Добавить статью
5:08, 29 марта 2011 5872

Саясатчылар тирешсе, ортодо карапайым калк өлөт турбайбы

Кырчынында кыйылган өмүрлөр, ай, өмүрлөр! «Өлгөн өзүнүн шору» деп койчу эле кыргыздар. Дал ошондой болду. Эч нерсе өзгөргөн жок. Бир гана Бакиев жок, калганы ордунда. Баягы Бакиев, Акаев, ал гана эмес Масалиев кезинде бийлик тизгинине колу илээшкендер, азыр деле «май чайнап» отурушат. Анан эмнеге атылды десең?

Кырчынында кыйылган өмүрлөр, ай, өмүрлөр! Бу саясатчылар тирешпесе экен. Булар тирешсе, карапайым калк өлөт турбайбы ортодо. Жеңгени жеңилгенине күнөөнү жаба салат экен, жеңилгени күнөөлүү болуп туруп калат экен.

Жеңген тарап өзүнүн кандайдыр бир өлчөмдө күнөөлүү экенин моюндабайт го. 100% утулганы күнөөлүү. Болуптур, Бакиевти күнөөлөйлүк, а Бакиевти бийликке алып келген кимдер? Ушул эле Отунбаева, Текебаев, Атамбаев, Бекназаровтор эмес беле. Алдына килем салып, алакан чапкылап күтүп алган карапайым калк эмес беле. Алыста жүрүп (Казакстан) телевизордон кубанып карап отурган биз элек го, 2005-жылы Бакиев бийликке келгенде. Анан эмне болду? Демек Бакиевти бийликке алып келген өзүбүздө күнөө. Бүгүнкү «лидерлер» - Отунбаева, Атамбаев, Текебаевтердин түздөн-түз дагы, кыйыр түрдө дагы күнөөсү бар бул иште. Жалпыбыздын күнөөбүз бар, керек болсо, окуп жаткан сиз да, жазып жаткан мен да күнөөлүүмүн окурман.

Мүмкүн бийликке жетүү үчүн элдин агрессиясын күчөтүүгө, бүгүнкү бийликтегилериң өздөрү аттыбы деген дагы арам ойлор келе берет экен башыңа. Анткени, кадимки эле Бекназаров Ак үйдүн үстүнөн элге ок аткан «мергендер» кармалганын жана жазасын алышарын жар салган эле. Бирок ошо «мергендердин» бирөөсү, кечээ январдын башталышында диний «бузукулардын» көзүн жоюуда, баатырларча курман болгондугу билинбедиби. Демек «көзгө атарлардын» үстүнөн кылмыш иши козголгон эмес. Калп эле «кармадык, камайбыз» деп, айтор шейит кеткендердин жакындарын, элди алдаганы билинип турат. «Өздөрү аттыбы» деп арам ойлогонумдун себеби ушундай.

Темадан алыстап кеттим окшойт. Аны айтабызбы, муну айтабызбы, 87 өмүрдөн айрылып калдык. Эң жаманы ошол болду. Саятчылардын баары өз ордунда, бийликтегиси - бийликте, опозициядагысы - опозицияда. Мурда экиге бирди кошсок - үч болсо, азыр бирге экини кошсок - үч чыгып жатат. Кошулчу сандардын орду алмашканы менен, чыккан сумма баягы эле- ҮЧ боюнча калды да.

Кырчын кезде кыйылган өмүрлөр, ай, өмүрлөр! Жаткан жери жайлуу болсун.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-04-2011
Казак бооруңан жооп
8433

14-03-2011
Кыргызстанга демократияны Акаев эмес, Бакиев эмес, ошол «кодо», «жети жүздүү» Эшимканов орнотту
9821

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×