Добавить статью
3:13, 18 января 2012 31372

Кыргызстан экономикалык эркиндик рейтингинде 5 орунга төмөндөдү

Heritage фонду тарабынан 2012-жылы жарыяланган экономикалык эркиндик боюнча эл аралык рейтингде Кыргызстан 88-орунга түшкөн. Бул изилдөө 12 январда жарыяланып, Кыргызстандын экономикалык индекси 60,2 пунктту түзгөн. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 0,9 пунктка начарлаган. Так айтканда жеке менчик, мамлекеттик чыгымдар жана эркин бизнес жасоо деген категориялардан төмөндөгөнбүз.

Бул рейтингдин лидерлери эркин экономика деген статусу бар 5 өлкө болду: Гонконг, Сингапур, Австралия, Новая Зеландия и Швейцария. Бул өлкөлөрдө сатып алуу күчүнүн паритети боюнча орточо киши башына болгон ички дүң продукциянын көлөмү 44 миң долларды түзөт. Мурунку совет өлкөлөрүнүн арасындагы лидерлер: Эстония (16 - орун),  Литва (23-орун), Грузия (34-орун). Изилдөө көрсөткөндөй, экономикалык эркиндиктин деңгээли жогору болгон өлкөлөрдө, жарандардын жашоо стандарты сапаттуу болуп жана бир топ жогорку деңгээлдеги кирешелерди жарандар алышат.

Кыргыстандын базар экономикасына өтүшү – азыркыга чейин уланып жаткан процесс. Бирдиктүү салык декларациясын киргизүү жана бизнести ачуу процессин кыскартуу менен реформалардын жүрүп жатышына карабастан, жалпы ишкерлик шартты жакшыртуу акырын жана бирдей эмес өтүп жатат. Базардын ачыктыгын сактоого болгон чаралар жетиштүү эмес болуп келет.

Акыркы жылдары саясий башаламандык саясатка туруксуздук жана белгисиздикти алып келгени менен экономикалык өнүгүүнү да токтотуп жатат. Терең институционалдык реформаларды жасоого саясий эрк жок болуп келет. Экономикалык эркиндиктин түпкү тамыры күчсүз. Жеке менчике болгон укук ишенимдүү эмес, баардык жерде паракорлук күчөгөн. Мындай абал мыйзамдын үстөмдүүлүгүнө шек келтирип, инвестиция жасоо жараянына жана бизнестин өнүгүүсүнө бут тосот. Бул изилдөөлөр 2010-жылдын жарымынан 2011-жылдын жарымына жүргүзүлгөн.

Экономикалык эркиндиктин төмөндөшүнүн кошумча себептери болуп: жогорку деңгээлдеги тышкы карыз, чет элдик жардамга болгон көз карандылык, өнүгүп жаткан көмүскө экономика, кылмыштуулук, бардык жердеги паракорлук, этникалык мамилелердин оордугу. Ырааттуу эмес экономикалык саясат ИДПнын төмөндөшүнө алып келди, бюджеттин ИДПга жараша дефицити 7,5 пайызга жетти.

Алдыда экономикалык эркиндиктин бааланышынын негизги 4 категориясынын өзгөрүшү көрсөтүлгөн: укуктун үстөмдүүлүгү, өкмөттү чектөө, регулятордук эффективдүүлүк жана базардын ачыктуулугу.

Укуктун үстөмдүүлүгү

Жеке менчик     -5.0

Паракорчулуктан болгон эркиндик    +1.0

Укуктун алкагы алсыз жана мыйзамдын үстөмдүүлүгү абдан морт. Жеке менчикти сактоо аздап пайда болуп жатканы менен, соттук система эркин эмес жана өнүкпөй жатат. Коомдук баардык деңгээлиндеги паракорлук.

Азыркы экономикалык теорияларга таянсак, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн ийгилиги жеке менчикти өз мүлкүнө расмий түрдө каттоого болгон мүмкүнчүлүгүнө көз каранды болот. Мындай болбоюнча капитал морт түрүндө калып, анда кандайдыр бир пайданы көрө албайбыз. Балким, биздин өлкөдө кандайдыр бир “айнек калпак” аттуу эреже бар. Мындай калпактын астында жүргөндөргө гана жеке менчике болгон кепилдик берилет. Бийлик алмашкан сайын калпактын астында жашаган элдер улам алмашып турат. Жеке менчикти жоготуп алуу мүмкүнчүлүгү улам саясий туруксуздук болуп жатканда пайда болот. Укуктук чектердин саясий абалдан көз карандалыгы – абдан маанилүү маселе. Жеке менчике болгон рейтингдин төмөндөшү “улутташтыруу” дегенге байланыштуу. Мындай абал болуп жатса, келечекте капитал башка өлкөлөргө кетип калса таң калбай деле койсо болот. Анткени, башка өлкөлөр инвесторлорго жеке менчикке болгон негизги кепилдиктерди бере алышат.

Чакан өкмөт

Фискалдык эркиндик   +0.5

Мамлекеттик чыгымдар   -7.7

Мамлекеттик чыгымдар себепсиз жогору болсо, бюджеттин созулма жетишсиздигине жана мамлекеттин карызына (ИДПнын 60%, 2008-жыл менен салыштырганда 48.5%) таң калбай эле койсо болот.

Толгон токой мамлекеттик аппараттын жыйынтыксыздыгы жана шалаакылыгы көптөн бери коомчулук тараптан нараазычылык туудуруп келет. Бири биринин жумушун кайталап жаткан кызматтарды өкмөт жоёбуз десе, ал эми жумушчулардын санын кыскартуу жөнүндө маселе али алдыда.

Мамлекеттик чыгымдардын көрсөткүчүнүн көлөмү бир топ начарлаган. Мындай кубулушту чечиш үчүн бир нече чаралар бар. Мисалы, Америкада бюджеттин чыгымдар бөлүгү түз жана дискрециялык болуп бөлүнөт. Түз чыгымдар колдонулуп жаткан мыйзамдар менен кепилдик берилген (социалдык пособиелер, медициналык тейлөө программалары) жана аларды кыскартууга болбойт. Дискрециялык чыгымдар жыл сайын Американын конгресси тарабынан кийинки жылдын бюджетинин алкагында каралат жана  бекитилет. Ошону менен бирге мындай чыгымдарга чек коюлат. Эгерде мындай бюджеттин чыгымдары чектен ашып баратса, анда бюджеттик дефицитти азайтуучу  секвестирлөө механизми колдонулат.

Тескөөнүн эффективдүүлүгү

Бизнестин жасоо эркиндиги  -1.3

Эмгектин эркиндиги +0.8

Монетардык эркиндик +2.4

Акыркы жылдардагы реформалар бизнести ачуу тартиптерди оңойлоткон. Бирок, өндүрүштө жана жеке секторду инвестирлөөдө жалпы тескөө чөйрөсү дагы деле бюрократиялык бут тосууларга учурап жатат.

Ишкерликти жөнгө салуу саясаты туруксуз жана белгисиз болгондуктан “бизнести жасоо эркиндиги” рейтингинде төмөн түшкөнбүз. Укуктук экономикалык жөнгө салуу тармагындагы мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу ачыктыгы төмөнкү деңгээлде. Мындай чечимдер базардык чөйрөгө, ишмерлердин укугуна жана кызыкчылыгына таасирин тийгизүү менен уруксат жана лицензия алуу тартибин татаалдатат. Башка жагынан чарбалык иш-аракетти татаалдаштырып, чыгымдарды көбөйтөт.

Базардын ачыктыгы

Сооданын эркиндиги 0

Инвестициянын эркиндиги 0

Финансылык эркиндиги 0

Соода  тарифинин орточо ставкасы 8.4%. Ички саясий толкундоолорго каршы чек араларды жабуу сооданын жүрүшүн бузду. Экономиканын көп бөлүгү чет өлкөлүк инвестицияларга ачык болушу менен эрежелер менен тескөө чаралары ачык эмес жана каалагандай колдонулат. Бажы саясатында өзгөрүүлөр болгон жок. Ошондуктан бул категорияда да өзгөрүүлөр жок. Финансылык ортомчулук көбөйгөнү менен, насыянын баасы кымбат бойдон турат. Насыянын кымбат турушунун себеби болуп банк секторундагы атаандаштыктын жок экенин белгилесек болот. 

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×