Добавить статью
11:32, 26 октября 2011 25391

Кыргызстан - «Митингстан»

Кыргызстан акыркы мезгилдерде дүйнө коомчулугун таң калтырып, көп нерселерден, айрыкча саясий  маселелерге байланышкан окуялар боюнча рекорддорду коюп келет. Буга мисал катары айта кетсем, gрезидент болом дегендердин саны 80ден ашса, калкынын саны беш миллион болуп туруп, саясий партияларынын  саны 157 түздү. Килейген АКШ, Великобритания, Россия, Япония сыяктуу чоң мамлекеттерде да Кыргызстандагыдай партиялардын саны көп эмес. Чын-чынына келгенде кеп партиялардын санында эмес, сапатында болуп жатпайбы.Саны көп, сапаты жок партиялардын азабын Кыргыз мамлекети келечекте боло турган шайлоолордо көрөөрүн белгилегим келет. Анткени саясий идеялардын көз карашынын негизинде эмес, жеке бир лидердин айланасына гана биригип топтолгон партиялар,  келечекте боло турган парламенттик шайлоолордо ар кандай митингдерди уюштурушуп, элдин аң-сезимин манипуляция кылышып, саясий стабилдүүлүктү бузушу толук мүмкүн. Ошондуктан азыркы саясий партиялар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убакыт келди. Антпесе саны бар сапаты жок саясий партиялар, протесттик митинг жолдору менен ансыз да кыйын кырдаалга кептелген Кыргызстанды кыйчалыш абалга түртө бермекчи. Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасын кризиске  батырышкан, коррупциянын өнүгүшүнө, гүлдөшүнө жол ачышкан, Кыргызстандын азыркы саясий жана экономикалык туңгуюк абалына кептелишине шарт түзүшкөн, автократия-клептократия режимдеринин качкын президенттери А.Акаев менен К.Бакиев өзүлөрүнөн кийин Кыргызстанды Кыргызстан эмес эле «митингстан» өлкөсүнө айлантып кеткени бүгүнкү күндүн тарыхый чындыгына айланып отурат. Анткени ушул эки президенттин митинг вирусунун Кыргызстанда жайылышына эбегейсиз ролу чоң.

Митингдердин күч алышын, УМКК төрагасы К.Дүйшебаевдин маалыматты тактап турат. Ал кишинин берген маалыматты боюнча 2011-жылдын 9 айында эле 1500 ар кандай митингдер жана нааразычылык акциялар болуп өткөн. Мына ушундай митингдер жана нааразычылык акциялар коомчулукта кадимки эле көрүнүштөй, нормадай кабыл алынып, а түгүл митинг уюштурууну бизнеске айланткандар да пайда болду.

Эң өкүнүчтүүсү Кыргыз Республикасынын демократиялык-укуктук мамлекетти курабыз, мыйзамдуулуктун негиздерин туу тутабыз деген принциптери жерге тебеленүүдө. Бийликтин алсыздыгынан пайдаланышып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген маселелерде да, айрым саясий күчтөр, сүрмө топторду митиндерге чыгарышып, жолдорду тосо коюшуп мыйзамсыз максаттарына жетүүдө.

       Албетте, эгемен жылдар аралыгында бийликтин аракетсиз жамандыгынан мамлекетибизде саясий, маданий, социалдык, экономикалык ж.б. чечилбеген ар түркүн маселелер, толгон токой-проблемалар көбөйдү.

       Ошол проблемаларды чечүү жолунун бир аракети катары бүгүнкү күндө көпчүлүк күчтөр митинг жолун эң ыңгайлуу деп таап отурушат. Мурдунан алысты көрө албаган алсыз бийлик, сүрмө топтордун ультиматумдарынын алдында байкуш болуп, мыйзамдуулукту экинчи орунга коюп, алардын талаптарын аткарып жатышканы «митингдер» прецедентин жаратуу менен бирге өнүктүрүүгө шарт түзүп келет. Эгерде мындай жол менен, тагыраак айтканда «элдин аң-сезимине жалаң митинг жолу менен гана өз максаттарыңарга жете аласыңар» деген жол менен кете бере турган болсок, анда  Кыргыз улутунун, мамлекетинин келечеги З.Бзежинский болжогон элүү жыл аралыгына жетпей эле жок болушу толук мүмкүн. Кыргызстанга келген мындай ооруну же болбосо митингдер прецедентинин күч алышына тоскоол болуунун бир жолу адилет мыйзамдуулукту туу тутуу. Демократияны, укуктук мамлекетти куруу жолу мыйзамдуулукту сактоо менен башталат. Мыйзамсыз талаптар менен болчу митингдер Кыргызстанды ар тараптан өнүгүүсүнө шарт болуп бере албайт. Ушул нерсени өз Мекенин сүйөм деген ар бир кыргызстандык түшүнгөндө гана Мекенибизде тынчтык орноп, ийгиликтерди жаратууга болот, жана Кыргызстан «Митингстан» эмес, Кыргызстан жаратмандардын өлкөсүнө айланат. Бул үчүн мамлекеттик бийлик мыйзамсыз митингдердин алдын алып, эл бузарларды, провокатор-чагымчыларды мыйзам чегинде жазалоосу шарт. Бирок ушул нерсеге азыркы бийликтегилердин эрки жетеби, кеп ушунда?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×