Добавить статью
8:59, 14 сентября 2011 40986

Шайлоого катышкан талапкерлерди, саясий күчтөрдү акыл-эстүүлүккө чакырабыз

Урматтуу мекендештер! Агайын-туугандар!

Бизде илгертен ата-бабаларыбыздан бери келаткан, муундан-муунга өткөн бир жакшы салт бар. Калк тагдырына байланыштуу маанилүү маселелер боюнча ой-пикир алышып, ийри олтуруп, түз кеңешишип, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарышып келишкен. Байыркы ушул салтты аздектеп биз да кыргызстандыктарга, кадырман элибизге, улуу-кичүүгө кайрылууну туура көрдүк.

Ушул тапта өлкөбүз тарыхтын татаал сыноолорун баштан кечирип жаткан учуру. Жакында эле кыргыз элинин, анын мамлекеттүүлүгүнүн турмушундагы эң орчундуу окуя - республикабыздын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын белгиледик. Өткөн күндөргө кылчая карасак алар сыдыргыга тизгендей түз болбогону, өлкө тагдырына таасир көрсөткөн жана титиреткен окуялар, жүрөктү сыздаткан күндөр болгону баарыбыздын эсибизден али чыга элек. Бирок, биз коомдун өнүгүшүнө, андагы туруктуулукка залакасын тийгизген көрүнүштөргө карабастан элибиздин эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн сактап кала алдык. Байыртадан эркин жашоого умтулган, азаттыкты туу туткан элибиз эки жолу авторитардык жана кландык башкарууга өзүнүн кескин көз карашын, пикирин билдирип бийликти узурпациялоого умтулган башкаруучуларын кызматтарынан кууп түшүрүштү. Ушунун баары өлкөнү өнүгүүнүн демократиялык принциптерин одоно бузгандыктын, бурмалагандыктын, жалпы кызыкчылыктан жеке мүдөөнү өөдө койгондуктун кесепетинен болду.

Өткөн тарыхтын бул окуялары баарыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш. Көп улуттуу элибиздин ынтымагын, биримдигин жана абалдын туруктуулугун камсыз кылууга болгон астейдил аракеттерди баарыбыз колдошубуз керек. Бийлик үчүн күрөш, улуттар аралык араздашуу, жердешчилик же трайбалисттик жиктешүү жакшылыкты алып келбесин өз көзүбүз менен көрдүк жана жон терибиз менен сездик. Көпчүлүк саясий тирешүүлөргө тартылса, карапайым калк саясий топтордун мүдөөсү үчүн пайдаланылса коом жана улут үчүн бүлүк түшүргөн көрүнүштөр болорун өз башыбыздан өткөрдүк. Өлкөбүздөгү туруктуулукка аз-аздап жетишилген тынч абалга кооптуу жагдайлар азыр да жок эмес.

Кыргызстан эли өтө жооптуу саясий кампаниянын - президенттик шайлоонун алдында турат. Ага байланыштуу иштер ушул тапта улам кызый баштады. Ошондуктан биз ушул өлкөнүн, улуттун тагдырына таасир көрсөтөөр окуянын алдында Кыргызстан элине шайлоону мыйзам чегинде таза, адилет өткөрүү чакырыгы менен кайрылууну туура көрдүк. Ыплас шайлоолор, элдин добушун уурдоолор, эркин бурмалоолор бардык толкундоолордун себеби болуп келгендигин эстен чыгарбайлы.

Биринчиден, шайлоого катышкан талапкерлерди, саясий күчтөрдү акыл эстүүлүккө, мыйзамдуулукту бекем сактоого өз ара таймашууну өчөгүшкөн эрегишке айландырбоого, элибиздин биримдигине доо кетирбөөгө, шайлоонун шайтан оюндарына азгырылбоого чакырабыз.

Элибиз буга чейин ар кандай шайлоолорду баштарынан көп эле кечиришти. Алар, добуштар акчага, жердешчиликке, тааныштыкка сатылып келгендигин, ал коомубузга, элибизге бир да жакшылык алып келбегенин билишет. Эл андай шайлоодон биротоло жадашты. 2010-жылдын апрелиндеги элдик революция, эркиндик, чыныгы демократия үчүн күрөш мунун ачык-айкын далили. Муну бардыгы билип коюуга тийиш.

Экинчиден, калайык калкты саясий зиректүүлүктү көрсөтүүгө, өз укуктарын коргой билүүгө, ар кандай тил эмизген чакырыктарга, жеңил желпи убадаларга азгырылбоого чакырабыз. Өз тагдырыбыз өз колубузда экендигин, өлкөнүн эртеңки өнүгүшү өзүбүзгө, ар кимибизге байланыштуулугун, мамлекет тагдыры үчүн ар бирибиз жооптуу болорубузду сезе, туя билели.

Мыйзамсыз жасалып жаткан иштерге, аракеттерге көз жумуп, кош көңүл болбостон чечкиндүү каршы туралы. Ата-мекен алдындагы жарандык эркибизди, атуулдук парзыбызды ак дилден аткаралы. Ошондо гана коом тазарат, адилеттик орнойт.

Үчүнчүдөн, саясий партиялардын, күчтөрдүн жана топтордун көңүлүн коомдогу бүгүнкү абалга, эртеңки болор шайлоого алар да жооптуу экендигине бурабыз. Өз талапкерин сүрөөнү, бийлик үчүн умтулууну саясий күрөштүн курч майданына айландырбоого, элдин саясий бүйрүсүн мыйзамсыз кызытпоого, уруучулук, жердешчилик ураанын көтөрбөөгө үндөйбүз. Көпчүлүк эл саясий тирешүүлөргө азгырылса ар кандай алааматтуу окуяларга кабылаарын болуп өткөн трагедиялуу окуялар айтып турбайбы. Кандай гана күрөш, атаандаштык болбосун мамлекеттин бүтүндүүлүгү, элдин ынтымагы баарынан ыйык жана кымбат, аны көздүн карегиндей сактоого чакырабыз.

Урматтуу мекендештер!

Эгемендүүлүктүн 20 жылдык мааракесине оро-пара элибиздин көңүлүн толкундаткан эки кубанычтуу окуя болду. Борборубуз республиканын жүрөгү болгон Бишкек шаарынын башкы аянтында айкөл Манастын жана залкар жазуучу, даанышман ойчул Чынгыз Айтматовдун эстеликтери орнотулду. Алар элибиздин биримдигинин, эркиндигинин, эртеңки татыктуу жашоонун символу. Ошондуктан республиканын бүтүндүгү, тынч өнүгүшү, күч кубаттуу болушу үчүн баарыбыз чогуу аракеттенели. Кандай гана деңгээлдеги шайлоолор болбосун таза, ачык, адилет жана мыйзам чегинде өтүшүнө ар бирибиз күрөшөлү. Ошондо гана келечегибиз жарык, жолубуз түз болот.

Апас Жумагулов - Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Бексултан Жакиев – Кыргыз Республикасынан Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу,

Миталип Мамытов – Кыргыз респуликасынын Баатыры, академик,

Алтай Бөрүбаев – Мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик,

Накен Касиев – Мамлекеттик жана коомдук ишмер, профессор,

Абдыганы Эркебаев - Мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик,

Эргеш Төрөбаев – Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Владимир Нифадьев – академик,

Мухамеджан Мамасаидов - Мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик,

Абдухалим Раимжанов – академик.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×