Добавить статью
3:55, 3 октября 2011 33574

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436, http://www.barakelde.org/comments/news:437, http://www.barakelde.org/comments/news:439, http://www.barakelde.org/comments/news:440, http://www.barakelde.org/comments/news:442, http://www.barakelde.org/comments/news:443, http://www.barakelde.org/comments/news:445, http://www.barakelde.org/comments/news:446 тапса болот

Уландысы

69 – берене

1.Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз өлкөсүндө өзгөчө кырдаал мезгил түзүлсө чукул жыйналат.

2.Кыргыз Элдик Курултайдын ишине, Кыргыз Элинин басымдуу көпчүлүгү, өзүлөрүнүн нааразылыктарын билдиришсе, анда Курултай өзүнүн ишин токтотот.

3.Кыргыз Элдик Курултайдын таркатылган мүчөлөрү ошол замат айылдык, ири жана чакан шаардык жана шаар- аймактык Курултайдын мүчөлүгүнөн чыгарылат.

4.Айылдын, шаар-аймактын, ири жана чакан шаардын эли үч айдын ичинде ушул Конституциянын 42,43,44-беренелерине ылайык Курултайдын жаңы мүчөлөрүн шайлап алышат.

ТөРТүНЧү БөЛүМ

КЫРГЫЗ өЛКөСүНүН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ КЕңЕШИ

70 – берене

Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:

Кыргыз өлкөсүнүн шайлоого жарактуу ар бир жаранына (элдик демилге);

Кыргыз Элдик Курултайга;

Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеңешинин мүчөлөрүнө;

Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнө;

БЕШИНЧИ БөЛүМ

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ КЕңЕШИНИН КУРАМЫ ЖАНА АНЫН өКүЛДөРүН ШАЙЛОО

71 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеңешинин курамы такай иштеген 8 (сегиз)

адамдан турат.Алардын 3 (үч) адамдан турган жардамчылары болот.

2.Мыйзам чыгаруу Кеңешинин мүчөлөрү жана алардын үчтөн жардамчылары, Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсебинен каржыланат.

3.Мыйзам чыгаруу Кеңешинин негизги милдети мыйзам чыгаруу иши болуп саналат.

72 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеңешинин мүчөлөрү 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланат.

2.Бир эле адам шайлоочулар тарабынан татыктуу деп табылса экинчи жолу дагы 5(беш) жылдык мөөнөткө шайлана алат.

3.Мыйзам чыгаруу Кеңешинин мүчөлүгүнө курагы 25 (жыйырма беш) жаштан ашкан,

мамлекеттик тилди билген, мыйзам чыгаруу Кеңешине талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында кеминде 15 (он беш) жыл жашаган Кыргыз өлкөсүнүн жараны шайлана алат.

4.Мыйзам чыгаруу Кеңешине, Кыргыз өлкөсүнүн 7 (жети) дубанынан бирден өкүл жана борбор шаардан 1 (бир) өкүл шайланат.

АЛТЫНЧЫ БөЛүМ

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ИШИ.

73 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн жараны мыйзам долбоорун айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайга сунуштайт.

2.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай, ал мыйзам долбоорун талдап

сынактан өткөрүп жарактуу деп тапса:

- айылдык, чакан шаардык Курултай ал мыйзам долбоорун Кыргыз Элдик Курултайга сунуштайт.

- шаар-аймактык Курултай ал мыйзам долбоорун ири шаардык Курултайга сунуштайт.

- ири шаардык Курултай ал мыйзам долбоорун талдап, сынактан өткөрүп жарактуу деп тапса Кыргыз Элдик Курултайга сунуштайт.

- Кыргыз Элдик Курултай ал мыйзам долбоорун жарактуу деп тапса аны аягына чейин иштеп чыгаруу максатында мыйзам чыгаруу Кеңешине киргизет.

- Мыйзам чыгаруу Кеңеши ал долбоорду аягына чейин иштеп чыгып, жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде, Кыргыз Элдик Курултайдын жыйыны өтүп жаткан мезгилде Кыргыз Элдик Курултайга сунуштайт.

- Кыргыз Элдик Курултай тарабынан ал мыйзам долбоору жактырылса, мыйзамды кабыл алат жана бекитет, же болбосо четке кагат.

3.Кыргыз Элдик Курултай өзүнүн мыйзам долбоорун аягына чейин иштеп чыгаруу максатында мыйзам чыгаруу Кеңешине киргизет

- мыйзам чыгаруу Кеңеши ал долбоорду аягына чейин иштеп чыгып, жылдын ар бир үчүнчү айынын ичинде Кыргыз Элдик Курултайга сунуштайт.

- Кыргыз Элдик Курултай тарабынан ал мыйзам долбоору жактырылса, мыйзамды кабыл алат жана бекитет, же болбосо четке кагат.

4.Кыргыз өкмөтү өзүнүн мыйзам долбоорун, мыйзам чыгаруу Кеңеши менен биргелешип иштеп чыгат жана Кыргыз Элдик Курултайга сунуштайт.

- Кыргыз Элдик Курултай ал мыйзамды кабыл алат жана бекитет,же болбосо четке кагат.

5.Мыйзам чыгаруу Кеңеши өзүнүн мыйзам долбоорлорун Кыргыз Элдик Курултайга сунуштайт.

- Кыргыз Элдик Курултай ал мыйзамды кабыл алат жана бекитет,же болбосо четке кагат.

6.Кыргыз Элдик Курултай тарабынан четке кагылган мыйзам долбоору бир жылда бир жолу гана сунушталат.

Экинчи жолу четке кагылган мыйзам долбоору Кыргыз Элдик Курултай тарабынан үчүнчү жолу такыр каралбайт.

74 – берене

1. Кыргыз Элдик Курултай кабыл алган жана бекиткен мыйзам 10 (он) күндүн ичинде жарыяланууга тийиш жана жарыяланган учурдан баштап 10 (он) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Мыйзам Кыргыз өлкөсүнүн баардык жактары тарабынан күчүнө кирген күндөн баштап милдеттүү түрдө аткарылып турууга тийиш.

75 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу Кеңеши 8 (сегиз) бөлүмдөн турат:

- айыл-чарба, токой жана суу тармагы боюнча бөлүм;

- саламаттыкты сактоо, спорт жана туризм тармагы боюнча бөлүм;

- илим, билим жана маданият тармагы боюнча бөлүм;

- ишкерчилик, экономика, финансы жана салыктар тармагы боюнча бөлүм;

- сот, прокуратура, милиция жана тышкы иштер тармагы боюнча бөлүм;

- коопсуздук, бажы кызматы жана куралдуу күчтөр тармагы боюнча бөлүм;

- энергетика, байланыш жана маалымат берүү тармагы боюнча бөлүм;

- өнөр-жай, тоо-кен байлыктары, транспорт жана курулуш тармагы боюнча бөлүм;

2.Мыйзам чыгаруу Кеңешинин ар бир бөлүмү өзүлөрүнүн тармактары боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат.

ЖЕТИНЧИ БөЛүМ

КЫРГЫЗ өЛКөСүНүН өКМөТү

76 – берене

1.Кыргыз өлкөсүндө жалпы Кыргыз Элинин бийлигинин кызматын аткаруучулар болуп, Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү саналат.

2.Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн ишине, Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчысы жетекчилик кылат. өкмөт, Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчысынан, 1-министрликтен, 7-департаменттен, 3-агенттиктин, 7-мамлекттик кызматтан жана алардын төрагаларынан турат.

1). Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн түзүмү:

- Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөр министрлиги;

- Кыргыз өлкөсүнүн элин социалдык жактан коргоо боюнча департаменти;

- Кыргыз өлкөсүнүн элинин саламаттыгын сактоо боюнча департаменти;

- Кыргыз өлкөсүнүн илим, элге билим берүү жана маданият тармагы боюнча департаменти;

- Кыргыз өлкөсүнүн тоо-кен байлыктары жана өнөр-жай тармагы боюнча департаменти;

- Кыргыз өлкөсүнүн айыл-чарба тармагы боюнча департаменти;

- Кыргыз өлуөсүнүн отун, cуу жана энергетика тармагы боюнча департаменти;

- Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер тармагы боюнча депртаменти;

- Кыргыз өлкөсүнүн ишкерчилик, экономика, финансы жана салыктар боюнча агенттиги;

- Кыргыз өлкөсүнүн спорт жана туризм боюнча агенттиги;

- Кыргыз өлкөсүнүн жол жана курулуш боюнча агенттиги;

- Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук коопсуздук кызматы;

- Кыргыз өлкөсүнүн ички иштер кызматы;

- Кыргыз өлкөсүнүн юстиция кызмты;

- Кыргыз өлкөсүнүн чукул кырдаал кызматы;

- Кыргыз өлкөсүнүн бажы кызматы;

- Кыргыз өлкөсүнүн монополияга каршы кызматы;

- Кыргыз өлкөсүнүн жаратылышты коргоо кызматы;

2). Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн түзүмүн жаңыдан шайланган өкмөт Башчы түзөт, бекитет жана кызматынан бошотот. Кызматка алуу сынак аркылуу, адистик жарамдуулугуна жараша гана жүргүзүлөт. Тууганчылыкка, таанышчылыкка карап кызматка алууга жол берилбейт.

3.Жаңы шайланган Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчысынын кызматка киришүүсү менен мурунку өкмөттүн ишинин токтошуна алып келет.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35117

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32585

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34150

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39841

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25317

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41885

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38715

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38239

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36735

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25037

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×