Добавить статью
7:57, 29 июня 2011 54481

Чакан насыялоо - жакырчылыктан чыгарууга өбөлгө

Баткен облусунун Рават айылына келип киргениңде кадимки малчылык турмуштун көрүнүшү көз алдыга тартылат—аскалуу тоолордун этегинде кызыл-тазыл кызгалдактуу гүлдөрү жайнаган кең талаада уй бадалары бейгам жайылып жүрөт, кашка беде айдалган түздүктү кесип өткөн жол көчө бойлоп калың бак-дарактардын далдоосунда агарган тамдарга алып келет.

Ийри кууш көчөлөрдү чукул аралап өткөн машина андан ары улам өйдөлөп жүрүп отуруп, салкын жели бетти аймалаган тоолорду карай өрүштөп кеткен жол тоомуна түшөт. Айылдын фермери Бүбүкибир Кадырованын малчылык ишти кантип баштаганын, ал ишин эч нерсеси жок жайдак жерден баштаса да, бир нече жыл ичинде мыкты ийгиликтерге жетишкен айымдардын бири.

Бүбүкибир Кадырованын короосунда-отуз башка жакын мал бар. Мындай чоң түйшүктүү ишти аткарууга ага өзүнүн күйөөсү Кубанычбек менен балдары жардам берет. Бүбүкибирдин иш күнү таң сүргөндөн башталып, түн ортосу оогондо барып араң аяктайт. Таң атканда уйларды жайытка айдап кеткиче аларды сааганга үлгүрүп калуу керек, андан кийин өзүнүн сүтүнөн жасалган азыктарын алып сатуучу жерге—айылдан бир топ эле алыс турган базарды көздөп жол тартуу керек. Базарга жетиштин машакат -түйшүгүн айтпай эле коёлу: алды менен абдан оор сумкени ийинге артып чоң жолго чейин тердеп-кургап жетүү керек. Анан жол тосуп, барчу машинаны зарыга кечке күтмөй. Ошентип, жол азабын тартып барган базарыңдан соодалап тапканың күнүмдүк оокатыңа араң жетет. Буга да каниет алып, шүгүрчүлүк кыласың, антип оокат кылбасаң эл ичинде эсептен чыгып, эптеп күнүн өткөргөн жарды- бечара аталасың. Тууган- туушкандардын ыража-ынтымагына катыша албай, четке сүрүлөсүң. Кыскасы, колуңда болбогондон кийин киши катарынан чыга баштайсың. Айылда азыр андайлар канча. Сомодой жигиттер менен созулган далай келиндер көр оокаттын айынан мүңкүрөп, жер карап калышты. Балдарын эл катары ичинтип, кийинте албай басынып калышты.

Бүбүкибир Кадырова өзү теңдүү келин-кесектер менен акылдашып, беш аял болуп биригип, Чакан насыялоо колдоосу менен өз ара жардамдашуу тобун айылда алгачкылардан болуп түзүштү. Алардан алган биринчи насыясына эки кунаажын сатып алды. Кийинки жылы экөө тең тууп берди. Аларды баш -оту менен базарга сатып, баягы алган алгачкы насыясынан кутулду. Анан ишенимге бел байлаган Бүбүкибир өз ара жардамдашууга негизденген жамаатташтык атынан экинчи этаптан да ойдогудай өткөн соң, насыяны тартынбай эле улам күбүрөөк 20, 30, 40 миң кылып ала баштады, Ошентип, мээнеттин акыбети аздан болсо да кайтып, оокат турмуштары оңолду. Мурдагыдай той-топурга чакырган жерге барыштан тартынып, кур шылтоо айтып кутулбай, эми тели-теңтуш, куда сөөк- тамырларга кадимкидей алыш- бериш катыштыктын жолу ачылды. Канчалык турмуш шарт жакшырса, ошончолук адамдын да аброю көтөрүлүп, үй- бүлөнүн социалдык статусу жогорулайт тура. Бүбүкибир Кадырова күйөөсү экөө кеңешип- кептешип отуруп, кызын шаардан, болгондо да борбордон окутууну чечишти. Азыркы заман ааламдашуу, компьютерди үйрөнсүн, билим алсын балабыз дешти. Болбосо, биердеги балдардын азыр көргөнү эмне—баягы эле көр турмуштун көйгөйү, жетишпегендик, кендирди кезген жокчулук, жакырчылык.

Ырас, айылдын эли жапырт түтүн сайын мал багат. Ачыгын айтканда ушуну менен жан багат. Бирок кыйынчылык менен тапкан-ташыгандарын чек арага жакын Самаркенд айлындагы аларман- жутарман далдалчы кызыл кулактарга арзан баада айласыз кармата беришет. Антпегенде кантесиң! Барчылык болуп турса маалкатып, мал-мүлкүңдү кымбатка сатып, кайра арзанга алып дегендей акчага марыбайт белең! Жоктун жону катуу. Ушул турган базарга барышка, чымчым наспай, чай-чамек алышка чамаң чарк болуп турса, балдарыңдын мектепке барганга киер кийими жок болсо баккан малыңды, сааган сүтүң менен тарткан майыңды текейден арзан бербегениңди көрөйүн.

Бүбүкибир Кадырованын баягы базарга өлдүм-талдым болуп жеткен кези азыр артта калган. Адегенде эле тапкан кирешеге жол азабынан кутулушка автомашина сатып алышты. Базарда Бүбүнүн орду бар эмес беле. Эми ошол жерге сүттөн жасаган ар түркүн азыктарын алып барып, анысын кысталып-кыйналбай жай баракат соодалап, киреше таба баштады. Айылдаштарынын арасында кадыр барк күтүп, оозго алынды. Базарга барыш-келиштин маселеси чечилген соң, жети өлчөп бир кесишип, чакан тегирмен жүргүзүүгө жарак- жабдык сатып келишти. Үйдүн оңтойлуу бир капшытына аны алдемедей кылып орнотуп, иштетип алышты. Тартылган бир кап ундун киресине- 3 килограмм таза ун кармап калышат. Айылдагы тегирмендин дөөтү колдойт дегендей бат эле ирденип, тыңып кетишти. Ошентип бардыгына текши болбосо да Кадыровдорго буюрган барчылык келди.

Башынан Бүбүкибир чеберчилик-узчулук шыгы боло турган. Түмөн түйшүктөн ара чолодо колу бошой калганда уздугун улантып, саймалык өнөрүн өркүндөтмөй анын адаты. Үйдүн ичин жасалгалап, саймага түрлөнтүп, кадимки чыгыш элдеринин кооздукка бөлөнгөн жайына окшоштуруп тамын кирсе чыккыс кылып койгон да өзү болду. Анткени мындай биргелешип аракеттенүүнү өз көзү менен көргөндөрдүн, өз колу менен аткаргандардын бири болду.Кийин “Киргизия” кир жуучу машинени иштөөчө тетиктери окшош конструкциясы ылайыктуу болгондуктан атайын сатып келип, май тартуучу машиненге ылайыктап алышкан.

Ушул учурда баккан малынын саны отузга чамалашып, кадимки орто чарбалуу фермер болуп калган үй- бүлөлөрдүн бири—Кадыровдор. Анткени айылдын орун алган жери жаратылышынан малга ыңгайлуу, тоолуу келет. Жайды жайлата мал жайытта оттойт, Кышкысын тоютту мол камдап, даярданып алсаң, баккан малың аман чыгат. Төлүң берекесин бербей койбойт. Азыр Бүбүкибир Кадырова фермерликти малдын башын көбөйтүүдөн гана көрбөстөн, анын асыл тукумдуулугун жогорулатып, кайтарымын арттыруу анык ишкердиктин үлгүсү экендигин мыкты түшүнгөн кези.

Мамлекет жамаатташтыктын мындан ары алдыга өнүгүшү үчүн тыштан инвестицияларды тартып келүү менен айыл калкын чакан насыялоону натыйжалуу ишке ашыруу жолу менен алыскы айылдагы тургундардын турмушту жакшыртып, жакырчылыкты келечекте биротоло жойгон мезгили да келип жетет... Ал үчүн маңдай тер агызган мээнет, тыным албаган кайраттуу эрк зарыл. Негизгиси элеттиктерди насыялоо жолу менен материалдык жактан колдоо, т.а насыялоо эң башкы роль ойноору бүгүнкү мезгил талабы дээр элем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)
42424

16-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи
43454

28-04-2014
Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс
44521

20-11-2013

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

42681

13-06-2012
Баңгилик-өмүрдү алат
30284

08-06-2012
Баңгилик абдан коркунучтуу илдет
28091

21-05-2012
Дүйнөдө баарынан сулуу - ЭНЕ
44031

28-02-2012
 Автотоктоочу жайдын же парковканын кызматкери кимдин чөнтөгүн толтурат?
94506

15-02-2012
Укугуңду билесиңби?
33135

01-02-2012
Кыз ала качуу — адам укугун бузуу
54092

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×