Добавить статью
8:12, 27 июня 2011 61360

А.Абдрахматованы БШКнын курамына киргизүү боюнча Р.Отунбаевга кайрылуу

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын» өкүлдөрү А.Абдрахматованы БШКнын курамына киргизүү үчүн Р.Отунбаевга кайрылышты

Урматтуу Роза Исаковна!

Сиздин ыйгарым укуктарыңызды эске алып, биз сиз сунуш кылган жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган КР Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын түзүүнү суранабыз.

Шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүүдө БШКнын,бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн өзгөчө ордун эске алып, жаңы БШКнын курамында бейөкмөт уюмдардын да өкүлдөрү болуусу керек деп эсептейбиз. Ушул себептен БШКнын курамына жарандык коомдун өкүлү Атыр Абдрахматованы киргизүүнү сунуштап, бул демилгени колдоп берүү үчүн биз сизге кайрылып жатабыз.

Абдрахматова Атыр жогорку квалификациядагы юрист, көп жылдардан бери граждандык сектор тармагында иштеп келе жатат. Ал 2010-жылы конституциялык кеңештин мүчөсү болгон жана бүгүнкү күнгө чейин «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» коомдук бирикмесинде иштейт.

Урматтуу Роза Исаковна, биз, төмөндө кол коюучулар, сиз жарандык коомдун демилгесин колдойсуз деп терең ишенебиз!

1. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» Динара Ошурахунова.

2. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын» аймактык өкүлчүлүгү Талас облусу Шамиль Мурат

3. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын» аймактык өкүлчүлүгү Нарын облусу Адилет Эшенов.

4. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын» аймактык өкүлчүлүгү Баткен облусу Батырбек Шукуров.

5. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын» аймактык өкүлчүлүгү Жалал-Абад облусу Чолпон Эргешова

6. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын» аймактык өкүлчүлүгү Ош облусу Эркемурат Асанов.

7. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын» аймактык өкүлчүлүгү Ысык-Көл облусу Мамбетимин Өмүракунов.

8. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын» аймактык өкүлчүлүгү Чүй облусу Сетрина Валентина.

9. Жарандык коомду колдоо борборунун ассоциациясынын аткаруучу директору Айдар Мамбетов.

10. Нарын облусундагы «Муназа» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Жамгырчиева Анара

11. «Кебел» коомдук клубу, Артур Букалаев

12. «ЭрЭп» ассоциациясы,Мирзат Аджиев

13. Либералдык жаштар клубу, Тимур Шайхутдинов

14. Коомдук ишмер Елена Воронина

15. Эркин муун альянсы, Урмат Казакбаев

16. «Медиа Полиси Институту» коомдук фондунун, директору Бегайым Усенова.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

31-10-2011
Шайлоо боюнча алдын ала билдирүү
30843

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×