академик, профессор агайлар, Евгений Примаков менен тааныш, чогуу иштеген Кыргызстандын белгилүү саясий ишмерлер Абдрахманов менен Примаковдун “ата-бала” жакындыгы тууралуу аргумент-фактыларды айта алышкан жок.

Азырынча жыйынтыктасак, орус премьер-министри Евгений Примаков кыргыз өкмөт башчысы Жусуп Абдрахмановдун баласы болбой жатат. Ошол эле учурда Примаков Немченко, Розенберг же Киршенблат, Андронников, Филькенштейндин баласы экенин бекем тастыктаган факт жок. Анан эмне кылуу керек? Мүмкүн, Абдрахманов менен Примаковдун артында калган урпактарынын кандары боюнча изилдөө (ДНК) жүргүзүү керектир?

Евгений Примаков, Жусуп Абдрахманов
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×