Добавить статью
4:21, 25 апреля 2011 81822

Ички миграция же борбор шаар көйгөйү

Өлкөбүз эгемендик алгандан баштап коомдук мамилелер өзгөрдү, башкача айтканда мурдагы колхоз-совхоздор түп тамыры менен жоюлду, айыл чарба продуктуларын өндүрүү, мал чарбачылыгы менен иштеген нечендеген айылдыктар жумушсуз калышты. Колхоз-совхоздордун менчиги менчиктелип, жер үлүшүн алып калгандар алып, албагандары нааразы болуп, аны иштетүүнүн ыгын билбегендер бир сыйра ооздорун күйгүзүп тынышты. Көпчүлүгү алган кредиттерин төгө албай үй мүлктөрүнөн ажырады.

Соңку кездерде калктын эмгекке жөндөмдүү курактагылары, өзгөчө жаштар туулган айылын таштап, борборго жакшы турмуш издөө менен шаарга келгендердин агымы күчөгөндүгү күн санап өсүүдө.

Ошентип, шаардан жакшы турмуш издеген жумушу айылдыктар өлкөбүздөгү ички миграциялык процесстердин активдүүлүгүн өстүрүүгө өбөлгө түздү.

Бүгүнкү күндө калктын миграция маселеси абдан курч проблема бойдон калууда. Ички жана тышкы миграция өлкөнүн экономикалык абалына, ошондой эле жумушсуздукка да байланыштуу болууда.

Сурамжылоолорго ылайык 90 пайыз эмгек мигранттары жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чыгуу алдында Бишкектен иш издөөгө аракеттенишет. Борбордон анча ылайыктуу иш таппай же тапса да шаардык каттоо талап кылынат, ишке орношоюн десе шаардык каттоосу жок . Анткени алар жашаган убактылуу жашаган кожоюндары аларга каттоого тургузбайт. Бир жагынан алганда ички мигранттардын абдан эле укуктары бузулган.

Бүгүнкү күндө ички мигранттардын расмий каттоо жүргүзүлбөйт, борборго канча эмгек мигранты келип, чыгып жаткандыгы көзөмөлгө алынбайт.

Бишкек чындыгында ички өлкөлүк миграциялык агымдарды тартуунун обьективдүү борбору болуп саналууда. Азыркы учурда 500 миң калк каттоосу жок эсепке алынган жок, анын ичинде Бишкек шаарынын жакын коңшу айылдар жана шаарлардан келгендер болуп, азыркы учурда борбор калаада 1 млн. 400 миң адам жашайт. Шаардык чөйрөнүн турмушун камсыздоочу бардык чөйрөлөрүндө укук коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият мүмкүнчүлүктөр төмөндөөдө. Мында шаардык чөйрөгө мигранттардын адаптациялоо программалары иштелип чыккан эмес.

Шаар турмушун камсыздоо системасынын эскириши ички мигранттардын интенсивдүү өсүшү менен татаалдантууда. Бул системалардын бекемдиги жана чыдамдуулугу чегине жетти.

Инфраструктура жана инженердик тармактар постсоветтик мезгилдерден бери жаңыланган эмес, андыктан капиталдык оңдоо талап кылынат жана акыркы 20 жыл да Бишкек шаарында өлкөнүн ички миграциясы эсебинен калктын 2 эсе көбөйүүсү шаардык кызматтарга жана шаар жетекчилигине чоң көйгөйлөрдү жаратууда. Себеби инженердик тармактар жана шаар өзү 400-600 миң калкка эсептелген. Бишкек айланасында 500 миң адамдан ашуун калкы бар 50 турак жай конуштары пайда болду. 2009-жылдын 31-мартында Президент Жарлыгы менен Өлкөнүн Өнүгүү Стратегиясы (2009-2011-жж.) бекитилген анда:

“Ички миграция процесстери Бишкек жана башка өлкөнүн шаарларынын калкынын жогорку концентрациясына алып келди. Бишкекке ички өлкөлүк мигранттардын 40% ы келишет жана турукташышат, алар турак жай, жумушчу орундарына, социалдык программаларга кошулууга муктаж” деп белгиленген.

Эксперттик баалоолор боюнча борбордун калкынын фактылай саны расмий 500 миң адамдан ашуунду түзөт ( расмий каттоолор маалымат боюнча 2009-жыл абалы боюнча -835743 миң адам) Бишкек шаарынын жергиликтүү муниципалитетинин бюджетиндеги чыгымдарга багыттоолорду колдоо талап кылынат. Өлкөнүн борборундагы мындай процесстер социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий чөйрөлөрдө жогорулаган чыңалууларга алып келгендигин баарыбыз эле түшүнгөнүбүз менен конкреттүү иш чаралар жүргүзүлбөгөндүгү өкүндүрөт. Ал эми жогоруда айтылган көрүнүштөр натыйжасында ички мигранттар тарабынан жер басып алуу, пикетке чыгуу өңдүү чыр-чатактарды түзүүчү кудуреттерге ээ экендигин унутпасак.

Өкмөт да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары региондордо эмгек миграциясынан калкты кармоочу жетишерлик стимулдарды түзүшпөйт.

Периферияларда мигранттардын жалпы чыгуу жерлеринде айрым учурларда терс таасирге ээ болот. Туруктуу жашаган жеринен эмгек мигранттарынын чыгып кетүүсү демографиялык жана эмгек ресурстарынын балансын бузууга жана бүтүрүүгө алып келет Ошону менен катар негизинен айылдык периферия болуп саналган бул жерлердин деградациясына жана ээн бош болуп калган учурларына алып келет. Атап айтсак, түштүк облустарында Баткен облсу, Лейлек райондорун жалаң эле кары адамдар калгандыгы айтылып келет.

Стратегиялык маанилүү тоолуу чек ара аймактарындагы артыкчылыктуу-репродуктивдүү жана экономикалык активдүү калктын иштөөгө чыгып кетүүсү бул аймактардын ээн калышына гана эмес, укук улантуучу муундардын жоготуусуна, өсүп келеткан муундардын сапатынын төмөндөшүнө, генефонд “консервациясына” жана анын деңгээлинин социализациясына алып келет. Бул болсо чектеш чек ара аймактарында калктын бул жерлердеги “жайылып жүрүүчү” миграция коркунучун түзөт. Айрым жана чек ара аймактарынын ээн калышы, алардагы калктын социалдык калктын демографиялык жана улуттук структурасынын өзгөрүшү, “жайылып жүрүүчү” миграция натыйжасында коңшу өлкөлөр менен мамиленин жаңы кырдаалын түзөт жана Кыргызстандын социалдык, маданий чөйрөнүн туруктуулугуна жана коопсуздугуна коркунуч келиши мүмкүн .

Жогоруда баяндалган республикадагы ички мигранттар жөнүндөгү бул көйгөйлөр борбордун гана эмес мамлекет деңгээлдеги маанилүү көйгөй деп эсептөөгө болот , бул кырдаалдан чыгуунун жолун кечиктирбестен чечүү керек жана аны талаптагыдай чечүүнүн жолун издөө керек. жана механизмдерин иштеп чыгуу бүгүнкү күндүн кечиктирилгис милдеттеринен деп ойлоймун.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)
42479

16-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи
43516

28-04-2014
Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс
44585

20-11-2013

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

42742

13-06-2012
Баңгилик-өмүрдү алат
30350

08-06-2012
Баңгилик абдан коркунучтуу илдет
28136

21-05-2012
Дүйнөдө баарынан сулуу - ЭНЕ
44080

28-02-2012
 Автотоктоочу жайдын же парковканын кызматкери кимдин чөнтөгүн толтурат?
94646

15-02-2012
Укугуңду билесиңби?
33180

01-02-2012
Кыз ала качуу — адам укугун бузуу
54164

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×