Добавить статью
5:54, 1 февраля 2012 54093

Кыз ала качуу — адам укугун бузуу

Акыркы учурларда коомчулукта, бей өкмөт уюмдары, жалпыга маалымат каражаттары кыз ала качуунун терс көрүнүштөрүн байма бай талкуулап коомчулуктун көңүлүн буруу аракеттерин кылганы менен эмнегедир кыз ала качуу токтоп деле кеткен жок. Аны төмөндөгү болуп өткөн иш-чара алкагында өткөрүлгөн «Кыз ала качуу - адам укуктарынын бузулушу» деген аталыштагы жыйында Аялдарга көмөк көрсөтүү борборунун адиси Айгүл Алымкулова билдиргенине караганда, ар бир 3,5 саат сайын республика боюнча 6 кызды ала качып кетишет, бирөө зордукталат. «Кыз-Коргон», «Лидер» коомдук уюмунун жана Улуттук кызыл жарым ай коомунун иликтөөсү боюнча Кыргызстанда жыл сайын 11 миң 800 кызды ала качуу фактысы катталганы белгилүү болду. Алардын 2 миң 360 сексуалдык зомбулукка туш болушат», - дешет. Ал эми ИИМ маалыматы боюнча жылына кыз ала качуу фактысы боюнча болгону 20 эле кылмыш иши козголоору же болбосо көпчүлүк учурларда кыз ала-качуу боюнча козголгон иштер аягына чыкпай, күнөлүүлөр өз жазасын албай жаткандыгы өкүнүчтүү экендигин белгилөөгө болот.

Мамлекет үй бүлөдөн курулат дейбиз, азыркы жаштарыбыздын үй бүлө курууга болгон мамилелеринен улам мамлекетибиздин абалы дагы ушундайбы деген ойго келесиң. Үй бүлө курууда азыркы жаштардын, өзгөчө элет жериндегилердин дээрлик көпчүлүгү ала качуу жолу менен үй бүлө курууга аракеттенишет. Жактырабы, тааныйбы, кыз каалоосу бар жок экендигине карабастан үйлөнүшөт. Мындай үйлөнгөн жаштардын уй бүлөлүк келечектеги бактылуу жашап кетүүсү абдан эле күмөндүү болуп саналат. Анын натыйжасында соттошуу, ажырашуу, соттук териштирүүлөр же ата-энелери менен сөз байлашуу ( келишип алуу же моралдык зыянды төлөө) келип чыгат.

Турмушубузда мындай ачуу тагыдырлар санын мисалга келтирсек түгөнчүдөй эмес. Алсак, ушул эле Чүй боорунан Н аттуу жигит ата-энеси үйлөн десе , достору менен арак ичип алышып, тааныбаган эле кызды ала качып алат. Ата энеси кыздын ата-энесине астына ачуу базарга барып, калыңын төлөшөт. Бир жыл жашап , балалуу болгондон кийин жигиттин кабагы ачылбай, алган келинчегин кагып-силкип менин көңүлүмө туура келбей калды, мүнөзү да жаман экен деп, кызды ата-энесиникине жеткирип коюшат. Бул жерден кыз эмне ары- бери жылдырып койгудай буюм беле деген суроо туулат? Бир үйдүн алпечтеген жалгыз кызынын тагдырынын ушундай болуусун ата эненин үч уктаса түшүнө кирген эмес жана каалабайт да. Андыктан үйлөнө турган жаштарга үй бүлө куруу маселесине келгенде “жети өлчөп бир кес” дегендей акыл калчап, үйлөнүшсө. Мындай жаштарыбыз үй бүлө куруу абдан жоопкерчиликтүү кадам экенин сезип аңдап түшүнө беришпейт. Бул жерден маанилүү айта кетүүчү нерсе мектеп партасынан, жогорку класстарда үй бүлө куруудагы укуктук жоопкерчиликтер тууралуу билимди күчөтүшү талапка ылайык.

Жаштарыбызды айтканыбыз менен чоңдорубуздун жасаган жоруктары андан да таң калычтуу. Аны төмөндө келтирилген мисалдан баамдасак болот.

Акыйкатчынын пресс-кызматы жакында Өзгөн районунун К.Г. аттуу тургуну Акыйкатчыга 2011-жылдын 30-мартында аны Нургазы Алдашев ала качып алган, бирок 10 күн бирге жашагандан кийин, анын үй бүлөлүү экендиги , азыркы учурда аялы мигрант катары Москвада иштеп жатканы белгилүү болот кызга, андан соң “күйөө сөрөйдүн” аялына кеткендиги жөнүндө билдирген. Бул болгон окуяда аялы бар туруп, кызды ала качып алуу менен 10 күн жашап, анан аялына Россияга кетип калышын эмне деп айтууга болот. Кыздын бейкүнөө талкаланган гана тагдыры гана кейиштүү.Бул окуя боюнча укук коргоо органдарынын иш аракети таптакыр эле түшүнүксүз. Жарандардын укугун коргомок турсун бул ишти жасаган кылмышкерди коргообу деп ойлоп кетесиң. Себеби бул окуяга Өзгөн районунун прокуратурасы жана Ош облусунун прокуратурасы Н.Алдашовдун аракетинде кылмыш курамы жок деп кылмыш ишин когоону баш тартышкан. Бул иш боюнча Акыйкатчы Ош облусуна барганда бул факт тууралуу тийиштүү органга маалымдаган. Акыйкатчы Турсунбек Акун Ош облусунун Өзгөн районундагы кыз ала качуу фактысын өзүнүн жеке контролдугуна турганын айтат.

Жакынкы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты А.Алтыбаева демилгелеп чыккан мыйзам долбоор даярдалган. Бул мыйзам долбоор жаштарды үй-бүлө куруу маданиятына тарбиялоого чакырылган. Мындагы эң көңүлгө алынуучу жагдай никени кыюу алдында никени расмий каттоо ЗАГСка туруу талабы коюлган. Бирок көпчүлүк депутаттар бул мыйзамдын аткарылышын контролдоо мүмкүн болбой тургандыгына шектеништи. Мыйзам долбоордун демилгечиси А.Алтыбаева мыйзамдын ишке ашырылышына жоопкерчиликти жергиликтүү бийлик алууга тийиш дейт. Бул жерден менин жеке пикиримде элет жериндеги милиция кызматкерлери кыз ала качууну ата-бабабыздан калган элдик салт деп кайдыгер мамиле кылуу менен, жабыркаган кыздын укугун коргоогусу келишпейт. Ала качууга дуушар болгон кыздын жан дүйнөсүндөгү психологиялык таасирин,б.а. депрессияга түшүүсүн анча аңдап биле беришпейт. Жергиликтүү прокуратура жана сот органдары кылмыш ишин ачууну козгоону баштаардан мурда, эки тараптын жарашуусуна күч-аракет жумшашат, себеби өзүлөрүнүн кызыкчылыгында (пайда көрүү) башкы көңүлгө алышат. Мындай көрүнүш жогоруда келтирилген Өзгөн районунун прокуратурасы билдиргендей кылмыш курамы жок деп иш козгоодон баш тартышат.

Жогоруда демилгеленген мыйзам долбоордо үй бүлөлүк мамилелерди жөнгө салуу, кыз ала качуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине кынтыксыз тартуу, улуттук каада-салттарды кайра карап чыгуу менен заманыбызга терс таасирин тийгизген социалдык экономикалык зыяндуу адаттардан арылуу боюнча кошумчалар киризилсе деген ойдомун. Кеңири коомчулук тарабынан талкуулоо жүргүзүлүп, анын натыйжасында каада салттын алгылыктуу жактары алынып, терс жактарын чететтүү боюнча кечиктирилгис иш-чаралар кабыл алынса. Ал эми мындай мыйзамды кабыл алуу шартында мыйзамды бузгандарга катуу жана аеосуз жаза колдонуу боюнча укук коргоо органдарына каттуу тартиптеги талап коюлса деген ойдомун.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)
42426

16-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи
43456

28-04-2014
Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс
44524

20-11-2013

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

42683

13-06-2012
Баңгилик-өмүрдү алат
30286

08-06-2012
Баңгилик абдан коркунучтуу илдет
28092

21-05-2012
Дүйнөдө баарынан сулуу - ЭНЕ
44032

28-02-2012
 Автотоктоочу жайдын же парковканын кызматкери кимдин чөнтөгүн толтурат?
94506

15-02-2012
Укугуңду билесиңби?
33136

29-06-2011
Чакан насыялоо - жакырчылыктан чыгарууга өбөлгө
54481

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×