Добавить статью
11:17, 6 октября 2011 35095

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436, http://www.barakelde.org/comments/news:437, http://www.barakelde.org/comments/news:439, http://www.barakelde.org/comments/news:440, http://www.barakelde.org/comments/news:442, http://www.barakelde.org/comments/news:443, http://www.barakelde.org/comments/news:445, http://www.barakelde.org/comments/news:446, http://www.barakelde.org/comments/news:447, http://www.barakelde.org/comments/news:448, http://www.barakelde.org/comments/news:455, http://www.barakelde.org/comments/news:456, http://www.barakelde.org/comments/news:457, http://www.barakelde.org/comments/news:458 тапса болот

Уландысы

ТОГУЗУНЧУ БөЛүМ

125 – берене

1.Кыргыздардын Эркин өлкөсүндө тартип жана укук коргоо уюмдары, Кыргыз куралдуу күчтөрү тарабынан, ар кандай тынч нааразылыктарын билдирүү үчүн көчө жүрүштөрүнө чыккан өз элине каршы, кандай гана курал болбосун колдонууга,

Кыргыздардын Эркин өлкөсү катуу тыюу салат.

2.Кыргыз элинин кызматын аткаруучулар тарабынан Кыргыз элине каршы курал колдонуу, бул өтө оор кылмыш болуп эсептелинет.

3.Кыргыздардын Эркин өлкөсүндө, Кыргыз элине каршы курал колдонууга буйрук бергендер жана ошол буйрукту аткаргандар , Кыргыз элинин алдында дагы, мыйзам боюнча дагы кылмыш жообуна тартылышат.

126 – берене

1.Кыргыздардын Эркин өлкөсүндө эбегейсиз көп пайдасы жок чыгымдарды алып келип жаткан транспорт каражаттары менен мамлекеттин эсебинен чектелүү тармактар гана каржыланат

1).айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык;

- өрт өчүрүү,коммуналдык чарба тармактары – оор салмактагы транспорт

каражаттары менен камсыздалат;

- оперативдүү милиция кызматы, жеңил жана орто салмактагы транспорт

каражаттары менен камсыздалат;

- ооруканалардын тез жардам кызматы - жеңил жана орто салмактагы

транспорт каражаттары менен камсыздалат;

2.Кыргыз өлкөсүнүн:

- ички иштер кызматынын атайын даярдалган бөлүктөрү,жаза мөөнөтүн өтүүчү жайлары жана аны кайтаруучу бөлүктөрү – орто жана оор салмактагы транспорт каражаттары менен камсыздалат;

- улуттук коопсуздук кызматы жана чек-ара аскерлери – орто жана оор салмактагы транспорт каражаттары менен камсыздалат;

- куралдуу күчтөр – орто жана оор салмактагы транспорт каражаттары менен камсыздалат;

- өкмөт Башчысы – жеңил транспорт каражаты менен камсыздалат;

- Кыргыз өкмөтүнүн калган тармактары курьердик кызматтар үчүн жеңил

жана орто салмактагы транспорт каражаттары менен камсыздалат;

3.Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн калган мамлекеттик жетекчи жана катардагы кызматчылары транспорт каражаттарын жеке өзүлөрүнүн эсебинен камсыздашат.

127 – берене

1.Кыргыздардын Эркин өлкөсүндө:

- айыл, ири жана чакан шаар өкмөт башчыларын;

- Кыргыз өкмөт Башчысын;

- мыйзам чыгаруу Кеңешинин мүчөлөрүн;

- жергиликтүү прокурорлорду жана сотторду;

- Башкы Прокурор жана Жогорку Сотту;

шайлоо бир эле мезгилде жана бир эле күндө октябрь айынын соңку жекшембисинде өткөрүлөт.

2.Шайлоо Кыргыз эли тарабынан жалпы,тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү аркылуу жүргүзүлөт.

3.Кыргыз өлкөсүнүн:

- айыл,ири жана чакан шаар өкмөт башчыларын;

- Кыргыз өкмөт Башчысын;

- мыйзам чыгаруу Кеңешинин мүчөлөрүн;

- жергиликтүү прокурорлорду жана сотторду;

- Башкы Прокурор жана Жогорку Сотту,

мөөнөтүнөн мурда шайлоо,алардын иш алып баруу укугу мөөнөтүнөн мурда токтоо учуруна 3(үч) ай аяктаар алдындагы соңку жекшемби күнү өткөрүлөт.

128 – берене

1. Кыргыз өлкөсүнүн жалпы эл тарабынан шайланган элдин кызматчылары өзүлөрүнүн кызматтарына киришип жатып төмөнкүдөй ант беришет.

“Мен ,..., Кыргыз өлкөсүнүн;

айылдык-

- курултайынын, өкмөт өкүмүнүн, сотунун, прокурорунун;

шаар-аймактык –

- курултайынын, өкмөт өкүмүнүн, сотунун, прокурорунун;

чакан шаардык –

курултайынын, өкмөт өкүмүнүн, сотунун, прокурорунун;

ири шаар –

- курултайынын, өкмөт башчысынын;

- Кыргыз Элдик Курултайынын;

- Кыргыз өкмөт Башчысынын;

- Мыйзам чыгаруу Кеңешинин;

- Жогорку Сотунун;

- Башкы Прокурорунун;

- Улуттук Банктын төрагалыгынын;

- Шайлоо жана референдум боюнча комиссиянын төрагалыгынын;

- Акыйкатчысынын кызматына киришип жатып –

- Конституцияны жана мыйзамдарды, адилеттикти, чындыкты жана калыстыкты, теңдикти чын ниетим менен ыйык тутууга жана сактоого;

- Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын жан аябай коргоого;

- Кыргыз өлкөсүнүн баардык жарандарынын эркиндиги менен укуктарын урматтоого жана камсыз кылууга;

- Кыргыз өлкөсүндө бюрократияга, паракорчулукка, кыргыз элинин жерин, кен байлыктарын, акча-каражатын жана мүлкүн уурдап, талап-тоногондорго каршы аеосуз күрөшөм деп, - Кыргыз Элимдин жана Ата журтумдун алдында ант беремин.

Эгерде мен Кыргыз Элимдин алдында айткан сөздөрүмдү аткарбасам жана кабыл алган антымдан тайсам мага каршы Кыргыз Элим кандай гана жаза колдонбосун мен ошол жазаны кыңк этпестен аткарууга милдеттүүмүн”.

2. Ант берген учурдан баштап жогоруда аты аталган элдин кызматын аткаруучулар расмий түрдө өзүлөрүнүн иштерин аткара башташат.

3. Элдин кызматын аткаруучулар Кыргыз Элинин алдындагы өзүлөрүнүн милдеттерин аткарып жаткан мезгилде жаңы шайлоо башталганга чейин саясый партиялардагы жана уюмдардагы өзүлөрүнүн иштерин токтотуп турушат.

129-берене

1. Жергиликтүү курултайдын мүчөлөрүнүн ант берүү аземи алардын биринчи жыйыны өтүп жаткан мезгилде өтөт. 2. Жергиликтүү өкмөт башчыларынын, соттордун жана прокурорлордун ант берүү аземи жергиликтүү курултайлардын жыйыны жылдын аягында декабрдын 1-нен, 10-на чейин өтүп жаткан мезгилде өтөт.

3. Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрүнүн ант берүү аземи алардын биринчи жыйыны өтүп жаткан мезгилде өтөт. 4. Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт Башчысынын, Мыйзам чыгаруу Кеңешинин мүчөлөрүнүн, Жогорку Сотунун жана Башкы прокурорунун ант берүү аземи, Кыргыз Элдик Курултайдын жыйыны жылдын аягында декабрдын 15-нен 30-на чейин өтүп жаткан мезгилде өтөт. 5. Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук Банкынын төрагасынын, шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын, Акыйкатчысынын ант берүү аземи, аларды Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрү шайлаган мезгилде өтөт.

130 – берене

Кыргыздардын Эркин өлкөсүндө мамлекеттик ар кандай деңгээлдеги Кыргыз элинин кызматын аткаруучулар расмий иш-аракеттерде, жыйындарда, чогулуштарда бири-бирине расмий түрдө – мырза деп кайрылуулары тийиш.

ОНУНЧУ БөЛүМ

КЫРГЫЗДАРДЫН ЭРКИН өЛКөСүНүН КОНСТИТУЦИЯСЫНА

өЗГөРТүү ЖАНА ТОЛКТООЛОРДУ КИРГИЗүү ЖөНүНДө

131-берене. Кыргыздардын Эркин өлкөсүндө ушул Конституциянын долбоору Кыргыз элинин көпчүлүгү тарабынан талкууланган жана жактырылып кабыл алынгандан кийин, ушундай басылышында өзгөртүлбөстөн жана толукталбастан түбөлүк колдонулат.

Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн Конституциясынын долбоорун түзгөн:

Нарынбаев Бакыт Асанбекович

2005-жыл сентябрь. 2011-жыл 17-март.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32559

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34122

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39808

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25300

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41853

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33545

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38696

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38210

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36702

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25013

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×