Добавить статью
4:01, 6 июня 2011 88907

Европада жасалган  айыл-чарба шаймандары жөнүндө баяндама

аппарат Европада жасалган айыл-чарба машиналарынын, шаймандарынын, трактор жана комбайндардын дүйнөдөгү эң сапаттуу, өз баасын кыска мөөнөттө (1-3 жыл ичинде) актай турган заманбап түрлөрүн кантип тандап сатып алуу максатка ылайык экендиги жөнүндө, турмуштан арттырган тажрыйбага таянып, так маалыматты айыл чарба инженер-механиги, техника илимдеринин кандидаты Манас Саматов айтып бермекчи.

Б и р и н ч и д е н, «Арзан», «кымбат» деген түшүнүктөр бул жерде тандоонун туура жолдорун, мазмунун чагылдырбайт. Арзан, сапатсыз, эски үлгүдөгү, советтик денгээлдеги көп бузулган техника өзүнүн «арзан кунун» узак жылдар бою актабастан кыйнайт. Ошондуктан, «кымбат баалуу», сапаттуу, дүйнөлүк стандарт-талаптарга жооп берген, өндүрүмдүүлүгү жогору болгон, оңой менен бузулбаган, колдонууга өтө ыңгайлуу болгон техникалар өзүнүн «кымбат кунун» тез арада актап алган кредиттериңизди кыска мөөнөттө төлөгөнгө, андан ары сиздин үй-бүлөгө таза киреше келе башташына жол ачат. Үй-бүлөңүздүн алдында жүзүңүз жарык болот.

Э к и н ч и д е н, дүйнөлүк стандарттарга төп келген сапаттуу техника жасаган атактуу AMAZONE, KRONE, GRIMME, CLAAS, JCB, VALTRA, FENDT, LIEBHERR, ATLAS, Deutz, Massey Ferguson, John Deere сыяктуу заводдор дыйкандар менен түздөн-түз мамиледе болууга кызыкдар.

Алар, ар бир өлкөдө белгилүү талаптарга жооп берген өзүнүн жергиликтүү адис окулуу – дилери аркылуу дыйкандар менен түздөн- түз мамиле түзүп, техникасын сатышат. Ошол сатылган техникаларды өмүр боюу тейлөөнү өз мойнуна алат. Анын ичинде бир жылдык гарантиялык тейлөө да бар. Мындан сырткары, жаңыдан келген техниканы сиздин чарбага барып, ошол жерден сизге жана сиздин механизаторлорго колдонуу эрежелерин үйрөтүп, анан колуңузга тапшырат. Бардык консультациялар, колдонуу эрежелерин үйрөтүү жана гарантиялык оңдоп-түзөтүүлөр дилер тараптан акысыз, бекер аткарылат.

Дилер – заводдун өлкөдөгү расмий окулуу, завод менен дыйкандардын ортосундагы мамилелердин, машиналарды тейлөөнүн уюштуруучусу, мындайча айтканда дыйкандарга сунган колу. Ортомчу же далдалчы эмес.

аппарат2

Гарантиялык мөөнөт бүткөндөн кийин дагы техника дилердин каттоосунда турат. Телефон боюнча заказ берген запастык бөлүктөрдү 24-48 саатын ичинде жеткирип берүү - анын милдети. Тейлөө кызматы атайын батыш үлгүсүндөгү тез жардам машиналары менен жүргөн, атайын даярдыктардан өткөн жергиликтүү механик-мастерлер аркылуу иш жүзүнө ашырылат. Тетиктердин, майлоочу заттардын баасы заводдордун кампасындагы баа менен сатылат жана «Кудайберген», «Дордой» базарларындагы баалардан арзаныраак болот.

Ү ч ү н ч ү д ө н, заводдор техниканы кредитке бербейт. Алардын түйшүгү - машина жасоо. Алдын ала 100% техниканын акчасы заводдун эсебине түшкөндөн кийин гана машина транспортко жүктөлүп, кардарга жөнөтүлөт.

Кредит берүү – бул банктардын, лизинг компанияларынын, мамлекеттик программалар алкагында иш алып барган мекемелердин жумушу.

Техникасын сунуштаган заводдор көп. Бул жерде өтө орчундуу маселе бар – техниканы өзүңүз тандап, өз алдыңызча чечим кабыл алуу – дыйкан, сиздин укугуңуз. Анткени машинанын акчасын сиз үй-бүлөңүз менен кошо мандай тери тогуп, эмгектенип толойсуз. Сапатсыз техниканы сатып же лизингге алуудан чечкиндүү түрдө баш тарткаңыз дурус.

Тө р т ү н ч ү д ө н, дыйкандардын техника сатып алуусунун сыноодон өткөн дүйнөлүк эреже - салты бар. Бул салтты дыкаттык менен үйрөнүп колдонушубуз керек.

Бул эреже - салт - лизинг.

Лизинг – бул кредиттик мекеменин буюмун акчага чегип, белгилүү мөөнөткө киреге алуу деген тушунук. Кредиттин бир түрү. Дүйнөлүк тажрыйбага таянып, лизингге кирүүдөн коркпош керек деп кесе айтса болот.

Сөз башкада. Алгач ошол кредитти, белгиленген графикке ылайык, төлөп бергенге сиз алган техника жол ачабы, же жокпу – өзүңүз даана, так аныктап алганыңыз дурус. Адатта көзгө көрүнбөй, көмүскөдө калып, түшүнүксүз бойдон калып келе жаткан техникалардын бул сырын жөнөкөй арифметиканын тили менен таамай көрсөтө турган, жөнөкөйлөштүрүлгөн эсептөө методикасын биз иштеп чыктык (Эсептөө методикасы таблицасы). Ошону менен бирге айылдарда күнүмдүк турмушка синип калган машина-трактордук агрегаттардын кызмат көрсөтүү бааларын бир тартипке келтирип, орточо калыпка салып, калыстык менен иреттөөгө аракет кылдык (Кызмат көрсөтүү баалары таблицасы).

Айтылган методиканын ынгайлуулугу, жөнөкөйлүгү көзгө көрүнүп эле турат. Ар бир дыйкан өз тажрыйбасын иликтеп, колундагы техникасынын өзүнө үзүрлүүлүгүн өз алдынча эсептеп чыгара билет. Биздин максатыбыз дагы ошол – дыйкандар өз алдынча акыл калчап, техниканын үзүрүн же пайдасыздыгын чагылдырган көрсөткүчтөрүн өз ыктыяры менен эсептеп, өзү ынанаарлык, өзү үчүн калыс тыянак чыгарсын.

Сапаттуу, заманбап техникаларды жана технологиялык жетишкендиктерди пайдалануу менен интеллектуалдуу, чечкиндүү, натыйжалуу дыйканчылык жүргүзүү мезгили келип жетти. Жаркын келечек үчүн куру кыял, куру сөз менен эмес, акыл калчап кадам таштаганыбыз жакшы.

Артка кылчактап, эскинин туткунунда калып, советтик караңгы, кулчулук доорду эсинен чыгаралбай экиленген, жетелеме дыйкандардын моралдык эскирген техникаларга жабышмай адаты – өзүнө өзү душмандык жасаганга тете. Карангылыктын да, карапайымчылыктын да чеги болуш керек.

Урматтуу дыйкандар, ар бирибиз, балдарыбыздын келечеги үчүн, өз ыктыярыбыз менен катуу силкинип, эски көз караштардан тазаланып, аларга колубуздан келишинче жаныча эмгектенүүнүн, жаңыча чарба жүргүзүүнүн жолдорүн көрсөтүп, үйрөтүп кетмей биздин ыйык милдетибиз, дейт М.Саматов.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×