Добавить статью
11:27, 15 сентября 2011 107942

Буудай талаалары чөп чабынды болуп калабы?

Эгерде айыл чарбасындагы абал ушундай багытта жана шартта кете берсе, Сузак районундагы Көк-Арт өрөөнүнүн буудай эгилген талааларынын 18 миң гектары чөп чабындыга айланып калат. Ал эми маркетинг системасынын жолго коюлбагандыгы дегеле айыл чарбаны бүтүндөй бүлгүнгө учуратат.

Бул тууралуу 14-ентябрда Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында областтагы дыйкандар менен Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук союзунун президенти Тилек Ашымовдун, «Райфайзен Кыргызстан» фондунун жетекчиси Карл Айшердин, «Элдом» консалтинг компаниясынын өкүлү Ильяс Сатаровдун жолугушуусунда айтылды.

Дыйкандар жеке менчикке берилген жерлер ойдогудай иштетилбей, эгин талааларында майда-майда тилкелер, арыктар көбөйүп, эгин талааларынын көркү кетип, куну учкан абалга келгенин, демек, менчик үлүшүнө берилген жер ээлеринде жерди туура пайдалануу дарамети бирдей эместигин, сууга, техникага, акча каражатына, үрөнгө, жер семирткичтерге муктаждык көйгөйү дыйкандардын, жеке чарбалардын, керек болсо, кооперативдердин да туруктуу көйгөйүнө айланып калганын, бул маселелерди чечүүдө, толук болбосо да кандайдыр бир денгээлде, жеке дыйкан чарбаларын кооперативдештирүү зарылдыгы турганын баса белгилеп кетишти.

Базар-Коргон жана Ноокен районунун дыйкандары өндүрүлгөн жашылча-жемиштердин, пахтанын түшүмүн сатып өткөрүүдө мээнет акталбай жатканын, шылуундар ортомчулук менен карапайым элдин эмгегин арзан сатып алып, маарып жатышканын, ошондой эле колдо болгон техникаларды эптеп иштете берели дешсе, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы болуп көрбөгөндөй кымбаттап кеткенин айтышты.

Дыйкандар андан сырткары да Кыргызстандын Бажы союзуна мүчө болуунун эртеси кандай болорун, эгерде бул союзга биздин республика мүчө болсо, буудай эккен дыйкандар атаандаштыкка такыр эле жөндөмсүз болуп калуу коркунучу турганына кабатырланышты.

Келген өкүлдөр айтылгандарга кошулушту. Бирок, Карл Айшер дыйкандардын баарына каражат менен жардам бере алышпастыгын, эл керектеп жаткан азык-түлүк продукцияларынын 70 пайызы импорттолуп жатканын, ошону үчүн көңүлдүн баары экспортко эмес, ички рынокту толтурууга да бөлүнүшү зарылдыгын айтты. Коопертивдерди уюштуруу зарылдыгын эске алып, ал Германияда өндүрүлгөн товарлардын 80 пайызы кооперативдер тарабынан өндүрүлөрүн, сатыларын билдирди. Ошондой эле ал өзү жетектеген фонд «Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, сатуу-сатып алуу жана сервисттик кооперативдерди өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырып жатканы, тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн карап, ылайыгы келсе кызматашууга болору тууралуу маалымат берди.

Тилек Ашымов катышуучуларды асанкайгыга салган Кыргызстандын бажы союзуна кирүүсү тууралуу суроолоруна жооп берсе, калган коноктор Улуттук союз, Райфайзен фондусу жана «Элдом» консалтинг компаниясы уюшула турган жана иштеп жаткан кооперативдерге кредит алуу, техника алуу, консультация берүү, бизнес-план жазуу жагынан жардам бере тургандыктарына токтолуп, ошондуктан эмнеге муктаждык болсо, аны оозэки эле айтып койбой, толук жана кенен маалыматтарды көрсөтүп, заявка иретинде аталган уюмдарга жөнөтүүнү сунушташты.

Дыйкандар болсо коммерциялык банктар тараптан берилип жаткан кредиттердин пайыздык үстөгү өтө жогору болуп жатканына байланыштуу, үстөгү алгылыктуу кредиттерди алып берүүгө көмөктөшүүнү, Европадан алынган техникалар өтө эле кымбат экенин, алардын жергиликтүү жер шартана ылайыктуу боло бербесин, ошондуктан арзан Кытай техникаларын алууга жардам берүүнү айтышты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-11-2012
Укук билген уттурбайт
83878

15-06-2012
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу канткенде өнүгөт?
81519

27-10-2011
Падыша жана жакыр бала.  Же президент балдардын колундагы балыктарды сатып алабы?
55302

10-10-2011
 Маданиятыбыздын деңгээли табияттын тагдырын чечеби?
145667

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×