Добавить статью
5:36, 20 октября 2011 49867

Айыл өкмөтү: тажрыйба алмашуунун натыйжалуу жолу –  жеринен барып таанышуу

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айыл өкмөттөрүнүн 29 өкүлү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тажрыйбасын жеринен барып жакындан таанышуу менен тажрыйба алмашуу максатында аталган айыл өкмөткө иш сапары менен барышат.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн адистери тажрыйба алмашуунун катышуучуларына муниципалдык менчикти башкаруу, маалыматка жеткиликтүүлүк жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жаатындагы ийгиликтери менен кесиптештери менен ой-пикир бөлүшөт. Тажрыйба алмашуунун мындай ыкмасы башка айыл өкмөттөрүнүн иш-аракеттери менен тааанышып, бирок ошол эле учурда өз айыл өкмөттөрүндөгү өз иш-аракеттерине баа беришип, сунуш-пикир айтышып , айыл өкмөттөгү оң тажрыйбасы жеринен таанышуу менен бирге, муниципалитеттер арасында өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

2011-жылдын 20-октябрында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын(ЖӨБ) окутуу иш сапары уюштурулат. Бул иш-чара «Ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу жаңжалдарды алдын алуу максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин күчөтүү» долбоорунун алкагында Европанын коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) каржылоосунда Өнүктүрүү саясат институту тарабынан өткөрүлөт.

Сапардын катышуучулары Көк-Жар айыл өкмөтүндө өткөрүлүп жаткан анык иш-чараларга күбө болуп, муниципалдык менчикти башкаруу (ММБ) чөйрөсүндөгү жергиликтүү ченемдик иш кагаздары; муниципалдык менчик (ММ) объектилерин инвентарлаштыруу кандайча жүргүзүлгөндүгү; муниципалдык менчик объектилеринин реестри кантип түзүлүп, ал анадан кийин кандай жол менен элге маалымдала тургандыгы; ММ объектилеринин укуктарын каттоо кандай абалда экендиги; жергиликтүү бюджеттин кирешесин кандайча көбөйтүү керек экендиги; «Бүркүт» маалымат базасы кандай иштей тургандыгы жана башкалар тууралуу маалымат ала тургандыгы күтүлүүдө.

Мындан тышкары, катышуучулар айыл башкаруусунун колдоосунда түзүлгөн бир катар жергиликтүү объекттерге барышат.

Ошону менен катар эле, муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу жаатындагы өз тажрыйбалары менен иш-сапар алкагында Төбө-Коргон, Майдан жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнөн келген өкүлдөр өз тажрыйбалары менен ой бөлүшөт.

Тажрыйба алмашуу иш сапары Өнүктүрүү саясат институтунун адистери тарабынан уюштурулууда. Аталган институттун адистеринин пикири боюнча, тажрыйба алмашуу иш сапары, жер-жерлерге барып, жакындан таанышуусу артыкчылыктуу болуп саналат деп белгилешет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-11-2011
Тогуз коргоол улуттук оюну тегерегиндеги көйгөйлөр
40118

22-07-2011
«Ысык-Көл» – Орто Азиянын бермети же туризм аймагындагы экологиялык абал тууралуу
67180

10-06-2011
Мамлекеттик тил мамлекеттик кызмат жаатында канткенде өнүгөт?
55242

05-05-2011
Укук сенин жашооңдо
62266

04-05-2011
ВИЧ/СПИД көйгөйү тууралуу
59649

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×