Добавить статью
8:54, 6 июня 2011 32374

Үч миллион кыргыз эли 30 миллиондук калкы бар элди геноцид кыла албайт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин төрагасы А.Келдибековго

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарына

Урматтуу депутаттар.

Сиздердин 2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу коогалаң боюнча жыйынтыкты кызуу талкуулап күнөөлүлөрдү териштирип жаткандыгыңыздарды кыргыз коомчулугу менен барабар дүйнө коомчулугу да кызыгуу менен көңүл буруп турган заман. Кыргыз парламенти канчалык жогорку деңгээлде баамдап жыйынтык чыгара алабы, же эмоцияга берилип кызуулукка алдырып койбош - сиздердин астыңыздардагы чоң милдет болуп тургандай. Тилеке каршы эки күндүк талкуулоо негизги максатка жетчүдөй болбочудай. Ага негиз - сиздер түзгөн комиссиянын докладында көрүнүп турат. Биздин көз карашыбызда эң биринчи күнөө коогалаңга алып келген - бул 20 жылдын ичиндеги Акаев-Бакиев жүргүзгөн саясат. Себеби ушундай саясаттын негизинде Кыргыз элинин көпчүлүгү жакыр жашап, өз жерлерине ээ болбой калып, эл-жерин тыштап ички жана тышкы миграцияга массалык түрдө дуушар болгону. Ал эми Кыргыз элинин жакырчылыгынан пайдаланып, башкалар ушул убакка чейин иштеп келген көпчүлүк кыргыз элитасынын саткынчылыгын көрүп-билип кемсинтип келгени баарыңарга эле маалым да, бирок бул жөнүндө сиздер ачык атап айткыңар келбей турганы байкалып турат. Бир гана мисал ушул сиздердин июнь окуясы боюнча түзгөн комиссиянын төрагасы Мамытов Токон жогоруда айтылган режимдерге өтө берилип кызмат кылгандардын бири, 2005-жылы УКМК башчысынын милдетин аткаруучу болуп, Коопсуздук кеңеш катчысы, 2008-жылы президент Бакиевдин жарлыгы менен укук коргоо органдарын реформалоо боюнча комиссиянын төрагалыгына отуруп, түштүктөгү элитный күч органдарын жок кылганга көмөктөшкөн. Бакиевдин указынын негизинде куч органдарды жана укук коргоо органдарын реформалоо укугун алган жана ошонун негизинде түштүктө атайын жайгашкан Тоо бригадасын жок кылган. Жалал-Абаддагы ротаны ВВ МВД-н ошону менен бирге ООН каржылаган АКНди жок кылган, ушундай иштери үчүн президент Бакиевден генерал-лейтенант наамын алган. Ошондуктан июнь окуясында түштүктө бир да күчтүү органдардан жөндөмдүүсү калбаган, ал эми Мамытовдун бул иштери үчүн жоопко тартылышы керек, бүт алган генералдык наамынан ажыраш керек, болбосо, осурган кыздын бетин тырмагандай болуп жатат. Ошентип Мамытов Жаныш Бакиевдин бүткүл наркотрафикти контролго алганына чоң салым кошкон.

Ушундай шартта УӨнүн жана анын түштүк боюнча өкүлү Исмаил Исаков жана башка кыргыздын азаматтары жан дили менен күндүр-түндүр стабилдештирүүгө аракеттери үчүн күнөөлүбү?

Жогоруда келтирилген мисал Бакиевдин кланы эл аралык мафия, бүткүл дүйнөлүк наркобарондорго шарт түзүп, эбегейсиз байып, кыргыз элди кылмыштуу синдикаттарга кызмат өтөөгө аракеттери болгон. Тилеке каршы биздин көпчүлүк элита буга каршы тургандын ордуна, ошолорго кошомат кызмат кылып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын гана көздөп келген. Кошоматчылык, паракорлук акыры келип кыргыз элин эбегейсиз жакырчылыкка алып келип, Манастын урпактарын кемсинткендик 2010-жылдын апрель окуясына алып келди. Ошол кошоматчылар, паракорлор сиздердин араңарда отуруп алып эки жүздүүлүк кылып, билмексен болуп отургандары дагы эле болсо кыргыз элинин жинин келтирип жатпайбы.

Бирок тилекке каршы биздин парламент июнь окуясын талкуулап жатып ушуга окшогон негизги күнөөлөр жөнүндө айткысы келбечүдөй.

Эгерде кыргыз бийлиги элге шарт түзбөй жакыр бойдон калтыра берсе, бүгүнкү күндө кыргыздардын Орусиядан тартып Анголага чейин бир милион элибиз кул болуп жүрө берсе, биздин келечегибиз күмөн болуп жатпайбы.

Урматтуу депутаттар, эске алсаңар биз болгону үч миллион кыргызбыз, ушул эл эгемендүү мамлекет деген ардактуу наамга ээбиз, карап көрсөңөр - дүйнөдө 20-30млн эли бар уйгурлар, курддар, тибеттер жана башкалар мамлекети жок кысылып жүрбөйбү, ошондуктан биздин мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калыш астыбыздагы эң биринчи максат катары карашыбыз керек.

Бизди бүгүн геноцид деп күнөөлөп жаткандар ар түрлүү уюмдарга кат, тасма жөнөтүп жүргөндөргө мен да жазган элем, Кудайды карагыла үч миллион кыргыз эли 30-миллиондук эли бар элди геноцид кыла албайт деп, жакында эле эл аралык кылмыш сотунун статусуна кирүү боюнча уюштуруучулардын жооптуу секретары кайрылган экен, Килюнендин отчету тууралуу мен жооп кайтаруу терең изилденбегени менен катары жогорудагы оюмду билдиргем.

Эгерде биз келечегибизди ойлоп, кыргыздардын турмушун оңдобосок, биз мамлект катары калчубуз кыйын болуп калат. Кыргыздар кете берип, бул жерде көпчүлүк башка улут болуп калышы мүмкүн, кыргыздардын турмушу оңолбосо, башкалар кыргыздарды кемсинткени кемсинкен боло берет.

Кыргыз өз жерин,айылынын тоосун тыштап, башка жакка көчө берсе, анын ордун башкалар баса берип жеринен ажыраганы ажырап кала берет.

Ооба, Убактылуу өкмөттүн катачылыгы да көп, дагы эле болсо жердештерин коюп, эски кесиптештерин тартып, жеке берилгендерди тартып, париотторду четтетип жүрүшөт, бирок же салмактуу армиясы болбосо, ич органдары мафияга кызмат кылып калса, кантип токтотмок эле июнь окуясын. Эгерде кыргызстандыктар мыйзамдын эң жогору тураарын үйрөнбөсө, 20 жылда мыйзам четте калса, буга чейин иштеп келген кыргыз бийлиги кыргыздарды кемсинтип, өз тилине, динине ээ кылбаса башкалар кемсинте берет да. Жаңжал эмнеден чыкты, тилден чыкты, биз өз тилибизде гана окуйбуз, бизге официалдуу тил кылып бергиле дегенден чыкты. Келечекте мындай окуялар кайталанбаш үчүн, менин көз карашымча эң биринчи биз эмне кылышыбыз керек:

1.Кыргызстанда бир гана негизги тил болуш керек - бул кыргыз тили, ошол эле убакта башка тилдердин өсүп-өнүгүшүнө жолтоо болбош керек. Европа, Орусияда же башка өлкөлөрдө ошолордун тилин билбесе, жумуш бербейт бекен, а бизде кыргыздар өздөрү сүйлөбөй жатпайбы, кыргыздын нанын жеп, суусун ичип жатып деле, Кыргызстандын эсебинен байып жатканына карабай кыргыздардын тилин үйрөнгүсү келбей жатпайбы. Көчөгө чыгып карасаң, бөлөктөр эмес кыргыздардын жаштары жалаң гана башка тилде сүйлөшөт, биз өзүбүздү сыйлабасак, бизди ким сыйлайт. Ошол эле убакта биз талап кылсак, тилибзди билгиле бизди түз эле баса калгысы келип турат, себеби биз өзүбүз кошомат кылып, жагынып жатпайбызбы. Ошондуктан биз башкача жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Биз кичинекей мамлекеттин укугу чоң экенин билип, ошондой саясат жүргүзө билсек, чоң өлкөлөрдү оңой эле күнөөлөсө болот - баскынчылык кылып жатат деп.

Биз өзүбүздүн тилибизди да сүйкүмдүү болгондой иш-аракеттерди жасашыбыз керек, ал үчүн ар бир сөздү талдап ошонун кооз, көркөмдүү жактарын иштеп чыгышыбыз керек, биздин тилди өзүбүздүн жаштар сүйө баштай турган кылышыбыз керек.

2.Мисалы Түркияда же Америкада бир гана улут түрк же американец, ошол эле убакта, мисалы Түркияда 200дөн ашык улут жашайт, ошонун көпчүлүгү кавказдыктар, бирок бирөө да унчукпайт мен чечен же башка гана болом деп,жакпайбы - кыргыз болуш өзүңөылайык кошуна өлкөлөр турбайбы. Ошондо бир да улут өзүн жогору сезбейт жана бирөөнү кемсинтпейт. Бирөөнүн да оюна да келбейт мен өз тилимде гана окуйм деп, биз муну бөлөк улуттарга түшүндүрүшүбүз керек.

3.Кыргызстанда болгону беш эле процент түз жер бар, ошондуктан түз жерден жер бергенди токтотуш керек, ошол эле убакта тоо жерлеринде жашаган элдин өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүш керек, жакшы турмуш курганга,жакшы билим алганга, ошондо эл-жерин тыштап кетпейт, анын ордун бөлөк эл келип басып албайт, ушул жерге тээ сыртта жүргөн ар бир

кыргызды байлаш керек. Себеби Кыргызстан коңшу өлкөлөргө туруштук берчү армия кура албайт - болгону беш миллион элибиз бар, ошондуктан жарандык эл ошол жерде жашаса бирөө баскынчылык кылам десе дүйнөлүк коомчулук жарандарды баскынчылык кылып атат деп күнөөлөсө болот.

4.Кыргыз эли тез арада билим-илимдин тепкичтерине өтөм десе кириллицадан латын тамгага өтүш керек, себеби кириллицаны бир гана белгилүү өлкө колдонсо, латын тамгасын дээрлик жүздөгөн өлкө колдонот, ошондуктан коңшу Өзбекстан, Түркменистан эчак эле өтүп алган, азыр Казакстан да өтөөр алдында турат. Бул бизге бир тууган коңшу өлкөлөр менен, алар латынга өткөнүнө байланштуу бири-бирибизди түшүнгөнгө,жазышканга жеңилдик берет. Биз өтпөй кала берсек, коңшулар менен байланышканга ыңгайсыз боло баштайт, муун которулгандан кийин, мен түшүнүп турам, көпчүлүк, өзгөчө чоң өлкөлөргө чуркап жүргөн саясатчылар муну жактыра бербестигин, бирок бул маселе кыргыз элинин келечеги, буга баары бир эртели-кечпи барабыз. Эгерде Кыргызстан ушуга өтсө, бир жарым миллиард кайрымсыз инвестиция келери бизге маалым. Өзүңүздөр деле көп эл аралык уюмдар уюштурган чогулуштардан байкап келе жаткандырсыз, ал жерлерде дээрлик англис, франсуз тилдери жана латын алфавити гана колдолунат. Латын алфавитине өтүп, кыргыздарга келечекте туура шарттар түзүлсө, тоодо үйүнө жатып алып эле интернет аркылуу дүйнөнүн эң мыкты университеттерине окууга мүмкүнчүлүк болот, муну качан болот эле дебей эмитен аракет жасалса жакшы болоор эле, ошондо бизди эч ким кемсинте албайт жана биздин элди сыйлап биз менен кошо жашоого кызыкдар болот эле.

Мен ойлойм - эгер ушундай жолго түшсөк, биз өзүбүз жогорку деңгээлде болсок, бизден бөлүнөбүз же башка тилде сүйлөйбүз дегендер болбойт го деп.

Биз убагында эки тилди мамлекеттик жана официалдуу деп коюп, мына азыр үчүнчү эл официалдуу тил талап кылууга шарт түзгөнбүз. Бир мисал, сиздерге маалым болгондой Канада өлкөсүндө эки официалдуу тил бар — англисче, франсузча, акыркы жылдары көптөгөн Кытай эли Канадага көчүп келишип, эми биздин тилди да официалдуу кылып бергиле деп талаш-тартуу болуп жатат. Эгер муну токтотпосок, келечекте бизде төртүнчү официалдуу тилди талап кылгандар да пайда болушу ыктымал.

Мүмкүн бир тобуңарга менин оюм төп келбестир, ошондой болсо да убактан пайдаланып, сиздерге кайрылып калайын дедим, себеби 20 жыл мурункуга караганда бүгүн патриоттор көбөйүп сүйүндүрүп турат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-12-2011
Эмне үчүн ИИМ К.Көлбаевди ошол «Капризден» кармаган жок?
44096

12-09-2011
Кичинекей өлкөнүн укугу чоң болот, эгерде туура колдонсо
26598

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×