Добавить статью
3:21, 29 сентября 2011 25014

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436, http://www.barakelde.org/comments/news:437, http://www.barakelde.org/comments/news:439, http://www.barakelde.org/comments/news:440 тапса болот

Уландысы

үЧүНЧү БөЛүМ

АЙЫЛДЫК,ЧАКАН ШААРДЫК ЖАНА ШААР-АЙМАКТЫК КУРУЛТАЙДЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ 45 – берене

1. Айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай:

1).Жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде өзүнүн чогулган жыйынында, айылдык, чакан шаардык жана шаар аймактык өкмөттүн, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык прокурордун жана соттун,аткарган иштери жөнүндөгү жыйынтыктоочу жообун угат. Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттүн сунуш кылган программасын жана түзгөн казынасын кабыл алат.

2).Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттүн, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык прокурордун жана соттун аткарган иштерин талкуулайт, сын-пикирлерин айтат, баалайт жана кеп-кеңешин берет.

2. Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттөн, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык казынанын ачык-айкын болуу талабын коет.

1).Айыл-кыштактарда, чакан шаарларда жана шаар-аймактарда иш алып

барган мекеме-ишканалардан, ишкерлерден,соода-түйүндөрүнөн жана

айыл-кыштактарда, чакан шаарларда, шаар-аймактарда жашаган элден салык

жана башка төлөмдөр түрүндө айылдык, чакан шаардык жана

шаар-аймактык казынага канча акча каражат түшөт.

2).Ал акча-каражаттар кайсыл тармактарга, канча сом жумшалат жана алар

кандайча сарпталат. Зарыл болгон учурда айылдык, чакан шаардык жана

шаар-аймактык Курултай комиссия түзүп казынаны текшерүү укугуна ээ.

3.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттө, прокуратурада жана сотто канча бөлүм бар, аларда канча адам иштейт? Эгерде алар көптүк кылса, аларды кыскартуу талабын коет

1).Жетекчи кызматтарда канча адам иштейт?Алардын кол алдындагы

кызматчылары канча адам?

2).Жетекчи кызматчылардын жана алардын кызматчыларынын бир айлык эмгек

акыларынын өлчөмү канча?

Жетекчи кызматчылардын бир айлык эмгек акыларынын өлчөмү айылда, чакан шаарда жана шаар-аймагында түзүлгөн орточо эмгек акылардан, бир жарым эседен ашпоого тийиш.

4. Айылдык, чакан шаардык, шаар-аймактык, өкмөттө, прокуратурада жана сотто канча тейлөө, байланыш, транспорт жана башка техникалык каражаттар бар.

Эгер алар көптүк кылса, аларды кыскартуу талабын коет.

1).Техникалык каражаттарды тейлеш үчүн канча акча-каражат сарпталат?

2).Техникалык каражаттарды тейлеген адамдардын саны канча?

3).Техникалык каражаттарды тейлеген адамдардын бир айлык эмгек акыларынын өлчөмү канча?

5.Айылдык, чакан шаардык, шаар-аймактык, өкмөттө, прокуратурада жана сотто кызмат кылган адамдардын байлыктары жана ал байлыктар кандай жолдор менен табылгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды ар бир жылдын аягында айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык маалымат каражаттары аркылуу, милдеттүү түрдө так жана ачык-айкын чыгарып туруу талабын коет. 46 – берене

1.Айылдык жана чакан шаардык Курултай,айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн башчысынын аткарган иштерин канаатандыраалык эмес деп тапса, анда айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн башчысын кызматтан бошотуу жөнүндөгү маселени, айыл жана чакан шаар элинин (шайлоочуларынын) алдына,жергиликтүү элдик добуш берүүгө (референдумга) алып чыгуу укугуна ээ.

1).Эгерде жергиликтүү элдик добуш берүүдө шайлоочулардын жарымынан

көбү катышып жана жарымынан көбү “ооба”, кызматтан алынсын деген добуш

беришсе,анда айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн башчылары кызмат ордун

бошотот, ошону менен кошо айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн калган мүчөлөрү

дагы толугу менен кызматтарынан кетишет.

2).Ал эми эгерде жергиликтүү элдик добуш берүүдө шайлоочулардын

жарымынан көбү катышпаса,же болбосо,”жок” кызмат ордуларында

калышсын деп добуш беришсе, анда айыл жана чакан шаар

өкмөтүнүн башчылары жана калган мүчөлөрү өз кызматтарында калышат.

2.Айылдык жана чакан шаардык Курултай айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнүн ишин канааттандырарлык эмес деп тапса,анда аларды кызматарынан бошотуу жөнүндөгү маселени, айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн башчыларынан талап кылууга укуктуу.

3.Айылдык жана чакан шаардык Курултай, айыл жана чакан шаар өкмөтүнүн башчыларынын же болбосо анын айрым мүчөлөрүнүн аткарган иштеринде мыйзам бузуулар болду деп тапса,анда ал маселени айылдык жана чакан шаардык соттун алдына алып чыгууга укуктуу.

4.Шаар-аймактык Курултай, шаар-аймактык өкмөттүн башчысынын же болбосо анын айрым мүчөлөрүнүн аткарган иштерин канаатандырарлык эмес деп тапса, анда шаар-аймактык өкмөттү толук курамы менен таркатуу же болбосо анын айрым мүчөлөрүн кызматтан бошотуу жөнүндөгү маселени шаар башчысынан талап кылууга укуктуу.

5.Шаар-аймактык Курултай, шаар-аймактык өкмөттүн башчысын же болбосо анын айрым мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштери боюнча маселени, шаар-аймактык соттун алдына алып чыгууга укуктуу.

6.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык прокурордун жана соттун иштерин канаатандырарлык эмес деп тапса, анда айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык прокурорду жана сотту кызматтан чететүү үчүн, ал маселени айылдын, чакан шаардын жана шаар-аймактын элинин алдында жергиликтүү элдик добуш берүүгө алып чыгуу укугуна ээ.

1).Эгерде жергиликтүү элдик добуш берүүдө, шайлоочулардын жарымынан

көбү катышып “ооба” кызматтан четтетилсин деп добуш беришсе,

анда прокурор жана сот кызматарынан чететилет.

2).Ал эми эгерде жергиликтүү элдик добуш берүүдө шайлоочулардын

жарымынан көбү катышпаса, же болбосо “жок” кызмат ордуларында

калышсын деп добуш беришсе, анда прокурор жана сот өз кызматтарында

калышат.

7.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай,прокурордун жана соттун мыйзамсыз иштери боюнча маселени Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку сотунун алдына алып чыгууга укуктуу.

8.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөт,прокуратура жана сот, айылдын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын элинин жана Курултайдын мыйзамдуу түрдө коюлган талаптарын аткарышбаса, анда айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай ал элдин кызматын аткаруучуларды кызматтан четтетүү демилгеси менен айыл-кыштактын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын элин көчө жүрүштөрүнө, чогулуштарга, иш таштоого алып чыгууга укуктуу.

9.Айыл-кыштактын, чакан шаардын жана шаар-аймактын ар бир жашоочусу, коомдук топтор, партиялар ушундай эле укуктарга ээ. Алар айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттү, прокурорду жана сотту кызматан четтетүү үчүн, жергиликтүү шайлоочулардын жалпысанынын 15% түзгөн кол чогултушуп, андан кийин гана жергиликтүү элдик добуш берүүгө, алып чыгууга укуктуу.

47 – берене

1.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай, айыл-кыштакта, чакан шаарда жана шаар-аймакта өзгөчө кырдаал мезгил түзүлсө чукул жыйналат.

2.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын ишине, айыл өкмөтүнүн, чакан шаардын жана шаар-аймагынын элинин басымдуу көпчүлүгү, өзүлөрүнүн нааразылыктарын билдиришсе, анда ал Курултай өзүнүн ишин токтотот.

3.Жаңы айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайды шайлоо иши мурунку Курултай өзүнүн ишин токтоткон күндөн тартып 15 (он беш) күндүн ичинде жүгүзүлөт.

ТөРТүНЧү БөЛүМ

АЙЫЛДЫК,ЧАКАН ШААРДЫК ЖАНА ШААР-АЙМАКТЫК өКМөТ

48 – берене

1.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык элдик бийликтин кызматын аткаруучулар болуп, айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөт саналат

2.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөт, айылда, чакан-шаарда жана шаар-аймактарында элдин өз алдынча башкаруу бийлигин алып баруучу уюм.

3.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөткө, айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү жетекчилик кылат. өкмөт өкүмдөн жана бөлүм башчыларынан турат.

1). Айылдык өкмөттүн түзүмү:

- айыл-чарба бөлүмү ( анын карамагын агрономия, ветеринария, зоотехника жана айыл-чарба механизациясы боюнча бөлүктөр түзөт ) ;

- архитектура, жол жана курулуш бөлүмү ;

- билим жана маданият бөлүмү ( анын карамагын бала бакчалар, мектептер, маданий имараттар, маданий жана тарыхий эстеликтер түзөт ) ;

- ишкерчилик, экономика, финансы жана салыктар боюнча бөлүм ;

- коммуналдык чарба бөлүмү ( анын карамагын энергетика, элди таза cуу, ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу, айыл ичин жашылдандыруу, тазалоо жана механизация бөлүктөрү түзөт ) ;

- өрт өчүрүү кызматы ; - милиция кызматы ;

саламаттыкты сактоо бөлүмү ( анын карамагын бейтапкана, оорукана, дарыкана жана тез жардам бөлүктөрү түзөт ) ; - спорт тармагы боюнча бөлүм ( анын карамагын спорттук жайлар түзөт ) ;

- элди социалдык жактан коргоо боюнча бөлүм .

2 ). Чакан шаардык жана шаар аймактык өкмөттүн түзүмү :

- архитектура, жол жана курулуш бөлүмү ;

- билим жана маданият бөлүмү ( анын карамагын бала бакчалар, мектептер, маданий имараттар, маданий жана тарыхий эстеликтер түзөт ) ;

- ишкерчилик, экономика, финансы салыктар боюнча бөлүм ;

- коммуналдык чарба бөлүмү ( анын карамагын энергетика, элди таза суу, ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу, шаар ичин жашылдандыруу, тазалоо жана механизация бөлүктөрү түзөт ) ;

- өрт өчүрүү кызматы ; - милиция кызматы ;

- саламаттыкты сактоо бөлүмү ( анын карамагын бейтапкана, оорукана, дарыкана жана тез жардам бөлүктөрү түзөт ) ; - спорт тармагы боюнча бөлүм (анын карамагын спорттук жайлар түзөт ) ;

- элди социалдык жактан коргоо боюнча бөлүм .

3).Айылдык жана чакан шаардык өкмөттүн түзүмүн жаңыдан шайланган

өкүм түзөт, бекитет жана кызматынан бошотот. Кызматка алуу сынак аркылуу

адистик жарамдуулугуна жараша гана жүргүзүлөт. Тууганчылыкка,

таанышчылыкка карап кызматка алууга жол берилбейт.

4).Шаар-аймактык өкмөтүнүн өкүмүн шаар башчы дайындайт.Шаар-аймактык

өкмөттүн түзүмүн, шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү, бекитет жана кызматынан

бошотот. Кызматка алуу сынак аркылуу адистик жарамдуулугуна жараша гана жүргүзүлөт.

Тууганчылыкка, таанышчылыкка карап кызматка алууга жол берилбейт.

4.Жаңыдан шайланган, дайындалган айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөтүнүн өкүмүнүн кызматка киришүүсү менен мурунку өкмөттүн ишинин токтошуна алып келет.

5.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн айрым мүчөлөрү, кызматтан кетүү жөнүндөгү өзүлөрүнүн өтүнүчүн берүүгө укуктуу., аны өкүм кабыл алат же четке кагат.

6.Айыл жана чакан шаардын өкмөтүнүн өкүмү өзүнүн калоосу менен кызматтан кетүүгө укуктуу.

7.Шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү кызматтан кетүү жөнүндөгү өз өтүнүчүн берүүгө укуктуу, аны шаар башчы кабыл алат же болбосо четке кагат.

8. 1). Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмүнүн кызматтан кетиши менен жана ар кандай себептерге байланыштуу өкүм өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда,анын милдетин убактылуу, жаңы айыл жана чакан шаар өкмөттүн өкүмү шайлангыча жана жаңы шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү дайындалгыча,ишкерчилик,экономика, финансы жана салык бөлүмүнүн башчысы аткарат

2). Ишкерчилик, экономика, финансы жана салык бөлүмүнүн башчысы өкүмдүн милдетин убактылуу ар кандай себептерге байланыштуу аткара албай калган учурда, айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмүнүн милдетин убактылуу, алфавит боюнча аты аталган бөлүмдүн, бөлүм башчылары аткарышат.

3). Жаңы айылдык жана чакан шаардык өкмөттүн өкүмүн шайлоо мурунку өкүмдүн кызматынан кеткен күндөн тартып, биринчи айдын акыркы жекшембисинде өткөрүлөт.

4). Жаңы өкүм өзүнүн кызматын жергиликтүү курултайдын ар бир үч айда өтчү жыйынында ант берген күндөн баштап аткара баштайт.

49 – берене

1.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмчүлүгүнө талапкер болуп, жашы 30 (отуз) толгон жана 65 (алтымыш беш) жаштан ашпаган мамлекеттик тилди билген, айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмчүлүгүнө талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин,ошол айылда,чакан шаарда жана шаар-аймагында кеминде 15(он беш) жыл жашаган Кыргыз өлкөсүнүн Жараны, 5 (беш) жылдан эки мөөнөткө гана шайлана жана дайындала алат.

2.Жаңы айыл, чакан шаар өкмөттүн өкүмүн шайлоо, мурунку өкүмдүн иш алып баруу мөөнөтү аяктаар күнгө 2 (эки) ай калганда жүргүзүлөт.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35096

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32560

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34122

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39808

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25300

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41853

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33545

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38696

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38210

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36702

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×