Добавить статью
10:59, 11 мая 2011 32142

Кыргызстандын эң перспективдүү саясатчысы (иликтөө)

«Жаш аракет» деп аталган аналитикалык изилдөө борбору «Кыргыз Республикасынын эң перспективдүү саясатчысы» деген теманын айланасында иликтөө жүргүзүшкөн.

Бул аналитикалык отчет көз каранды эмес аналитикалык топтун иштеп чыккан документи экенин экерте кетели. Иштелип чыккан документте Кыргыз Республикасынын эң перспективдүү делген саясатчыларынын тизмеси тууралуу айтылат. Тизме алдын-ала талапкерлердин перспективдүүлүгүн баалаган бир канча критерийлер боюнча блокторго бөлүнгөн.

Эң преспективдүү талапкерди аныктоо үчүн төмөндөгү критерийлер каралган:

Профессионалдуулук;

Саясаттагы тажрыйбасы;

Жеке өзгөчөлүгү;

ММКларга таанымалдыгы;

Кандидаттын ресурсу.

Респонденттерге таратылган анкеталарда бир нече саясатчылардын тизмеси каралып, акырында такталган аныктамалардын негизинде Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер катары каралуучу тизме даярдалган. Белгилей кетчү жагдай, талапкерлердин тизмеси жогоруда айтылган критерийлерди пайдалануу менен жалпы сурамжылоого катышкандар тарабынан түзүлгөн. “Кандай ойлойсуз, алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого кимдер талапкер болушу мүмкүн?” деген суроого респонденттердин берген жообуна ылайык биз сөз кылчу акыркы тизме түзүлгөн.

Ар бир талапкерге кандай баа берилгендиги тууралуу маалымат менен төмөндөгү таблицадан таанышсаңыз болот.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине ылайык деп табылган талапкерлер

Про-фессионалдуу-лук

Сая-сый

таж-рый-ба

Жеке өзгөчө-лүк

ММК-ларга таанымалдыгы

Ре

сур-

-су

Жы-йын-тык

1.

Атамбаев Алмазбек Шаршенович, Премьер-министр КР

3

4

3

5

5

20

2.

Байболов Кубатбек Калбекович

Экс и.о. генпрокурора КР

4

3

3

2

3

15

3.

Джекшенкулов Аликбек, лидер партии “Акыйкат”

3

2

4

3

2

14

4.

Жапаров Акылбек Усенбекович, Депутат ЖК КР, фракциия “Ар Намыс”

5

5

4

4

4

22

5.

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич, лидер партии “Бутун Кыргызстан”

3

4

3

3

3

16

6.

Мырзакматов Мелис Жоошбаевич, Мэр города Ош

2

3

4

3

4

16

7.

Сариев Темир Аргембаевич, лидер партии “Ак Шумкар”

4

3

4

3

3

17

8.

Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич, советник экс Президента Бакиева

4

2

2

2

4

14

9.

Султанов Марат Абдыразакович, депутат ЖК КР, фракция “Ата Журт”

4

4

2

3

3

16

10.

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич,КР ЖК де-путаты,“Ата Журт” фракциясынын лидери

3

3

2

3

3

15

11.

Текебаев Өмүрбек Чиркешович, КР ЖК депу-таты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери

3

4

2

3

2

14

Сурамжылоого жалпысы болуп 500 респондент катышкан. Калыстык үчүн изилдөөгө катышуучулар Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан алынган. Жыйынтыгында сурамжылоого: Бишкектен – 193 киши; Чүй облусунан– 80 киши; Талас облусунан – 24 киши; Ысык-Көл облусунан – 33 киши; Ош облусунан – 55 киши; Жалал-Абад облусунан – 59 киши; Баткен облусунан – 16 киши; Нарын облусунан – 40 киши катышышкан.

Анкетада төмөндөгү суроолор берилген:

1)Талапкердин профессионалдуулугун 5 упайлык шкалада баалаңыз;

2)Талапкердин саясаттагы тажрыйбасын 5 упайлык шкалада баалаңыз;

3)Талапкердин ММКлардан канчалык бат көрсөтүшөт? Талапкердин таанымалдыгын баалаңыз (1-5 упайдын чегинде);

4)Сиздин көз карашыңызда талапкердин башкалардан айырмаланган өзгөчүгү канчалык?

(1-5 упайдын чегинде);

5)Талапкердин ресурсун баалаңыз (1-5 упайдын чегинде);

Ошентип, сурамжылоонун жыйынтыгы менен ушу тапка карата Жапаров Акылбек Үсөнбекович 22 упай чогултуу менен лидер деп табылды. Алдыңкы үчилтикте 20 упайы менен Алмазбек Атамбаев жана 17 упайы менен Темир Сариев киришкен.

Сурамжылоодо аныкталгандай, карапайым калк талапкерден жумушундагы кесипкөйлүктү, саясый тажрыйбасын баарыдан жогору койору маалым болду. Келечектеги өлкө лидеринин жалпыланган портрети: 60 жашка чейинки мол саясый тажрыйбага ээ, амбициялуу, башкалардан өзгөчөлөнгөн харизмага ээ эркек киши болушу керек. Сурамжылоо көрсөткөндөй, эл үчүн эң башкысы профессионалдуулук негизги критерий болуп калууда. Башка сапаттар экинчи катардагы ролду ойноору белгилүү болду.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

01-09-2011
Унутушканбы же билишпейби? Өлкөнүн экономикалык коопсуздугу
7482

07-05-2011
Суралгандардын 58,5% Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы болду
18555

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×