Добавить статью
10:26, 28 октября 2011 28701

Кыргыз Республикасы - учурдагы кырдаал

Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет болуп көз карандысыздык алганына туура 20 болду. Бирок, өлкөбүздө саясий, экономикалык жана коомдук курч көйгөйлөрдүн чечилиши мындай турсун, алардын тизмеги аныкталып ачыкталбагандыгы, ашкере талкууга алынбагандыгы өзүнчө купуя сыр болуп келет. Бул сырдын мазмуну жөнөкөй, бирок тамыры терең - мамлекеттик бюрократия курч көйгөйлөрдү ачык талкууга чыгарууга жана аларды чечүүгө кызыкдар эмес. Анткени орчундуу көйгөйлөрдүн көлөкөсүндө мамлекеттик кызматчылардын кызыкчылыгын көздөгөн, калыптанган, коррупциялык машина жашынып, иштеп турат.

Эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүндө кокустуктан улам бийликке келип калган жана жалаң эски коммунисттик системанын өкүлдөрүнөн куралган кыргыз бюрократиясы, элден чоңдордун пайдасына “кара акча” топтоого ылайыкташкан, өтө күчтүү коррупциялык системаны түптөдү. Мисалы – мамалекеттик автоинспекция, улам жаңылап айдоочулардын күбөлүгүн берүү, машиналарга дайыма жаңы мамлекеттик номер беруүү, улам өзгөртүп жаңы паспорт сатуу, кишилерди каттоо эрежелеринин советтик системасы (прописка), үй-мүлктү каттоодогу чыгырыктар, мамлекеттик тендерлерди өткөрүү, медициналык тез жардам, мусор жыйноочу, аскерий машиналарды, троллейбустарды, айыл чарба техникаларын сатып алууну тизгиндөө жолдору жана башка системалар. Мындан сырткары коррупциянын кызарган очоктору белгилүү – Мамлекеттик кадрлар кызматы, Антимонополиялык агенттик, министрликтердин, агенсттиктердин алдында түзүлгөн ар кандай “өнүктүрүү” фонддору, Президенттин алдындагы Иш башкармалыгы, Административдик имараттарды башкаруу дирекциясы, дагы толгон токой чиновниктер ойлоп тапкан арамза бийлик булактары.

Алгачкы күндөрдөн баштап эле бизнес мамлекеттик бийлик менен эриш-аркак болуп аралашып, баш кошуп кетти. Мамлекеттик мүлктөрдү жең ичинен “менчиктештирүү”, чындап келгенде чиновниктердин ортосунда өз-ара бөлүштүрүү, өлкөнү базарлаштыруу. Эсиңиздерде болсо базарларга кириш үчүн да акча төлөш керек болчу. Жөнөкөй справка алыш үчүн бланкасын сатып акча топтоону уюштурушту – өмүрүндө акча көрбөгөн, назары ач коммунисттердин күнү тууду. Өткөөл мезгилде, элдин эси ооп турган кезде, кой деген кожо жок болуп, коммунисттер билген кылыгын кыла башташты – тууган уругун, жек-жаатарын, досторун бийлик бутактарына, жаңы жапайы бизнеске тарта башташты. Жаңы мамлекеттик чиновник-олигархтар классы пайда болду. Белгилүү даражага жеткенде бул системаны сакташ үчүн диктатуралык режимге өтүү керектиги айкын болду. Президентке кошумча укуктар керек болуп калды...

Легендарлуу парламент кабыл алган 1993 жылкы Конститтуцияны кайрадан бычып чыгыш керек болду. Сасый оюндардын баары тең ошол күндөн башталды да алигече токтой элек. Жаңы олигархтар менен элдин ортосундагы ажырымдан келип чыккан карама-каршылыктардын күрөшү уланууда, социалдык чыңалуу күч алууда. Эки революция тең коомдогу мындай көйгөйлөрдүн чечилишине алып келген жок. Биринчи тизмедеги жетекчилердин аттары гана өзгөрдү. Мамлекеттик бийлик толугу менен, парламент толугу менен олигархтардын карамагына өттү. Жат кишилерге, карапайым элдин өкүлдөрунө, интеллигенцияга, өсүп келе жаткан таза, билимдүү жаңы муунга бийлик эшиктери толук жабылды. Ак үйдүн айланасы темир тор менен курчалды. Ак үй, Көк үйлөр жалаң жаңы бюрократиянын жек-жаатары, достору тараптан “менчиктелип” алынды.

Менимче учурдагы кырдаалдын түпкү тамыры, тарыхы, маани-маңызы ушундай. Мындай абалга макул эмес болгон карапайым эл толкуганга ыктап турат. Эми бюрократтар эл толкунун башкаруу ыкмаларын да ойлоп табышты – ОБОН (отряд баб особого назначения), шайлоо сезондорунда акчага иштеп калайын деген профессионал жалданма уюштуруучулар, жалданма ушакчы массалык маалымат каражаттары. Мындай баш-аламандыктан башы айланган элдин да пейли бузула баштады. Үмүтү үзүлгөн эл да кой терисин жамынган карышкырларды ээрчий баштады. Буга кошумча бузукулар элди да улуту боюнча, региондор боюнча бөлүп жарып башташты. Мындай оюндардын күч алып турушуна бүгүн баарыбыз күбөбүз. Өзүбүз да бул оюндарга кантип аралашып кеткенибизди билбей калып жатабыз.

Мындай системаны сындырыш, тамырын кыркыш керек экендигин жүрөгүбуз туйганы менен, эмне кылыш керектигин билбей турабыз. Люстрация деп жатабыз, сотторду тазалоо деп жатабыз, изденип келе жатабыз, бирок дары-дабасын таба элекпиз. Коррупциялык ылаң коомду толук багындырып алган.

Шайлоого карата жүргүзүлүп келген үгүт иштеринин мазмуну азыртадан эле айрым жыйынтыктарды чыгарса боло тургандыгын ачыктады:

1. Жөнөкөй, коомду керектүү реформаларга жетелей турган, жалпы элдин купулуна толо турган, чыныгы тынчтыкты орнотууга багытталган реалдуу программаны талапкерлердин эч кимиси сунуштай албады;

2. Мазмундуу программалардын жоктугунун өзү, талапкерлердин өз ара тымызын тирешүүсүнүн курчуп баратышына себеп болууда. Акыл менен эмес, күчкө таянып, акчага таянып, жердешчиликке таянып, адмистративдик ресурстарга таянып, тышкы күчтөргө таянып, соодалашып, чайкоочулук жолдору менен жеңишке жетишүүну көздөп жаткандыктары белгилүү болуп калды;

3. Ушакчылардын, "дежур", "шайлоо сезондорунун" жалданма уюштуруучу кишилеринин күнү тууду;

4. Бизге, катардагы шайлоочуларга кыйын болуп калды - шыр тандай турган, акылдуу сунуштары менен суурулуп чыккан, өзгөчө чыгаан лидер жок болуп турат.

Эмне кылыш керек?

Митингдер, пикетттер, жол тосуулар, кагылышуулар – баары тең кайра эле туңгуюкка алып келет экен. Туңгуюктун дагы бир туткунуна умтулбаганыбыз оң.

Акылга сыя турган бир гана жол калды – баарыбызга тең таза шайлоо аркылуу таза, жаңы муунду, жаңыча ойлоно билген замандаштарыбызды бийликке алып келүү. Эски “сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” коррупционерлерди, жароосуз бийлик өкүлдөрүнун жолун тык бууш керек шайлоодо.

Карапайым элдин колунда башка курал жок. Биздин жалгыз куралыбыз, тынчтыкты сактоонун кепилдиги - калыстык, мүмкүнчүлүгүбүз – шайлоо аркылуу келечегибизге жол ачуу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×