Добавить статью
3:26, 6 октября 2011 34122

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436, http://www.barakelde.org/comments/news:437, http://www.barakelde.org/comments/news:439, http://www.barakelde.org/comments/news:440, http://www.barakelde.org/comments/news:442, http://www.barakelde.org/comments/news:443, http://www.barakelde.org/comments/news:445, http://www.barakelde.org/comments/news:446, http://www.barakelde.org/comments/news:447, http://www.barakelde.org/comments/news:448, http://www.barakelde.org/comments/news:455, http://www.barakelde.org/comments/news:456 тапса болот

Уландысы

КЫРГЫЗ КУРАЛДУУ КүЧТөРү

102 – берене

1.Кыргыз куралдуу күчтөрү түздөн-түз Кыргыз өкмөтүнүн Башчысына баш ийет.

2.Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн жетекчисин Кыргыз өкмөтүнүн Башчысы дайындайт жана кызматынан бошотот.

3.Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн саны 15-20 миңдин тегерегинде болот.Кыргыз өлкөсүнүн экономикасынын абалы жакшырган сайын, Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн саны көбөйүп жана акыркы талапка жооп берген жаңы согуштук техникалар менен жабдылып турат.

4.Кыргыз куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө, кыргыз атуулунун өз калоосу менен жана келишим мүнөздө болот.

5.Кыргыз мамлекети, Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн жоокерлерине, кызмат өтөгөндүктөрү үчүн татыктуу эмгек акы төлөп берип турууга милдетүү.

6.Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн саясатка кийлигишүүсүнө катуу тыюу салынат.Алар мамлекетти коргоо иштери менен гана алектениши тийиш.

АДВОКАТТЫК ЖАНА НОТАРИАЛДЫК КЫЗМАТ

103 – берене

Кыргыз өлкөсүндө адвокаттык жана нотариалдык кызмат эркин жана мамлекеттен көз карандысыз түрдө болот.

ПРОКУРАТУРА

104 – берене

1.Кыргыз өлкөсүндө прокуратура кызматы айылдык, чакан шаардык, ири шаарларда, шаар-аймактык жана Кыргыз өлкөсүнүн Башкы прокуратура кызматы түрүндө болот.

2.Айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык прокурорлор ошол айылдын,чакан шаардын жана шаар-аймагынын жашоочулары тарабынан шайланат.

3.Жашы 35 (отуз беш) жаштан кем эмес жана 65 (алтымыш беш) жаштан ашпаган,

мамлекеттик тилди билген,укуктук жогорку билими бар жана укуктук кесиби боюнча 15 (он беш) жылдык тажрыйбасы бар, талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин ошол айыл-кыштакта, чакан шаарда жана шаар-аймагында кеминде 15 (он беш) жыл жашаган Кыргыз өлкөсүнүн жараны,жергиликтүү прокурор болуп 5 (беш) жылдан 2 (эки)

мөөнөткө гана шайлана алат.

4.Жергиликтүү прокуратура кызматы айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн казынасынын эсебинен каржыланат.

5.Жашы 35(отуз беш) жаштан кем эмес жана 65 (алтымыш беш) жаштан ашпаган мамлекеттик тилди билген, укуктук кесиби боюнча 15 (он беш) жылдык тажрыйбасы бар, талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин Кыргыз өлкөсүндө кеминде 15 (он беш) жыл жашаган Кыргыз өлкөсүнүн жараны, Кыргыз өлкөсүнүн Башкы прокурору болуп 5 (беш) жылдан 2 (эки) мөөнөткө гана шайлана алат.

6.Башкы прокуратура кызматы Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсебинен каржыланат.

105 – берене

Прокурорлор кызматынан өз калоосу менен ден-соолугуна байланыштуу, жасаган

кылмышы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айып өкүмүнүн негизинде,ошондой эле конституциялык мыйзамда каралган башка негиздер боюнча бошотулат.

106 - берене

1.Жергиликтүү прокурорлорго ишеним көрсөтпөө укугу айыл-кыштактын, чакан шаардын, шаар-аймагынын элине жана курултайларына тиешелүү.

2.Жергиликтүү прокуратура кызматы, жергиликтүү элдин жана курултайдын алдында жооп тартат.

3.Жергиликтүү прокурорду кызматынан шайлоо мөөнөтү бүткөнчө бошотуу иши ушул Конституциянын 46-беренесинин 6,7,8,9 жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.

107 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн Башкы прокуроруна ишеним көрсөтпөө укугу Кыргыз элине жана Кыргыз Элдик Курултайга тиешелүү.

2.Кыргыз өлкөсүнүн Башкы Прокурору, Кыргыз элинин жана Кыргыз Элдик Курултайдын алдында жооп берет.

3.Кыргыз өлкөсүнүн Башкы Прокурорун кызматынан шайлоо мөөнөтү бүткөнчө бошотуу иши ушул Конституциянын 69-беренесинин 4,5,6,8 жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.

108 – берене

Кыргыз өлкөсүнүн прокуратура кызматы мыйзам актыларынын так жана бирдей аткарылышына өз кызмат укугунун чегинде көзөмөл жүргүзөт. Прокуратура кызматы кылмыш-жаза куугунтугун жүргүзөт, мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте иштерди соттук териштирүүдө катышат.

КЫРГЫЗДАРДЫН ЭРКИН өЛКөСүНДөГү СОТТОР ЖАНА СОТ АДИЛЕТТИГИ

109 – берене

1.Кыргыздардын Эркин өлкөсүндө сот адилетигин сот гана ишке ашырат.Мыйзамда белгиленген тучурларда жана тартипте Кыргыз өлкөсүнүн жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.

2.Сот адилеттиги жарандык,кылмыш-жазалык,администрациялык жана сот ишин жүргүзүүнүн башка түрлөрү аркылуу жүзөгө ашырылат.

3.Кыргыз өлкөсүнүн сот тутуму, Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн Конституциясы жана мыйзамдары менен белгиленет жана жергиликтүү айылдык, чакан шаардык, шаар-аймактык соттордун ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Сотунан турат.

Конституциялык мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.өзгөчө сотторду түзүүгө тыюу салынат.

4.Соттордун ишин уюштуруу жана анын тартиби мыйзам менен аныкталат.

110– берене

1.Соттор көз карандысыз жана Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийет.

2.Сот кылмыш үстүнөн кармалгандан тышкаркы учурларда кармалууга же болбосо камакка алынууга, жеке өзү же болбосо анын буюмдары тинтилүүгө тийиш эмес.

3.Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Сотун кылмыш-жазалык жана ошондой эле сот тартибинде администрациялык жоопкерчиликке тартууга Кыргыз Элдик Курултайдын макулдугу менен гана уруксат берилет

4.Кыргыз өлкөсүнүн жергиликтүү сотун кылмыш-жазалык жана ошондой эле сот тартибинде администрациялык жоопкерчиликке тартууга жергиликтүү курултайдын макулдугу менен гана уруксат берилет.

5.Соттон белгилүү бир иш боюнча жооп сөз талап кылууга эч кимдин укугу жок.

111 – берене

1.Жашы 35(отуз беш) жаштан кем эмес жана 65(алтымыш беш)жаштан ашпаган мамлекеттик тилди билген,укуктук жогорку билими бар жана укуктук кесиби боюнча

15 (он беш) жылдык тажрыйбасы бар талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин, ошол айыл-кыштакта,чакан шаарда жана шаар-аймагында кеминде 15(он беш) жыл жашаган Кыргыз өлкөсүнүн жараны жергиликтүү сот болуп 5(беш) жылдан 2(эки) мөөнөткө

гана шайлана алат.

2.Жергиликтүү соттор ошол айыл-кыштактын,чакан шаардын жана шаар-аймагынын эли тарабынан шайланат.

3.Жергиликтүү сот кызматы айыл,чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн казынасынын эсебинен каржыланат.

4.Жашы 35(отуз беш) жаштан кем эмес жана 65(алтымыш беш) жаштан ашпаган,мамлекеттик тилди билген,укуктук жогорку билими бар жана укуктук кесиби боюнча 15(он беш) жылдык тажрыйбасы бар, талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейин Кыргыз өлкөсүндө кеминде 15 (он беш) жыл жашаган Кыргыз өлкөсүнүн жараны, Кыргыз өлкөсүнүн жогорку Соту болуп 5(беш) жылдан 2(эки) мөөнөткө гана шайлана алат.

5.Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Соту жалпы Кыргыз эли тарабынан шайланат.

6.Жогорку Сот кызматы Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсебинен каржыланат.

112 – берене

Соттор кызматынан өз калоосу менен, ден-соолугуна байланыштуу, жасаган кылмышы үчүн, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айып өкүмүнүн негизинде, ошондой эле конституциялык мыйзамда каралган башка негиздер боюнча бошотулат.

113 - берене

1.Жергиликтүү сотторго ишеним көрсөтпөө укугу ошол айыл-кыштактын,чакан шаардын,шаар-аймагынын элине жана курултайларына тиешелүү.

2.Жергиликтүү сот кызматы жергиликтүү элдин жана курултайдын алдында жооп тартат.

3.Жергиликтүү сотту кызматынын шайлоо мөөнөтү бүткөнчө бошотуу иши, ушул Конституциянын 46-беренесинин 6,7,8,9-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.

114 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Сотуна ишеним көрсөтпөө укугу, Кыргыз элине жана

Кыргыз Элдик Курултайга тиешелүү.

2.Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Сот кызматы, Кыргыз элинин жана Кыргыз Элдик Курултайдын алдында жооп тартат.

3.Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Сотун кызматынан шайлоо мөөнөтү бүткөнчө бошотуу иши, ушул Конститутциянын 69- беренесинин 4,5,6,7-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35093

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32559

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39808

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25300

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41853

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33545

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38696

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38210

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36702

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25013

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×