Добавить статью
6:19, 26 сентября 2011 36267

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (2-бөлүм)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436 тапса болот

Уландысы

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

АДАМ УКУКТАРЫ ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИ

15 - берене

1.Кыргыз өлкөсүндө адамдын кадыр-баркы ыйык жана кол тийгис.

2.Адамдын негизги укуктары жана эркиндиктери ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Алар талашсыз, ажыратылгыс чындык катары таанылат жана кимдир бирөөлөрдүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголот.

3.Кыргыз өлкөсүндө мыйзам жана сот алдында баардык адамдар бирдей. Эч ким тек-жайы, жынысы, өңүнүн-түсү, улуту, тили, туткан дини, саясый жана диний көз караштары үчүн же болбосо жеке жана коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка шарттар жана жагдайлар боюнча ыдык көрүп, укугу жана эркиндиктери кысымга алынбайт.

4.Кыргыз өлкөсүндө адам укуктары менен эркиндиктери дайыма күчүндө болот. Алар мыйзамдардын маңызын, мазмунун жана колдонулушун аныктайт, мыйзам чыгаруучуларды, мамлекеттик ишти аткаруучуларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруучуларды милдеттендирет жана сот адилеттиги тарабынан камсыз кылынат.

5.Кыргыз өлкөсүндө адам укуктарына жана эркиндиктерине каршы келбеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат.

16 – берене

1.Кыргыз өлкөсүндө адамдын негизги укуктары менен эркиндиктери жалпы таанылган эл аралык укуктун жоболоруна жана чечимдерине, адам укугунун мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык таанылып, кепилдике алынат.

2.Кыргыз өлкөсүндө ар бир адам, эч ким ажырата алгыс жашоо укугуна ээ.Эч кимдин өмүрү жөн эле жерден кыйылышы мүмкүн эмес.

Ар бир адам өзүнүн өмүрүн жана ден-соолугун, башка адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна жат кол салуулардан коргоого укуктуу.

3.Ар бир адам эркиндике жана жеке өзүнө колтийгис укугуна ээ, ошондой эле соттун чечими болмоюнча кармалышы же камакка алынышы мүмкүн эмес жана ал мыйзам менен белгиленген негиздерде жана тартипте гана жүргүзүлөт.

Камакка алынган же болбосо кармалган ар бир адамга камакка алуунун же болбосо кармоонун жүйөлүү себептери жөнүндө, кечиктирилбестен билдирилүүгө, анын укуктары түшүндүрүүлүгө жана кармалган учурдан тартып жеке өзүн коргоого жана адвокаттын укуктук жардамын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш.

4.Ар бир адам кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда мамлекеттик уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-арекеттеринен улам келтирилген зыяндын ордун, мамлекет тарабынан толтуртуу укугуна ээ.

5.Ар бир адам кат алышуунун телефондук сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык жана башка кабарлашуулардын купуя (сыр жашыруу) болуу укугуна ээ.

Мындай укуктуу мыйзамга ылайык гана чектөөгө жол берилет.

6.Ар бир адам өзүнүн жеке турмушунун колтийбестигине,ар-намысынын жана кадыр-баркынын урматталышына жана корголушуна укуктуу.

Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адамдын макулдугу болмоюнча ал жөнүндө жашыруун маалыматты чогултууга, сактоого пайдаланууга жана таркатууга жол берилбейт. Ар бир адам мамлекеттик иш аткаруу уюмдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарында, мекемелерде жана уюмдарда, мамлекеттик же болбосо башкача мыйзам тарабынан корголгон, жашыруун сыр болбогон өзү жөнүндө маалыматтар менен таанышууга укуктуу.

Ар бир адам өзү жана өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө жалган маалыматтарды жокко чыгаруу укугу жана ар кандай маалыматты алып салууну талап кылуу укугу, ошондой эле жалган маалыматты чолултуудан, сактоодон жана таркатуудан келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу укугу жагынан соттук коргоого кепилдик алат.

7.Турак-жай кол тийгис.Турак-жайда жашагандардын эркине каршы эч кимдин ага

кирүүгө укугу жок.Турак-жайга кирип баруу, тинтүү жана андан чыгаруу иш-аракеттери сөзсүз түрдө соттун чечими менен гана аткарылат.

8.Ар бир адам Кыргыз өлкөсүнүн аймагынын чегинде эркин орун которуу, өзү каалаган жерге баруу жана өзү каалаган жерде жашоо укугуна ээ.

Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жараны, жарандык паспортту кайсыл гана жерден албасын жана ал паспортко катталбасын, Кыргыз өлкөсүнүн баардык аймактарында ошол каттоо менен жумушка орношууга укуктуу. Кыргыздардын Эркин өлкөсүндө адамды жарандык паспортко каттоо бир гана жолу жүргүзүлөт, андай каттоо адамга жарандык паспорт берилип жаткан жерде гана өткөрүлөт. Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн жарандарын өзү катталган аймагынан бөлөк, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жумушка албай коюуга, кармоого, камап коюуга же болбосо ошол бөлөк аймакта катталуусун талап кылууга, негизги мыйзам катуу тыюу салат. Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн жараны Кыргыз өлкөсүнүн чегинен тышкары жакка эркин чыгууга жана эч бир тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу.

9.Ар бир адам өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, ошондой эле бул ой-пикирлерди жана ынанымдарды тоскоолдуксуз айтууга укуктуу. өз ой-пикирлерин жана ынанымдарын билдирүүгө эч ким мажбурланууга тийиш эмес.Ар бир адам маалыматты эркин чогултууга,сактоого,пайдаланууга жана бул маалыматты оозеки, жазуу жүзүндө же болбосо башкача ыкма менен таркатууга укуктуу.Социалдык,

расалык,улуттук же болбосо диний көрө албастыкты жана кастыкты тутантуучу пропагандага же болбосо үгүткө жол берилбейт. Социалдык, расалык, улуттук,диний же болбосо тил жагынан артыкчылыкты пропагандалоого тыюу салынат.

10.Кыргыздардын Эркин өлкөсүндө цензурага катуу тыюу салынат.

11.Ар бир адамга дин тутууга, расымдарга, диний жана атеистик иштерге эркиндик кепилденет.Ар бир адам ар кандай динди эркин тутууга же болбосо эч бир динди тутпай коюуга, диний же болбосо атеисттик ынанымдарды тандоого, аларга ээ болууга же болбосо таркатууга укуктуу.

12.Ар бир адам өзүнүн улутун эркин аныктоого укуктуу. Эч ким өзүнүн улутун аныктоого же болбосо көрсөтүүгө мажбурланууга тийиш эмес. Адамдардын улуттук кадыр-баркын мазактоо мыйзам менен куугунтукталат.

13.Кыргыз өлкөсүнүн жарандары бирикме эркиндигине укуктуу. Жарандардын баардык бирикмелери мыйзам алдында тең. Эч ким жарандардын кандайдыр бир бирикмесине кирүүгө мажбурланышы же болбосо бирикмеге таандык болуу же болбосо таандык болбоо укугу жагынан чектелиши мүмкүн эмес.Жарандардын бирикмелерине аскерлештирилген бирикмелерди түзүүгө тыюу салынат. Жашыруун бирикмелерди түзүүгө жол берилбейт.

14.Кыргыз өлкөсүнүн жарандары мамлекеттик иш аткаруу кызматтарына же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарына күн мурунтан билдирүү менен тынч, куралсыз чогулууга жана чогулуштарды,митингтерди,жүрүштөрдү, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө укуктуу.

15.Баардык адамдар мамлекеттик иш аткаруу уюмдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарына жана кызмат адамдарына, жекече жана жамааттык кайрылууларды жөнөтүүгө укуктуу, алар өзүлөрүнүн кызматтык укуктарынын чегинде ушул кайрылууларды карап чыгууга жана мыйзамда белгиленген мөнөөттө жүйөлүү жооптуу берүүгө милдеттүү.

16.Ар бир адамга адабий, көркөм, илимий жана техникалык чыгармачылык эркиндиги, өзүнүн акылы менен жаралган (интелекттик) менчикти коргоого кепил берилет.

17.Ар бир адам өзүнүн менчигине, өзүнүн акылдык, чыгармачылык ишинин натыйжаларына ээлик кылууга, аларды пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу. Менчикти пайдалануу башка адамдардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу

таламдарына, коомдун таламдарына, жерге, курчап турган чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына зыян келтирүүгө тийиш эмес.

18.Ар бир адам экономикалык эркиндикке, мыйзамдуу тыюу салынбаган ар кандай иш-аракеттер үчүн жөндөмүн жана мүлкүн эркин пайдаланууга укуктуу.

19.Ар бир адам эмгектенүү эркиндигине, ошондой эле эмгектенүүгө өзүнүн жөндөмүн пайдаланууга, кесибин жана ишинин түрүн тандоого укуктуу.

20.Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясында бекемделген укуктар менен эркиндиктердин саны чектелбейт жана бул адамдан башка жалпы таанылган укуктары менен эркиндиктерин четке кагуу же болбосо маанисин кемитүү катары түшүнүүлүгө тийиш эмес.

21.Адам жана жарандын өзүнүн укуктарын,эркиндиктерин жүзөгө ашырылышы башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин бузбоого тийиш.

22.Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү, жек көрүүчүлүктү тутантуу, зомбулукту жана согушту пропагандалоо үчүн укуктар менен эркиндиктерди пайдаланууга тыюу салынат.

17 - берене

1.Кыргыз өлкөсүндө адам укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же болбосо маанисин төмөндөтүүчү мыйзамдар чыгарылууга тийиш эмес.

2.Башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук коопсуздукту жана тартипти, аймактык бүтүндүктү камсыз кылуу,конституциялык түзүлүштү коргоо максатында гана укуктун жана эркиндиктин чектелишине Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясы жана мыйзамдары менен жол берилет. Ошол эле учурда конституциялык укук менен эркиндиктин маңызына доо кетиши мүмкүн эмес.

18 – берене

1. Инсандын дене-боюнун, ар-намысынын кол тийбестигин чектөөгө жасалган кылмыш үчүн мыйзам негизинде жаза катарында сот өкүмү боюнча гана жол берилет.

Кыйноолорго, запкы көрсөтүүлөргө же болбосо адамкерчиликке сыйбаган мазактоочу жазалоолорго бир дагы киши дуушар болууга тийиш эмес.

2.Талапка ылайык жол менен билдирилген жана ырасталган ыктыярдуу макулдугу болмоюнча адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйба жасоого тыюу салынат.

3.Эч ким мыйзамга негизделбей камакка алынууга жана камап коюуга кириптер болушу мүмкүн эмес. Соттун өкүмү чыгарылганча чейин кылмыш үчүн жоопкерчиликти адамга таңуулоого багытталган ар кандай аракеттерге жол берилбейт.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35096

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32560

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34122

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39808

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25300

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41853

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33545

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38696

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38210

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36702

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×