Добавить статью
7:03, 10 мая 2011 53757

Кыргызстанда активдүү саясатчылардын тизмеси аныкталды (сурамжылоонун натыйжасы)

«Аз сүйлөп, көп иште», - активдүү саясатчылар үчүн девиз

Орто Азия стратегиялык илдөө институту 2011-жылдын биринчи кварталындагы Кыргызстандын алдынкы саясатчыларынын коомдук жана саясый активдүүлүгүн аныктоо максатында жүргүзгөн социологиялык иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Сурамжылоого саясый эксперттер, КР саясый партияларынын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, студенттер, ММК өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү болуп, бир жумада жалпы катышкан респонденттердин саны 1950 кишини түзгөн.

Респонденттерге берилген 50 саясатчы, жогорку кызматтагы аткаминерлер, ири саясый партиялардын өкүлдөрү, парламент депутаттары жана өлкөнүн коомдук-саясый турмушуна активдүү катышкан коомдук ишмерлердин ысымдары берилген.

Сурамжылоонун талаптарына ылайык, респонденттер аты берилген саясатчылардын 2011-жылдын биринчи кварталында ээлеп турган кызмат абалынын чыңдоодо аткаруу жана мыйзам чыгаруу органындагы жасаган эмгеги, маанилүү иш-чараларга катышуусу, калктын муктаждыгына канчалык көңүл бургандыгы жана алардын кызыкчылыктарын ээлеп турган кызматына жараша коргоосун баалоосу керек эле.

Ошону менен бирге саясатчылардын ММКларда канчалык аты аталаары, аларга карата болгон калктын реакциясы (оң жана терс) жана эл аралык кызматташтыктын өнүгүшүнө кошкон салымы да бааланышы талап кылынган.

Сурамжылоонун жыйынтыгы 3 категория боюнча аныкталган:

Оң активдүүлүк (мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө кошкон салымы, реалдуу долбоорлору, коомдо болуп жаткан белгилүү иш-чараларга катышуусу, калктын муктаждыгына жооп берүү жана алардын кызыкчылыктарын жеринде коргоого алуу ж.б.);

Терс активдүүлүк (ар кандай чырга катышуусу, коррупциялык схемаларга болгон болгон катышы же кандайдыр бир шектин болушу, криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү менен катышы, элге берген убадаларынан танышы ж.б.);

Пайдасыз активдүүлүк (ар кандай иш-чараларга формалдуу түрдө гана катышуусу, дипломатиялык катышуу, жөн гана фактыларды айтып коюу менен чектелүү ж.б.);

Жалпы упайлардын суммасы венгер экономисти Фростанын төмөндөгүдөй формуласы менен эсептелген: Оң активдүүлүк – Терс активдүүлүк + Пайдасыз активдүүлүктүн 10%ы Жыйынтык

10 активдүү саясатчынын аттары:

+ Оң активдүүлүк

- Терс активдүүлүк

N- Пайдасыз активдүүлүк

Бирок, сурамжылоого катышкандардын койгон баалары абсолюттук түрдө калыс деп айтуудадан алыс болуубуз керек. Себеби, тигил же бул партиянын өкүлдөрү өз партиялашына добуш берүүсү толук мүмкүн. Ошого карабастан, рейтингди аныктоодо калктын ар кандай катмарынын өкүлдөрү катышкандыга байланыштуу жалпы жыйынтык кайсы бир деңгээлде өлкөнүн коомдук-саясый турмушунун түз чагылышы катары эсептесек болот.

Рейтинг башында өлкө президенти Роза Отунбаевага турат. Президенттин ийгилиги криминалга карата жасаган аёосуз күрөшү жана эл аралык, анын ичинде АКШнын жогорку баасына ээ болгондугу менен түшүндүрүлөт. Өлкө ичинде ага карата терс пикирлер да жок эмес. Мисалга Ош окуялары учурундагы чечкинсиздигин сынга алып келишет. Ошондой эле, жергиликтүү ММКларда ТЗК «Манастын» тегерегиндеги чырга уулунун катыштыгы бар жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тиешелүү жер тилкесин бир тууган сиңдиси менчиктетирип алды делген ар кандай кептер да терс таасирин берген. Көч баштаган президент 100дөн 71,92 упайга ээ болгон.

Экинчи орунда өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев турат. Анын акыркы айларда Орусия менен Түркияга жасаган жемиштүү визиттери өз дивидендин алып келди десе болчудай. Түркия мамлекети менен виза режиминин жоюлушу жана Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн мигранттардын абалы оор болуп турган кезде алдыда Түркияда жашап жаткан кыргызстандыктар үчүн жумушка уруксат кагазынын жоюлушу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жатышы , албетте, чоң мааниге ээ. А. Атамбаевдин рейтинги кадр саясатында жасаган айрым бир алешемдиктерден улам бар аз төмөндөгөн. Акыркы мисал, 7-апрелден кийин Мамлекеттик Бажы кызматына К. Кулматовду коррупцияга аралашпаган таза кадр деп жеке өзү дайындаганы белгилүү. Бул кишинин Орусиянын жарандыгы бар экендиги жана мамлекеттик каражаттарды өз пайдасына максатсыз пайдалангадыгы тууралуу чуулгандуу маалыматтар тынчыбай келет.

Үчүнчү орун ЖКнын «Ар Намыс» фракциясынын депутаты, Бюджет жана каржы комитетинин председатели Акылбек Жапаров тийди. Детутаттын активдүүлүгүн анан ишмердүүлүгүнүн жогорку деңгээлде чагылдырылышы жана коомдо бийликке карата оппозициялык маанайдагы абалы менен түшүндүрүшөт. Ага берилген оң мүнөздөмөлөрдүн катарында коомдук парламенттик угууларды уюштурууну салтка айландыргандыгы, жыл башынан бери бюджетти кабыл алууда жөнөкөй элдин (мугалимдер, дарыгерлер базар кызматчылары, пенсионерлер ж.б.) кызыкчылыгын коргоп келгендиги айтылат.

Төртүнчү орунда ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков турат. Түштүктөгү бийик рейтинги тууралуу кеп кылуунун кажети жоктур. Башында кокусунан төрага болуп калгандай туюлганы менен, А.Келдибеков парламенттик башкаруу менен жашап турган өлкөнүн парламентин башкарууга даяр экендигин далилдей алды. Бул туурасында жергиликтүү ММКлар тамаша иретинде: «Ахматбек мырза төраганын креслосуна келгени оор басырык тартып, токтолуп калды» деп да жазышкан жайы бар. Чындыгында ал парламенттеги жана ага кирбей калган ар кандай партиялардын (Мисалы: жалпы улуттук Конгресстин өкүлдөрү менен) өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алгандыгын далилдей алды. Бирок, бул саясатчыны «нукура Баиевдик кишиси» катары санагандар да жок эмес. Буга кошумча оппозициялык маанайдагы «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрүнүн «Парламент төрагасы болуп туруп, «Каприз» пансионатында кримдүйнө авторитети менен жолугуп жүрөт» деген айыптоосу маал-маал ММК беттеринен чыгып калып жүрөт.

Бешинчи орунга парламентке өтпөй калган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров чыккан. Кесиби журналист, кызыл тилдүү саясатчынын активдүүлүгүн келе жаткан президенттик шайлоолор менен байланыштырышыт. Эскерте кетчү нерсе, бул киши жетектеген партия парламентке болбогон сандагы жетизсиз делинген добуштун айынан кирбей калган. Анын үстүнө бош убакытка бай саясатчы ушу тапта Кыргызстанды түрө кыдырып, жөнөкөй эл менен жолугушууларды өткөрүп жүргөнү маалым. Дагы бир оңдой берди жагдай бул саясатчынын түштүктө жетиштүү деңгээлдеги колдоочу электораты бар.

Алтынчы орун келишкис оппозиционер, «Ата Мекен» депутаттык фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге таандык болду. Бир нече коррупциялык чуулгандуу маселердин көтөрүлүшүнүн демилгечиси болуу менен, алгачкы коалицияны түзүүдөгү ийгиликсиз аракеттерден кийин түшүп кеткен рейтингин бир аз көтөргөнгө жетишти. Ошентсе да, эки жыл мурда жарык көргөн, ал түгүл орусиялык телеканалдардан бери демонстрацияланган айтылуу порно-видео ролик тууралуу чуулганды чамасы эл али унута элек көрүнөт. Ага кошумча, «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканысынын тегерегиндеги бүтпөй келеткан чырга жана Кадыржан Батыров менен кошо Сузактагы Тейит айылына барып Бакиевдердин үйүн өрттөгөнгө бир тууган инисинин катыштыгы бар деген аңыз кеп дагы да болсо токтой элек. Демек, ушул жагдайлар бул саясатчынын рейтинги үчүн терс ролду ойногону ачык болуп турат.

орун

Активдүү саясатчы

Респонденттердин баасы (эң жогорку упай -100)

+

-

N

Жыйынтык

1.

Роза Отунбаева, КР өткөөл мезгилдин президенти

86,8

22,8

79,2

71,92

2.

Алмазбек Атамбаев, КР премьер-министр, СДПК партиясы

73,8

12,8

54,7

66,47

3.

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты, Бюджет жана каржы комитетинин председатели, “Ар Намыс” фракциясы

55,7

21,55

91,82

43,33

4.

Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кенештин Торагасы, «Ата-Журт» партиясы

42,1

18,8

55,6

28,86

5.

Адахан Мадумаров, «Бутун Кыргызстан» партиясы

30,4

20,95

90,12

18,46

6.

Өмүрбек Текебаев, ЖК депутаты, оппозициялык «Ата Мекен» фракциясынын лидери

55,45

50,4

70,86

12,13

7.

Камчыбек Ташиев, ЖК депутаты, «Ата-Журт» фракциясынын лидери

7,14

4,5

40,8

3,04

8.

Өмүрбек Бабанов, «Республика» партиясынын лидери

24,96

32,2

8,6

-6,38

9.

Равшан Жээнбеков, ЖК депутаты, “Ата Мекен “ фракциясы

41,2

60,9

32,7

-16,43

10.

Марат Султанов, ЖКдепутаты, «Ата Журт» фракциясы

34,5

70,15

44,94

-31,16

Жетинчи орундан эс нерседен тартынбаган саясатчы Камчыбек Ташиевди көрүүгө болот. Кыргызстанда бул саясатчыны стандартка баш ийбеген киши катары баалашат. Түштүктөгү кандуу окуялардан кийин кыргыздар арасында да, өзбектер арасында да кадыры болуп көрбөгөндөй көтөрүлгөндүгү маалым. Бирок, аны улутчул катары баалагандар да жок эмес. Коалициядан чыгууга байланышкан акыркы чуу жана ошонун артынан «Республика» фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов менен болгон жагымсыз көрүнүш кайсы бир деңгээлде бул саясатчынын беделине доо кетиргени билинип турат.

Сегизинчи тепкичте «Республика» партисынын лидери, биринчи вице-премьерлик ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон Өмүрбек Бабанов турат. Албетте, бул саясатчы биринчи бешилтикке кирүүгө толук мүмкүнүчүлүгү бар болчу. Эгерде бир маселе болбогондо. Башкы прокурордун мурдагы милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовдун Ө. Бабановго карата айтылган «салык түрүндө миллиондогон каражат төлөбөгөн, ТЗК «Манастын» тегерегиндеги коррупциялык схемаларга тиешеси бар» деген сыяктуу бир топ айыптоолору рейтингине таасир берди. Ошентсе да алдыңкы ондукка кирди. Бул жерде Өмүрбек Токтогуловичтин жаштыгы, курчтугу убактылуу болсо да өз ыктыяры менен кызматынан четтеши, ошону менен бирге бул айыптоолорду иликтөө үчүн түзүлгөн көз карандысыз, депутаттык коммиссиялардын али да болсо айыбын далилдей турган факты таба электиги бул сурамжылоодо ийгилик жаратчу жагдай катары роль ойноду.

Тогузунчу позицияда «Ата Мекен» фракциясынан депутат Равшан Жээнбеков. Перспективдүү, жаш саясатчы. Өз атасы Бабырбек Жээнбеков өкмөт мүчөсү болуп турганына карабай, ошол өкмөттүн дарегине айтылган курч сын-пикирлери менен өзгөчөлөнүп турат. Ошентсе да, кыргызстандыктар Равшан Бабырбековичтин биринчи президентттин уулу Айдар Акаев менен болгон улуу достугу жана анын арты менен жасаган суктанарлык карьерасы тууралуу унутуша электиги белгилүү болду.

Тизменин онунчу сабы «Ата Журт» фракциясынан депутат Марат Султанов менен аяктайт. «Атам Алайдан, энем Чүйдөн, аялым Таластан, өзүм Бишкекте төрөлүп, Ошто өскөм. Бүт аймактарда досторум бар». Марат Абдразакович өзүнүн «нейтралдуу абалын» ушундай жөнөкөй тил менен түшүндүрүп келет. Дегеле, бул саясатчы баардык президенттер үчүн ушундай ар тараптуу персона катары кабыл алынып келгени жашыруун эмес.

Бул сурамжылоонун жыйынтыгы менен парламентте иштеп жаткан депутаттардын активдүүлүгү аткаруу бийлигиндеги саясатчыларга караганда жогору экендиги белгилүү болду. Балким, бул көрүнүш мамлекеттин парламенттик башкаруу ситемасына өтүп, депутаттардын саясый көз карашынын активдүүлүгү жогорулагандыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

20-05-2011
Саясатчыларды суу ресурстары жараштырды
17861

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×