Добавить статью
11:42, 6 июня 2011 0

Ишкерлердин колу-бутун мыйзам менен чырмап, тоноп жатышат

Бийлик жана ишкердик – өз ара аракеттенүү жолдору - деген темада 2011-жылдын 27-майында АКШнын USAID агенттигинин «Өткөөл мезгилдеги демилгелер программасы» долбоору тарабынан Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясы менен бирге аталган областтын ишкерлеринин катышуусунда конференция өткөрүлдү. Анда коомдук социалдык туруктуулуктун негизи катары кичи жана орто бизнести өнүктүрүүдөгү мамлекеттик саясат, областтык ишкерлер ассоциациясынын ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү ишиндеги жетишкендиктери жана кемчиликтери, 2010-жылдагы өлкөбүздөгү саясый абалдын жана түштүк регионунда болуп өткөн улуттар аралык кагылышуунун банк тутумуна, ишкердик чөйрөгө, инвестициялардын тартылышына тийгизген таасири, ошондой эле коогалаңдан жапа чеккен ишкерлерге колдоо көрсөтүү багытында кабыл алынган укуктук актылар жана алардын мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышы тууралуу маселелер каралып, соңунда резолюция кабыл алынып, тиешелүү структураларга тапшырыла турган болду. Анда айтылгандар иш жүзүндө кандай аткарыларын убакыт көрсөтөөр, а мен болсо коюлган маселелердин айрым урунттуу учурларын айта кетүүнү туура көрдүм.

Областтык ишкерлер ассоциациясынын Президенти Келдибек Туманов кагаз карап окубай эле, жалпы ишкерлердин жүрөгүн өйүгөн маселелерге мындайча токтолду.

Азыркы күндө мамлекет тарабынан ишкерлерге көңүл бурула баштаганы жакшы саамалык, бирок муну толук кандуу, - деп айтуу да кыйын. Ал эми текшерүүлөрдүн кыскарганы бир аз женилдик болду го десек, дагы деле уруксат берүүчү структуралардын арасында, мамлекеттик архитектура өндүү ишканалар көз көрүнөө коррупцияга жол берип ишкерлерди тоноп жатат. Мисалы жаңы өндүрүштү ачмак турсун, өндрүштүк ишканаларды реконструкциялоодо ар бир квадрат метр аянт үчүн баягы эле экспертиза ж.б сыяктуу процедуралардан акчаны мыйзамдуу дагы, мыйзамсыз дагы төлөп кайрадан өтүүгө туура келет. Бир өндүрүштүк ишкананы ачып ишке киргизүү үчүн 600 миң, 700 миң сомсуз баштоо кыйын.

Дагы бир көйгөйлүү маселе, бул ишкерлердин мыйзамдуу тонолуп жатышы. Мурда биз, ишкерлер мыйзамсыз түрдө, коррупциялык жол менен текшерилип жатканыбызды кан какшап келген болсок, азыр бардык текшерүүчү жана уруксат берүүчү органдар бизди мыйзамдуу түрдө тоной тургандай кылып мыйзамдарды дагы өзгөртүп алышкан. Ошентип ишкерлердин колу, бутун мыйзам менен чырмап, тоноп жатышат. Бир нерсе дейин десен эле, мыйзамды көрсөтө салышат. Ошондой эле атамекендик өндүрүшчүлөрдүн дагы абалы кайгырарлык, сырттан контрабанда жолу менен кирген продукциялардын баасы биздин өндүрүүчүлөрдүн продукцияларынын баасынан бир топ арзан болуп, биздин продукциялар рыноктон сүрүлүп бара жатат. Бир эле мисалды айта кетейин, азыркы учурда базарда кумшекердин баасы тез-тез өзгөрүү менен өсүп кетүүсүнөн улам, жергиликтүү кондитердик азыктарды чыгаруучу ишканалар сырттан ташылып келүүчү кондитердик азыктардын баасына туруштук бере албай жатышат. Себеби Украина жана Россиядан келген кээ бир кондитердик азыктардын баасы кумшекердин бүгүнкү баасына барабар же андан төмөн болууда. Бул жагдай атамекендик өндүрүшчүлөргө терс таасирин тийгизип, алар өздөрү чыгарган кондитердик азыктардын баасын жасалма төмөндөтүп салууга аргасыз болууда. Ал эми Казакстан жана өзбекстандан контрабанда жолу менен келген кондитердик азыктардын баасы өтө төмөн болушунан улам, биздин өндүрүшчүлөрдүн товарлары өтпөй, мындан улам кээ бир ишканалар жабылууга аргасыз болуп, жумушчу орундары кыскарып, мамлекеттик бюджетке түшүүчү салык жыйымдарына да таасирин тийгизүүдө.

Ошондуктан азыркы күндө менин сунушум, ушул ишкердүүлүккө тиешелүү бардык укуктук-ченемдик актыларды кайрадан карап, аларды карай турган адистердин арасына ошол эле ведомстволордун кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткандар менен гана чектелбестен, ишкердүүлүк чөйрөсүнөн дагы өкүлдөр кошулуп, башынан иштеп чыгышса. Бул жерде бажы кызматы ошол сырттан кирген товарларды жакшы көзөмөлгө алып, иштерин туура жана так аткарышса оңолуу болот эле.

Конференцияда «Бакыт» дыйкан чарбасынын жетекчиси Эшкозуев Кахар, ишкерлердин коммерциялык банктардан кредит алуудагы көйгөйлөрүнө токтолду. Ал коммерциялык банктардан берилүүчү кредиттердин пайыздык чендери өтө жогору болуп жатканын, кредит алуу үчүн күрөөгө үй-жайларды коёрдо жана кредит төлөнүп бүткөндөн кийин, аларды күрөөдөн чыгараарда да Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мекемесине кайра-кайра акча төлөй берүү ашыкча чыгымды жаратарын жана бул көнүмүш адатка айланып, буга эч кандай маани берилбей жатканын күйүп-бышып, микрофону жок эле, баары уккандай айтып, колдон келсе, өкмөт менен Улуттук банк биргеликте коммерциялык банктардын кредиттеринин пайыздык ченин 20% ашырбай турган иш-чараны колго алышса жакшы болот эле, - деп сунуштады.

Конференцияга катышып отурган, Кыргызстан ишкерлер бирлигинин Аткаруучу директору Кадырбеков Нуржигит азыр саясат бизнеске таасирин тийгизген учур болуп калды, - деди. Бирок ишкерлер өздөрү дагы маселени чечүүдө так болуулары, тиешелүү структураларга кайрылуунун механизмдерин, бизнес долбоорлорду жазып, анын акыбети кандай болоорун билүүлөрү зарыл. Убакыт ишкерлер үчүн алтынга тете, маселелерди бириндеп чечүүгө далбас урбастан, ишкерлер биримдикте болуп, көпчүлүктүн көөнүнө көк таштай тийген көрүнүштөрдү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдук пикирди жаратуу менен чечүүгө үйрөнүш керек. Ооба, көптөгөн маселелердин чечилбей жаткандыгы чындык. Себеби кимге кантип кайрылуу, аны сабаттуу талап кылуу, тиешелүү кызматтарды туура пайдалануу механизмдерин билбегенден. Ошондой эле, мыйзамдардагы ишкердикке тоскоол болгон ченемдерди өзгөртүү үчүн ишкерлер чөйрөсү эксперт коомчулугу менен тыгыз иш алып баруу багытын көздөгөнү дурус. Адамдардын иш билги сапаты жана ресурстар туура пайдаланылып, бир максатты көздөгөн жерде дайыма ийгилик болот, - деп баса белгиледи Кадырбеков Нуржигит.

Р.S. Бул макаланы жазып отуруп 5-6 ай мурда юрист, ишкер тааныштарым менен түрк ашканасында тамак ичип олтуруп, укпаган сөздөрдү укканым эсиме түшсө болобу. Баарыбыз эле сырттан келген бут киймдерди киебиз деңизчи, бирок мен өсүп келе жаткан балдарыбыздын бутундагы резина, кышында бир-эки кийгенден ары жарабай, ным тартып турган бут кийимдерден улам, экспортту мындай коелу, өзүбүздүн гана балдар үчүн сапаттуу, ден соолукка зыян келтирбеген бут киймдерди чыгарса болобу, - деген (наивный) оюмду сөз арасында айта калбаймынбы. Алардан укканым «акча көп болуш керек, өндүрүш үчүн эсептелген акчадан башка, болгондо да, ишти бүтүрүш үчүн ар бир тиешелүү учурда таштай турганга жете турган акча болуш керек, андан тышкары жогору жакта крыша, криминалда авторитет тааныш болуш керек, деги койчу, керек, керек,- деген», бир топ, үрөйдү учурган, дагы ж.б. сөздөр болду эле.

Ишкана ачпай туруп эле, уккан жообум ушул болсо, ишкерлерибиздин дооматынын жөнү бар экен да.

Көрсө, өзүнөн элди көбүрөөк ойлогон, чыныгы мекенчил ишкерлерибиздин алдында далай күрөштөр али алдыда окшойт...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

23-07-2011
Ишенимди жараткан жылуу сөздөр
47750

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×