Добавить статью
8:36, 9 июля 2011 163992

Жалал-Абад шаарынын жаңы мэри ким?

Жалал-Абад шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Абдыманап Туратов жөнүндө коомчулукта карама каршы пикир күч. Буга соңку учурда буга чейин мэр болуп иштеп Максатбек Женбековду жактап чыккан митинг учурундагы элдин пикирлери да далилдеп, айгинелеп турат.

«Мен А.Туратовду жакшы билем», дейт 33 жыл милицияда иштеген отставкадагы полковник Рашид Сулайманов. Албетте, М.Женбековдун айрым сапаттарына ичим чыкчу эмес. Бирок, А.Туратов келет дегенден кийин ага караганда М.Женбеков бир кыйла жогору турат деп эсептеп, көз карашымды өзгөрттүм.

Митинг учурунда Р.Сулайманов өкмөттөн жетекчилер келип өмүр жолун айтып, тааныштырып элге сунуш кылса, анын ким экенин эл айтат эле», деген оюн билдирди.

А.Туратовдун колуна «мэр болосуң» деген буйрукту кармата салышы көпчүлүгүнө табышмак. СДПК партиясынын Жалал-Абад областы боюнча координатору Батыр Абдыразаковго «А.Туратов мэр болот экен» деген маалымат чыкканда, тактоо үчүн бир нече күн мурда кайрылганыбызда ал СДПК партиясы А.Туратов эмес башка адамды сунуштап жаткандыгын айткан.

Ал мэр болууга ылайык эмес экендигин, башка кызматтарга сунушталып жатканын кошумчалаган. Ал эми эйрым булактардан алган маалыматка караганда, А.Туратовду Жалал-Абад областынын губернаторунун сунушу менен Сузак районунун акимине сунуштаганда депутаттар кабыл албай койгон. Жалал-Абад шаардык салык инспекциясынын начальниги кызматына сунушталганда да жамааты кабал алган эмес. Ошондой эле, областык финансы кызматына сунушталып, бирок ишке ашпай калган.

А.Туратовдун мэр болорун уккан Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Ш.Атамбаевге кат жолдошуп, Жалал-Абад шаары 100 миңден ашуун калкы менен республикадагы шаарлардын катарында чоңдугу боюнча 3-орунда экенин, ири өнөр жайлуу шаарлардын бири болуп саналарын, шаар өнүгүү жолуна түшкөнүн айтышкан. Жалал-Абад шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерди карап жатканда Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлдөрүнүн, коомчулуктун, ушул региондо жашаган калктын, өкүлчүлүктүү органы болгон шаардык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алып коюушун суранган.

Кайрылууда «Шаарыбызга ушул аймактын көйгөйүн жакшы билген, шаарда эмгектенип жана келечекте шаарыбызды өнүгүү жолуна алып чыга ала турган, шаарыбызды гүлдөп өскөн өндүрүштүк, туристтик шаарлардын бирине айландыра ала турган кыргыздын патриот, мекенчил, чыгаан жараны болуш керек. Абийири таза, коррупцияга малынбаган, чечкиндүү, мурда-кийин аты булганбаган, элдин эмгегин жебеген, өзүнүн кызыкчылыгынан да элдин кызыкчылыгын бийик койгон, элдин тагдырын ойлогон, эртеңки келечеги үчүн күйүп жана турган адам керек экендигин эске алууңузду сурайбыз» деп жазылган.

Бул жерде «абийири таза, коррупцияга малынбаган, мурда-кийин аты булганбаган, элдин эмгегин жебеген» деген сөз А.Туратовго багышталганы көрүнүп турат. Анткени, М.Женбековду коргоо комитети тарабынан укук коргоо органдарынан алынган официалдуу маалымат митинге чыккандарга таратылган. Анда төөмөндөгүдөй маалыматтар камтылган.

А.Туратов 1992-жылы Ош областтык соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 180-беренесине ылайык мажбурлоо жолу менен пара алгандыгы үчүн 2 жылга соттолгон.

Ошондой эле, 2002-жылы 26-февралда кылган кылмышы үчүн А.Туратов Сокулук райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 353-статясы 2-бүлүгү менен кылмыш иши козголуп, 1 жылга эркинен ажыратылган. Бирок 2003-жылы 2-июнда Жалал-абад шаардык сотунун токтому менен соттолгондугу алынып салынган.

2008-жылдын 21-окябрында Кыргыз Республикасынын финасы полициясы мамлекеттик кызматынын №252 номери менен А.Туратов Сузак райондук кеңештин депутаты, Бек-Абад айылынын жашоочусу Т.Акбаровдун арызынын негизинде республиканын башкы прокуратурасынын сунушу менен финасы полицияда иштеген кызматынан четтетилген.

Мындан сырткары, А.Туртовдун наркотика боюнча шектүү деп 7-8 ай абакта кармалып, бирок кандайдыр бир жолдор менен акталып чыгып кеткендигин айтышат. Ушундай адамдын мэр болосуң деп сунуш берген Жалал-Абад областынын мурдагы губернатору Бектур Асановго, колуна буйрукту карматып жөнөтүп жиберген А.Атамбаевдин кадыр-баркына көлөкө түшүп жатат.

А.Туратовго сунуш берүүдөн мурда өмүр баяны тууралуу туура так маалымат берип койбогон укук коргоо, коопсуздук кызматкерлеринин жоопкерсизги таң калтырат.

Ал эми карапайым эле бул маселеде акчанын роль ойногонун айтышып, А.Атамбаевдин жанындагылар уят кылып жатат деп эсептешет.

А.Туратовдун ким экендиги мэрияга киргизбей койгон жалалабаддыктарга Сузак районундагы Жийде айылынын элин көтөрүп чыгат деп билдирип, митинге чыккан элди нааразы кылганы да айгинелеп турат.

Дыгы бир кызыгы - митинг болуп эл толкуп турганда эски жаңы губернатор, мэрлер Б.Асанов, А.Турсунбаев, А.Туратов, М.Женбеков төртөөнүн Жалал-абад шаарынын сыртындагы «Ак кайың» кафесинде чайлашып отургандыгын уккан митинге чыккан эл аргасыздан баш чайкоодо.

А.Туратовдун келүүсүнө аны жакшы билген укук коргоо органдары, жетекчилер тымызын каршы болуп жатканы тууралуу маалымат бар, бирок ачык чыгуудан коркуп жатышат. Муну балким А.Туратовдун криминалдык чөйрө менен байланышы бар экендигинен улам коркуп жатышкандыр. Анткени айрымдар А.Туратовду маркум Б.Эркинбаеден калган кылмыш топтору менен байланыштырууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×