Добавить статью
11:52, 30 мая 2011 55383

Ачык–айкын бюджет үчүн

Үстүбүздөгү жылдын 19-майынан 10-июнга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасынын аймагында 14 пилоттук айылдык округдун жергиликтүү тургундарынын катышуусунда бюджет боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт. Бул коомдук угуулар «Кыргызстан - Сорос» Фонду тарабынан каржыланып, «Ачык-айкын бюджет үчүн» Альянсы» менен Өнүктүрүү саясат институтунун кызматташтыгынын чегинде ишке ашырылып жаткан долбоор алкагында жүргүзүлөт.

Коомдук угууларды өткөрүүдөгү эң негизги максаты – жергиликтүү калкты коомдук талкууга тартып, аны менен бирге 2012-жылга түзүлгөн бюджет долбоору менен калктын сунуш-пикирлери эске алынуу менен бирге, жергиликтүү бюджетти мүмкүн болушунча ачык-айкындыкка жеткирүү болуп саналат. Аталган угууларды уюштурууда жана өткөрүүдө, долбоордун алкагында коомдук угууларды өткөрүү технологиясы боюнча окуудан өткөн пилоттук айылдык округдардын өкүлдөрү көмөктөшөт.

Бюджет боюнча коомдук угуулардын жүрүшүндө пилоттук айылдык округдардын тургундары ЖӨБ органдары менен, бюджет долбооруна киргизиле турган өз артыкчылыктары тууралуу түз пикир алышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат.

Бул маалыматтык кампаниянын бирден бир өзгөчөлүгү болуп, бардык айылдык муниципалитеттерде өткөрүлүүчү коомдук угууларга чектеш же коңшулаш жайгашкан айылардын өкүлдөрү келип катыша тургандыгы менен айырмаланат.

Угуулар өткөрүлүп бүткөндөн кийин муниципалитеттердеги бюджетти түзүүдө жарандардын эң мыкты, атап айтканда, жигердүү катышкандыгы боюнча сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кыргызстандын аймактарынын, атап айтканда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын бир катар айылдык округдарында белгиленген график тартибинде өткөрүлөт.

Бул коомдук угууларда жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катыша алышат.

Долбоорду аткаруучулар – «Ачык-айкын бюджет үчүн» Альянсы менен Өнүктүрүү саясат институту коомдук угууларды уюштурууда жана өткөрүүдө методикалык жана уюштуруучулук көмөк көрсөтүшөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×