Добавить статью
5:38, 26 декабря 2011 18658

Кыргыз тилин өнүктүрүүгө салымын кошуучу “Тамга-КИТ” боюнча

Кыргыз Республикасы эгемендик алганы, анын тарыхына жаңы технологиялар (маселен, компьютер) кире баштаганы Эмил Асанов компьютерде кыргызча иштөө үчүн шарт түзүүнү колго алган. Өзүнөн-өзү эле, эч кандай тапшырмасыз, өз демилгеси иштеп келет.

Эмил Асанов айтылуу Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун уулу. Өзү шаарда туулуп, шаарда өскөнү менен, өзү айтмакчы, тили орусча чыкканына карабастан, компьютерлерге кыргызча тамгаларды жайгаштыруу, кыргыз тилинде орфографияны текшерүү сыяктуу стандартты киргизүү менен мына 20 жылдан ашуун убакыттан бери алектенип келе жатат.

“Тамга-КИТ” программасына кыргыздын каада-салтынан баштап, С.Каралаевдин айтуусу боюнча “Манас” эпосунун 2 тому, Кыргыз Республикасы Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан чыгарылган “Иш кагаздарын мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүү” китеби, кыргыз тилин үйрөтүүчү башка китептер, энциклопедия жана башкалар жайгаштырылган. Эң негизгиси бул программа жайгаштырылган компьютер кыргызча ката жазууга жол бербейт. Анткени анда орфографиялык жактан текшерүү дагы бар.

“Тамга-КИТ” программасында дагы К. Юдахиндин “Орусча-кыргызча сөздүгү”, “Кыргызча-орусча сөздүгү”, Тил комиссиясынын “Терминдер сөздүгү” киргизилген.

Бул сөздүк котормочулар жана кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн абдан ыңгайлуу. Анткени, бир сөздү издеп китепти аңтарып отурбай, компьютердеги сөздүккө котормосун издеген сөзүңдү жазсаң, котормосун берет.

Мына ушул программа канчалык деңгээлде республиканын аймагындагы компьютерлерге жайгаштырылды? Мамлекеттик тилге кызмат кылган бул программа канчалык колдоого алынды?

Маселе, мына ушунда.

Бекерге көнүп калган жаныбыз, автордун эмгегин, убарагерчилигин, кызматын, көзүнүн майын эске албай, баарын эле бекер берсе дейбиз. Бирок базар мамилесинде бекер нерсе болбойт экен.

Бирок бул программаны колго алганга Өкмөттүн да күч-кубаты жетпей, же кадыресе демөөрчүлөр чыкпагандыктан, Э.Асанов көбүнчө бекер таратып келет. Эмгегим бекер калбасын дейт. Аны түшүнгөн адам жок.

Жаңы окуу жылы башталганда ал “Тамга-КИТ” программасын республикабыздын түштүк аймагындагы мектептерге бекер жайгаштырып берүү үчүн мугалимдерге семинар өтүп келүү үчүн Ош шаарына барып келди.

Ал жактан абдан капа болуп кайтты. “Азыр эл президент же, министр келет десе жан алы калбай тосот экен, Билим берүү министрлигинин жолдомосу менен барганыма карабай, мага эч ким көңүл бурбай койду. Жада калса мугалимдер менен семинарды жакшылап уюштуруп беришкен жок” деп капаланды. Ал бул программасы менен элеттин эли түшүнөр деген кыязда, барбаган жери да калбады. Нарынга, Ысык-Көлгө... Акыркы үмүтү Ош тарапта эле, андан да супсуну сууду.

Бекер компьютериңе кыргызча тамгаларды жайгаштырып берем, кыргызча туура жаз дегенди кабыл албай койгондон кийин эмне демекчибиз. Бул деле биздин майда чиновниктердин кайдыгерлиги го. Тилге эле эмес, жашоого болгон кайдыгерлигиби?

Азыркы учурда тил деп, “Тамга-КИТ” деп жүрүп Э. Асановдун жүрөгү катуу ооруп калды. Азыр ал өз ден соолугу менен гана алек.

Бизде адам качан гана жаныбызда жок болгондо баалабай, бар кезинде, анын опол тоодой жасап койгон ишин баалай турган мезгил качан келет деп ичиң сыйрылат экен...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-03-2015
Элибизде патриот уул-кыздарыбыз көп болсун!
33888

04-09-2013
Ничке-Сайдын окуучулары заманбап мектептен билим алууга акысызбы?
40534

21-12-2012
Кыргыз интеллигенциясынын азыркы абалы
29297

19-04-2012
Мамлекеттик тилдин душмандары кимдер?
23557

02-04-2012
Кыргыз тили мамлекеттик тил деңгээлине эмне үчүн жетпей жатат?
17905

07-03-2012
Жакшы ойду ойло, жакшы сөздү сүйлө, жакшы ишти жаса
19576

22-02-2012
Маселени туура коюу керек!
14090

08-02-2012
Мамлекеттүүлүктү сактоо үчүн эң ириде эмне керек?
13184

25-11-2011
Салттуу билим жөнүндө эмне билесиң?
16606

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×