Добавить статью
4:48, 29 ноября 2011 40044

Тогуз коргоол улуттук оюну тегерегиндеги көйгөйлөр

Тогуз коргоол 10 жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиада оюндарында ойнолуп келет . Эмнегедир республиканын тогуз коргоол боюнча командасы өлкө чегинен тышкаркы аталган оюндар боюнча айрым мелдештерге каражат жоктугунан катыша албай келишүүдө. Ал эми региондогу оюнчулар борбордо өткөрүлгөн мелештерге катыша албай келишет.

Бүгүнкү күндө жапырт эле саясат менен алпуруша бербестен, бабалар мурастап кеткен элдик оюндарыбызды сактап,өнүктүрүү менен жашоо ыңгайыбызды өзгөртүп дени сак улут катары өзүбүздү башка калктарга улуттук оюндарыбыздын касетин көрсөтө билсек деген ойго келесиң..

Эсептей келсек элибиздин улуттук оюндарыбыз абдан эле көп. Ал эми дүйнөлүк деңгээлге ат оюндарынан көк бөрү чыккан болсо, логикалык оюндарынан тогуз коргоол эл аралык масштабда ойнолуп жатат.

Кыргыз элинин бизге мурас болуп калган тогуз коргоол оюну кылымдардан кылымдарга, унутулбай сакталып келе жатат. Тарыхка кайрылсак, оюнубуз гундар доорунан бери сакталып ойнолуп келе жаткандыгы маалым. Тогузга чейинки турмушта колдонулган сандардын баарын катыштырып, негизги математикалык амалдарды үйрөтүү максатында ойлоп чыгарылган логикалык, азыркы учурдун улуттук спорттук оюну болуп саналат. Математика жагынан алып караганда, сандарды кошуп, кемитип, бөлүп, көбөйтүп, жуп сан менен так сандын айырмасын түшүндүрүү, жаратылыш жагынан аралыкты, багытты айырмалоо, дене-тарбия жактан түз олтуруу, көп коргоолдорду колго батыруу, ыкчамдуулук, шамдагайлык, психология жагын карасак, атаандашка болгон мамиле, жол тапкычтык, жыйынтыктуулук, эске тутуу жөндөмүн арттырат. Жеңишке жетишүүгө умтулуу, токтоолук, сабырдуулук, логикалык ой жүгүртүү жана ошондой эле көп тармактуу касиеттерди өзүнө камтыйт десек жаңылбайбыз.

Тогуз коргоол оюнунун эрежеси жөнүндө кыскача маалымат

Ар бир оюнчу партияны жеңип чыгуу үчүн 82 же андан көп коргоол утуп алуу керек. Уткан оюнчуга 1 упай берилет. 81 коргоол уткан болсо оюн тең чыгуу менен аяктайт. Жүрүштү баштоо укугу чучукулак менен аныкталат. Баштай турган оюнчу тактанын ак жагына олтурат. Өзү каалаган үйүндөгү (коргоол салынган чуңкур) бардык коргоолдорду колуна алып, ошол үйдөн баштап оң тарапты көздөй бирден коргоолду салып жүрүп олтурат. Ашып калган коргоолдорду атаандашынын үйүнөн 2-3-катары менен саналат. Атаандашынын үйүнө түшкөн акыркы коргоолдун саны жуп болсо, жүрүш жеңиш менен аяктап, ошол үйдөгү бардык коргоолдорду өзүнүн казанына салып алат. Тактанын тогуз чөйчөкчөсүн биз үй дейбиз жана уткан коргоолдорду жыйнай турган чөйчөкчөнү казан дейбиз. Шахмат оюнунан негизги өзгөчөлүгү болуп шахмат оюнунда жеңиш үчүн бир гана жол бар болсо, шахмата королго мат коюлат. Эгер мат коё албай калганда оюн тең чыгуу менен аяктайт. Ал эми тогуз коргоолдо жеңиштин эки жолу бар. Оюн учурунда коргоолдорду утуп 82 кылып алсаң болот. Оюндун аягында “Ат суроо абалы” деп деп аташат.Ошол ат суроо абалына алып келип утууга да болот. Атаандашыңдын жүрүштөрүн азайтып, коргоолдорун өткөрүп бергенде уткан болуп эсептелет.

Тогуз коргоол улуттук оюнунун тегерегиндеги көйгөйлөр...

2000-жылдан баштап дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиаданын программасына кирип, жыл сайын Европада мелдеш өтүп турат. Кыргызстандык компьютердик программаларды жазган адис, Союздук программисттер олимпиадасынын 3-орундун жеңүүчүсү (Минск шаары, 1991-жыл.), тогуз коргоол оюнунун спорт чебери (1994-ж.) Кубат Картаңбаев жазган "токтом-тогуз коргоол" программасы тогуз коргоол оюнунун интеллектуалдык олимпиаданын программасына кирип калышынын башкы себепкери болуп эсептелет. Компьютердик программа башталганда "тогуз коргоол"; деген жазуу жазылып турат, ошол жазууну "тогыз кумалак"; деп оңдоп жазып берүүнү Казакстан Республикасынын Тогыз кумалак федерациясы чоң акча сунуштап сураганда, тогуз коргоолдун чебери жана өлкөбүздүн патриоту Кубат Картаңбаев мурасыбызды акчага сатпайбыз деп, ал аракеттерди четке каккан болчу.

Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алгандан баштап тогуз коргоол оюнуна кыз-келиндер аралашканы оюнубузга жакшы түрткү болду. 1992-жылы Кыргызстанда Тогуз коргоол федерациясы түзүлгөндөн баштап республикалык спорт комитетинин, Билим берүү министрлигинин колдоосу менен тогуз коргоол оюну дүйнөлүк аренага чыгып, 1994-жылы биринчи Азиянын чемпионаты Бишкек шаарында өткөрүлгөн.

Биздин оюнчулар да бул улуттук оюн боюнча мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келишүүдө. Камчыбек Касымов, Нурбек Имакеев, Мирлан Кудайбергенов, кыздардан Эльмира Кудайбергеновалардын ысымдарын атоого болот.

Бул жерден белгилеп кетүүчү нерсе республиканыны алыскы аймактарынан оюнчулардын тартылбай келиши өкүнүчтүү. Аймактагы оюнчулар каражат маселесине байланыштуу мелдештерге катыша албай калууда.

Эмнегедир жалпы билим брүүчү орто мектептердин окуу программаларына улуттук оюндар киргизилген эмес. Айрым оюндардын аттары "тааныш" болгону менен эрежелерин унутта калууда. Андыктан мектептин окуу программаларына азыркы окуу китептерин даярдоонун талаптарына ылайык улуттук оюндарды окуу програмаларына киргизүү мезгил талабы. Бул жааттан алып караганда өркүнү өскөн казак туугандар бул оюнга өзгөчө маани беришүүдө. Алардын дене тарбия институтунда эле эмес, башка жогорку окуу жайларында да тогуз коргол боюнча факультеттер бар. Казак, орус, англис тилинде окуу китебин чыгарып коюуга жетишишти. Орто мектептерде окуу программасына милдеттүү киргизилген. Үстүбүздөгү жылы дүйнөлүк биринчилик ушул ноябрь айларында өткөрүүгө жетишишти.

Тогуз коргол оюнга орто Азия өлкөлөрүнөн тышкары Россия, Латвия жана Чехия өлкөлөрүнөн оюнчулар катышып, байгелүү  орундарга жетишип келишүүдө.

Макала соңунда улуттук оюнубузду эртеңки келечек ээлери болгон жаш муундарга мурастоо жана үйрөтүү жаатында мамлекеттик деңгээлде иш чаралар алынып барылса деп ойлойм. Каражаттын жок деп отура бербей каржылоо булактарын тапса, албетте боло турган иш. Ал үчүн ишкерлер, меценаттарды тартууга эмнеге болбосун...

Эмнеси болсо да кыргыз эли эбегейсиз дүркүрөгөн тойлорго каражат сарптаганды жактырышат.А эмне үчүн сергек жашоо ыңгайын тандоо менен дени сак, логикалык аң-сезимди өнүктүргөн аталган тогуз коргоол улуттук оюнга каражаттар жумшабайт деген чоң суроо туулат....

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-07-2011
«Ысык-Көл» – Орто Азиянын бермети же туризм аймагындагы экологиялык абал тууралуу
67052

10-06-2011
Мамлекеттик тил мамлекеттик кызмат жаатында канткенде өнүгөт?
55171

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×