Добавить статью
6:58, 4 марта 2011 166024

Аялдар тапшырма алса, аткармайынча жаны тынбайт, аткара албаса, дароо айтышат (8-март Аялдар күнүнө карата)

Босогодо 8-март Аялдардын эл аралык майрамын утурлап, туулган жер, турмуш, саясат, үй-бүлө тууралуу Жалал-Абад областынын губернаторунун биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиеваны аймактык кабарчы Орозалы Карасартов кепке тарткан.

Туулган жер тууралуу

Кандай болгон күндө да, мен өзүмдү мекенчилмин деп эсептеймин. Турмушумда деле көп эле жашаган жеримди өзгөрткөн эмесмин. Туулган жердин топурагы алтын экенин мен Жалал-Абад шаарына келгенде жан дүйнөмдөн өткөрүп сезип жатам. Кичи мекенине барганда адам канагат алып, рахаттанып эс алат. Мен азыр дале болсо туулган жердин таасиринен алыстай элекмин.

Азыр мени жеке эле Терек-Сай айылынын же Сумсар айылынын эле эмес, Чаткал районунун маселелери түйшөлтөт. Ырас, мен Терек-Сай айылында туулганым менен Сумсарда жашап, окуп чоңойдум. Сумсарда турмушка чыктым. Жыйырма үч жыл Сумсардын мектебинде иштегенмин. Бирок мен Терек-Сай, Сумсар айылынын эмес, Чаткал районунун кызымын деп ойлоймун. Тагдыр экен Терек-Сай айылына мугалим болуп келип иштеп, эл менен аралашып мамиле кылып, мамлекеттик кызматка шайлоо жолу менен айыл өкмөтүнүн башчысы болдум. Менин элдин колдоосуна ээ болушума ата-энемдин да, Терек-Сайда иштеп кадыр туткандыгым да себеп болду. Азыр атам Чаткалдын наркы башында Башкы-Терек деген айылда жашайт. Андан бир айыл өткөндөн кийин Талас областынын аймагы башталат.

Балалык жана жаштык жөнүндө

Азыр бир жагынан студенттерге, окуучуларга карап суктанам. Алардын жаңы технологияларды пайдаланууга, программаларды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөрү кенен. Биз окуганда андай мүмкүнчүлүк жок эле. Компьютер жок болчу. Бирок, биз окуган мезгил кызыктуу болгон. Себеби, биз китепти көп окучубуз. Интернет менен таанышып сүйлөшпөй, бири-бирибизди көрүп, кол алышып таанышат элек. Азыр эми үй-бүлөлөр бири-бири менен интернеттен табышып кошулуп жатышат. Бул эми мезгилдин талабыдыр. Бирок, баары бир бетмаңдай баарлашып, сүйлөшүп отурганга жетпейт. Анан биз окуган мезгилди жакшы билесиз, айыл чарба жумушуна барчубуз. Бул өзүнчө эле тарбия. Студент убагыбызда чөпкө, тамекиге, пахтага барып, турмуштун сынагынан өткөнбүз. Достуктун мааниси ошол чөптө, пахтада, тамекиде кыйналып жүргөндө сезилет. Биз башка улуттун жаштары менен достошконбуз. Ал мамилелерди азыр да жогору коём.

Мен орус мектепте окугамын, студент болгонумда европалык тайпада окудум. Катарлаш окуган класстарда ошондой белек, саат жана башкалар берилчү. Орус класста, тайпада андай жок эле. Болгону жылда бир жолу 8-мартта класс жетекчи уюштуруп белек тапшырчу.

Мен окуган тайпада орус, татар, украин, немец улуттагылар болчу жана токсонунчу жылдан кийин алар ар кайсы жакка көчүп, иштеп кетишти. Алардын ичинен үч-төртөө калган. Алар менен жыл сайын кезигишип турамын. Ал эми катарлаш окуган тайпадагы курбулар менен кызмат жагдайыма жараша ар кандай шартта жолугушуп жүрөм.

Жөнөкөй мугалимден мамлекеттик кызматкерге чейин

Негизинен адам адамга себеп болот экен. Терек-Сай мектебинде директор болуп иштеп жүргөнүмдө мектепке пайда алып келген долбоорду ишке ашырып, ага аким Ажыбек Касымалиев колдоо көрсөтүп жатты. Экинчи жагынан, 2003-жылы гендердик тең укуктуулук сакталсын, акимдердин орун басарлары аялдардан болсун деп президенттин буйругу чыгып калды. Аким А.Касымалиев мени кызматташууга сунуштап чакырып, орун басары болуп иштеп калдым. Чындыгында барганда кыйналдым. Мектеп менен мамлекеттик тармак эки башка болот экен. Ошентип акимдин орун басары, айыл өкмөттүн башчысы, аким жана азыркы убакта губернатордун биринчи орун басары сыяктуу кызматтарды аркалап, мамлекеттик кызмат өтө татаал, жооптуу иш экенин сездим.

Мен орус тилиндеги кесипке ээ болгонум менен табиятым, тарбиям кыргызча эле. Болгону мен ачык айтканды жакшы көрөм. Ал эми тоолуктар ачык-айрым, чындыкты бетке айткан жана уга билген калк келет. Ошондуктан Чаткалда иштеш мен үчүн кыйын болгон жок.

Революция жөнүндө

Революция Чаткалга деле жетти. Революциялык комитет Аксы, Ала-Бука райондорунун акимдерин алганын угуп, мен да креслого жабышпайм деп кетүүгө даярданып, жүгүмдү таңып Терек-Сайга камданып калгамын. Т.Тургуналиев баштаган революциялык комитет бизге да келди. Эртеси саат он экиде келет экен, аким алмашат экен дегенди угушкан жаштар, аксакалдар, көпчүлүк эл администрациянын алдына жыйналып, талаш-тартыш болду, талапкерлер добушка коюлду. Мага да моралдык-психологиялык жактан кыйын болду. Же таштап кетип кала албаймын. Жаштар, аялдар, айылдын тургундары кабинетиме кирип кайрат айтып колдоп, «кетпе, кетем деп айтпа, сен көп жумуштарды бүтүрүп жатасың, биз сени коргоп, колдоп алабыз» деп айтып жатышты. Т.Тургуналиев келип эл менен жолугушкандан кийин: «Кой, өзүң эле аким болосуң, сен элдик акимсиң», - деп кетип калды. Ошо менен калып калдым.

Бектур Жантөрөевич (Асанов) чакырып, орун басар болуп иштеп, социалдык тармакты тартып берсеңиз деп сунуш кылганда, мен ойлонуп көрөйүн деп кеттим. Адегенде чочуладым. Областтык аймак чоң, тармак оор. Анын үстүнө бийлик талашуу болуп жатканын көрүп, угуп жатам. 13-14-майдагы, 19- майдагы окуялар да болуп кетти. Мен анда Чаткалда аким болуп иштеп жаткамын. Анан мен ушундай тополоңго кантип туруштук берем деп чочулап турган элем, Б.Жантөрөевичтин сунушун ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн түштүк аймак боюнча өкүлү Исмаил Исаков да колдоп, Чаткалда жүрө бербей келип иштеп бериш керек деп айтып калды. Ойлонуп көрүп мен да назардан калбайын, ушунчалык ишеним көрсөтүп жатышса деп макул болдум. 2010-жылдын 29-майында ишке келдим, 12-июнда улут аралык жаңжал башталып кетип, абдан кыйын абалда иштеп жаттым. Ооруканага барып түшкөн жарадарлардан кабар алам. Атышуудан суу түтүктөрү иштен чыгып, оорукананын директору Абдилатип Шамшиев мага чыгат, мен мэрияга чыгам. Унаалп суу ташыйбыз. Аэропорттон дарыгерлерди тосуп алабыз. Жарадарларды жөнөтөбүз, гуманитардык жардамдарды тосуп алабыз. Шаардын ичи тынч эмес, калааны кыдырып, абалды көзөмөлгө алабыз. Ош шаарынан Аксы, Ала-Бука, Чаткал районунун студенттери кечигип чыгарылды. Экинчи жагынан Базар-Коргондон өтө албай жатышкан. Ошол учурда студенттерди өткөрүүгө спецназдын кишилери жок болуп калып, мен комендант К.Байболовго чыгып, үч автоматчан кызматкерди алып, МАИнин коштоосу менен 18 автомашина студенттерди өткөрүп келдим. Ошондо эмнеге келдим деп өкүнгөн да күндөрүм болду.

Июнь окуяларынын сабактары

Мен ошол учурда чакырган жерге эле барып жаттым. Анда мени эч ким деле тааныбайт да. Алгач «Телтору» ат майданына Акыйкатчынын областтагы өкүлү Алиман Аманова менен барсак, бир аз кечигип калыпбыз, алар бир чечимге келип, жаштар шаарды көздөй сүрүлүп жөнөгөн экен. Алдынан тостук. Жаш балдар келип, «эже жолубузду тоспогула, силер кеч калдыңар, буга чейин карабадыңар эле биз өзүбүз чечим кабыл алдык» деп миңдеген жаштар Көк-Арт кичи районундагы 704 аскердик бөлүктү көздөй кетишти, мен штабка телефон чалып, маалымат бергенге араң үлгүрдүм. «Эми эмне болот экен деп» аппараттын кызматкерлери менен шаарды кыдырып жүрсөк, 704-бөлүктү бир сыйра каптап, Экономикалык ишкердүүлүк университетинин проректору Абдилбаит Мамасыдыков эки үч мугалим менен өрттү өчүрүшүп жүргөн экен, аппарат жетекчиге чалып дүжүр койдурдук. Анан кызматтык «Волга» унаам бузулуп калып, айдоочумун менчик «Тико» менен жүрдүм. Ошондо Спутник кичи шаарчадан штабка келе жатсам, беш-алты кыргыз балдар токтотту. Тапанча такап, «кыргызсыңарбы же өзбексиңерби» деп суракка ала баштады. Менин жанымда айдоочумдун атасы областтык мамлекеттик администрацияда чарбалык иштер боюнча адис Исмаил Маликов аларга кыргызбыз деп түшүндүргөндөн кийин «Тикодо жүрбөгүлө» деп эскертип коё беришти. Кийин кызматкерибиз З.Садировдун «Маиз» унаасы менен шаарды кыдырып, студенттерге топурак белге барып турдук.

Мени бирөө атып кетет деп коркуу болгон жок. Бирок өтө көп оор сөздөрдү угууга туура келди. Мага бийликтин адамы, мамлекеттик жетекчи катары адамдар өздөрүнүн таарынычын, капасын, азап-муңун кайгысын айтып жатышты. Серныйда үйү күйгөндөргө барганда жаңы эле өрт өчүрүлгөн экен. Мен ошол учурда Сузак районунун акиминин орун басары Асылкан Раманкулова, Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Толгонай Ахмедова абдан жакшы иштегенин айтып койгум келет. Алар чек арага биринчилерден болуп барышты. Мени Бек-Абад, Сейдикум айылдарына бирге ээрчитип барып, жоопкерчиликти чогуу алып жатышты. Биз баарына чыдап угуп жаттык. Анткени аял киши экендигибизден ачык каршы чыгалышкан жок. Аял экенибиз бизге жардам берди. Сузакты да аялдар тосуп, көп кырсыктан алдын алып калышты.

Биз эки улутка барып жөн эле дос бол десек, дос боло коюшпайт. Ар бир тарап бири-бирине болгон капачылык атайылап жасалбаганын, ошого карабастан кайгы тартып жатканын терең түшүнүш керек. Мага ушул маселе менен өтө көп адамдар жеке да, топ болуп алып да келип жатышат. Эки жактан тең келет. Угуп отурсаң ар биринин өзүнүн чындыгы бар. Көп адамдар таптакыр күнөөсү жок жабыр тартып калды. «САНПАда» жөн эле өтүп бараткан адамдар өлтүрүлгөн. Биз ошол учурда стабилдүүлүктү сактоо менен болуп, жабыр тарткандарды аныктап тактап жаткан учурда эл аралык уюмдар өзүнчө иштеп калып, бир жерде ашыгы менен жардам берилип, бир жерде жок болуп эми чыгып жатат. Алар биз бийлик өкүлдөрүн кошпойбуз деп айткандарына макул деп коюп, координация жок болуп бир топ кыйынчылык алып келди. Кыргыздар келип жатат өзбектерге көбүрөөк берилип кетти деп, өзбектер келип жатат кыргыздарга көбүрөөк берилип кетти деп нааразы болушууда. Ошондуктан областтык администрациянын алдында жергиликтүү бийлик, бейөкмөт, жарандык сектор, эл аралык уюмдардын башын бириктире турган уюм түздүк.

Аял киши жетекчилик кызматта...

Чындыгында өткөн жылы тармагыбыздын багыты бир аз өзгөрүп, көп убактыбызда жабыр тарткандар менен иштеп калдык, анткени элдин арасындагы чыңалууну азайтыш керек болчу. Гуманитардык жардамды кабыл алуу, бөлүштүрүү биздин милдетибизде мурда жок болчу. Ал азыр да бир топ кыйынчылык менен таратылууда. Эл арасында түшүнбөстүктөр, нааразылыктар болуп калууда. Мен ойлоймун жабыр тарткандарды тактап чыгып, квалификациялап, жаш балдарды, жетимдерди мамлекеттин чыккан жарлыгы менен ар бирине жеңилдикти жеткирүү боюнча көп иштерди аткардык. Ал эми өзүбүздүн милдетке кирген маселе боюнча өткөн жылы жайкы эс алуу жайларын, лагерлерди жакшы иштеттик. Областыбызда он жети лагерь болсо, алардын он беши толук иштеп берди. Жайкы мезгилде бейөкмөт уюмдарга көбүрөөк көңүл бурдук. Азыркы учурда билим берүү тармагы, саламаттыкты сактоо тармагы өз жолу менен кетип жатат. Көп ишибиз жана убактыбыз эл аралап түшүндүрүү, улуттар аралык ынтымакка чакыруу иштери менен өтүп жатат. Администрацияга келген адамдарды кабыл алып угуп, түшүндүрүп жатабыз. Менимче мындай эл менен иштөө мурда мынчалык болбосо керек.

Эми областтык деңгээлде бир эле Кымбат Манасова деген жетекчи аял бар экен. Аялдардан жетекчи көп болсо, жакшы болот деп ойлоймун. Анткени аялдар тапшырма алса аткармайынча жаны тынбайт, аткара албай жатышса айтышат. Ал эми эркектер айрым иштерге анча маани бере беришпейт. Экинчи деңгээлдеги маселе катары кабыл алып коюшат. Алардын табияты ошондой. Бирок мен айыл өкмөтүнүн башчысы, акимдин орун басары, аким болуп иштегендиктен анча деле ыңгайсыздыкты сезбеймин. Бийликте эркектердин тирешүүсү, өзүнүн амбициясы болот. Аялдар бир аз эрегишүүдө чегинүүгө жол берет. Ошондуктан аялдардын жетекчиликке келишин колдоймун. Аялдар алдым-жуттумдан коркушат, балдарын ойлойт. Албетте арасында жегич, икичтери бар, бирок аз.

Тилекке каршы, аялдар толук өз ордун таба элек. Аял – аял боюнча калыш керек. Акыркы учурда «ОБОН» (отряд бабы особого назначения) деген аялдардын тобу пайда болду, «дежурный» аялдар деген тырмакчанын ичиндеги революционер аялдар пайда болуп калды. Бул менин жүрөгүмдү оорутат. Аялдардын кыйкырганын, долуланганын көрүп, биз кайсы жерден катачылык кетирдик деп ойго батам. Балким коомдо, саясатта туура эмес жолго түшүп алдык, ошонун негизинде аялдар көчөгө чыгып талап койгонду үйрөнүп алышты. Албетте жетекчи аял алардан эки эсе тартиптүү, сабырдуу чыдамкай, жоопкерчиликтүү болуш керек. Аялдар бири-бирин көрө албай ичи тардык кылганы мени кыжаалат кылат. Дания, Швеция сыяктуу өлкөлөрдө бийликте иштеген аялдар тең жарымынан жакынын түзөт. Парламенттин жарымын ээлейт. Ошон үчүн алардын экономикасы жогору, турмушу жакшы.

Акимдердин бирден орун басарлары, вице-мэрлерден аял кишилер болуш керек деп ойлоймун. Көбүнчө социалдык маселелер аялдарга жакыныраак. Биз балдар үйүнө, карылар үйүнө барганыбызда, биз алардын жан дүйнөсүндөгү нерселерди жүрөгүбүз менен кабыл алабыз. Анткени аялдардын касиети ошондой.

Мен мурда деле айтып келчүмүн, жетекчи аялдын көйгөйлөрү көп болот деп. Ал үй-бүлөлүк чарбада деле эмес, аны жубайың түшүнсө, колдосо көйгөй деле болбойт. Бирок, балдарыңа толук кандуу көңүл буруп турууга убактың жетпей калат экен. Балким муну мен көп жыл педагог болуп иштеп калгандыктан айтып жаткандырмын. Балдарымдын өткөөл мезгилинде мен алыс болуп калдым, мен ушуга өкүнөм.

Жеке эле аялдар эмес, эркек жетекчилерде да лидердик сапат болуш керек. Аялдар аял болгону үчүн эле келбеш керек. Аялдарда да лидердик сапат болуш керек. Жетекчи болгон адам өзүнүн амбициясын көзөмөлөй билиш керек. Адам болгондон кийин бири-бирибизге капачылык, таарыныч болуп калат, ошону эске албаш керек. Бир учурда ал мага мындай кылган эле, андай деп айткан эле деп кек тутсак, эч качан жакшы жетекчи боло албайбыз. Жетекчи сабаттуу болуп өзүнүн үстүнөн иштеш керек. Жөн эле жетекчи болуп иштеш кыйын.

Үй-бүлө жөнүндө

Көпчүлүгү эле ойлойт, менин жубайымды бир чоң кызматкер деп. Мен акимдин орун басары кызматына барганда премьер-министр Н.Танаев аңгемелешүү жүргүзүп, жубайың барбы деп сураган. Бар деп жооп бергемин. Кайсы кызматта иштейт дегенде, «Кыргыз алтын» ишканасынын филиалында катардагы ширетүүчү болуп иштейт, десем таң калган. Көрсө, көп учурда жетекчи аялдардын жубайы жок, же чоң кызматта иштеп колдоп турат деген ойдо жүрүптүр. Жубайым азыр деле жумушчу болуп вахтовый ыкма менен иштеп, 15 күн иштеп, 15 күн эс алат. Мени менин иштеримди колдойт жана жардам берет. Менин мектепте директор болуп иштегениме, айыл өкмөтү болуп иштешимде, чарбалык иштерде жубайым жардам берип колдоп жүрдү. Эки балам бар. Бир уул, бир кыз. Алар өз алдынча түтүн булатып, тиричилик кылып жатышат.

Жолдошум Атамырза экөөбүз адегенде Сумсар айылында чогуу окуган классташ элек. Бирок мектеп орус тилинде окуткандыктан, чамасы кыйналган го, кийин Шакафтар шаарчасына барып кыргыз классында окуп бүттү. Институтту бүткөндөн кийин кайрадан табышып, жакын болуп баш коштук. Кайын атам, кайын энем Сумсарда турушат. Алар менен жубайымдын туугандары менен жакшы мамиледемин жана дайыма катышып турам.

Бүтпөгөн көйгөй

Жумуш боюнча көйгөйлөр көп. Мунун жашыруун деле жагы жок - бизде ооруканалар, саламаттыкты сактоо тармагы бир топ жакшы жолго коюлуп калган. Бирок мектептердин жана бала бакчалардын көйгөйлөрү толук чечилбей келет. Биз азыр санына эмес, сапатына көңүл бурушубуз керек. 90-жылдарда мектепке көңүл бурулбай өз алдынча коюп койгондуктан, ошол учурда тарбияланган балдар кечээги тополоңдо чыккан ошолор болду. Мектепке кайдыгер мугалимдер келип калды. Университетте деле жакшы окууга өтпөгөндөр мектепке кете берди да туурабы? Ушундай типтеги муундар келип, катачылыгыбыз ушунда болду. Эми мугалимдердин айлыгын берүүдө жаңы ыкма колдонулуп жатат. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлсө терилип, сынак менен барат. Он жылдан кийин башка натыйжа чыгат. Биздин жол берген катачылыгыбыз ушунда. Базар-Коргон районундагы мугалимдердин митингине барганда бийликке нааразы болгондор креслоңдон коркосуң деген мугалимдердин сөзүн угуп, аларга: «Мен деле мугалим болгомун, балам деле мугалим», - деп айттым. Сиз айткандай мага кыйын болду. Аларды мен деле колдоп, түшүнүп жатам. Бирок алар айткандай, 1-январдан баштап, дароо 15 миң сомго көтөрүү мүмкүн эмес. Азыр мугалимдер 30 пайызын алып жатат. Буюрса 1-майдан баштап жакшы эле көбөйөт.

Аялзатына болгон каалоолор

Областтын калкынын жарымын түзгөн аялзатына биринчи тынчтыкты каалаймын. Тынчтык болбосо, ден соолук деле бекер экен. Экинчиден, ден соолук каалаймын. Анан аларга жөнөкөй, бирок улуу аялдык бакты тилеймин. Ар бир аялзатында жакшы үй-бүлө, балалык бакыт, ырыс болушун каалаймын. Эне-бала үчүн жоопкер, аларды балдарынын кубанычы, ийгилиги кубантсын. Менин балам чоңоюп калганын билбей калыпмын деп айтышпасын. Аялдар үйдө эне экенибизди унутпайлы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×