Добавить статью
9:53, 4 мая 2011 59541

ВИЧ/СПИД көйгөйү тууралуу

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана ВИЧ, СПИД боюнча БУУнун маалыматтарына ылайык, дүйнөдө ВИЧ инфекциясына чалдыккан 39,5 млн адам жашайт. Адистердин баалоосу боюнча, бул - жогорку деңгээлге жетүү коркунучунда турат дешет. Соңку учурда Кыргызстанда азыркы абал боюнча ВИЧ инфекциясына чалдыгышкан 3 миң адам жашайт. Республика боюнча катталган учурдан баштап 366 ВИЧ инфекцияга чалдыккандар, анын ичинен СПИД 134 адам каза болгон. Мындай жагдайга тышкы эмгек мигранттары көбүрөөк чалдыгышат.

Дарыгерлердин айтымында, бул сан деле анык сан эмес деп эсептешет, себеби ар кандай себептерден улам текшерүүлөрдөн, т.а. анализ, тестирлөөдөн өтпөгөндүгүн белгилешет. Мындай мамиле бул оору тууралуу маалымдуу болбогондугу, өзүнүн ден соолугуна жана башкалардын ден соолугуна кайдыгер кароо болуп саналат.

Бул аталган ВИЧ–инфекция – бул медициналык түшүнүк эмес, бул баарынан мурда олуттуу социалдык көйгөй болуп саналат. ВИЧ деген сөз адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу, бүгүнкү күндө «РАК» дартынан да коркунучтуу болгон өлүмгө кириптер кылуучу оору болуп саналат. ВИЧ-инфекция айрыкча жаштар арасында жайылууда. Негизинен баңгизаттарды колдонууда бир ийне менен бир нече адам колдонуусу, баш аламан, башкача айтканда тартипсиз жыныстык өнөктөш менен жашоо, ошондой эле, проституция (сойкулук) өнүгүшү, өлкө ичиндеги, тышка чыккан эмгек мирганттарынын эбегейсиз өсүшү ВИЧ инфекциясын жайылышына шарт түзөт.

1997-жылдан баштап секс-кызматчылар жана алардын кардарларынын ВИЧке аялуулугун төмөндөтүү – Кыргыз Республикасынын ВИЧ-инфекция жаатындагы мамлекеттик саясатынын артыкчылыктарынын бири болуп калды. Ички иштер министрлиги системасында Кыргыз Республикасынын ВИЧ-инфекция боюнча мыйзамдарын ишке ашыруу механизми 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруунун ИИМнин иш-аракет матрицасы, ошондой эле ИИМдин 2008-жылы 25-апрелдеги № 417-буйругу менен бекитилген «Аялуу топтордун арасында ВИЧ/СПИДди алдын алуу боюнча КР ИИБ кызматкерлери үчүн Нускамасы» менен аныкталат.

Бул окуу куралында секс-кызматчылардын аялуулугун төмөндөтүүнүн укуктук аспекттерине тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсү камтылган. Колдонмодо дүйнө жүзүндөгү секс кызматынын өнүгүү тарыхын, Кыргыз Республикасындагы секс-кызматы боюнча жагдайды жана социалдык түп-тамырын камтыйт. Окуу куралдын негизги бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык укук нормаларына, Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына, Борбордук Азия регионунун, КМШнын, Борбордук жана Батыш Европа өлкөлөрүнүн укукту колдонуу практикасына, ошондой эле стигматизация жана дискриминация көйгөйлөрүнө арналган.

Ушул көйгөйлөрдү алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Кызыл жарым ай улуттук коому калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.

ВИЧ-инфекцияны алдын алуу боюнча иштер өлкөнүн артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Өткөрүлгөн иш-чаралардын көпчүлүгү калк арасында анча түшүнүктүү эмес,ошондой эле, бир жолку гана өткөрүлгөн акциялар. Андыктан бул жааттагы көйгөйдү чечүүнүн эң натыйжалуу жагы деп, улуттук теле көрсөтүү каналында ВИЧ-инфекциясына байланыштуу түшүндүрүү-маалымат түрүндөгү роликтер же болбосо, акциялардагы баяндамалар окубастан ар кандай слайддар же документалдуу фильм менен көрсөтсө калк арасында алда канча жеткиликтүү болоор деп ойлойм.

Баарына белгилүү болгондой, республикада мыйзамсыз секс көрсөтүү жайлары көмүскө иштеп келет. Мындай кызматтарды пайдаланган кардарлар ВИЧ,СПИД кесепеттерин билбегендиктен коопсуз секс жөнүндө маалымдуулугу жогунан, аталган ооруларга дуушар болушат.

Макала соңунда мамлекеттик, эл аралык уюмдар укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте үзгүлтүксүз кеңири маалымат берүүчү агартуучулук жааттагы иш-чараларды, өзгөчө жаштар, мектеп окуучулары арасында өткөрүү мезгил талабы дээр элем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-11-2011
Тогуз коргоол улуттук оюну тегерегиндеги көйгөйлөр
40044

20-10-2011
Айыл өкмөтү: тажрыйба алмашуунун натыйжалуу жолу –  жеринен барып таанышуу
49787

22-07-2011
«Ысык-Көл» – Орто Азиянын бермети же туризм аймагындагы экологиялык абал тууралуу
67053

10-06-2011
Мамлекеттик тил мамлекеттик кызмат жаатында канткенде өнүгөт?
55172

05-05-2011
Укук сенин жашооңдо
62188

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×