Добавить статью
10:12, 10 мая 2011 52859

Мажбурлоочу эмгек же адамдарды эркинен тышкары  сатуу

Азыркы учурда дүйнөдө кулчулук эмгекке 12,3 млн адам тартылган. Бул жалпы сандын 9,8 млн. адамы жеке кампаниялар тарабынан эксплуатацияланат, анын ичинде 2,4 млн адам кулчулукка сатылат деп «Мажбурлоочу эмгекке каршы глобалдык альянс» Эл аралык эмгек бюросунун маалыматтарында айтылат. Иш жүзүндө көпчүлүк учурда мындай алдамчы адамдар жазаланбаган бойдон калгандыгы өкүнүчтүү.

СССРдин урашы менен КМШ түзүлүшү менен жалпы миграциялык агымдар ички жана тышкы миграциянын өсүшүн шарттады. Ал жумушсуздуктун, жакырчылык деңгээлинин өсүшү, чек аралардын корголбогондугу, саясий туруксуздук абалдары өбөлгө болду. Ишенимдүү так маалыматтар жоктугунун себебинен бул көрүнүштүн масштабын баалоого мүмкүн эмес. Айтор азыркы учурдагы миграция агымынын өсүп жатышы ачык айкын иш. Анын башкы себептери болуп өлкөлөр ортосунда экономикалык өсүштөр жана эмгек акы боюнча айрымачылыктар маанилүү фактор болуп кызмат кылат, андыктан эмгек акы табууну издөө тышкы миграцияны стимулдап турат.

Кийинки кездерде мыйзамсыз миграция натыйжасында калктын миграция контрабандасын миграциялык активдүүлүк менен байланыштырып келишет.

Алгач мигранттар контабандасы болуп түз же кыйыр түрдө кандайдыр бир финансылык же материалдык пайда табуу максатында кандайдыр-бир мамлекетке адамдын мыйзамсыз чыгышы, ал анын аймагында анын жараны болуп саналбайт же туруктуу жашабайт» деп айтылат. АКШнын Джонс Хопкинс университетинин «Коргоо долбоору» изилдөөлөрүнө ылайык адамдар контабандасы коомдук тартипке каршы кылмыштуулук болуп саналат, анда адамдар алардын колунан азап- тозокту тартууга дуушар болушуп кылмыштуулуктун курмандыктары болушат, анын натыйжасында адам укуктары бузулууларга алып келет деп айтылган. Башкача айтканда миграция агымынын көбөйүүсү кошумча миграциялык тоскоолдуктарды белгилөөгө алып келет. Мына ушул жерде мыйзамсыз мигранттарды кулчулук шартында алып келүү кармоо жана сатуу боюнча уюшкан криминалдык иш аракеттин өнүгүүсүүнө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Адамдарды сатуу миграциясы өз алдынча категория болуп айырмаланат, ал мыйзамдуу катары да, ошол эле мыйзамсыз методдорду да колдонот, анда адам эмгегин эксплуатациялоо менен абдан катуу талаптарды колдонушат. Өзгөчө чакан жана орто бизнесте арзан жумушчу күчүн пайдалануу жана жумушчуларды ашыкча эксплуатациялоо жолу эсебинен пайда табууга далалат кылышат. Экинчи жагы мыйзамсыз бүтүмдөрдү камсыздоочу жалпы масштабдагы коррупциянын бирден бир оьектиси Адам болуп саналат, ал мындай көрүнүштөрдөн көрүнөт фирмалар каттоосу, мигранттарды тариздөө, рынокторду «крышалоо», сойкулук жана башка обьекттердеги адамды эксплуатациялоолор орун алган.

Мындай алдамчы шылуундар адамдардын эң кыйналып турган абалынан пайдаланышат.Ошондой бир турмуштан алынган бир фактыга кайрылсак Борбор шаарыбызда мектептердин биринде иштеген «Г» аттуу мугалим айлык акысынын аздыгына байланыштуу жалпыга маалымат каражаттарында жарыяланган кулактандыруулардын бирин көзү түшүп, телефон аркылуу сүйлөшөт. «Г» фирмага келип жакшылап сүйлөшөлү дешет. фирмадагылар Араб Эмиратына түнкү клубдардын биринде бийлөө үчүн акы 1500 долларга чейин дешет. Жатаканасы акысыз, шарттары жакшы деп оозеки жүзүндө түшүндүрүп беришет. Үйүндөгүлөргө келип айтып берет, бир туугандары бир ооздон макулдугун беришет, себеби энеси оорулуу болуп, операция жасоого акча каражаты керек болчу. Эч кандай кагаз жүзүндөгү эмгек келишими менен тааныштырбайт. «Г» менен Кыргызстандан 5 кыздан турган топ топтолот. Самолеттон түшөөрү менен аларды машина менен тосуп алышат. Ал эми бул кыздарды алып келген фирманын кызматкери эмнегедир аэропорттон эле жок болуп кетет. Кыздарды заңгыраган бир имаратка кыздарды алып келишет. Көрсө бул сексуалдык кызмат көрсөтүү үйү экен. Паспорту колунда жок, качып кетейин десе тааныш эмес өлкө, каякка кайрылаары жөнүндө түшүнүк жок. Ошентип бул сойкукана кызматын көрсөтүүгө аргасыз болот. Бул кулчулуктан кантип кутулуунун аргасын ойлоп, нечендеген уйкусуз таңдарды атырат. Психологиялык жактан сексуалдык кулчулук зомбулукка дуушар болгон «Г» акыры кыргызстандык бир мигрантка абалын түшүндүрүп берет, анын жардамы менен Бишкекке азап-тозоктор менен жетет.

Өзү менен барган кыздардын абалын ойлогондо эң жаман абалда болуп, келгенден кийин психикасы өзгөрдү. Абдан түнт, маанайыы пас депрессияда калды.

Натыйжада ушундай акча табуу үчүн барган кыздын кейиштүү тагдыры ушундай болду.

Жогоруда белгилеп өткөн көрүнүштөрдү орун алуусу абдан эле көп кездешүүдө, бирок көпчүлүк учурларда мындай жабыркагандар расмий түрдө сот органдарына кайрылшпайт. Канчалган кыргызстандык жарандарыбыздын укуктарын ортомчу фирмалар тарабынан бузулуп, адамдарды сатуу, эзүү, пайда табуу максатында зордоп иштетүү, жаш кыздарды алдамчылык менен алдап сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбур кылышат. Укук коргоо органдарына кайрылгандар көпчүлүгү ал мындай иштер менен шугулданган адамдарга айып төлөө же шарттуу эркинен ажыратуу сыяктуу жеңил желпи чаралар менен кутуп кетишет.

Ошондой эле мамлекеттик деңгээлде миграциялык мыйзамдардын жана миграция процесстерин жөнгө салуучу практиканын жоктугунан мыйзамсыз миграциянын масштабдары, миграцияны уюштуруу боюнча көмүскө кызматтардын орун алуусуна себепчи болууда деп айткым келет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

01-11-2012
Жети-Өгүз курортунун күнгөйү менен тескейи
33518

16-08-2012
Коррупция - өлкө бюджетинин душманы
34218

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×