Добавить статью
6:19, 23 июля 2011 47797

Ишенимди жараткан жылуу сөздөр

Буга чейин маалым болуп келгендей, 2010-жылдагы июнь окуясынан жабыр тарткандарга акысыз психикалык жана психотерапевдик кызмат көрсөтүү максатында Орусиянын каржылоосу аркылуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин техникалык колдоосу менен Жалал-Абад шаарында «Доверие» борбору ачылып иштей баштагына аз эле убакыт болду.

Борбордун башкы дарыгери Жантороев Бараталы Жоробекович жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу мына буларга токтолду.

Борбордун атайын даярдыктан өткөн адистери кайрылгандарга акысыз кызмат көрсөтүү ишин алып барууда. Ушул аралыкта айрыкча Сузак районуна караштуу Бек-Абат, Октябрь, Барпы айылдарынан жана Базар-Коргон районунан бардыгы болуп 66 тургун кайрылган. Айта кетчү нерсе, борбордун кызматкерлери борбордун имаратында эле жарандарды кабыл албастан, айыл округдарындагы социалдык кызматкерлер, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери менен тыгыз байланышта иштөөнүн натыйжасында жардамга муктаждыкты алдынала аныктап алышып, (мобилдик топ) жер-жерлерге атайын бекитилген унаа менен барышып 82 адамга кеп-кенештерин айтып, жакындан жардам берүүгө үлгүрүшкөн. Биздин дарыгерлер негизинен 2010-жылдын июнь айынан тартып эле жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп келе жатышат жана ошол учурдан тартып ушул кезге чейин 8571 кайрылгандардын ичинен 613 балдар, деп белгилеп кетти дарыгер

Бизге кайрылгандар саламаттыгынын жалпы начарлыгы, көңүл коштук, кооптонуу, катуу чарчоо, жүрөктүн тез согушу, уйкусуздук, кыжырдануу, урушкусу келүү жана бирөөлөр менен урушуп калуудан абалынын начарлашы, боюнча кайрылып жатышат. Атайын адистердин жардамынын натыйжасында алардын айрымдары зарылчылыгына алардын айрымдары зарылчылыгына жараша жер-жерлердеги үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна дарыланууга жиберилген, калгандары жеринде берилген жардамдан абалдары жакшырган.

Мында аялзаты жана балдар көбүрөөк кайрылышканы белгиленүүдө, аялдар айрыкча күйөлөрүнөн, кайын энелеринен, кайын эже-сиңдилеринен ыдык көрүп кайрылышса, ал эми балдарды ата-энелери былтыркы коогалаңдан коркуп, чочуп калгандары боюнча алып келишет. Бирок, салыштырмалуу аз болсо да, аялдарынан кордук көргөн эркектер дагы кайрылышат. Эми эркектер капа болгондо дароо эле алкоголь ичимдиктери менен өздөрүн алаксытууга ык койбостон, бул борборго кайрылышса, өздөрү, үй бүлөсү, бала-чакасы үчүн жакшы эле натыйжа болот. Бул боюнча да биз түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүп келебиз.

Бул жерде кайсыл көйгөй менен болбосун кайрылгандардын бардыгынын аты-жөнү айтылбай, купуя калганынын өзү дагы аларда биринчиден ишенимди пайда кылып, өз көйгөйлөрүн эркин айтып, женилдеп алышса, экинчиден жылуу сөз угуп, көңүлдөрү көтөрүлүп калууда. Мына ушунун өзү эле жашоого, турмушка ишенимди пайда кылган кыйла жардам, дейт башкы дарыгер Бараталы Жантороев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-06-2011
Ишкерлердин колу-бутун мыйзам менен чырмап, тоноп жатышат
51273

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×