Добавить статью
4:59, 30 сентября 2011 38696

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436, http://www.barakelde.org/comments/news:437, http://www.barakelde.org/comments/news:439, http://www.barakelde.org/comments/news:440, http://www.barakelde.org/comments/news:442, http://www.barakelde.org/comments/news:443, http://www.barakelde.org/comments/news:445 тапса болот

Уландысы

64-берене

1.Кыргыз Элдик Курултайдын курамы, ар бир айылдык, ири жана чакан шаардык Курултайлардын мүчөлөрүнөн куралат.

2.Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрү, ар бир бешинчи жылдын аягында өтө турган айылдык, ири жана чакан шаардык Курултайлардын 100% мүчөлөрү катышкан жыйындарда, өзүлөрүнүн арасынан татыктуу деп табылган 1(бир) өкүлү, ачык добуш берүү менен (жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу) шайланат.

3.Айылдык, ири жана чакан шаардык Курултайлардын болуп өткөн жыйындарында 50% көп добуш алган талапкерлер Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрү деп табылат.

4.Кыргыз Элдик Курултайдын жыйыны ар бир жылдын үчүнчү айынын ичинде 15нен

30на чейин Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүндө өтөт.

65 – берене

1.Кыргыз Элдик Курултайдын ишин уюштуруу, имарат менен камсыз кылуу Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.

2.Курултайдын жыйыны өтүп жаткан мезгилде гана Курултайдын мүчөлөрүнө ошол маалда Кыргыз өлкөсүндө түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акынын деңгээлинде эмгек акы, жол, жатакана, тамак-аш чыгымдары Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсебинен төлөнөт.

3.Кыргыз Элдик Курултайдын жумуш иштеген мүчөлөрү,жыйын өтүп жаткан мезгилде жумуштарынан бошотулушат жана эмгек акылары сакталат.

үЧүНЧү БөЛүМ

КЫРГЫЗ ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ

66 – берене

1.Кыргыз Элдик Курултай:

1).Жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде, өзүнүн чогулган жыйынында, Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеңешинин, Кыргыз өкмөтүнүн, Жогорку Соттун жана Башкы Прокурордун, аткарган иштери жөнүндөгү жыйынтыктоочу жообун угат. Кыргыз өкмөтүнүн сунуш кылган программасын жана түзгөн казынасын кабыл алат же болбосо четке кагат.

2).Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеңешинин, Кыргыз өкмөтүнүн Жогорку Соттун жана башкы Прокурордун аткарган иштерин талкуулайт, сын-пикирлерин айтат, баалайт жана кеп кеңешин берет.

2.Кыргыз өкмөтүнөн, Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын ачык-айкын болуусун талап кылат:

1).Айыл, ири жана чакан шаар өкмөттөрүнөн салык түрүндө, тоо-кен байлыктарынын өндүрүшүнөн, отун, суу, энергетика тармактарынан, Кыргыз элинин жерин чет өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга берилгенден, бажы төлөмдөрү түрүндө Кыргыз өлкөсүнүн казынасына канча акча-каражат түшөт.

2).Ал акча-каражаттар кайсыл тармактарга, канча сом жумшалат жана алар кандайча сарпталат. Зарыл болгон учурда Кыргыз Элдик Курултай комиссия түзүп казынаны текшерүү укугуна ээ.

3.Мыйзам чыгаруу Кеңешинде, Кыргыз өкмөтүндө, Жогорку Сотто жана Башкы Прокуратурада канча бөлүм бар, аларда канча адам иштейт? Эгерде алар көптүк кылса, аларды кыскартуу талабын коет:

1).Жетекчи кызматтарда канча адам иштейт? Алардын кол алдындагы кызматчылары канча?

2).Жетекчи кызматчылардын жана алардын кызматчыларынын эмгек акыларынын өлчөмү канча?

Кыргыз өлкөсүн жетектеген кызматчылардын бир айлык эмгек акыларынын өлчөмү, Кыргыз өлкөсүндөгү орточо эмгек акыдан эки эседен ашпоого тийиш.

4.Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеңешинде, Кыргыз өкмөтүндө, Жогорку Сотто жана Башкы Прокуратурада канча – тейлөө, байланыш, транспорт жана башка техникалык каражаттар бар?Эгерде алар көптүк кылса аларды кыскартуу талабын коет.

1).Техникалык каражаттарды тейлеш үчүн канча акча каражат сарпталат?

2).Техникалык каражаттарды тейлеген адамдардын саны канча?

3).Техникалык каражаттарды тейлеген адамдардын бир айлык эмгек акыларынын өлчөмү канча?

5.Мыйзам чыгаруу Кеңешинде, Кыргыз өкмөтүндө, Жогорку Сотто жана Башкы Прокуратурада кызмат кылган адамдардын байлыктары жана ал байлыктар кандай жолдор менен табылгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды, ар бир жылдын аягында,жалпы маалымат берүү каражаттары аркылуу милдетүү түрдө, так жана ачык-айкын чыгарып туруу талабын коет.

67 – берене

1.Кыргыз Элдик Курултай:

1).Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук Банкынын төрагасын шайлайт жана кызматынан бошотот. Улуттук Банктын курамынын жалпы санын түзөт жана аны бекитет. Жалпы саны көптүк кылган учурда аларды кыскартат.

2).Кыргыз өлкөсүнүн шайлоо жана референдум боюнча борбордук комисссиянын төрагасын шайлайт жана кызматынан бошотот. Шайлоо жана реферундум боюнча борбордук комиссиянын курамынын жалпы санын түзөт жана бекитет. Жалпы саны көптүк кылган учурда аларды кыскартат.

3).Кыргыз өлкөсүнүн Акыйкатчысын шайлайт жана кызматынан бошотот. Кыргыз өлкөсүнүн Акыйкат жамаатынын курамынын жалпы санын түзөт жана бекитет. Жалпы саны көптүк кылган учурда аларды кыскартат.

2.Жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде өзүнүн чогулган жыйынында, Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук Банкынын, Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиянын жана Акыйкатчы институтунун төрагаларынын аткарган иштери жөнүндөгү жыйынтыктоочу жообун угат.

3.Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук Банкынын, Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиянын жана Акыйкатчы институтунун аткарган иштерин талкуулайт, сын-пикирлерин айтат, баалайт жана кеп-кеңешин берет.

4.Алардын төрагаларынын жана кызматчыларынын байлыктары жана аларга тиешелүү финансылык каражаттары жөнүндө так жана ачык-айкын маалыматтарды, ар бир жылдын аягында жалпы маалымат берүү каражаттары аркылуу, милдетүү түрдө так жана ачык-айкын чыгарып туруу талабын коет.

5. Алардын иштерин текшерүү маалында мыйзам бузуулар аныкталса, ал иштерди сотко жөнөтөт.

68 – берене

1.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз өкмөтүнүн Башчысынын аткарган иштерин канаттандыраарлык эмес деп тапса, анда Кыргыз өкмөтүнүн Башчысын кызматтан бошотуу жөнүндөгү маселени Кыргыз Элинин (шайлоочулардын) алдына, жалпы элдик добуш берүүгө (референдумга) алып чыгуу укугуна ээ.

1).Эгерде жалпы элдик добуш берүүдө шайлоочулардын жарымынан көбү катышып жана жарымынан көбү “ооба” кызматынан алынсын деп добуш беришсе, анда Кыргыз өкмөтүнүн Башчысы кызмат ордун бошотот ошону менен катар Кыргыз өкмөтүнүн башка мүчөлөрү дагы толугу менен кызматтарынан кетишет.

2).Ал эми эгерде жалпы элдик добуш берүүдө шайлоочулардын жарымынан көбү катышпаса, же болбосо “жок”кызмат ордунда калсын деп добуш беришсе, анда Кыргыз өкмөтүнүн Башчысы жана анын калган мүчөлөрү өз кызмат ордуларында калышат.

2.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнүн ишин канаттандыраарлык эмес деп тапса, анда аларды кызматтарынан бошотуу жөнүндөгү маселени Кыргыз өкмөтүнүн Башчысынан талап кылууга укуктуу.

3.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз өкмөтүнүн Башчысынын же болбосо анын айрым мүчөлөрүнүн алып барган иштеринде мыйзам бузуулар болду деп тапса, анда ал маселени Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Сотунун алдына алып чыгууга укуктуу. Жогорку Сот ал ишти тез арада карап чыгууга милдетүү.

4.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Сотунун жана Башкы Прокурорунун иштерин канатандырарлык эмес деп тапса, анда Жогорку Сотту жана Башкы Прокурорду кызматтан четтетүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Элинин алдына жалпы элдик добуш берүүгө алып чыгууга укуктуу.

1).Эгерде жалпы элдик добуш берүүдө шайлоочулардын жарымынан көбү катышып “ооба” кызматарынан четnетилсин деп добуш беришсе,анда Жогорку Сот жана Башкы Прокурор кызматарынан четnетилет.

2).Ал эми, эгерде жалпы элдик добуш берүүдө шайлоочулардын жарымынан көбү катышпаса же болбосо “жок” кызмат ордуларында калышсын деп добуш беришсе, анда Жогорку Сот жана Башкы Прокурор өз кызмат ордуларында калышат.

5.Кыргыз Элдик Курултай, Башкы Прокурордун жана Жогорку Соттун мыйзамсыз иштери боюнча маселени карап чыгыш үчүн,эч кимге көз карандысыз сот ишин уюштурууга укуктуу.

6.Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеңеши, Кыргыз өкмөтү, Башкы Прокуратура жана Жогорку Сот, Кыргыз Элинин жана Кыргыз Элдик Курултайдын Мыйзамдуу түрдө коюулган талаптарын аткарышбаса, анда Кыргыз Элдик Курултай, ал элдин кызматын аткаруучуларды кызматтан четтетүү демилгеси менен жалпы Кыргыз Элин көчө жүрүштөрүнө, чогулуштарга, жыйналыштарга жана иш таштоого алып чыгуу укугуна ээ.

7.Кыргыздардын Эркин өлкөсүндө кандайдыр бир адамдар, саясый топтор жана партиялар тарабынан Кыргыздардын Элдик бийлигин тартып алуу же болбосо басып алуу коркунучу пайда болгондо Кыргыз Элдик Курултай Кыргыз элинин бийлигин сактап калуу максатында Кыргыз элин куралдуу көтөрүлүшкө алып чыгууга укуктуу.

8. Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жараны, коомдук топтор, партиялар Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеңешин, Кыргыз өкмөтүн, Жогорку Сотун жана Башкы Прокурорун кызматтан четтетүү сунушу менен Кыргыз Элдик Курултайга кайрылууга укуктуу.

Кыргыз Элдик Курултай ал сунушту жүйөөлүү деп тапса, аны жалпы элдик добуш берүүгө алып чыгат.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35093

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32559

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34121

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39808

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25300

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41853

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33544

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38210

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36701

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25013

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×