Добавить статью
12:17, 5 октября 2011 39843

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436, http://www.barakelde.org/comments/news:437, http://www.barakelde.org/comments/news:439, http://www.barakelde.org/comments/news:440, http://www.barakelde.org/comments/news:442, http://www.barakelde.org/comments/news:443, http://www.barakelde.org/comments/news:445, http://www.barakelde.org/comments/news:446, http://www.barakelde.org/comments/news:447, http://www.barakelde.org/comments/news:448, http://www.barakelde.org/comments/news:455 тапса болот

Уландысы

АЙЫЛ – ЧАРБА ТАРМАГЫ

90 – берене

1.Айыл-чарба тармагы мамлекеттик жана жеке менчик түрдө болот. Айыл-чарба продукциялары өндүрүүлүчү жерлер айыл өкмөттөрүнүн жана жеке менчик жер ээлөөчүлөрдүн карамагында болот.

2.Кыргыз өлкөсүнүн айыл-чарба департаментинин негизги иши болуп:

- жергиликтүү жана дүйнөлүк соода мейкиндигинде айыл-чарба продукцияларынын өндүрүмдүүлүгүн жана аларга болгон баалардын өзгөрүп турушун божомолдоо жана элге кабар берип туруу;

- дүйнөлүк айыл-чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн тажрыйбасын Кыргызстанга тартуу иши;

- айыл өкмөттүн айыл-чарба тармагындагы жетишпеген акча-каражатын толуктап берип туруу иши саналат.

ЖОЛ ЖАНА КУРУЛУШ ТАРМАГЫ

91 – берене

1.Жол жана курулуш жумуштары жеке менчик ишкана ээлери тарабынан аткарылат.

2.Жалпы мамлекеттик деңгээлдеги жол жана курулуш иштери, Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсебинен каржыланат.

3.Айыл жана шаар өкмөтүнүн карамагындагы жол жана курулуш иштери, айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөтүнүн казынасынын эсебинен каржыланат. Айыл, чакан шаар жана шаар аймак өкмөтү өзүнө тиешелүү жолдорду жана имараттарды тийиштүү деңгээлде кармап турууга милдеттүү.

4.Кыргыз өлкөсүнүн жол жана курулуш агентигинин негизги иши болуп:

- жалпы мамлекеттик деңгээлдеги жолдорду жана имараттарды тийиштүү деңгээлде кармап туруу, аларды оңдоп жана жаңылантып туруу иштери саналат.

КОММУНАЛДЫК ЧАРБА ТАРМАГЫ

92 – берене

1.Коммуналдык чарба тармагы толугу менен айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөтүнүн ээлигинде болот жана алар тарабынан тейленет.

2.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөт көчөлөрдү, имараттарды жана бак-дарак, өсүмдүктөрдү тийиштүү деңгээлде кармап турууга милдетүү.

3.Айыл-кыштактын жана шаарлардын жашоочулары коммуналдык төлөмдөрдү өз убагында төлөп турууга милдетүү.

ОТУН, СУУ ЖАНА ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫ

93 – берене

1. Суу тармагы мамлекеттин ээлигинде болот.

2. Нефть, газ, көмүр жана электроэнергияны өндүрүү, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө жеткирүү толугу менен мамлекеттин карамагында болот.

3. Кыргыз өлкөсүнүн отун, суу жана энергетика департаментинин негизги иши болуп:

- мамлекетте отун, суу жана энергетика тармагынын бирдиктүү иштешин жана жетиштүү деңгээлде болушун камсыз кылуу:

- нефть, газ жана көмүр кендеринин жаңы жерлерин аныктоо отун, суу жана энергетика тармагынын өндүрүшүнө дүйнөлүк акча-каражатты тартуу иши саналат.

ТОО – КЕН БАЙЛЫКТАРЫ ЖАНА өНөР – ЖАЙ ТАРМАГЫ

94 – берене

1. Тоо-кен байлыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана аны керектөөчүлөргө сатуу тармагы толугу менен мамлекеттин карамагында болот.

2. Тамак-аш жана жеңил өнөр-жай товарларын өндүрүү жана аны керектөөчүлөргө сатуу тармагы толугу менен жеке менчик түрдө болот.

3. Тоо-кен байлыктары жана өнөр-жай тармагы боюнча департаментинин негизги иши болуп:

- оор, жеңил жана тамак-аш өнөр-жай тармагын өнүктүрүү жана ал тармакка дүйнөлүк акча-каражатты тартуу иши саналат.

БАЙЛАНЫШ ТАРМАГЫ

95 – берене

1.Теле берүү жана радио угуу толкундарын бөлүштүрүүчү мекеме мамлекеттин ээлигинде болот.

2. Теле жана радио берүү тармагы толугу менен жеке менчик түрдө болот.

3. Телефон менен байланышуу тармагы мамлекеттик жана жеке менчик түрдө болот.

4. Жол жүрүү тармагы айылдык, шаардык (муниципалдык) жана жеке менчик түрдө болот.

ЧУКУЛ КЫРДААЛ КЫЗМАТЫ

96 – берене

Чукул кырдаал кызматы Кыргыз өкмөтүнүн карамагында болот жана ал тарабынан каржыланат.

ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОО КЫЗМАТЫ

97 – берене

1.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөтүнүн ээлигинде жайгашкан тоолор, токойлор, жаныбарлар, суулар жана көлдөр айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөтү тарабынан корголот жана каржыланат, жетишпеген акча-каражаттар Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсебинен толукталып турат.

2.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймак жаратылышты коргоо кызматынын жетекчисин, айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөтүнүн өкүмү дайындайт жана кызматынан бошотот.

3.Жалпы мамлекеттин ээлигиндеги тоолор, токойлор, жаныбарлар, суулар жана көлдөр Кыргыз өкмөтү тарабынан корголот жана каржыланат.

КЫРГЫЗ өЛКөСүНДөГү ИШМЕРДүүЛүК САЯСАТЫ

98 – берене

1.Кыргыз өлкөсүндө банкттар жеке менчик түрдө болот. Банктардын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү иши Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук Банкы тарабынан жүргүзүлөт.

2.Саясий партиялардын,өкмөттүк эмес уюмдардын,жарандык коомдордун, чет өлкөлүк уюмдардын жана чет өлкөлүк ишкерлердин ишмердүүлүгүнө уруксат берүү жана каттоо иши, Кыргыз өкмөтүнүн юстиция кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

3.Жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүнө уруксат берүү жана каттоо иши, айыл, чакан шаар жана шаар-аймак өкмөттөрү тарабынан жүргүзүлөт.

4.Ишмердүүлүккө уруксат берүү жана каттоо иши тоскоолсуз жана кыска мөөнөттүн ичинде өткөрүлүүсү тийиш.

5.Ишмердүүлүккө уруксат берүү кагаздарынын саны аз жана тоскоолсуз берилиши керек.

6.Ишмердүүлүктү текшерүүчү жана көзөмөл жүргүзүүчү мекеме, уюмдардын саны аз болуусу тийиш жана ар кандай шылтоолор менен кайра-кайра текшерүүгө жана басым жасоого катуу тыюу салынат.

7.Мекеме, ишкана жана уюмдардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө бир жылда бир жолу гана уруксат берилет.

8.Ишмердүүлүктүн натыйжасында ишкерлер тарабынан эмгекчилердин укуктары бузулган, финансылык тартип бузууларга жол берилген, салыктар өз убагында төлөнбөгөн, санитардык, техникалык жана өрт коопсуздугу сакталбаган учурларда гана ишкерлер айып жана сот жообуна тартылышат.

АДИСТИК БИРИКМЕЛЕР (ПРОФСОЮЗДАР)

99 – берене

Кыргыз өлкөсүндө адистик бирикмелер эркин жана мамлекеттен көз карандысыз

түрдө болот.

УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ

100 – берене

1.Улуттук коопсуздук кызматы түздөн-түз Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчысына баш ийет.

2.Кыргыз чек-ара аскерлери улуттук коопсуздук кызматынын карамагында болот.

3.Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисин Кыргыз өкмөтүнүн Башчысы дайындайт жана кызматынан бошотот.

4.Кыргыз чек-ара аскерлеринде кызмат өтөө, Кыргыз атуулунун өз калоосу боюнча жана

келишим мүнөздө болот.

5.Кыргыз мамлекети чек-ара аскерлеринин жоокерлерине кызмат өтөгөндүктөрү үчүн, татыктуу эмгек акы төлөп берип турууга милдеттүү.

6.Улуттук коопсуздук кызматынын саясатка кийлигишүүсүнө катуу тыюу салынат. Алар коопсуздук иштери менен гана алектениши тийиш.

ИЧКИ ИШТЕР КЫЗМАТЫ (МИЛИЦИЯ)

101 – берене

1.Кыргыз өлкөсүндө милиция кызматы айылдык,чакан шаардык,ири шаарларда шаар-аймактык жана Кыргыз өкмөтүнүн ички иштер кызматы түрүндө болот.

2.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык милиция кызматынын жетекчилерин, айыл,чакан шаар жана шаар-аймак өкмөтүнүн өкүмү дайындайт жана кызматынан бошотот.

3.Жергиликтүү милиция кызматы айыл, чакан шаар шаар-аймак өкмөтүнүн казынасынын эсебинен каржыланат, жетишпеген акча-каражаттар Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсебинен толукталып турат.

4.Кыргыз өкмөтүнүн ички иштер кызматынын карамагына атайын даярдалган бөлүктөр,милиция кызматын ичинен көзөмөл жүргүүзүүчү уюм, айыпкерлер жаза мөөнөтүн өтөөчү жайлар жана аларды кайтаруучу бөлүктөр кирет. Алар Кыргыз өлкөсүнүн Казынасынын эсебинен каржыланат.

5.Кылмыштуулукка каршы күрөштү Кыргыз өкмөтүнүн ички иштер кызматы айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык милиция кызматы менен тыгыз байланышта жүргүзөт.

6.Кыргыз мамлекети ички иштер кызматынын кызматчыларына кызмат өтөгөндүктөрү үчүн татыктуу эмгек акы төлөп берип турууга милдеттүү.

7.Ички иштер кызматынын саясатка кийлигишүүсүнө катуу тыюу салынат. Алар кылмыштуулукка каршы күрөш менен гана алектениши тийиш.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35120

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32587

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34153

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25318

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41886

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33576

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38716

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38240

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36738

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25039

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×