Добавить статью
8:33, 27 октября 2011 55276

Падыша жана жакыр бала.  Же президент балдардын колундагы балыктарды сатып алабы?

Кайсы бир сайттан Ирандын Фарид ад-Дин Аттар аттуу улуу суфи акыны жазып кеткен мындай бир уламышты (притча) окуп калдым эле.

Махмуд падыша жортуулда жүрүп, өзүнүн колунан (аскеринен) күлүк аты менен озуп өтүп бара жатып, капысынан дарыя жээгинде балык тутууга тор салып отурган баланы көрүп калат. Бала өтө эле жүдөгөн көрүнөт. Падыша дароо атынын тизгинин тартып, ыргып түшүп, балага чуркап барып, эмнеге капалуусун балакай? Сенден өткөн байкушту мен буга чейин көрө элек элем,- дейт.

Бала Улуу урматтуум, биз жети бир тууганбыз. Атабыз өтүп кеткен, биз апакем болуп абдан эле жакыр жашайбыз. Курсакты тойгузуу үчүн мен күнсайын ушул дарыяга келип, балык тутууга тор саламын. Эгерде бир күн кечке кезерип отуруп, бир да балык тута албасам, анда менин ошол түнү ачка калганым, - деп жооп узатат.

Балакайым, каршы болбосоң балыкты мен тутуп берейинби,- деп падыша баладан уруксат сурайт. Бала макул болот. Махмуд падыша торду сууга салып, толтура балык алып, падыша колу менен балага сунуп, жарды баланын сообуна калган экен.

Эми, бул – тээ өткөн замандын бизге уланып отуруп жеткен уламышы.

Анда, бүгүнкү күндүн уламышы кандай болушу мүмкүн?- деген ой пайда болот.

Мындай деп көрөлүчү: президент карага чүмбөттөлгөн джип машинасы менен кетип бара жатып, жол боюндагы талааларда мээнетке байланган, кабыргасы ката элек балакайларыбызды көрүп калып, машинадан ыргып түшүп, алардын жанына чуркап барып, колундагы кетмендерин ала коюп, кыйла жардам берип, ал аз келгенсип, мындан ары талаага чыкпагыла! Силердин биринчи кезектеги милдетиңер, бул- билим алуу!- деп, алардын билим алуу шартын эң жогорку денгээлде түзүп берет экен.

Билим деле алып жатышпайбы, - десек, анда, мындай: президент жан-жөкөрлөрү менен шапар тээп, сайрандап жүрүп келе жатып, бир жерге келгенде жол катар балык сатып отурган жаш балдарды көрүп калат. Машинаны токтот!- деп, айдоочуга буйрук берет. Машина токтоору менен «Байке, байке бул балык жакшы, жаңы эле тутуп келдим, аябай семиз, караңызчы, ушуну эле алыңызчы»,- деп бири-биринен өтүп, жабалактаган балдар аны ороп калышат.

Ал балдардын башынан сылап, беттеринен сүйүп, амандашып, ал-ахыбалдарын, балыкты кайдан тутуп келишээрин, тапкан акчаны эмнеге жумшаарын сурайт.

Президенттин күтүлбөгөн жерден машинадан түшкөнүн көрүп, жанындагы жасакерлери айласыздан, ыкшоо тартып, ныксырап, орундарынан араң козголушуп, анын балдардын колундагы балыктарды сатып алып жатканына таң кала, ичтеринен жактыра беришпей, «Улуу урматтуу президент, бул балыктарды сатып алып эмне кыласыз? Биз сизге мындан да укмуш балыктарды тартуулайбыз»,- дешип, айрымдары болсо үмүт менен курчап калган балдарга ороңдоп, турбагыла бул жерде! Көзүбүзгө көрүнбөй кеткиле ары! - деп түркөйлөнүшүп, президентке жагынгысы келип, кошоматтанышат. Президент «токтоткула сөзүңөрдү, ачкыла көзүңөрдү, андан көрө, чөнтөгүңөрдө канча акча болсо, ошонун баарына бул балдардын колундагы балыктарды сатып алгыла! -деп, кескин буйрук берип, өзү дагы сатып алып, жанындагыларды да сатып алдыртып, балдарды машиналар менен үй-үйлөрүнө жеткирип, «таң калтыра» кубандырат экен.

Балдардын ошол күнү бактылары ачылып, берешендик менен кеменгерликтин шарапатынан алынган акчаларга үйүндөгүлөрдүн курсактарын бир кенен тойгузуп, жетишпеген окуу куралдарын сатып алып, жакшы окуп калышат.

Ошол сапардан кийин президент элди тез-тез аралап, кыдырып, көйгөйлөрдү өз көзү менен көрүп, аларды жоюу аракетин катуу көзөмөлгө алып турат экен.

Эми, бул - бүгүнкү күндүн уламышы ушул сыяктуу болсо болобу, - деген, ойдон чыгарылган эле нерсе.

Ошентсе да, уламышка айланып, чындап эле, иш жүзүндө оожалып кала турган нерселер оомат оой турган эртенки президенттин оюна да келип, колунан да келип, орундалаар бекен,- деген да сөз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-11-2012
Укук билген уттурбайт
83831

15-06-2012
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу канткенде өнүгөт?
81470

10-10-2011
 Маданиятыбыздын деңгээли табияттын тагдырын чечеби?
145614

15-09-2011
Буудай талаалары чөп чабынды болуп калабы?
107878

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×