Добавить статью
9:01, 23 июля 2011 29867

Кыргыз элине кайрылуусу

Сиздерди, Кыргыз өлкөсү ушул 20-жыл көз карандысыз эгемен мамлекет болгондон бери, президенттер, премьер-министрлер, министрлер, депутаттар, губернатор жана акимдер, айыл жана шаар өкмөт башчылары ошондой эле, ар кандай деңгээлдеги соттор, прокурорлор, милициялар, улуттук коопсуздук кызматчылар, аскер адамдары жана дагы толгон токой майда-чүйдө мамлекеттик төбөлдөрдүн жалпы карапайым, кедей-кембагал кыргыз элине, биз өзүбүздүн бай жана бактылуу жашообуз үчүн эмес, силердин жыргалчылыгыңар үчүн, кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүүсү үчүн гана иштеп жатабыз деген, кыргыз элине упчу менен сүт эмизип сооротуп келе жаткандарынан кыйналып, тажап, кыжырыңар келип жаткан жокпу? Жалпы кыргыз эли үчүн эч нерсе деп айта албайм, ал эми өзүм үчүн болсо айтаарым, кыйналып тажап кеттим жана кыжырдануум убакыт өткөн сайын күчөп бара жатат. Анткени, ушул 20-жылдан бери алардын кыргыз элине айткан, убада кылган жана ант берген сөздөрүндөй болбой теңиринен-тескерисинче болуп, жалпы карапайым кедей кыргыздын жашоосу оңолбой эле, ошол өйдө жакта белгиленген ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик кызматчылар, жалпы кыргыз элинин, мамлекетинин эсебинен өзүлөрүнүн кызмат абалдарына жараша бай, орто бай жана чириген бай болуп жашап жатышат. Ал эми жалпы карапайым кыргыз элинин болжолу 30% -1200 000 адам ачкачылыкта, кедейчиликте жана жакырчылыкта жашап жатышат. Болжолу 20% - 800 000 адам ар кайсы чет өлкөлөрдө иштешип жан сактап жүрүшөт. Дагы болжолу 30 % -1200 000 адам ошол ар кайсы чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн бир туугандары, бала бакыралары, ата-энелери жиберип турган акча кара жаттардын эсебинен жашап жатышкан кыргыздар. Калган болжолу 20 % - 800 000 кыргызбайлар, булар мырза премьер-министр Атамбаев аларды кыскартып кайсыл жакка алып барам, жок кыскарта албайм деген, кичинекей кыргыз мамлекетиндеги ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик кызматчылардын аябагандай чоң аскери болгон 350 000 адам. Калган 450 000 адам булар ишкерлер, соодагерлер, жогорку окуу жайлардын ректорлору, мугалимдери, мектептердин директорлору, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, саламаттыкты сактоо мекемлеринин жетекчилери, дарыгерлери, мамлекеттик мекеме-ишкананалардын жетекчилери, соттор, прокурорлор, милиция жана аскер башчылары.

Кыргыздардын болжолу ушул 800 000 адамы Кыргызстандагы бай, орто бай жана чириген байлардын классын түзүшөт. Бирок булардын байлыктары өз эмгектери жана таза колдору менен мыйзамдардын чегинде табылганына жалпы карапайым кыргыз элинин көпчүлүгү ишенбейт. Кичинекей кенедей болгон Кыргыз мамлекетинде ушунчалык эбегейсиз көп болгон мамлекеттик төбөлдөрдүн негизинде түзүлгөн бюрократиялык, кошоматчылык, паракорчулук, жердешчилик, кийинки кездерде партиялашчыл система, элдик мамлекеттик акча каражаттын, мүлктүн жана кенбайлыктардын уурдалып талап-тоноочулукту пайда кылганынын айынан, көчө кылмыштуулугу, экстремизм, терроризм жана сепаратизм көрүнүштөрү күчөп кыргыз эли, жери, тили жана мамлекети ушул 20-жылдан бери дүйнө жүзүнөн анамына жоголуп кетүү акыбалында жашап келе жатабыз. Ишенбесеңер айрым бир орусиялык, казакстандык жана өзбекстандык саясатчылардын, саясий талдоочулардын айткандарын угуп жана окуп көргүлөчү. Алар кыргыздар өз алдынча мамлекет түзүп жашай албаган акылы жок, жалкоо эл экен. Кайсыл гана президенти, премьер-министри жана дагы ар кандай жогорку мамлекеттик кызматчылары болбосун, баардыгы тең ар кайсы мамлекеттерден, чет өлкөлүк уюмдардан карыз акча жана жардам сурагандарын токтотушпайт дешип кыргыздарды шылдыңдап жатышат. Кыргызстандын элинин көпчүлүгү кедейчиликте жана жакырчылыкта жашап жатышкандыгынан, 1000 000го жакын адамдары ар кайсы чет өлкөлөргө чыгып кетишкендигинин жана өлкөдө калпычылык, кошоматчылык, тууганчылык, жердешчилик, партиялашчылык, паракорчулук мамлекеттик элдик акча каражатты, мүлктү, кен байлыктарды алдым-жуттумдук, уурдап талап-тоноочулук, жалпылап айтканда, коррупция мамлекеттик системага айлангандыгынын кесепетинен, Кыргызстан алсырап ички жана тышкы коопсуздугун сактай албагандыгына байланыштуу кылмыштуулук күчөп, эл аралык экстремисттер жана террористтер Кыргызстанга оңой эле кирип келишип, бара-бара биздин өлкөлөргө дагы кирип келүүлөрү мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстанды Орусиянын автономиясы кылып салуубуз керек деп Орусиялык серепчилер жазып жатышса, Кыргызстандын түштүгүн Өзбекстанга, ал эми түндүгүн бөлүп туруп, Казакстанга кошуп салуу керек деп өзбекстандык жана Казакстандык серепчилер жазып жатышат.

Бул деген эмнени билдирет? Бул деген ушул 20-жылдан бери Акаев, Бакиев жана кийин Текебаев мырзалар, кыргыз элине таңуулап келишкен атаандашсыз Конституциялык түзүлүштөрүнүн кесепетинен, кыргыз элинин жана мамлекетинин келечегинин жок экендигин билдирет. Негизи биз кыргыз эли, биздин кээ бир «жакшы саналаш «бөлөк улуттун өкүлдөрү айткандай, чындыгында эле дөдөй, дөпөрөс, аңкоо эл окшойбуз, ушуларга окшогон жол башчыбыз, көсөмбүз дегендердин сөздөрүн угуп, артынан эрчиген. Ушундай көсөмдөрдүн айткандарын угуп жүрүп биз кыргыздар, мамлекеттик элдик кызматчылар Кыргызстанда түзүшкөн коррупциялык системанын кесепетинен пайда болгон кедейчиликтин, жакырчылыктын жана ачкачылыктын айынан, жакынкы арада элибизден, жерибизден, тилибизден жана мамлекетибизден айрылмай болуп калдык окшойт.

Ушулардын баардыгын тең угуп, көрүп окуугандан кийин, башы бар кыргыз болсо кантип ачуусу келбейт. Мындан көрө колуңа курал кармап алып, кыргыздардын ички жана тышкы душмандарына каршы аөсуз согушуп жатып өлгөнүбүз жакшы деген ойго келесиң. Ошондуктан менин эмес, жалпы кедей-кембагал, үй-жайы жок, тентиген, селсаяк кыргыздардын ачуусу күчөп, толкундай болуп ашып-ташып, элдин энчисин жеп алышкан жол башчыбыз, мамлекет башчыбыз, көсөмбүз дегендердин баардыгын тең бороон чапкынга алышып жазалай электе айтаарым, кыргыз элинин башын айландырып, кыргыз элинин ой жүгүртүүсүнө, көз карашына жана калоо тилектерине туура келбеген, ар кайсы чет өлкөлөрдөн көчүрүлүп келинген конституцияларды таңуулабай, ушул 20-жылдан бери өзүбүздүн кыргыз адамдарыбыздын колдорунан жаралган 20дан ашык Конституциялык долбоорлорду, жалпы маалымат каражаттары аркылуу кыргыз элинин алдына чыгарып, талкуусуна койгула. Кыргыз эли өзү тандашы керек, кыргыз мамлекетине кандай конституциялык түзүлүш керек экендигин. Ошол 20 конституциялык долбоордун ичинен бирөөнү жактырып кабыл алабы, же болбосо ошол 20 долбоордун ар биринен жакшы делген мыйзамдарды чогултуп туруп, Кыргызстандын дүйнөдөгү бир дагы мамлекетине окшошпогон конституциялык түзүлүшүн кабыл алабы, аны кыргыз эли өзү чечүүсү тийиш. Ошондо гана кыргыз элинин жашоосу оңолот жана кыргыз мамлекетинин күч кубаты артып, экономикасы өсүп өнүгөт. Болбосо биз кыргыздар мурункудай эле аңгектен качсаң дөңгөккө, дөңгөктөн качсаң аңгекке дегендей болуп жүрүп, бул дүйнөдөн жоголуп кетебиз. Азыркы убакта Кыргыз элинин дүйнө жүзүнөн жоголуп кетүү жагдайына бир нече факторлор таасир этип жатат. 1. Кыргыз мамлекетинде, мамлекеттик иш-кагаздардын, адистик-техникалык, колледж жана жогорку окуу жайларында билим берүүнүн, мыйзам ченемдүү түрдө мамлекеттик тил болгон кыргыз тилинде эмес, Кыргыз элинин тагдырын, келечегин ойлобогон акылсыз президенттин жана жогорку кеңештин айынан, конституциялык мыйзамдарда кереги жок, түшүнүксүз расмий тил делип киргизилип калган орус тилинде жүргүзүүлүсү.

2.Кыргыз мамлекетинде, мамлекеттик системага айланган коррупциянын эң жогорку чегине жетүүсү.

3.Коррупциянын эң жогорку чекке жеткендигинин кесепетинен кыргыз экономикасынын деңгээли ондогон эсе төмөндөп, анын натыйжасында өлкөдө жумушсуздуктун саны аябагандай көбөйүп кыргыз элинин көпчүлүгү кедейчиликте, жакырчылыкта жана ачкачылыкта жашап калышынын себебинен, ички жана тышкы миграциянын күчөшү. 4. Кыргызстанда ички жана тышкы миграциянын күчөшүнүн натыйжасында, кошуна өлкөлөр менен болгон чек ара тилкелериндеги кыргыз айыл-кыштактарынан. кыргыздардын өз үйлөрүн тыштап жана сатып кетүүлөрү.

5.Чек арага жакын бош калган жерлердин жана үйлөрдүн кошуна өлкөлөрдүн жарандары тарабынан басып жана сатып алуулары.

6.Кыргызстанда түзүлгөн коррупциялык систаманын айынан кыргыз улуттук коопсуздук жана ички иштер кызматынын, куралдуу күчтөрүнүн жана чек-ара аскерлеринин күч кубатуулугунун аябагандай алсырашы, анын натыйжасында алардын түздөн-түз милдеттери болгон кыргызстандын ички жана тышкы коопсуздуугун камсыз кыла албагандыктары.

7.Кыргызстандын ички жана тышкы коопсуздугунун жогорку деңгээлде сакталбагандыгынын натйжасында, өлкөгө ар кандай көз караштагы диний уюмдардын, экстремисттик жана террористтик топтордун кирип келүүлөрүнө ыңгайлуу абалдын түзүлгөндүгү.

8.Кыргызстанда ар кандай жогорку, орто жана төмөнкү деңгээлдеги мамлекеттик кыэматчылардын, элдин мамлекеттин эсебинен жеке өзүлөрүнүн гана бай жана жыргал жашоолорун көздөгөндөрүнүн натыйжасында түзүлгөн,өлкөдөгү мамлекеттик бийликтин алсырашын пайдаланышып, кээ бир улуттардын өкүлдөрүнүн арасында сепаратисттик көз караштардын күчөшү жана улуттар аралык жаңжалдардын көбөйүшү. 9.Кыргызстандагы кээ бир саясатчылардын кыргыз элинин жана мамлекетинин эмес, жеке өзүлөрүнүн гана кызыкчылыктарын көздөшүп, кыргыз элине баш аламан, чалды куйду, түшүнүксүз жана пайдасы жок партиялык-парламенттик конституциялык түзүлүштү таңуулоосу. Кыргыз эли кантип эле дүйнө жүзүнөн жоголуп кетсин, бул жөн эле кээ бир тантыраган акылы жок кыргыздардын, кыргыз элинин башын айлантып айткан сөздөрү деген акылдууларга айтаарым, кыргыз элинин дүйнө жүзүнөн жоголуп кетүүсү кыргыздардын көпчүлүгү жумушсуз калып ар кайсы чет мамлекеттерге кете башта-ганда жана кыргыз мамлекетинде орус тили расмий тил деп кабыл алынганда эле башталган. Анткени ар кайсы чет мамлекеттерге кеткен кыргыздар ошол мамлекеттин тилин, салт-санаасын, маданиятын үйрөнүшөт жана жарандыгын алышат, бара-бара убакыт өткөн сайын кыргыз тилин унутушуп, ошол элдин тилинде сүйлөп калышат. Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик иш колдонуудан чыгып, мамлекеттик иш кагаздар, жогорку окуу жайларда билим берүүнүн баардыгы тең мурун эле орус тилинде жүргүзүлүп келинсе, орус тили расмий тил болгондон бери, кыргыз тилинин жоголуп кетүүсүнө өзүнүн бир топ эле салымын кошуп келе жатат. Анткени мамлекеттик иш-кагаздар, жогорку окуу жайларда билим берүү орус тилинде жүргүзүлгөндөн кийин жана кыргыз мигранттарынын көпчүлүгү оруссияда жмгектенишкенден кийин, кыргыздар дагы балдарын орус тилдүү бала бакчаларга, мектептерге бере башташты. Анын себеби, балдарыбыз орус тилин билишпесе жогорку окуу жайларга өтпөй калышат жана оруссияга барып эмгектене алышпай калышат деген чочулоолор негиз. Ошентип кыргыздардын кандайдыр бир бөлүгү, өзгөчө чүйдө жана борбор шаарыбызда жашашкан, ошондой эле оруссияда иштешкен кээ бир кыргыздар эчак эле эне тилин унутушуп орус тилинде гана сүйлөп калышкан. Буга кошумча Бишкекте жашашкан жана билим алышкан кыргыз жаштарынын көпчүлүгү дагы орус тилинде гана сүйлөшүшөт. Ошентип бир нече жүз миңдеген мүмкүн бир миллион кыргыздар эчак эле орусташып кетишкен.

Эми кыргыздар өзүңөр ойлонуп көргүлөчү, кыргыз элинин, жеринин, тилинин жана мамлекетинин бул дүйнөдөн жоголуп кетүү коркунучу бар бекен же болбосо жок бекен. Ушундай багыт менен кете берсек, биз кыргыздар 20-30-жылдан кийин бул лүйнө менен кош айтышабыз, жок мурунку кыргыз адамдары өзүлөрүнүн жашоолорун уланта беришет, бирок өзүлөрүн кыргызбыз дебей биз оруспуз, казакпыз, өзбекпиз, тажикпиз, кытайбыз же болбосо дагы башка улутпуз деп калышат. Кыргыз элине ушундай тагдырдын жана келечектин кереги барбы? Же болбосо кереги жокпу? Эгерде кереги жок болсо, анда азыркы президент, өкмөт жана жогорку кеңеш тез аранын ичинде, биринчи кезекте кыргыз элинин, жеринин, тилинин, мамлекетинин коопсуздугун жана чыныгы кыргыз элинин бийлигин камсыз кылган конституция- лык долбоорду жалпы элдин талкуусуна алып чыгуулары тийиш. Эгерде азыркы убактагы биз гана кыргыз элинин көсөмүбүз, жол башчысыбыз жана мамлекет башчысы боло алабыз дегендер өзүңөр үчүн эмес, кыргыз эли, жери, тили жана мамлекети үчүн туура жолду жана багытты көрсөткөндү билбесеңер анда мына мен, жалгыз эле силердин эмес, жалпы кыргыз элинин жашоосунун бай жана жыргал болуусу үчүн, кыргыз куралдуу күчтөрүнүн, чек ара аскерлеринин, ички иштер жана улуттук коопсуздук кызматынын күч кубаттуу болуусу үчүн жана ошондой эле кыргыз экономикасынын дүркүрөп өсүп-өнүгүүшү үчүн туура жолду жана багытты көрсөтүп берейин. 1. Кыргыз элинин алдында кайсыл бийлик бутагы, түзүмү жоопкерчиликте кандай мамлекеттик иштерди алып барышы жана ал иштерди кантип аткарышы керек экендиги белгисиз, баш-аламан, чалды-куйду, түшүнүксүз президенттик, премьер-министрлик, парламенттик-партиялык конституцияны жоюп, анын ордуна кыргыз элинин,жеринин, тилинин,мамлекетинин коопсуздугун жана чыныгы кыргыз элинин бийлигин камсыз кылган конституциялык долбоорду тандап алып жана аны кабыл алышыбыз керек. Ооба кыргыз эли тажап бүттү ушул 20-жылдан бери кыргыз элинин каары жана каны аркылуу мамлекет башына жана жогорку мамлекеттик кызматтарга оңой олтоң эле олтуруп алышкан адамдардын, кыргыз элинин эсебинен жеп жана уурдап толтуруп алышкан байлыктарын, кайра эле кыргыз элинен коргоо максатында жеке өзүлөрүнүн бийлигин чыңдаш үчүн, бир эле конституцияны он чакты жолу бурмалашып, оңдоп түзөшүп таңуулашып кабыл алдырышкандыгынан.

Бирок биз карапайым кедей кыргыздар өзүбүздүн жана балдарыбыздын, бай жана ток жашоосун өзүбүз ойлобосок жана ошол бай жана ток жашообуз үчүн кызмат кылган мамлекеттик түзүлүштү өзүбүз тандап жана кабыл албасак, биз үчүн аны эч ким, эч качан түзүп бербейт. Бул конституция биздин эч качан оңдолуп, түзөлбөгөн акыркы жана түбөлүк колдонула турган конституциябыз болуусу тийиш. Ошондуктан биз жалпы карапайым, кедей-кембагал кыргыздар жапырт чыгып жигердүү болуп, ар бир мыйзамды аябагандай кунт коюп окуп жана тыкыр талкуулап туруп кабыл алышыбыз керек. Ошондо гана биз кыргыздар ойлогон максаттарыбызга, каалаган тилектерибизге, каалаган жашообузга жана каалаган мамлекетибизге жетебиз. 2. Биздин ошол түбөлүк оңдоолуусуз, түзөлүүсүз жана толуктоосуз колдонула турган акыркы конституциябызда бир гана мамлекеттик тил болушу тийиш, ал тил кыргыз тили. Башка эч бир тидге эч кандай расмий, байланыш, достук, ынтымак, билим берүү жана дагы ушул сыяктуу макамдар, конституция боюнча берилбеши керек. Ал иш милдеттин баардыгын тең кыргыз тили аткарышы керек.Мамлекеттик иш кагаз-дар, балдарды бакчаларда тарбиялоо жана аларга мектепте, адистик-техникалык, коллеждик жана жогорку окуу жайларда билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүүлүшү тийиш. Кыргызстанда жашап жатышкан бөлөк улуттун өкүлдөрүнүн кыргыз тилин жакшылап үйрөнүүлөрү үчүн, мамлекет тарабынан атайын бекер окуулар ачылып жана жетиштүү санда окуу куралдар менен камсыздалып турулушу керек.Ал эми алардын балдарына болсо кыргыз тилин үйрөтүүнү бала бакча, мектеп, адистик техникалык, коллеждик жана жогорку окуу жайлардан баштап жетиштүү түрдө жүргүзүп жана окуу куралдар менен толук камсыз кылып туруш керек. Кыргыз мамлекетинде иш кагаздар, билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүүлүшү жана бөлөк улуттун өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөтүү үчүн акча-каражат, жетиштүү санда бөлүнүп турулушу милдет. Бирок ошол эле убакытта кыргыз мамлекети бөлөк улуттун өкүлдөрүнө өзүлөрүнүн эне тилинде сүйлөөгө, билим алууга, каада-салтын, маданиятын сактоого жана динин тутууга мүмкүнчүлүк түзөт. 3. Кыргыз мамлекетинде бийлик президенттик, премьер-министрлик же болбосо парламенттик-партиялык эмес жалпы элдик болгондон кийин, бийликти бийликтин бирден бир гана ээси болгон кыргыз элине кайтарып бериш керек. Ал үчүн жаңы конституцияга жалпы эл өзү шайлаган жана дайындаган ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик кызмтчылардын үстүнөн көзөмөл жана талап кыла ала турган, кеңеш жана сунуш бере ала турган кыргыз элдик курултай институтун киргизиш керек. Жергиликтүү жана жогорку кеңеш институттары ушул 20-жылдан бери кыргыз элинин үмүтүн жана эмгегин актаган жок. Кандай гана президент, губернатор жана аким кызматка келбесин, жергиликтүү жана жогорку «эл өкүлдөр» элдин эмес ошолордун гана сөздөрүн угуп, айткандарын жасашып жана колдоп келишти. Ошондуктан алардын ордуна чыныгы элдик жыйын болгон айылдык, шаардык жана жалпы кыргыз элдик курултай түзүмдөрүн конституциялык долбоорго киргиздим. Айылдык, шаар-аймактык (райондук ), шаардык жана кыргыз элдик курултайлар паракорлошкон, бюрократташкан, жалпы элдин акча каражатын, мүлкүн эсепсиз сарп кылган, элдин кызыкчылыгы үчүн эмес өзүнүн кызыкчылыгын гана көздөгөн «эл өкүлдөрүнүн» дагы бир мамлекеттик мокочо уюмуна айланбашы үчүн жана курултайлардын мүчөлүгүнө жалаң гана акчалуулар менен мамлекеттик чоң кызматтагылардын келбеши үчүн, тескерисинче курултайлардын мүчөлүгүнө ошол жөнөкөй карапайым эл өзүнүн арасынан татыктуу деп тандап алган жөнөкөй, карапайым, чынчыл, ниети таза, мамлекеттик иштердин чоо жайын жакшы түшүнгөн жана билген, элдин жана мамлекеттин камын сөз жүзүндө эмес чындап иш жүзүндө көргөн адамдардын келиши үчүн, курултайлардын иш жүргүзүү жана аны шайлоо тартибин өзгөрттүм. Курултайлар чыныгы элдик жыйын болуш үчүн, айылдык курултайдын мүчөлөрүн ошол айыл өкмөткө караштуу ар бир айыл-кыштактын эли тарабынан, өзүлөрүнүн арасынан татыктуу делип саналган 10 өкүлүн, 5 жылдык мөнөткө жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу, айыл-кыштактын чогулуштары өтүп жаткан мезгилде шайлап алышат. Чакан шаардык жана шаар-аймактык курултайдын мүчөлөрү чакан шаардын жана ири шаардын ичиндеги шаар-аймактарда жашаган эл тарабынан өзүлөрү чогулуштарга жыйналган мезгилде шайланат. Жыйналыштар ар бир чейректерде ( квартал ) жана кичине аймактарда ( микрорайон ) өтөт. Ар бир чейректерден 1-ден өкүл, ар бир кичине аймактардан 5 өкүл жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу шайланат. Ири шаардык курултайдын курамы, ар бир шаар аймактык курултайдын 10 өкүлүнөн куралат. Кыргыз элдик курултайдын курамы 1ден айылдык, 3төн чакан шаардык жана 10дон ири шаардык курултайлардын мүчөлөрүнөн куралат. Шайлоо тартибинин өтүшү конституциялык долбоордо кенен-кесири чагылдырылды. Жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу шайлоо, шайлоонун айкын болуусун камсыз кылат. Курултайлардын жыйындары чейрек сайын гана чогулуп такай иштечү уюм болбогондон кийин жана алардын мүчөлөрүнө эмгек акы жыйын өтүп жаткан мезгил үчүн гана төлөнө тургандан кийин, аларга мүчө болууга ар кандай шылуундар көз артпайт деп ойлойм. Бирок кантсе дагы, кандай гана мамлекеттик түзүмгө шайлоо жүрбөсүн, алар ак же болбосо кара болобу,таза же болбосо кир болобу, чынчыл, калыс,ак ниет болобу же болбосо алдамчы, кошматчы, паракор, ууру болобу ал ошолорду шайлаган элдин мамилесине жараша болот. Эгерде эл жердешчиликке, уруучулукка, тууганчылыкка, таанышчылыкка, партиялашчылыкка же болбосо ниети бузук талапкерлердин берген бир күндүк тамагына, акчасына, арагына кызыгып ошондой шумпайларды шайлап алышса, анда алар бир күн жыргайт ал эми беш жыл куурайт азыркы убакта кыйналып жаткандай. Ошондуктан Кыргызстандын өсүп-өнүгүүшү, элдин жашоосунун жакшырышы ошол элдин өзүнө жараша гана болот. Ошону жалпы кыргыз эли эч качан унутпашыьыз керек.Ошондуктан жалпы кыргыз эли азыр кыйналсак дагы ниети таза, чынчыл, калыс адамдарды шайлап жүрөлү, жарым жыл өткөндөн кийин ошондой адамдар биздин жашообузду оңдой башташат жана мамлекетибизди чыңдашат. Бирок маселенин баардыгы тең ошол таза жана иш билги адамдарды кантип табууда жана кантип тандоодо жатат. Таза адамдар өзүлөрүнүн кандайдыр бир пайдасы же болбосо чоң кызмат үчүн, же болбосо көп суммадагы акча үчүн өзүлөрүнүн көз-караштарын, принциптерин эч качан өзгөртүшпөйт жана эч качан бай болушпайт.Анткени алар калпычылыкты, кошоматчылыкты, паракорчулукту, мамлекеттик элдик акча каражатты, мүлктү уурдап талап тоноочулукту желмогузду жек көрүшкөндөй эле жек көрүшөт. Ал эми иш билги адамдар болсо, кандай гана иш болбосун инструкцияларда жана мыйзамдарда кандай жазылса, ишти так ошондой кылып жоопкерчиликтүү аткарышат. Инструкцияларды жана мыйзамдарды өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн эч качан бузушпайт. Кандайдыр бир ката кетиришсе эч нерсе болбойт, жарай берет деп айтышпайт, тескерисинче кетирген каталарын ошол замат оңдоогонго аракеттенишет. Эгерде шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузулуп, административдик күч колдонулса же болбосо элдин жашоосунун оордугуна байланыштуу пенсия, пособиелердин, бир айлык эмгек акылардын деңгээли көтөрүлүп турбаса, анда чындыкты, калыстыкты орнотуш үчүн элдин бир гана укугу бар, ал пикеттерди, митингдерди, демонстрацияларды уюштуруу, айла кеткенде колдонулган күчкө жооп иретинде күч колдонуу. Булар айла кеткенде башка жол калбай калганда гана жасалчу аракеттер. Мындай иш-аракеттерди уюштурууну дагы жалпы эл чечет, эгерде жалпы эл жүз миңдеп көчөлөргө чыгып элдин мамлекеттин кызматын аткаруучулардан чындыктын, калыстыктын, мыйзамдуулуктун орнотуулушун жана пенсия, пособиелердин, бир айлык эмгек акылардын деңгээлинин көбөйүшүн жапырт талап кылышса, анда Кыргызстан түз өнүгүү жолу менен барат. Бирок бул иш аракеттер опурталдуу болуп эсептелинет, эки тараптын кагылышуусуна алып келиши мүмкүн. Ошондуктан элдин кызматын аткаруучулар мындай иш аракеттерге жеткирбей шайлоолорду таза өткөрүүлөрү жана пенсия, пособиелерди, эмгек акыларды тамак-аштын жана эл керектечүү товарлардын мезгил-мезгили менен кымбаттоосуна жараша, мезгил-мезгили менен 25-30%га көбөйтүп туруулары тийиш. Ал эми эгерде шайлоолордун бурмаланганына, жашоонун оордугуна, пенсия-пособиелер- дин, бир айлык эмгек акылардын деңгээлинин төмөндүгүнө каршы нааразычылыктарын жалпы эл эмес, 5-10 миң адам гана билдирип чыгышса, анда андай иштен эч кандай майнап чыкпайт. Анда ушундай кыйын кесең жашоого, жумушсуздукка, кымбатчылыкка, эмгек акынын, пенсия, пособиелердин кичинекейлигине, мамлекеттик акча каражаттын талап-тоноолушуна, паракорчулукка, кошоматчылыкка, мамлекеттик кызматтарда тууганчылыкка, жердешчиликке, таанышчылыкка, партиялашчылыкка,кыргыз элинин, мамлекетинин бул дүйнөдөн жоголуп баратышына эч бир нааразы болбошубуз керек. Анткени ушундай жашоону биз кыргыздар өзүбүз тандап алып жатабыз. Кандай өлкөдө, кандай жашоону ошол өлкөнүн эли өзү тандайт жана өзү чечет. Ошону эстен чыгарбай жүрөлү улуу урматтуу Кыргыз. Курултайлар такай иштечү түзүм болбогонуна карабастан, аларга аябагандай чоң укуктар берилди, Алар башка мамлекеттик түзүмдөрдүн үстүнөн көзөмөлдөө, тескөө, талап жана сунуш кылуу, аткарган иштерин балоо жана кеңеш берүү, ад эми Кыргыз элдик курултайга болсо мыйзам бекитүү жана кээ бир мамлекеттик уюмдардын башчыларын дайындоо жана кызматтан алуу укуктары болуп эсептелинет. Ошого карабастан курултайларга кеткен чыгымдардын өлчөмү, жергиликтүү жана жогорку кеңешке кеткен чыгымдарга караганда аябай эле аз көлөмдө болот. Негизинен эле мамлекеттин өсүп-өнүгүүшү жана андагы элдин жашоосунун жакшы болушу үчүн мамлекет чыгымдарды азайтып ал эми кирешелердин санын көбөйтүүсү зарыл. 4. Биздин болочок конституциябыз дагы кандай өзгөртүүлөргө жана жаңыланууларга муктаж экендиги жөнүндө ой-максаттарым, көз караштарым жана калоо тилектерим, менин сиздердин талкууңуздарга сунуштайын деген конституциялык долбоорумда жана ошол долбоорго болгон акыркы түшүндүрмөмдө, кенен-кесир, ачык айкын жана түшүнүктүү болуп берилди деп эсептейм. Ошондуктан түшүндүрмөнү жана долбоорду ушул жазган макалама кошуп чыгарууну чечтим. Менин сиздерге эмнени айтайын дегеним түшүнүктүү болушу үчүн, түшүндүрмөнүн эч бир жерин кыскартпай бердим. Эгерде кайталанган сөздөр кездешип калса сиздерден кечирим сурайм, бирок алар түшүндүрмөнүн түшүнүктүү болушу үчүн зарыл болгон сөздөр. Эгерде сиздерде улуу урматтуу кыргыз эли долбоордогу кайсыл бир мыйзамдар боюнча түшүнүксүз суроолор пайда болсо, мен ар бир мыйзам боюнча өзүмдүн түшүндүрмөмдү берүүгө даярмын жана кыргыз элине, мамлекетине карата ой максаттары, калоо тилектери ушундай көз карашта болгон кыргыздарды, кызматташууга чакырам.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×