Добавить статью
4:54, 30 сентября 2011 38246

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436, http://www.barakelde.org/comments/news:437, http://www.barakelde.org/comments/news:439, http://www.barakelde.org/comments/news:440, http://www.barakelde.org/comments/news:442, http://www.barakelde.org/comments/news:443 тапса болот

Уландысы

53 – берене

1.Ири шаардык Курултай, бул ири шаарлардын Жогорку даражадагы өкүлчүлүк жыйыны.

2.Ири шаардык Курултай, Кыргыз өлкөсүнүн ири шаарларында жашаган элдин көйгөйлүү маселелеринин чечилишин, суроо-талаптарынын аткарылышын жана адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн таза элдик бийликтин жыйыны.

3.Ири шаардык Курултай, Кыргыз өлкөсүнүн ири шаардык өкмөттүн саясатын туура багытта жүрүшүн көзөмөлдөйт. Ири шаардык элдин кызматын аткаруучу уюмдардын биримдигин, ыраатуулугун жана макулдашып өз ара шайкеш аракеттенишин, алардын шаардын элинин алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылат.

АЛТЫНЧЫ БөЛүМ

ИРИ ШААРДЫК КУРУЛТАЙДЫ ШАЙЛОО

54 – берене

1.Ири шаардык Курултайдын мүчөлөрү 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланат.

2.Бир эле адам шайлоочулар тарабынан татыктуу деп табылса, 5 (беш) жылдан 2 (эки) жолу ири шаардык Курултайдын мүчөсү болуп шайлана алат.

3.Ири шаардык Курултайга курагы 25 (жыйырма беш) жаштан ашкан, мамлекеттик тилди билген, ири шаардык Курултайга талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин ошол шаарда эң кеминде 15 жыл жашаган Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн жараны шайлана алат.

4.Ири шаардык Курултайдын мүчөлүгүнө шаар-аймактык жана ири шаардык өкмөттүн, Кыргыз өкмөтүнүн,Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеңешинин жана ошондой эле соттордун, тартип коргоо уюмдарынын мүчөлөрү боло албайт.

55 – берене

1.Ири шаардык Курултайдын курамы ошол шаардын, шаар-аймактык Курултайдын мүчөлөрүнөн куралат.

2.Ири шаардык Курултайдын мүчөлөрү, ар бир бешинчи (5) жылдын аягында 1-декабрдан баштап 10-декабрга чейин шаар-аймактык Курултайдын 100% мүчөлөрү катышкан жыйындарда өзүлөрүнүн арасынан татыктуу деп табылган, 10 (он) өкүлү ачык добуш берүү менен (жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу) шайланат.

3.Шаар-аймактык Курултайдын болуп өткөн жыйындарында, 50% көп добуш алган талапкерлер, ири шаардык Курултайдын мүчөлөрү деп табылат

4.Ири шаардык Курултайлардын жыйындары, жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде 10(он)нан баштап 15(он беш) не чейин ири шаардык өкмөттөрдө өтөт.

56 – берене

1.Ири шаардык Курултайдын ишин уюштуруу, имарат менен камсыз кылуу, ири шаардык өкмөт тарабынан жүргүзүлөт.

2.Курултайдын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөнбөйт. Курултайдын жыйыны өтүп жаткан мезгилде гана Курултайдын мүчөлөрүнө ошол ири шаардык өкмөттүн карамагында түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акынын деңгээлинде эмгек акы, жол, жатакана, тамак-аш чыгымдары,ири шаардык өкмөттүн казынасынын эсебинен төлөнөт.

3.Ири шаардык Курултайдын жумуш иштеген мүчөлөрү, Курултайдын жыйыны өтүп жаткан убакытта, жумуштарынан бошотулушат жана эмгек акылары сакталат.

ЖЕТИНЧИ БөЛүМ

ИРИ ШААРДЫК КУРУЛТАЙДЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ

57 – берене

1.Ушул Конституциянын 45 жана 46-беренелеринде шаар-аймактык Курултайдын, шаар-аймактык өкмөткө карата болгон ыйгарым укуктарындай укуктарга, ири шаардык өкмөткө карата, ири шаардык Курултай дагы ээ.

2.Ушул Конституциянын 47 жана 51-беренелеринде шаар-аймактык Курултай таркатылган тартипте, ири шаардык Курултай дагы таркатылат.

3.Ири шаардык Курултайдын таркатылган мүчөлөрү, ошол замат шаар-аймактык Курултайдын мүчөлүгүнөн чыгарылат.

4.Шаар-аймактык Курултайдын курамынан чыгарылган мүчөлөрдүн ордуна, шаар-аймактын эли үч айдын ичинде, курултайдын жаңы мүчөлөрүн ушул Конституциянын 42-беренесине ылайык шайлап алышат.

СЕГИЗИНЧИ БөЛүМ

ИРИ ШААРДЫК өКМөТ

58 – берене

1.Ири шаарларда элдин кызматын аткаруучулар болуп, ири шаардык өкмөт жана ага караган шаар-аймактык өкмөттөр саналат

2.Ири шаардык өкмөт, ири шаарларда элдин өз алдынча башкаруу бийлигин алып баруучу уюм.

3.Ири шаардык өкмөткө, шаардык өкмөттүн башчысы жетекчилик кылат. 4.Ири шаардык өкмөт, шаар башчысынан жана анын секретариятынан, бухгалтериядан, архитектура, жол жана курулуш, шаар элин таза суу, ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу бөлүмдөрүнөн жана шаар-аймактык өкмөттөрдөн турат. 1).шаардык өкмөттүн түзүмүн жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмүн, жаңыдан

шайланган шаар башчы түзөт, бекитет, дайындайт жана кызматынан бошотот. Кызматка алуу сынак аркылуу адистик жарамдуулугуна жараша гана жүргүзүлөт. Тууганчылыкка, таанышчылыка карап кызматка алууга жол берилбейт.

2).Жаңыдан шайланган шаар башчынын кызматка киришүүсү менен,мурунку шаардык өкмөттүн ишинин токтошуна алып келет.

5.Шаардык өкмөттүн айрым мүчөлөрү,кызматтан кетүү жөнүндөгү өзүлөрүнүн өтүнүчүн берүүгө укуктуу, аны шаар башчы кабыл алат же болбосо четке кагат.

6.Ири шаардык өкмөттүн башчысы кызматтан өзүнүн калоосу менен кетүүгө укуктуу.

7. 1).Ири шаардык өкмөттүн башчысынын кызматтан кетиши менен жана аркандай себептер менен шаар башчы өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда, анын милдетин убактылуу жаңы шаар-башчы шайлангыча, ишкерчилик, экономика, финансы жана салык бөлүм башчысы аткарат.

2). Ишкерчилик, экономика, финансы жана салык бөлүмүнүн башчысы, шаар башчысынын милдетин убактылуу ар кандай себептерге байланыштуу аткара албай калган учурда, ири шаардык өкмөттүн өкүмүнүн милдетин убактылуу, алфавит боюнча аты аталган бөлүмдүн, бөлүм башчылары аткарышат.

3). Ири шаардык өкмөттүн жаңы шаар башчысын шайлоо мурунку шаар башчынын кызматынан кеткен күндөн тартып, экинчи айдын акыркы жекшембисинде өткөрүлөт.

4). Жаңы шаар башчы өзүнүн кызматын ири шаардык курултайдын ар бир үч айда өтчү жыйынында ант берген күндөн баштап аткара баштайт.

59 – берене

1.Ири шаардык өкмөттүн башчылыгына талапкер болуп курагы 30 (отуз) жашка толгон 0жана 65 (алтымыш беш) жаштан ашпаган, мамлекеттик тилди билген, шаар-башчылыкка талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин, ошол шаарда кеминде 15(он беш) жыл жашаган Кыргыз өлкөсүнүн жараны 5 жылдан эки мөөнөткө гана шайлана алат.

2.Жаңы шаар-башчыны шайлоо, мурунку шаар-башчынын иш алып баруу мөөнөтү аяктаар күнгө 2 (эки) ай калганда жүргүзүлөт.

60 – берене

1.Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн Конституциясына,мыйзамдарына ылайык, ири шаардык өкмөттүн башчысы, шаардык өкмөттүн негизги багыттарын аныктайт, анын ишин уюштурат жана анын иши үчүн жекече жоопкерчилик тартат.

2.Шаардык өкмөт, шаардын элинин алдында жана Курултайдын алдында жоопкерчиликте жана көзөмөлүндө болот жана аларга ар бир жылдын, ар бир үчүнчү айынын ичинде, ири шаардык Курултай жүрүп жаткан мезгилде, аткарган иштери жөнүндө өзүнүн жыйынтыктоочу жообун берет.

61 – берене

Ушул Конституциянын 52-беренесине ылайык, айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөткө тиешелүү укуктар жана милдеттер, ири шаардык өкмөткө дагы тиешелү

ТөРТүНЧү БАШ СөЗ

ЖАЛПЫ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БИЙЛИГИНИН КЫЗМАТЫН АТКАРУУЧУЛАР

БИРИНЧИ БөЛүМ

КЫРГЫЗ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ

62 – берене

1.Кыргыз Элдик Курултай – бул Кыргыздардын Эркин өлкөсүндөгү эң жогорку даражадагы өкүлчүлүк жыйыны.

2.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз Элинин көйгөйлүү маселелеринин чечилишин, суроо-талаптарынын аткарылышын жана адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн таза элдик бийликтин жыйыны.

3.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз өлкөсүнүн ички жана тышкы саясатынын туура багытта жүрүшүн көзөмөлдөйт.

Кыргыз өлкөсүнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча чара көрөт. Кыргыз элинин бийлигинин кызматын аткаруучу уюмдардын биримдигин, ырааттуулугун жана макулдашып өз ара шайкеш аракеттенишин, алардын Кыргыз элинин алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылат.

ЭКИНЧИ БөЛүМ

КЫРГЫЗ ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫ ШАЙЛОО

63 – берене

1.Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрү 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланат.

2.Бир эле адам, шайлоочулар тарабынан татыктуу деп табылса 5 (беш) жылдан 2 (эки) жолу Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөсү болуп шайлана алат.

3.Кыргыз Элдик Курултайга курагы 25 (жыйырма беш) жаштан ашкан, мамлекеттик тилди билген, Кыргыз Элдик Курултайга талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин, Кыргыз өлкөсүндө, эң кеминде 15(он беш) жыл жашаган Кыргыз өлкөсүнүн жараны шайлана алат.

4.Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлүгүнө, айыл, ири жана чакан шаар, шаар-аймактык өкмөттүн жана Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн, Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу кеңешинин жана ошондой эле соттордун, тартип коргоо уюмдарынын мүчөлөрү боло албайт.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35127

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32593

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34160

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39849

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25324

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41897

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33586

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38725

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36745

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25047

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×