Добавить статью
6:09, 1 марта 2011 95384

Кыргызстан: Финансисттердин зирек баасыбы же эртеңки көбүртүлгөн бюджетпи?

Кыргызстан үчүн бүтпөскө айланган тема «Кыргыз Республикасынын 2011- жылга бюджет долбоору жана 2012-2013-жылдарга божомолу» жакында өз жемишин бергени калды. Өкмөт 2011-жылдын бюджет долбоорунун киреше бөлүгүндө көрсөтүлгөн 2,35 млрд сомдун чындыгында эле каржылык булагы бекемделбегендигин мойнуна алды, башкача айтканда, моюндаганга аргасыз болду. Мунусуна да шүгүр дейли.

Буга чейинки парламенттик, коомдук угууларда, 23-февралда «Бюджет-2011. Көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору» деген аталышта болуп өткөн коомдук талкууда да бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнө киргизилген 3,3 млрд сом эч кандай нормативдик-укуктук базасы жок экендиги айтылып келди. А түгүл МММлар деле республикалык бюджетте көрсөтүлгөн көбүк сандар туурасында көп эле жазышты.

Бюджет калпыстыгы…

Эң оболу баса белгилеп айта кетчү маселе: 21 млрд сом бюджет таңкыстыгы же болбосо бул ИДПнын 9% дегендик. 2010-жылдын 29-октябрындагы көрсөткүчкө таянсак, өткөн жылдын таңкыстыгы 21,6 млрд сом, бул ИДПнын 10,1% түзгөн. Мындай көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп отурат. Салыштыруу үчүн айта кетели, Орусиянын өткөн жылдагы көрсөткүчү 3,3-4% болгон, алар муну тынчсыздануу менен кабыл алышкан, анткени демейдеги көрсөткүч аларда ИДПга карата 2,2-2,5% түзөт. Мындан башка өнүккөн өлкөлөрдө деле бул көрсөткүч 3-5%дан ашпайт.

Ушуга байланыштуу Кыргызстан бюджет таңкыстыгын жабууга тез арада каражат табуусу керек, болбосо өлкө дефолт, гиперинфляция сыяктуу жагымсыз натыйжаларга тушугуп калуусу мүмкүн. Бул деген биздин сүйүктүү өлкөбүз кудретсиз «банкрот» өлкөгө айланаары бышык дегендик. Гиперинфляциянын кесепеттери андан да коркунучтуу: баалардын тездик менен өсүшү, акча-насыя системасынын бузулушу, жумушсуздуктун өсүшү, инвестициялык активдүүлүктүн төмөндөшү күтүлөт. Бирок, биздин өкмөт кен казуу ишканаларына инвесторлорду тартуунун эсебинен 583 млн АКШ доллары өлчөмүндө кошумча каражат тапкысы келет, керек болсо, бул сумманы бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизип да коюшкан. Биздин өкмөт мамлекеттик байлыктарын менчиктеширүүнүн эсебинен дагы 3 млрд АКШ доллары өлчөмүндө киреше алгысы келет жана муну да сөзсүз түшчү пайда катары бюджетке киргизген. Эң сонун… бирок, бул каражаттардын баары кагазда гана экендигин, юридикалык эч кандай документ менен бекемделбегин эмнегедир эске алгылары келбейт. Башкача айтканда, жогоруда айтылып жаткан инвесторлор ошончо каражатты биздин экономикабызга салганга даярбы - бул башка суроо.

2011-жылдын бюджетине кошумча киргизилген 18 млрд сомдун болгону 7,7 млрд сому гана грант, калган 10,3 млрд сому карыз түрүндө келген каражат. Кыргызстан дээрлик 60% карыз алып, өлкөнүн тышкы донорлорго болгон жалпы карызынын өлчөмүн ИДПга карата 55% жеткирип жатат. Бизге маалым болгондой, өкмөт мүчөлөрү буга чейин өлкө карызын көбөйтүү мамлекет үчүн кабыл алгыс, туура эмес саясат экендигин бир нече жолу айтып келген жайы бар эле. Баса белгилеп айта кетчү маселе, бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн ички карызынын өлчөмү 8,6 млрд сомду, ал эми тышкы карызы 2618 млн АКШ доллары, же болбосо 125 млрд сом өлчөмүндө, бул ички карыздан 12 эседен да көп дегендик.

Мамлекеттик бюрократтар армиясы…

Кыргызстанда 17829 мамлекеттик кызматкер бар. Эгерде алардын санын 50%га кыскартсак, 5-6 млрд сом үнөмдөөгө болоорун айтышат адистер. Бирок көрүнүп тургандай, 2011-жылдын бюджет долбооруна киргизилген мамлекеттик аппаратка бөлүнгөн каражат ИДПнын дээрлик 37%ын түзүүдө. Бул деген мамлекеттик аппараттын чыгашасы өткөн 2010-жылга карата 136%га, ал эми 2009-жылдагы бакиевдик аппаратка караганда 141%га жогору дегенди түшүндүрөт. Бул жерде өзгөчө белгилеп кетчү жагдай, быйыл өкмөттүн чыгашасы 90%га, ал эми ЖКнын чыгашасы өткөн 2010-жылга салыштырганда 57%га өскөн. Ошондой эле, «Ар кандай чыгымдар», «Ар кандай кызмат көрсөтүүлөр», «Бирдиктүү берене боюнча чыгымдар» деп аталган беренелер менен бюджетке киргизилген каражаттар бардык мамлекеттик чыгымдардын 30%ын түзөт. Эксперт, Бишкек Ишкерлер клубунун мүчөсү Азамат Акелеевдин пикиринде, ушул беренелерге бөлүнгөн каражаттарды ачыкка алып чыгуу керек. ЖКнын Каржы жана Бюджет комитетинин башчысы Акылбек Жапаровдун айтымында, бул 30% каражат эмнеге, кандай максатта жумшалаары тууралуу эч маалымат берилген эмес. Бул тармакта ачыктык, тактык деген жок. Ошонун айынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупциялык схемалардын гүлдөшү сыяктуу терс көрүнуштөргө шарт түзүлүп жатат. Эң кызыгы, ушул беренелерде көрсөтүлгөн бир топ кызматтар керексиз, же болбосо бири-бирин кайталаган кызмат болуп чыгууда.

Асоциалдык бюджет…

Өкмөт сунуштап жаткан бюджет долбоорун социалдык багытта деп канчалык көп айтып келгени менен жалпы социалдык тармакка (социалдык коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо) бөлүнгөн каражатт ИДПнын араң 10%ын түзөт. Ошол эле мезгилде мамлекеттик аппаратка бөлүнгөн каражат ИДПнын 37%ын түзөт. Демек, 2011-жылдын бюджети калктын аялуу катмары үчүн эмес, накта аткаминерлер үчүн десек туура болот! 24-февралда парламент жыйынында «Ата Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев президенттин аппаратынын чыгашасын кыскартыш керек деп чыкканы бекеринен эмес чыгар… Көрсө, парламенттик башкарууда жашап жаткан өлкөдө президенттин аппаратына 2011-жылга 829 млн сом, ал эми Жогорку Кенешке 416 миң сом каралган экен…

«Ар Намыс» фракциясынан парламент депутаты Анарбек Калматов ошол эле жыйында, «Кыргызтелеком» ААКсынын пайдасынан түшчү дивиденддер эмне үчүн казынага түшпөй жатканына кызыккан эле. Көрсө, жылына 2,6 млрд сом киреше тапкан ишканадан казынага болгону 40 млн сом түшөт экен. Эскерте кетсек, бул ишканадагы мамлекеттин үлүшү 80%ды түзөт. Өзүңүз салыштырып көрүңүз? Бул маселенин эң туура көтөрүлүп жаткандыгын А.Жапаров да белгилейт. Анын айтымында, «Кыргыз темир жолу», Манас эл аралык аэропорту сыяктуу ири мамлекеттик ишканаларда да ушундай эле көрүнүш өкүм сүрүүдө. Депутаттын белгилешинче, туура бюджеттик саясат жүргүзүү менен мамлекеттик казына ушуга окшогон булактардан азыркыдай 600 млн сом эмес, 3 млрд сом пайда көргөнгө болмок. Албетте, бул кошумча каражаттарды социалдык тармакка жумшаганга болоор эле.

Ким эмнени көздөйт?

Биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов журналисттер үчүн берген маалымат жыйынында парламент саясый максаттарды көздөп, 2011-жылдын бюджет долбоорун сынга алып жатышкандыгын айткан жайы бар. Ал: «Парламенттин табияты ошондой, алар бюджеттин аткарылышына күмөн санашып, сынга алышат. Бирок мен ЖК биздин долбоорду колдоп берээрине терең ишенем. Эгер биз алдыбызга койгон милдеттерди аткара албай калсак, өкмөт мүчөлөрү толугу менен отставкага кетүүгө даярбыз» деп билдирген. Айтайын дегенибиз, эгер өкмөт милдеттерин аткарбаса, ансыз деле отставкага кетет эмеспи. Эмне үчүн алар мындай кадамын кандайдыр бир баатырдык катары сыймыктануу менен айтып жатышат? Ушул жерден бир суроо туулат: убадасын аткара албай калса, жөн эле отставкага кетип кутулбай, өз жумушуна шалаакылык кылган мамлекеттик кызматкер катары кылмыш жоопкерчилигине тартылууга даярбы? Бул, албетте, чоң суроо…

P.S. Жогоруда айтылган кемчиликтерге карабастан, 24-февралда 2011-жылдын бюджет долбоору жана 2012-2013-жылдарга божомолу Жогорку Кеңеш тарабынан экинчи окууда кабыл алынды. 25-февралда ЖК бюджет долбоорун үчүнчү окууда кароону 3-мартка калтырды. Спикер Ахматбек Келдибековдун айтымында, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, тийиштүү комитеттин жыйынтыгы менен бюджетти кайрадан карап чыгууга ,албетте, убакыт талап кылынат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-05-2011
Кыргыз экономикасынын Конституциясы же ѳнүгүүгѳ шарт
45525

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×