Добавить статью
4:37, 9 декабря 2011 49552

Көк бөрү - улуттук спорт оюну

Ар бир элдин башка элдерден айырмаланган, өзгөчөлөнгөн элдик мурастары болот. Бир нече кылым карытып ата-бабабыз кийинки муундарга калтырган мурастарда улуттук ат оюндары өзгөчө орунда турат.

Ат - кыргыз элинин жашоо турмушуна өтө жакын болгондуктан, «ат адамдын - канаты» деп төгүн жерден айтылбаса керек. Андыктан ушул улуттук ат оюндары тууралуу кыскача баяндоо менен сөз учугун андан ары уласак.

1. Улуттук ат оюндары: Ат чабыш, кунан чабыш, жорго салыш, эңиш-оодарыш, көк бөрү (улак тартыш); кыз куумай, тыйын эңмей, бөрү салмай ж.б.

2.Чүкөгө байланышкан оюндар:

Хан вазир, упай, кан таламай, ордо, тогуз коргоол ж.б.

3. Жандуу элдик оюндар:

Аркан тартыш, дүмпүлдөк, көз таңмай, оромпой, ак терек-көк терек, шакек салмай ж.б.

Мен жогоруда улуттук ат оюндарына токтолуу менен булардын ичинен кыргыздын белгилүү болгон көк бөрү оюнун тарыхына, пайда болуусуна, азыркы учурдагы абалына жана көйгөйлөрүнө кыскача токтолууну ылайык деп таптым. Негизинен, көк бөрү кыргыз элинин ат үстүндө ойнолуучу спорт оюндарынын бири болуп саналат. Ал баарыбызга маалым болгон дүйнөдө теңдешсиз деп эсептелген «Манас» эпосунда:

Бөлүнүп ордо, чын мөрөй,

Атпай турган жер бекен?

Жатпай оюн, көк бөрү

Тартпай турган жер бекен? - деген саптар көк бөрүнүн байыркы оюндардан экендигин тастыктап турат.

«Көк бөрү» деген аталыштын келип чыгышы, илгерки күчкө толуп турган жигиттер кадимки эле бөрүнү чаап алып, талашып-тартышып ойношкондугу менен байланышкан. Азыркы мезгилде бул оюн шартка ылайыкташтырылып, бир кыйла оңдоолорго туш болгон. Көк бөрү оюнуна 17 жаштан өткөн карылуу жигиттер катышса, башы кесилген улак, айрым учурда торпок да тартылат. Көк бөрү тартылуучу жер, мара белгиленет. Оюнчуларды шамдагайлыгына, чабендестигине жараша барабар санда эки командага бөлүнөт. Калыс атчан келип, колундагы көк бөрүнү оюнчулардын ортосуна таштайт. Оюнчулар ат менен жөөлөшүп келип, алардын ичинен мыкты чабендеси көк бөрүнү эңип алып качып жөнөйт. Ал көк бөрүнү ыңгайы келсе өнөктөштөрүнө берүүгө аракеттенет, натыйжада марага таштоого, ал эми атандаштары көк бөрүнү андан жулуп алып, өздөрү марага таштоого аракеттенишет.

Оюндун жүрүшүндө кайсы жаат көк бөрүнү марага таштаса, ошол жаатка бир упай берилет. Калыс упайларды каттоо жүргүзүп турат. Оюндун акырында упайлар эсеби чыгарылат. Кайсыл команда көп упайга ээ болсо, ошол команда, оюнда утат. Бул оюн «Улак тартыш» деп да элибизде айтылат. Кийинки жылдары Кыргызстанда профессионалдык «Көкбөрү» федерациясы түзүлгөнү бул иш боюнча өткөрүлүүчү иш-чаралар бир топ эле илгериледи. Көкбөрү эл аралык деңгээлге жетип, президент кубогуна арналган турнирге Ооганстан, Кытай, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын курама командалары катышып келүүдө. Тажиктер улак тартышты - «бозкашы», өзбектер «купкари-улок», боордош казак туугандар «көкпар» дешип, кыргыздын «көкбөрү» деген сөзүн эл аралык термин катары кабыл алышты.

Ушул күндөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан спорттук стадиондор каңгырап ээн калып, айрымдары сатылып, кампага жана башка багыттагы иштерге багытталууда. Негизинен, бул аталган улуттук оюнга өзгөчө маани берүү менен элет жериндеги жаштарды ушул оюнга активдүү тартуу менен райондук деңгээлде иштер алынып барылса деген ойго келесиң.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

09-02-2012
Аялдар коомдо тең укуктуулукка ээби?
45576

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×