Добавить статью
9:34, 16 августа 2011 90650

Сотторго карапайым калк канткенде ишеним артат?

Жогорку соттун судьялык кызматына сынакты жарыялап, талапкерлерди керек болсо үч- төрт айлап анын ким экендигин тактап, элдерге мүмкүнчүлүк берип, анын жакшы-жаман жактарын сүрүштүрүп, адамдардын жазган арыздарын атайын органдарга текшертип, канча кайрылуулар өз ордун тапканын же таппаганын билип, ал судьянын ой-жүгүртүү сапатын атайын психологиялык тестерден өткөрүп, ага тийиштүү упай берип, билим деңгелин териштирип аттестация өткөрүп, берген жообу боюнча дагы упай берип, сочинение түрүндө соттук актылардын үлгүлөрүн жаздырып, аны атайын комиссияга текшертип, аларды дагы тийиштүү упай менен баалап, ал судьянын иштеген, жашаган жерлеринен анын ким экендиги туурасында пикир чогултуп, өзүнүн жүрүш турушун, үй- бүлөлүк жана материалдык абалдарын толук текшертип, аны дагы упай менен баалап анан жыйынтык чыгарсак болбойбу?...

Он жылдап сөз болуп, бирок оордунан козголбой келген сот реформасынын кадрлар боюнча бөлүгүн жыйынтыктоого, бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей, судьялардын арасындагы бийликтин кулу болгон, кошоматчы, акыйкатсыз, сабаты төмөн судьялардан арылуу күнүнө келип жеттик деп калайык калк сүйүнгөнү менен судьяларды тандоо кеңеши тарабынан судьялар кандай тандалып жаткандыгын көрүп, өз башымдан өткөргөн талапкер катарында ачык айкын көргөзүп, бул маселе боюнча өзүмдүн сунушумду берейин деп чечтим.

Кыргыз Республикаснын Жогорку сотунун конституциялык палатасына 30 талапкер жана Жогорку Сотунун судьялык кызмат ордуна баардыгы болуп 114 талапкерлер арыз менен кайрылдык. Арызды кабыл алуу 25-июль күнү бүтөрү менен эле 27-июлдан баштап Жогорку соттун конституциялык платасынын талапкерлери менен аңгемелешүү болуп, 29-июлдан 2-июлга чейин Жогорку соттун талапкерлери менен аңгемелешүү өткөрүлдү. Жогорку соттун талапкерлеринин 95 пайызы ушул күндөрү иштеп жаткан судьялар экендигине, алар туурасында элдерден кандай кайрылуулар болорун, алар кимдер экендигин тактап, талапкерлер туурасында, анын өздүгү, ишмердиги боюнча тийиштүү материалдарды чогултуп, алар менен таанышпастан туруп эле шашылыш түрдө аңгемелешүүнү баштап жиберишти. Судьяларды тандоону, жалпы элдерден (отклик) ой пикирлерди күтпөстөн эле, судьялыкка талапкерлер эми эле массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин шашылыш түрдө баштап жиберишкендиги жөнүндө алар, «15-августа Жогорку Кеңештин кезексиз отуруму болуп, анда ушул судьяларды шайлоо маселеси каралат экен» деп түшүндүрүп жатышат. Бул кеңеш дагы деле бийликке көз каранды экендиги алардын айткандарынан эле ачык айкын көрүнүп турат. Эмне, калайык калк он жылдап күткөн маселени, «биз шашылбай, баардык талапкерлер туурасында эл- журттан кайрылууларды чогултуп, алардын ким экендигин толук билип туруп анан карап, тандоо жүргүзүп берели, 15- августка жетише албайбыз» деп, аны Жогорку Кеңеште кароо маселесин кийинкиге жылдыртып коё алышпайбы? Анда кантип, Жогорку Кеңештин заседаниесинин болоор убактысын жылдырууну талап кылыша албаган кеңеш бийликти укпастан, партияларга бөлүнбөстөн туруп судьяларды акыйкат тандай алышат?

Кеңештин отурумуна, аңгемелешүүгө мен 31-август күнү түштөн кийин кирдим

менин аңгемелешүүм боюнча өздүгүм боюнча баяндоочу кеңештин мүчөсү Борбашев Сарылбек экен. Ал менин өздүгүмдү тааныштырып, «жакшы мүнөздөмөсү бар экен, Жалал-Абад шаарынын аксакалдар кенешинен, Жалал-Абад шаарынын депутаттарынан, «Жалал-Абад үнү» газетасынан, «Справодливость» укук коргоо мекемесинен, «Адам укугун коргоо» мекемесинен» деп, менин дарегиме келген ондон ашык мактоо отзывдарынын темасын окуп келип, «эми бул жагына өтөлү» деп, мен билбеген, мен карабаган эле бир матералды окуп, «уюшкан кылмыштуулук боюнча Токтогул районунан үч адамды үй камагына чыгарып жиберипсиз» деп, ал маселе боюнча кеңешке ким кайрылгандыгын айтпастан эле билдирүү жасап салды. «Кайсыл иш экенин эстей албай жатам» дегениме карашпастан эле, ошол иш туурасында катуу суроолорду беришти. Көрсө ал мени жаман атты кылуунун бир ыкмасы экен. Аңгемелешүүдөн кийин эртеси келип, биздин өздүк иштер сакталып туруучу 323 кабинеттеги кыздардан өздүк ишимди карап таанышсам, ишимде бир эле мактоо баракчалары, газеталарга жазган сот реформасы туурасындагы макалдарымдан башка эч нерсе жок болуп чыкты. «Бул кандай болуп калды» деп дароо эле 2-август күнү кеңештин төрагасына арыз менен кайрылдым. Арызыма жооп болбо ду. Жаман атты кылабыз десе каратып туруп эле, жок нерсени бар кылып, бетиңе көө шыбап койсо болот тура. Ушундай тандоо кеңеши керекпи?

Кийинки берген суроолору, пара аласыңбы? Бирөөлөргө пара бердиң беле? Жетишкен жактарың кайсы? дагы ушул сыяктуу суроолор болду. Кеңеш өздөрүнүн олтурумунда талапкерлерге атайын суроолорду кабыл алышыптыр, алар: аялыңды тез-тез урасыңбы? Тез- тез КПЗ да болуп турасыңбы? Сиздин кабыл ала турган чечимиңизге ойношуңуз кийлигишеби? Бирөөлөр сага пара берем деди беле? жана башка ушул сыяктуу суроолор экен.

Талапкердин ким экендигин билишпестен, ага келген отзывтарды, жакшы-жаман мүнөздөмөлөрүн толук окуп, кандай иштеп келгендигине баа бербестен, ал иштеген аймактын элинин пикирин укпастан туруп, жогоруда көрсөтүлгөн суроолорду берип, 15-20 мүнөттүн ичинде ал адамдын ким экенин билсе болобу? Базардан мал сатып алсаң деле базарды бир эки саат кыдырып, бирине-бирин салыштырып, жаман-жакшы жагын карап, жатып аласың го? Кеңеш талапкерлердин кайсыл жагына карап, эмнесин эске алып тандап жатышкандыгы белгисиз. Кеңешке талапкердин адамдык сапаттары, мурда кийин кандай иштегендиги, судьянын акыйкатчылдыгы, бийликтен коркпостон туура чечим кабыл алгандыгы жана башка ишмердик сапаттары, анын жүрүм туруму, элге кылган мамилеси кызыктырбайт экен. Дагы бир жолу белгилей кетерим, анда алар, калкыбыздын он жылдан бери күткөн үмүттөрүн актап, эң жогорку инстанция болгон Жогорку соттун судьяларын кандай сапаттары боюнча тандап жатышты болду экен? Же дагы деле .... ошолбу?

Эмне үчүн, 2010- жылдын сентябрь айында убактылуу өкмөттөн коркпостон, «актоо өкүм чыгарсаң ошол күнү иштен кетесиң» деген областтык соттун төрагасынын көрсөтмөсүн укпастан, «Убактылуу өкмөт легитимсиз бийлик, анын кабыл алган декреттери мыйзам болуп эсептелбейт» деп ага юридикалык баа берип туруп, 2010- жылдын 13-14-майда Жалал-Абад шаарында болгон окуяда мурдагы губернатор Масиров К.М. баш болгон 11 адамга карата актоо өкүмүн чыгаргансың» деген суроо мага берилбейт? Эмне үчүн , «мурда беш жолу соттолгон адамга 2 кг «героин» наркотикалык заты менен актоо өкүмүн чыгарды» деп, областтык соттун төрагасы, областтык мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысы экөө өздөрүнө чакырып, «беш жолу соттолгон коркунучтуу өнөкөт кылмышкерди 2 кг героин менен да актап жибересиңби, эми губернатор сенин үстүңдөн президентке сунуш келтирет, ишиңден кетесиң, даярдана бер» деп катуу кысым көрсөтүшүп, областтык сот ал адамды 16 жыл мөөнөткө эркинен ажыраткандан кийин Жогорку сотто областтык соттун өкүмүн жокко чыгарылып, сен тарабынан кабыл алынган өкүм күчүндө калган экенго деген суроо берилбеди? Эмне үчүн, областтык соттун кысым көрсөткөнүнө карабастан полковник милицияны урган бечера аялды актап жибергенсиң? Областтык сот ал аялды күнөлүү деп таап жаза белгилегенден кийин Жогорку сот кайра эле сенин жыйынтыгыңды туура дептирго «деген сыяктуу суроолор болгон жок. Буга окшогон, мага ар тараптан кысым көрсөтүп, бирок мен эч кимди укпастан кабыл алган чечимдерим канча.

Кеңештин мүчөлөрү, менин талапкерлигим боюнча баяндамачы С.Бобашев тарабынан мага берилген отзывдардын темасын окуп жатканда ылдый карап ичтеринен күлүшпөстөн, кандай отзыв экен, ким тарабынан, эмне деп берилиптир «деп кызыгышып, талапкердин ким, кандай иштеп жаткан адам экендигин билүүгө аракет жасап коюшса болмок. Ал эми менин ишимдин ичинде турган, сот реформасы жөнүндөгү, жарандык жоопкерчилик, кайрымдуулук, коомубузду кантип өстүрүү туурасындагы, ошондой эле областтык соттун акыйкатсыз кабыл алып жаткан өкмдөрүн сындаган көп сандаган, массалык маалымат каражаттарынан, интернет сайттарынан орун алган макалаларым туурасында мнин өздүгүмдү баяндаган С.Борбашев деле окубаган, ал тургай, ал макалалар көктөмө иштин ичинде тургандыгына карабастан көрбөгөн чыгар. Анда кантип менин өздүк жана ишмердик сапатыма баа беришти экен? Же жанагы адепсиз адамдарга берилүүчү суроолордун жооптору боюнча менин ким экендигимди билип коюштубу?

Мейли, мен эч нерседен тартынган эмесмин, дагы деле тартынбайм. Көп болсо кызматымдан кетермин, же такыр жок кылалы десе дагы менин үстүмдөн бир нерсе ойлоп чыгып, уюштурушар. Жогорку соттун судьялык кызматына өтпөй калганыма деле кейибейм. Менин кызматым бирөөлөргө катуу керек болуп жатса ошол адамга деле белек кылып берем. Кийинки сынактарга катышсам анда өтөрүүмө деле күмөнмүн. Туурасын айткан адам кимге эле жагыптыр? Бирок акыйкаттык, чындык болуш керек. Заседаниеде берилген беш суроонун жообу менен ал адамдын тагдырын чечип коюш керек эмес. Америка кошмо штатында бир судья пара алып жатыптыр деген билдирүү болсо эк-үч жылдап аркасынан адам коюп текшерет экен.

Ушундай текшерүүлөрдөне кийин тандоодон өтпөй калган талапкер эмне үчүн өтпөй калганын түшүнүп, тандоо кеңеши менен кандайдыр бир деңгээлде макул болсо керек эле. Жаңыча ой жүгртүүгө качан өтөбүз? Же калайык калкты алдап, «мына жаңы судьяларды тандап койдук» деп, шашып – бушуп, Жогорку Кеңештин кезексиз заседаниесинде каратып калалы деген шылтоо менен адамдардын башын айландырып, эптеп эле өздөрүнө караштууларды өткөрүп алуу максатпы? Бул кеңеш менен алыска барып, эл мүдөөсүн ишке ашыра албайбыз.

Бүткүл эл журт күткөн сот реформасынын кадрлар боюнча бөлүгүн татыктуу өткөрүп алалы. Ал үчүн азыркы судьяларды тандоо боюнча кеңешти толугу менен жоюп, аз эле сандагы адамдар менен жогоруда мен көрсөткөн бал топтоо ыкмасы менен, ошого тийиштүү жоболорду кабыл алып, кийин гана иш жүзүнө өтөлү. Президенттик шайлоону ушул убакка чейин эле иштеп келген судьялар татыктуу өткөрүп бере алат. Бир сөз менен айтканда эч шашылбай, жети өлчөп бир кезип, татыктуунун татыктуусун тандап, көп жылдап күткөн эл мүдөөсүн ишке ашырып, мындан ары, кайрадан бийлик алмашкан сайын судьялар боюнча кадрлар маселесине өтпөйлүчү. Жаңы кеңештин курамы, анын иштөө, судьяларды тандоо ыкмаларынын тартиптери туурасында түп тамырынан бери башкача жазылган жобонун үлгүсүн иштеп чыктым. Мага мүмкүнчүлүк берилсе кийинки сандарга жарыялайм. Мени туура десеңер колдоп, ой пикирлериңерди билдирип кетерсиңер. Ой жеткен мен ен кол жетпейт. Сунушталган ойлор ишке ашса сот реформасынын кадрлар боюнча бөлүгүнө чекит коюлат деп эсептейм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×