Добавить статью
9:53, 31 мая 2011 50739

Тарыхын унуткан эл – маңкурт

Аалам элине аттын кашкасындай таанымал Ибн Сина, Фараби, Беруни, Кей Хавус, Омар Хайям, Улукбек, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари өңдүү улуу окумуштуу даанышман ойчулдар Кыргыз, өзбек, Казак, Түркмөн, Кара калпак ж.б. мусулман элдерининин түп аталары болуп эсептелишет . Омар Хайям он орундуу сандардын тамырын табуу назариатын Исаак Нютондон 5 кылым мурда иштеп чыккан. Улукбек жердин күндү айланганын Галилейден мурда ачкан. Географиялык картаны дүйнөдө биринчи Беруни түзгөн. Немец элининин чыгаан акыны, аалым окумуштуусу Гете «Чыгышта 7 улуу акын бар, алардын эң төмөнү менден бир нече пакана өйдө»-деп жазган.

Урматтуу Кыргыз, өзбек, жана башка туугандар! Көрдүңүздөрбү биз ушундай керемет маданиятты жараткан улуу бабалардын урпактарыбыз. Кылымдар бою бир тууган болуп, бир аймакта ынтымак, куда-сөөк, карындаш-урук болуп жашап келе жаткан бир атанын балдарыбыз. Бизди 1990 жана 2010-жылдардагыдай алааматка кириптер кылгандар бийликке, байлыкка тойбогон ачкүсөн, кудайды унуткан ыймансыз, чагымчы, ыпластар экендиги ашкере болуп жатат. Улам-улам кайталанып жаткан мындай алааматтын чыныгы себептеринин дагы бирин канчалык ачуу болсо да, ачык айтып моюнга алууга тийишпиз. Жогоруда айтылган даанышман бабаларыбыздын улуу маданий, илимий мурастарын да, элибиздин көөнө тарыхын да изилдеп үйрөнүп жан дүйнөбүздү байытып, рухубузду тазалабай койдук. Натыйжада ата-тегин билбеген наадан, элдин тарыхын унуткан дөдөй, манкуртка айланып бара жатабыз. өткөнүн унутуп, тарыхтагы ордун жоготкон эл көк чырпыктай ийилчээк болуп, ийген жакка ийилип, көрүнгөн элди туурап, ээрчий берет. Мындай эл чөнтөк байлыгын рухий байлыктан жогору коюп, кара курсактын кулуна айланат деген, ата-бабаларыбыздын нускалуу осуяттарын таназар албай калдык.

Мындан миң жылдай мурда Жусуп Бабабыз:

Наадан көрбөйт, сокур анда көкүрөк,

Ач көзүңдү билимге умтул тезирээк –десе, анын замандашы Кей Хавус: «Дүйнөң азайып жакырлансаң, акылыңды байыт. Анткени акылдын байлыгы ар кандай дүйнөдөн кымбат. Акыл менен дүйнө тапса болот, ал эми дүйнө менен акыл таба албайсың» –деген насааттарын унутуп, алардын урпактары болгон жаштарыбыздын көбү бүгүн көчө таптап бекерпоз, китеп окубаган көкүрөгү сокур, акылы кем нааданга айланып калды. Карапайым мээнеткеч элибиз канчалаган пешене тер, көз жаш менен жыйнаган байлыгын өрттөп, бейкүнөө кары-картаңдар, жаш балдар менен аялдарды фашисттен өткөн мыкаачылык менен өлтүргөндөр ошол манкурттар эмей, Кыргыз, өзбек элдеринен эле чыккан Жоломандар эмей кимдер?!..

Эргиген, назик жан дүйнөсүнө бүлүк салып, элдердин келечеги үчүн кооптуулугун сезген «манкуртизм» трагедиясын ошол кездеги ыйманды учурган Комунисттик идеологиянын сүрүнөн коркпой аалам элине ашкерелеген Ч. Айтматов жаштарды ата-салтын иликтеп үйрөнүп, аны ыйык тутунууга үндөгөн эмес беле?..

Эң жаман жери бүгүнкү жаштарыбыздын көбү өздөрүнүн маңкурт экенин сезишпейт. Алардын ата-энелери болгон биз өзүбүз да бизди жана балдарыбызды маңкуртукка кириптер кылып жаткан жашоо тарыхыбыздагы өткөн күндөрүбүздү окуп үйрөнбөй унутуп койдук. өткөнүн унуткан адам-маңкурт, тарыхын билбеген эл-маңкурт. Элибиздин бүгүнкүдөй тагыдырына өбөлгө түзгөн кечөөкү эле өткөн тарыхыбызга азын-оолак саресеп салып көрөлүчү...

Тили, дили, дини,теги, тарыхы, маданияты, каны-жаны, жашаган жери бир боордош мусулман элдер Түркия мамлекети менен карым-катнаш мамиле түзүп, пантюркизм, панисламизм таасирине кирип кетүүсүнөн кооптонгон Совет бийлиги он кылымдай Түркий элдерге кызмат кылган араб жазуусун 1930-жылы латын арибине өткөрүп, араб жазуусун эркин өздөштүрүп калган элди кайрадан экинчи жолу сабатын жоюуга мажбурлаган шовинисттик саясаттын түпкү кыянаттык мүдөөсүн сабатсыз эл анча аңдабай калган. Араб алфавитинде жазылган тарых, адабият, илимий китептерди жыйнап, диний китептер деген шылтоо менен өрттөп жиберишкен. Мунун элге кылган кыянаттык экенин түшүнгөндөр «Эл душмандары» болуп, камалып, атылып, жазаланышкан.

1940-жылы Түркий элдерди орус жазуусуна өткөрүп, үчүнчү жолу кайрадан сабатын ачкан. Элге жасаган мындай кыянаттыктын эң жаман жери кириллицага жапырт өткөндө орус тилинде жок Мусулман калктарынын тилиндеги тыбыштардын өзүнчө тамга болуп түшүрүлүшүн борбордон түзүлгөн атайын комиссия аныктаган. Боордош элдердин тилиндеги бир эле тыбышты ар түрдүү тамгалар менен белгилеп, сүйлөй келгенде эркин түшүнгөн элдер бири-биринин жазмасын окуй албай калган. Китептерин котормо аркылуу окуп, бир тууган элдер секин-аста бири-биринен алыстап, жатыркай баштаган. Араб, латын жазмасындагы төл адабиятыбызды, тарыхыбызды ошентип окуй албай калып, акырындап өткөндү унутуп маңкуртка айлана бергенбиз. Маңкурт экенибизди сезбеген мажирөөлүгүбүздүн негизи ушул жакта жатат. Белгилүү түрколог, чыгаан кыргыз окумуштуусу Карбоз Дыйканов жалпы түрк элдеринин жазмасын, тилин бириктирели деген кыйкырыгын, маңкурттар Чыңгыз жазган Жоломан-маңкурт өз энесин уга албай калган сыңар биз маңкурттар да укпай койдук.

Бүгүнкүдөй ааламдашуу жараяны кудуреттүү күчкө айланып турган чакта, Чыгыштан Кытай сыяктуу улуу империя менен жанаша жашасак, Батышта Европа мамлекеттери биригип, Славян калктары баш кошуп жаткан учурда Түрк калктарынын бир боордук сезимдерин курчутуу мезгили бышып жетилип турган чакта, кандаш элдердин ынтымагын күчөтүп, бир муштумга биригүүнүн ордуна алаамат кыргын салып, байлыктарды өрттөп, түркөй маңкурттугубуздан жырткыч айбандардай наадандыкка барып олтурабыз.

Эй Кыргыз, өзбектин касиеттүү аксакалдары менен ата-энелер, агайын туугандар, көзүбүздү чоң ачып, ой багып, акыл калчайлы! «Каада жоголсо калктан уят кетет, капкак жок болсо иттен уят кетет»-деген ата-бабаларыбыздын осуятын эске алып, түптүү, нарктуу, тектүү акылгөй элибиздин каада-салтына, нарк-нускасына балдарыбызды үйрөтөлү. Ал үчүн келечек муун болгон жаштарды бүгүн жакшы тарбиялайлы, тарыхты билсин, бир туугандыгыбызды билсин. Кыргызда жакшы бир сөз бар: «Атадан алтоо болсо да, катташпаса жат болот»- деген. Орто Азиядагы Түрк элдери ар бири өздөрүнүн тарыхын жакшы иликтеп, тактап үйрөнүү менен коңшу жашаган тектеш элдердин тарыхындагы урунтуу окуяларды жаштарыбыз иликтеп окуп, так билиши шарт. Бул үчүн илим менен билим өз деңгээлине көтөрүлүшү абзел. Бүгүнкү мектептерибизде окулуп жаткан окуу китептеринин көбү моралдык жактан «карыган», элибиздин дүйнө таанымына, эс тутумуна коошпогон тарыхы бөтөн элдин окумуштуулары жазган «Кыргыз жана кыргыз сыяктуу көп элдеринин тарыхы октябр революциясынан башталат, революция болбосо аларды бит жеп эле өлтүрүп коймок, Россияга өз эркибиз менен кошулганбыз»-деген өңдүү дөөрүгөн ойлорду каңкуулаган түшүнүктөрдөн арылуу керек. Мектептерибиздин окуу пландарына эл таануу, жер таануу сабактарын киргизип, аймагыбыздын флора, фаунасын, элибиздин тарыхын терең изилдеп илимий жактан адилеттүү жазылган окуулуктарды түзө турган мезгил алда качан келген.

Ал эми билимди өнүктүрө турган коомдун таянычы –мектеп. Коом мектептен башталат. Мектепте таалим-тарбия берүүнү жакшырталы.

Эгемендүүлүк эйфориясынан алигиче чыга албаган, эч качан тойбогон ач күсөн эл башчыларыбыз менен чиновниктерибиз элдин, коомдун келечегин – мектепти ойлобой коюшту. Бүгүн айрыкча, айыл-кыштактагы мектептерибиздин абалына мышык ыйлайт. Маянанын аздыгынан жакшы мугалимдердин көбү бизнеске өтүп кеткен. Университеттерибиздин көбү профессионализм деңгээлинде адис даярдай албай жатканы эч кимге жашыруун эмес.

Элдик бийлик деп оозун толтуруп сүйлөп жаткан азыркы чиновниктер элдин келечегин ойлосо, мектепке чын дилден көңүл буруусу зарыл. Мектептин негизин мугалим түзөт. Мугалимдин социалдык абалын оңдоп, ага кам көрбөсө болбой калган эле. Азыр аздыр-көптүр бул багытта иш чаралар иштелип жаткандай. Мугалимдердин маяналары өкмөт айткан деңгээлге көтөрүлсө абдан жакшы болот. Бирок бул медалдын бир жагы. Мугалимдин социалдык абалынын өйдөлөшү гана таалим-тарбиянын жемиштүүлүгүнө толук кепил боло албайт. Таалим-тарбиянын таасирин артырууда мугалимдин профессионализм деңгээли негиз болуп берет. Көп мектептерде окуучулары эмес, мугалимдер эч нерсе окубай койгону ашкере экенин кимден жашырабыз. Педагогика-психологиялык билимин өркүндөтмөк турсун, өз адистиги боюнча жаңылыктардан, чыгармачылык эргүүсүнө түрткү бере турган элдик педагогикадагы залкар идеялардан, баалуу дидактикалык табылгалардан мугалимидер бүгүн кур жалак калып жатышат. Мугалимдердин педагогикалык, айрыкча дидактикалык сабатсыздыгы, мектептеги окуу-тарбия иштеринин табиятын бузуп салды. Табияты бузук таалим-тарбияда жугум болбойт. Андан эч кандай оң натыйжа күтпөш керек.

Мектеп окуучуларынын сабаттуулук деңгээлин аныктаган эл аралык, кадыр-барктуу изилдөөнүн натыйжасында биздин мектептерибиздин окуучулары сабаттулук боюнча эң акыркы орунду башка элге бербей «туруктуу» ээлеп жаткандыктары дале айтылган ойлордун тууралыгын тастыктайт. Мектептерибизди толук кандуу кыргыз мектеби дегенге да болбойт. Эне тилинин азабын кыргызчалык тарткан ааламда бир да эл, бир да эгемендүү өлкө болбосо керек. Бүгүнкү эл бийлеген жакшылар мугалимдерди, ата-энелерди жалпы элди педагогикалык жактан агартуу ишин колго алып, адис даярдоодогу приоритеттүүлүктү мугалим даярдоого ыйгарышы керек. Элге билим берүүнүн күрөө тамыры –башталгыч мектеп. Башталгыч мектептин мугалимин профессионализм деңгээлинде даярдоого жетишишибиз өтө зарыл. Анткени башталгыч мектеп балдарыбызды аны бүткөндөн кийин ортоңку жана жогорку класстарда, адистик берүүчү ЖОЖдордо өз алдынча ийгиликтүү окуй ала турган ык-машыгууларга ээ кылат. Азыркы мектептерибиз бул милдетин да канаатандыраарлык аткара албай жатат. Мурдагы президенттерибиз жана алардын жан-жөкөрлөрү жогорудагыдай көйгөлөрдү көрүп туруп көрмөксөн, билип туруп билмексен болуп жүрүп элди бүгүнкүдөй алааматка кириптер кылышты. Азыркы бийлик булардан сабак алып, а дегенде экономиканы оңдоп алып, анан маданиятка, билим берүүгө киришебиз деген сокур саясаттан баш тартуусу керек. Бул талаптарды бийликтегилер өз учурунда аткарбай көмөксөн, билмексен боло берсе элибиз мындан да жаман алаамат-көйгөлөргө кабылышы мүмкүн экенин унутпасак.

апышев Автор жөнүндө маалымат

Апышев Бекембай 1932-жылы төрөлгөн. 1950-жылы Ош педучилищесин бүтүргөн. 1956-жылы ОшПИнин чет тилдер факультеттин бүтүргөн. 1974-жылы педагогика илимдеринин кандидаты илимий наамын, 1982-жылы доцент илимий наамын алган.

1950-жылдан бери мугалим болуп иштейт. 1959-жылдан бери ОшМУда иштейт. Жлпы мугалимдик стажы 61 жыл. ОшМУда – 52 жыл. Педагогика курсунун бүт негизги тармактары боюнча болочок мугалим –студенттер үчүн педагогика окуу китептерин, метеп мугалимдери жана ата-энелер үчүн окуу куралдары, усулдук иштелмелерди эне тилинде жазып, педагогика илимин кыргызча сүйлөткөндөрдүн алгачкыларынын бири.

Жашы 80ге таяп калганда кезектеги «Педагогика» окуу куралын (көлөмү 25 басма табак) даярдады. Ал эмгегинде Кыргыз элдик педагогикасындагы тарбия таалим жөнүндөгү залкар идеяларды азыркы илимий педагогиканын көз карашы менен кеңири талкуулоого далалаттанат. Бул эмгек элдин тарбия жөнүндөгү илимге болгон ыкыласын ойготот деген үмүтүбүз чоң.

Ош шаары Курманжан датка көчөсү 213А- үй, 25-батир. Телефон (0555) 786104

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×