Добавить статью
4:21, 17 июня 2011 17405

Учурдагы мамлекеттик кызматчылар этикасы тууралуу учкай сөз

Ар бир мамлекеттик кызматчыдан жооптуу жетекчиге чейин этика нормалары сакталууга тийиш. Көпчүлүк учурларда мекеме ичинде кызматчылар маданияттуу, сыпайы болуп көрүнүшкөнү менен жарандарды кабыл алууда же коомдук жерлерде башка жүрүш-турушта болуп жатышкандыгы жашыруун эмес. Негизинен мамлекеттик кызматчы кайда гана болбосун ар дайым өзүн маданияттуу, ак ниеттүү, жөнөкөй жана ийкемдүү болууга тийиш. Өзгөчө жаш мамлекеттик кызматчылардын өзүнөн улуу муундагы адамдарга (кызмат абалы боюнча жогору болсо да) саламдашуу, орун берүү, жана башка жагдайларда сыпайылыкты көргөзүүлөрү талапка ылайык. «Мамлекеттик кызматчылардын этикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндө жобо бекитилген. Бул документтин негизинде мамлекеттик башкаруу органдары мамлекеттик кызматчылардын этика ченемдеринин өз иштелип чыккан, ошондой эле ар бир министрликте, комитеттерде этика боюнча ички комиссиялар түзүлгөн. Мындан тышкары, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 10-статьясына ылайык мындай деп белгиленген: мамлекеттик кызматчынын этикасы – бул мамлекеттик кызматчынын жүрүш-туруш эрежелерин белгилеген жана жөнгө салган ченемдердин тутуму. Этиканы сактоо ар бир мамлекеттик кызматчынын түздөн-түз милдети болуп саналат.

Мамлекеттик кызматчы этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактоого тийиш жана милдетүү: өзүн ар дайыма мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүнө, калыстыгына жана натыйжалуулугуна жарандардын ишенимин түзгүдөй, сактагыдай жана бекемдегидей түрдө алып жүрүүгө; адептүү, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болууга, маселенин маңызын терең түшүнө билүүгө аракеттенүүгө, маектешти уга билүүгө жана анын позициясын түшүнүүгө, ошондой эле кабыл алынуучу чечимди таразалап, салмактоого жана негиздөөгө; өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесиптик деңгээлде аткарууга, өзүнүн жалпы билим жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга; башка мамлекеттик кызматчылар тарабынан этика ченемдерин бузуунун фактылары белгилүү болгон учурда, мамлекеттик кызматчынын этикасынын Кодексинде каралган чараларды көрүүгө; өзүнө баш ийген адамды укукка сыйбаган чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого мажбур кылбоого; өз ишинде таламдардын кагылышуусуна жол бербөөгө; элдердин үрп-адаттарына жана каада-салттарына урматтоо менен мамиле кылууга; өзүнүн кызматтык ишине кимдир-бирөө, анын ичинде ээлеген кызмат орундарына жана абалына карабастан башка кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз таасирге же таасир этүүгө жол бербөөгө тийиш деп жазылган.

Мамлекеттик кызматчынын этикасынын башка принциптери жана ченемдери атайын мыйзамдар тарабынан белгиленет. Мамлекеттик органдын жетекчиси өзүнө баш ийген мамлекеттик кызматчылар тарабынан этиканы бузууларды четтетүүгө жана болтурбоого карата бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Мамлекеттик органдын статс-катчысы өзүнө баш ийген мамлекеттик кызматчылар тарабынан жамаатта этиканы бузууну болтурбоо боюнча иш жагдайын түзүү үчүн жоопкерчиликте болот.

Макала соңунда ар бир мамлекеттик кызматчы жогорку кесиптик чеберчиликте болуу менен бирге эле абдан маданияттуулугун, илбериңкилигин, калыс, ак ниет, принциптүүлүгү менен айырмаланган мамлекеттик кызматкер болуусу абзел дээр элем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-11-2016
Канткенде өспүрүм кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотобуз?..
59963

30-10-2014
Бюджеттик угууга катышуу – айыл аймагынын турмушун жакшыртууга өбөлгө
46012

17-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)
42426

16-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи
43456

28-04-2014
Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс
44523

20-11-2013

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

42682

24-09-2013
Инвесторлор менен кандайча иштешибиз керек?
58283

29-04-2013
Бюджет ачыктыгы – экономикалык өсүшкө өбөлгө
42508

29-04-2013
Ачык мамлекеттик сатып алуулар — коррупцияга каршы кадам
39468

26-04-2013
Инвесторлор менен кандайча иштешибиз керек?
51896

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×