Добавить статью
11:09, 6 октября 2011 0

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436, http://www.barakelde.org/comments/news:437, http://www.barakelde.org/comments/news:439, http://www.barakelde.org/comments/news:440, http://www.barakelde.org/comments/news:442, http://www.barakelde.org/comments/news:443, http://www.barakelde.org/comments/news:445, http://www.barakelde.org/comments/news:446, http://www.barakelde.org/comments/news:447, http://www.barakelde.org/comments/news:448, http://www.barakelde.org/comments/news:455, http://www.barakelde.org/comments/news:456, http://www.barakelde.org/comments/news:457 тапса болот

Уландысы

115 – берене

1.Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн Жогорку Соту – Конституцияны коргоо, жарандык,

кылмыш-жаза жана администрациялык сот ишин жүргүзүү жагындагы, ошондой эле Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарында каралган башка иштер боюнча сот адилеттигинин жогорку уюму.

2.Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Сотунун түзүлүшү:

- Жогорку Соттон;

- эки орун басарынан;

- Конституцияны коргоо;

- жарандык;

- кылмыш-жаза;

- администрациялык;

- эсеп-кысап;

бөлүмдөрүнөн турат.

1).Бөлүмдөр – бөлүм башчыдан жана 4(төрт) кызматчыдан турат.

Эсеп-кысап бөлүмү – бөлүм башчыдан жана 2(эки)кызматчыдан турат.

2).Бөлүмдөр – өз сот ишин жүргүзүү багытындагы иштерди даярдайт.Жогорку Сот ал

иштер боюнча конституциялык мыйзамдарга ылайык өзүнүн чечимин чыгарат.

3.Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Соту – Жогорку Соттун кызматчыларын өзү

дайындайт жана кызматынан бошотот жана алардын аткарган иштери үчүн жеке өзү

жооп тартат.

4.Кыргыз өлкөсүнүн жаңы Жогорку Сотунун шайланышы менен,мурунку Жогорку Соттун жана анын курамынын толук бойдон кызматтан кетишине алып келет.

116 – берене

1.Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн Жогорку Соту:

1).мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз мамлекетинин Конституциясына карама-каршы келген учурда аларды конституцияга ылайык эмес деп табат.

2).Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясын ишке ашырууга, колдонууга жана аны чечмелөөгө байланыштуу талаш-тартыштарды чечет.

3).жергиликтүү сотторду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу ишин карайт

жана чечим чыгарат.

4).жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунун Кыргыз мамлекетинин Конституциясына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгарат.

5).саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын иш-аракеттеринин Кыргыз мамлекетинин Конституциясына ылайык келиши жөнүндөгү маселени чечет.

2.Жогорку Соттун чечими акыркы чечим болуп саналат жана ага карата доомат коюлбайт. Жогорку Сот тарабынан мыйзамдарды жана ушул беренеде белгиленген башка актыларды Конституцияга ылайык эмес деп табылышы, алардын Кыргыз мамлекетинин аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле Конституцияга ылайык эмес деп табылган актыга негизделген ченемдик актыларды жана башка актыларды жокко чыгарат, буга сот актылары кирбейт. Сот актыларын жокко чыгаруунун жана жокко чыгарууга байланыштуу маселелерди чечүүнүн мөөнөтү жана тартиби, мыйзамды же болбосо башка актыны Конституцияга ылайык келбейт деп табуунун ар бир учуру Кыргыз Элдик Курултайдын кабыл алган мыйзамдарына ылайык чечилет.

3.Жогорку Сот тарабынан Конституцияга тиешелүү маселелерди чечүүнүн ишин жүзөгө ашыруу тартиби мыйзам менен жөнгө салынат.

117 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Сотунда түзүлгөн сот инстанциялары мыйзамдар менен алардын кароосуна берилген иштерди карашат, ошондой эле белгиленген процесстик жол менен жергиликтүү сот инстанцияларынын сот актыларын кайра кароону ишке ашырат жана алар боюнча акыркы чечим чыгарат.

2.Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку соту сот процессинин катышуучуларынын даттануусу боюнча, жергиликтүү соттордун сот актыларын кайра кароо ишин жүргүзөт.Мыйзамда Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Сотунун жергиликтүү соттордун актыларын күчүндө калтыруу, аларды өзгөртүү же болбосо иш боюнча жаңы чечим кабыл алуу ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш. Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Соту кабыл алган актыларга даттанууга болбойт.

3.Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Соту, сот тажрыйбасынын маселелери боюнча төмөн турган

соттор үчүн милдеттүү түрдө жетекчиликке алынуучу түшүндүрмөлөрдү берет.

118 – берене

Мамлекет соттордун иштешин жана аларды каржылоо үчүн тийиштүү шарттарды

түзүп берет.Сотторду каржылоо жергиликтүү жана Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин мыйзамдарга ылайык толук жана көз карандысыз турмушка ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

119 – берене

1.Баардык соттордо иштер ачык каралат.Сот иштерин жабык жыйналыштарда кароого мыйзам тыюу салат.Соттун чечими элдин алдында ачык жарыяланат.

2.Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо кылмыш-жаза жана башка иштерди сотто сыртынан териштирүүгө жол берилбейт.

3.Сот иши тараптардын жүйөөлөшүүсүнүн жана тең укуктуулугунун негизинде жүргүзүлөт.

4.Сот актысын жокко чыгаруу, өзгөртүү же болбосо токтото туруу мыйзамда белгиленген тартипте сот тарабынан гана жүргүзүлүшүү мүмкүн.

5.Кылмыш-жаза иштери боюнча айыпталуучу өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлү экендигин жокко чыгарууга мүмкүн болбогон күмөн саноолор айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.

6.өзүнүн кылмыш жасагандыгын мойнуна алгандыгынын негизинде гана эч ким соттолушу мүмкүн эмес.

7.Кылмыш иши үчүн соттолгон ар бир адам мыйзамда белгиленген тартипте,өкүмдүн жогорку турган сот инстанциясында кайра каралышына укуктуу,ошондой эле ырайым кылууну же болбосо жазаны жеңилдетүүнү өтүүнүгө укуктуу.

8.Бир эле укук бузгандыгы үчүн эч ким эки жолу жоопкерчилике тартылууга тийиш эмес.

9.Кылмыш-жаза мыйзамын окшош окуялар боюнча колдонууга жол берилбейт.

10.Адамдын жоопкерчилигин белгиленген же оордоткон мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.Жасалган учурда укук бузуу катары таанылбаган аракеттер үчүн, эч ким жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес. Эгерде укук бузуу жасалгандан кийин ал үчүн жоопкерчилик жокко чыгарылса же болбосо жеңилдетилсе,анда жаңы мыйзам колдонулат.

11.Эч ким өзүнө жана өзүнүн жубайына мыйзам менен аныктала турган жакын туугандарына каршы күбө болууга милдеттүү эмес. Мыйзамда көрсөтмө берүү милдетинен бошотуулучу башка дагы учурлар белгилениши мүмкүн.

12.Кармалган, камакка алынган же болбосо кылмыш жасаган деп айыпталган ар бир адам, кармалган, камакка алынган же болбосо күнөө коюлган учурдан тартып коргоочунун (адвокаттын) жардамынан пайдаланууга укуктуу.

13.Кылмыштардан жана кызмат укугун кыянат пайдалануудан жабыр тарткандардын укуктары мыйзам тарабынан корголот. Мамлекет алардын сот адилеттигинен пайдалануусун жана келтирилген зыяндын ордун толтуруп алуусун камсыз кылат.

120 – берене

1.Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген актылары, баардык мамлекеттик уюмдар,чарба жүргүзүүчү тараптар (субьектилер), коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жарандар үчүн милдеттүү жана өлкөнүн бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

2.Сот актыларын аткарбоо, тийиштүү түрдө аткарбоо же болбосо аларды аткарууга жолтоо кылуу, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзам тарабынан белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

121 – берене

1.Сот, Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн Конституциясында каршы келген ченемдик укук актыларын колдонууга укуксуз.

2.Кайсы гана сот инстанцияларында болбосун сот ишин кароодо иштин чечимине байланыштуу мыйзамдардын ылайыктуулугу жөнүндө маселе пайда болсо, анда сот Жогорку Сотко суроо-талап жиберет.

122 – берене

1.Жаранга көпчүлүк алдында же болбосо башкача түрдө күнөө коюлбасын, ал сотто өзүнүн ар-намысын жана укугун коргоого акылуу, кандай гана жагдайда болбосун ушундай соттук коргоону алып салууга жол берилбейт.

2.Коргоо жагынан камсыз болуу - сот ишинин жүрүшүнүн ар бир баскычында адамдын бузулбас укугу болуп саналат.Жарандын каражаты жок болсо ага укуктук жардам жана коргоо мамлекеттин эсебинен камсыз кылынат.

3.Сот ишине катышуучулардын процесстик укуктары анын ичинде чечимдерге, өкүмгө жана башка сот актыларына карата даттануу укугу,ошондой эле алардын ишке ашыруу тартиби мыйзам менен аныкталат.

123 – берене

1.Кылмыш жаза жана администрациялык иштер боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт.

2.Мыйзамды бузуу жолу менен алынган далилдер жараксыз деп табылат, сотто ага таянууга жол берилбейт.

124– берене

Кыргыздардын Эркин өлкөсүндөгү баардык соттор үчүн сот адилеттигинин ушул Конституцияда көрсөтүлгөн принциптери, Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн мыйзамдары менен белгиленет.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35096

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34122

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39808

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25300

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41853

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33545

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38696

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38210

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36702

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25013

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×