Добавить статью
9:13, 28 сентября 2011 36890

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436, http://www.barakelde.org/comments/news:437, http://www.barakelde.org/comments/news:439 тапса болот

Уландысы

34 – берене

Кыргыз өлкөсүнүн жарандары ден-соолугунун корголушуна саламаттыкты сактоонун айылдык жана шаардык мекемелеринин тармагынан акысыз пайдаланууга укуктуу.

35 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн жарандары жашоосу жана саламаттыгы үчүн жагымдуу айлана- чөйрөдөн пайдаланууга жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү аракеттерден улам саламаттыгына же болбосо мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп алууга укуктуу.

2.Айлана - чөйрөгө, жаратылыш байлыктарына жана тарыхый эстеликтерге сарамжал мамиле жасоо – ар бир жарандын ыйык парзы.

36 – берене

1. Маданият, көркөм-өнөр, адабият, илим жана жалпыга маалымдоо каражаттары – эркин.

2.Мамлекет тарыхый эстеликтерди коргойт, адабият, көркөм-өнөр, илим, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана спорттун өнүгүшү үчүн зарыл шарттарды түзүп берет.

37 – берене

1.Жарандардын укугу менен эркиндигин толук, сөзсүз, токтоосуз коргоо, бул жагынан укук бузууларга жол бербөө жана бузулган абалды өз ордуна келтирүү – мамлекеттин, анын баардык уюмдары менен кызмат адамдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары менен кызмат адамдарынын милдети.

2.Кыргыз өлкөсү жарандардын Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясында жана мыйзамдарында бекитилген баардык укугу менен эркиндиги сот тарабынан корголушунун кепилдигин алат.

38 – берене

1.Мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмү менен күнөлүү деп табылмайынча жаран жасалган кылмыш үчүн күнөлүү деп эсептелинбейт.

2.Мамлекет ар кимдин жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна мыйзамсыз жана өз алдынча кийлигишүүдөн, анын ар-намысына жана беделине шек келтирүүдөн, эркин кат алышуусунун жана башка байланыш жабдуулары менен сүйлөшүүлөрдүн купуялыгын, бузуудан, коргоо кепилдигин алат.

3.Санкцияланган (соттун чечими менен) тинтүү же болбосо алып коюу, коомдук тартипти сактоо, кылмышкерлерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн коргоого багытталган учурлардын башка убакта эч ким бирөөнүн турак-жайына кирүүгө укуксуз.

39 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жаранына жетиштүү юридикалык жардам жана Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясы менен кепилденүүчү укуктарды жана эркиндиктерди коргоо камсыз кылынат. Мыйзамда каралган учурларда жардам акысыз көрсөтүлөт.

2.Кыргыз өлкөсүндө адамдын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин

сакталышына көзөмөл кылуу Кыргыз өлкөсүнүн Акыйкатчысына (Омбудсменине) жүктөлөт.

3.Кыргыз өлкөсүнүн Акыйкатчысын шайлоо тартиби анын ыйгарым укуктары жана аларды жүзөгө ашыруу тартиби мыйзам менен белгиленет.

40 – берене

Адамдын жана жарандын укуктарына, эркиндиктерине тиешелүү мыйзамдардын, башка ченемдик укук актылардын жарыяланышы аларды колдонуунун милдетүү шарты болуп саналат.

үЧүНЧү БАШ СөЗ

ЖЕРГИЛИКТүү ЭЛДИН (ЭЛДИК БИЙЛИКТИН) КЫЗМАТЫН АТКАРУУЧУЛАР

БИРИНЧИ БөЛүМ

АЙЫЛДЫК,ЧАКАН ШААРДЫК ЖАНА ШААР ИЧИНДЕГИ АЙМАКТЫК КУРУЛТАЙ

41 – Берене

1.Айылдык, чакан шаардык жана шаар ичиндеги аймактык Курултай, бул айыл-кыштактардын, чакан шаарлардын жана шаар аймактарынын жогорку даражадагы өкүлчүлүк жыйыны.

2.Айылдык, чакан шаардык жана шаар аймактык Курултай, Кыргыз өлкөсүнүн айыл-кыштактарында, чакан шаарчаларында жана шаар аймактарында жашаган элдин көйгөйлүү маселелеринин чечилишин, суроо-талаптарынын аткарылышын жана адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн таза элдик бийликтин жыйыны.

3.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай,Кыргыз өлкөсүнүн айыл,чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн саясатынын туура багытта жүрүшүн көзөмөлдөйт. Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык элдин кызматын аткаруучу уюмдардын биримдигин, ырааттуулугун жана макулдашып өз ара шайкеш аракеттенишин, алардын айыл- кыштактардын, чакан шаарчалардын жана шаар-аймактарынын элинин алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылат.

ЭКИНЧИ БөЛүМ

АЙЫЛДЫК, ЧАКАН ШААРДЫК ЖАНА ШААР-АЙМАКТЫК КУРУЛТАЙДЫ ШАЙЛОО

42 – берене

1.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын мүчөлөрү, беш жылдык мөөнөткө шайланат.

2.Бир эле адам шайлоочулар тарабынан татыктуу деп табылса, 5 (беш) жылдан 2 (эки) жолу айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын мүчөсү болуп шайлана алат.

3.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайга курагы 25 (жыйырма беш) жаштан ашкан, мамлекеттик тилди билген, айылдык, чакан шаардык жана шаар аймактык Курултайга талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин, ошол айыл-кыштакта, чакан шаарда жана шаар-аймагында кеминде 15 жыл жашаган Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн жараны шайлана алат.

4.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын мүчөлүгүнө, айылдык, шаар-аймактык,чакан шаардык жана ири шаардык өкмөттөрдүн,Кыргыз өкмөтүнүн, Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеңешинин жана ошондой эле соттордун, тартип коргоо уюмдарынын мүчөлөрү боло албайт.

43 – берене

1.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын курамы, айыл-кыштактардын,чакан шаарлардын жана шаар ичиндеги аймактардын жашоочуларынан куралат.

2.Айылдык Курултайдын мүчөлөрү, айыл өкмөттөрүнө караган ар-бир айыл-кыштактарда өткөрүлгөн жыйналыштарда, ошол айыл-кыштактардын шайлоого жарактуу делген, эң кеминде 20% катышкан жашоочулары тарабынан өзүлөрүнүн арасынан татыктуу деп табылган 10 (он) өкүлү, ачык добуш берүү менен (жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу) шайланат.

3.Чакан –шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын мүчөлөрү чакан-шаар жана ири шаар ичиндеги аймактардын ар ир чейректеринде жана кичине аймактарында өткөрүлгөн жыйналыштарда,ошол чейректердин жана кичине аймактардын шайлоого жарактуу делген, эң кеминде 15% катышкан жашоочулары тарабынан,өзүлөрүнүн арасынан татыктуу деп табылган, ар бир чейректерден 1 (бир) өкүлү, ар бир кичине аймактардан 5 (беш) өкүлү ачык добуш берүү менен (жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу) шайланат.

4.Айыл-кыштактарда, чакан шаарларда жана шаар ичиндеги аймактардын чейректеринде,кичине аймактарында болуп өткөн жыйналыштарда, 50% көп добуш алган талапкерлер,айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын мүчөлөрү деп табылат.

44 – берене

1.Айылдык, чакан шаардык жана шаар аймактык Курултайлардын эл өкүлдөрүн шайлоо, ар бир бешинчи (5) жылдын аягында ноябрь айынын акыркы жекшембисинде, айыл-кыштактардын,чакан шаарлардын жана шаар ичиндеги аймактардын чейректеринин,кичине аймактарынын жашоочуларынын жыйналыштары өтүп жаткан мезгилде өтөт.

2.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайлардын жыйындары ар бир жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде, 1 -10 чейин,ар бир айыл,чакан шаар жана шаар ичиндеги аймактык өкмөттөрдө өтөт.

3.Айыл-кыштактарда, чакан шаарларда жана шаар аймагынын ичиндеги чейректерде, кичине аймактарда өтө турган жыйналыштардын, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайлардын ишин уюштуруу жана имарат менен камсыз кылуу, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттөр тарабынан жүргүзүлөт.

4.Курултайдын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөнбөйт. Курултайдын жыйыны өтүп жаткан мезгилде гана Курултайдын мүчөлөрүнө ошол айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттөрдүн карамагында түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акынын деңгээлинде эмгек акы, жол, жатакана, тамак-аш чыгымдары айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттүн казынасынын эсебинен төлөнөт.

5.Айылдык, чакан- шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын жумуш иштеген

мүчөлөрү Курултайдын жыйыны өтүп жаткан убакытта, жумуштарынан бошотулушат

жана эмгек акылары сакталат.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35093

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32559

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34121

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39808

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25300

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41853

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33545

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38696

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38210

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36702

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×