Добавить статью
6:23, 1 февраля 2012 38194

«Кетсинден» кудай сактасын!

Кыргызстанда акыркы жылдары «Кетсин» деген сөз модага айланып, эң көп айтыла турган сөздөрдүн катарына кирди.

Бул сөздү аял-эркегине, чоң-кичинесине, жашы-карысына карабай колдонгонго үйрөнүштү. Себеби бул сөздүн маанисинде кандайдыр бир жашырылган сыйкыры бар экенин, жакшы билип калышты. Анткени кереметүү сыйкыры бар «кетсин» деген сөздүн жардамы менен, Кыргызстандыктар өзүнүн эгемен тарыхында эки Президенттин кубалап, качырганга мажбур кылышты.

«Кетсин» деген сөздүн кесепетинен, бири качты Москвага, бири качты Минскиге. Азыркы күнү биринчи «качкын ажо» Аскар Акаев орустарды мактап-жактап, кошоматын айтып, Россия борборунда баш калкаласа, экинчи, кандуу жол менен бийликтен кеткен ажо Курманбек Бакиев Беларусь мамлекетинин Батькасы аталган Лукашенконун жипсиз байланган туткунуна айланып отурат.

Акыркы кездерде кыргыз Президенттерин тентиткен, кыргыздын кетсин деген сөзү ааламдашуу мезгилинин ураанына айланды. Себеби, дуба сыяктуу сыйкыры бар кыргыздын сыйкырдуу «Кетсин» аттуу сөзү Кыргызстандын эле эки Президенттинин бийлигинин башын жутпастан, дүйнө жүзүнө вирус сымал тарап, жугуштуу оорудай өөрчүп-күчөп, көптөгөн авторитардык башкаруу режимдеги мамлекеттердин, анын ичинен айрыкча араб өлкөлөрүндөгү бийлик эгелеринин калайманын чыгарды. «Кетсин» деген сөз айтылуу Ливиянын Джамахириясынын түбөлүк башчысы аталган Муаммар Каддафинин ажалына айланса, Египет мамлекетин чейрек кылымдан ашык башкарган Президент Хосни Мубаракты темир торго алып барып тыгып, кошуна жайгашкан башка араб өлкөлөрүндөгү бийлик ээлерин тополоңго салды.

Бул окуялар туурасында Россиянын Өкмөт башчысы Владимир Путин Санкт-Петербург шаарында өткөн жолугушуудагы сөзүндө «араб жазы» Кыргызстандан башталгандыгын айтып, кыргыздын «кетсинизми» кыйратуучу күчкө ээ болгондугун баса белгиледи.

Владимир Путин туура белгилегендей, азыркы учурда кыргыз «кетсинизми» дүйнө жүзүн титиретип, көптөгөн авторитардык режимдеги мамлекеттердин саясий лидерлеринин оюн онго бөлүп, сары-санаага, убайымга салып, жүрөк оору кылууда.

Ал эми кыргыздардын өзүндө болсо «кетсин» деген сөз жаңы жашоого, күчтүү мамлекет курууга, тазалыкка жана аруулука карай кадам таштоого жол ачып берип, дагы бир жолу кыргыз элине чоң сыноону жана мүмкүнчүлүктү тартуулоодо.

Негизи кыргыз Баатыр эл, ак жүрөк эл. Илгерки тарыхы, салт-санаасы бар улуу калк катары кыргыздар ар бир айтылган сөзгө маани берип келишкен. Эч качан меймандос кыргыз «кетсин» деген сөздү түз мааниде колдонуп келген эмес. Кет же «кетсин» деген сөздү кыргыз кимдир бирөөдөн чындап тажаганда же болбосо бир нерсе чындап көкөйүнө тийгенде гана айтканга аргасыз болгон.

Мына ушул сөздү кыргыздарга айттырганга аргасыз кылган биринчи ажо Аскар Акаев менен экинчи ажо Курманбек Бакиевдин адилетсиз башкаруу режимдери болду.

Себеби, эгемен Кыргызстандын жыйырма жыл тарыхындагы бийлик тутумун жана мамлекеттик башкаруу системасын талдай турган болсок, мамлекеттик башкаруу системасында адилетүүлүк, туруктуулук жана башкаруунун институционалдык эске тутуму деген сапаттары калыптанбады. Тескерисинче, мамлекеттик башкаруу системасында башаламандык өкүм сүрүп, коррупция деген балакет күч алып, мамлекеттин экономикалык-социалдык проблемаларын чече турган жоопкерчиликтүү бийлик жок болуп чыкты. Мамлекеттик башкаруу системасынын жогорку тепкичинен баштап төмөнкү тепкичтерине чейин паракорчулук менен коррупциянын пайдубалы түптөлүп, кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттик казынанын эсебинен өз көмөчүнө күл тарткан чиновниктердин армиясы калыптанды.

Эгемендүүлук жылдар аралыгында кызмат абалынан пайдаланып, (салык органдары, укук коргоо органдары, бажы кызматы, сот бийлиги, билим берүү, ж. б.), мамлекеттин эсебинен байыган адамдарды ууру, кылмышкер катары саноонун ордуна, кайра андай кишилерди эпчил, азамат экен, иштеген жеринен эбин таап байып кетти деген терс психологиялык ой-пикирлер коомчулукта орун алды. Мамлекеттин байлыгын уурдоо, мамлекеттин (демек калың эл-журттун да) кызыкчылыгына төп келбеген мыйзамсыз иш-аракеттердин арты менен баюуу кадимки эле көрүнүшкө айланып, коррупциянын спруту мамлекеттик башкаруу системасын өз бийлигине баш ийдирип алганы ачуу чындыкка айланды.

Дүйнөнү убагында дүңгүрөтүп, Улуу Монгол империясын курган атактуу Чыңгыз хан бирөөнүн буюмун уурдап жан сактоону, байлык топтоону, анын ичинен өзгөчө мамлекеттин казынасына кол салып, уурдоону эң чоң кылмыш деп санап, мындай жосун үчүн күнөөкөр адамдарды даражасына карабай өлүм жазасына тарткан. Анткени уурулукту Чыңгыз хан абдан уятсыз, элдин адеп-ахлагына терс таасирин тийгизе турган, мамлекеттин коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч келтире турган кылмыш катары көргөн. Чыңгыз хан – «бир нерсени жаратууга, жасоого ак ниет адам баласы маңдай терин төгүп, убактысын коротуп, эмгек кылат, ал эми ууру болсо ошол канча деген мээнет жана эмгек менен жасалган нерсени жеңил жол менен алуусу бул адамдардын жашоосуна бүлүк сала турган кылмыш» - деп эсептеген.

Миллиарддан ашуун калкы бар коңшу Кытай мамлекетинде уурулук кылгандардын дене мүчөсүн кесишип, ал эми мамлекеттин ырыскысына кол салган атка минерлерди мал-мүлкүн конфискациялоо менен ит аткандай атып, өлүм жазасына тартышат. «The Epoch Times» агенттигинин маалыматты боюнча 2000-жылдан бери эле Кытайда мамлекеттин казынасына кол салган он миӊ атка минер жемкор атылган, 120 миӊдейи көп жылдык мөөнөттөргө абактарга кесилишкен.

Ал эми эгемен Кыргызстандын жыйырма жылдык тарыхында качкын эки Президент, алардын жакын туугандары, кыйбас достору, жакын чиновниктери Кыргыз мамлекетинин казынасынын эсебинен каалагандай жашашып, элдин ырыскысына кол салып, чет элдик донорлордон алган кредит акчаларды өз кызыкчылыгына жумшашып, Кыргызстандын тышкы карызын миллиарддаган АКШ долларына чыгарып отурушат.

Мына ушундай шартта, урматтуу Мекендештер өзгөрүүнүн, өнүгүүнүн мезгили келгендигин белгилөө менен, коомдо орун алган негативдүү, терс көрүнүштөргө алардын ичинен: «мамлекеттин өнүгүшүнө бут тоскон коррупция жана коррупционерлер, мамлекеттин казынасына кол салган паракорлор, шылуундар менен уурулар, уюшкан кылмыштуулук менен криминал» - «Кетсин» деп айтууга мезгил келип жетти.

Учурда 2010 жылдын 7-апрелинен кийин бийликке келишкен А. Атамбаев баш болгон Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн көбү бийлик башында отурушат. Кандуу жол менен бийлик башына келишкен А. Атамбаев жана Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү Ата-Бейитте калыӊ элдин алдында, арбактардын алдында чынчыл иштөөгө, ууруларды жана кылмышкерлерди жазалоого, Кыргызстан үчүн чын-дилинен эмгектенүүгө, «төшү түктүү жер урсун да төбөсү ачык көк урсун!» - деп ант беришкен эле. Ушул айтылган анттар азыркы күндө иш жүзүнө ашып жатабы, же ишеним арткан эл-журт 2005-жылдагыдай дагы алдануудабы?

Эгерде азыркы бийлик Ата-Бейитте берилген убадаларды аткара албаса, абал чатак. Ушуну түшүнгөн Президент А. Атамбаев жакында эле “Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” өзү башында турган Коргоо кеңешинин жыйынын өткөрдү.Эми бул жыйындын кабыл алынган чечимдери реалдуу жыйынтыктарын береби кеп ушунда?

Коррупцияны изилдөө боюнча адистешкен эл аралык “Транспэренси Интернешнлдин” берген баасы боюнча Кыргызстан 2011-жылы коррупцияны кабылдоо индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен коррупциясын желеси баскан 166-орунду ээлеген. Мындай жаман көрсөткүч, азыркы шартта бийликтегилерден саясий жана укуктук эркти талап кылат. Эгерде бийлик коррупция менен эффективдүү күрөшүп, коомчулукта коррупцияга каршы терс пикирди жарата албаса, анда эле Кыргызстандын мамлекет катары келечеги бүдөмүк бойдон калмакчы.

Муну айтканымдын себеби, жаӊы бийлик системасы түзүлгөндөн бери социалдык-экономикалык өнүгүүнү, өзгөрүүнү, жашоонун жакшырганын эл сезе элек. Ал эми саясий жагына сереп салсак, мышык менен чычкандын оюнун эске салып, Коалициялык Өкмөттүн курамына киришкен саясий партиялар портфель талаш менен эле алек.

Дагы бир белгилеп койчу жагдай, 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституция өзүнүн карама-каршылыктары менен ар кандай мыйзамсыз нерселерге жол ачып берип жатат. Жөнөкөй эле мисал, Коалициялык Өкмөт коалициясына кирген фракциялардын депуттарынан тышкары, эгер кааласа оппозициялык фракциялардын депуттары дагы Коалициялык көпчүлүктүн катарына өтүп кете берсе болот деп, буга чейин мурунку Коалициялык Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги өкүлү, Конституцияны иштеп чыккандардын бири Д. Нарымбаев айтып чыккан. Ал эми Конституциянын автору аталган Ө.Текебаев бул нерсени мыйзамсыз деп атаган.

Конституциянын дагы бир чийки жери, мамлекеттин тышкы саясаттын кайсы орган аныктайт, так жазылган эмес. Конституциянын 64-беренеси боюнча «Президент өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат» - деп гана жазылган. Ушунун кесепетинен, азыркы мезгилде Кыргызстандын мамлекет катары тышкы саясат доктринасы жок. Чет элдик инвесторлор Кыргызстандын тышкы саясаты кандай экенин билбей туруп, биздин экономика үчүн таасирдүү инвестиция салалы, иш аракеттерди кылалы деген ойлору жок. Ал эми Конституция боюнча тышкы саясатта кандай гана маселе жаралбасын Президент баарын Премьер-министр менен макулдашып туруп чечет деп айтылган. Демек эл аралык аренада номиналдык мүмкүнчүлүкө ээ болгон Президент, чет элдик кызматтык иш сапарларга (командировкаларга) салык төлөөчүлөрдүн каражаттын коротуп барбай эле койсо, же бара турган болсо, Президенттин ордуна маселе чече турган Премьер-министр барсын. Анткени 2010-жылдын 27 июнунда кабыл алынган Конституциянын 88-беренесине ылайык Өкмөт мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат деп жазылган. Азыркы кезде Кыргызстандын тышкы саясаты кандай жолдо баратканын эч ким түшүнбөй калды. Орусиячыл саясатчылар Кыргызстан Россия менен гана десе, Батышчылдар укуктук демократия үлгүсүн Америка жана батыш мамлекеттеринен гана алып үйрөнүп, жаңы коом курабыз дешет. Деги эле Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери ары-бери чайпалып эл аралык аренада өз ордун таппай келүүдө.Анын үстүнө качып кеткен Президент К. Бакиевдин саясий сойкулукка барган көп векторлуу тышкы саясаты Кыргызстанга жакшылык алып келген жок. Ошондуктан тышкы саясат маселесинде Кыргыз Өкмөтү кайсы бир саясий күчтөрдүн же чоң державалардын оюнчугу болбой, өзүнүн туруктуу Концепиялык саясаттын иштеп чыгуусу учур талабы. Концепция ичине өзгөчө кадр саясатын же болбосо элчиликтерге элчилерди дайындоо тартибин киргизип коюу зарыл. Антпесе элчилик кызматка адистик кесипкөй сапаттарга ээ адамдар эмес, тескерисинче революцияга эмгеги сиңгендер же болбосо саясий ыңгайсыздыкты жараткан инсандар дайындалып жатышат. Негизи азыркы Конституциянын жоболоруна ылайык, Кыргызстандын тышкы саясатын жүргүзүүдө Президенттин ролу көп деле мааниге ээ эмес. Президент болгону чет өлкөлөрдүн элчилерине ишеним грамотасын гана берген чыныгы мамлекеттик нотариус. Учурдагы Конституция Президент А. Атамбаевдин тышкы саясатта эффективдүү иштешине жол ачып бере албайт.

Жыйынтыктап айтканда азыркы Президенттен, Жогорку Кеӊештен, Курама Өкмөттөн кыргызстандыктар алдыга жылууну, өнүгүүнү, жакшы өзгөрүүлөрдү күтүп жатышат. Азыркы бийлик эл үчүн иштеп берет деген ишенимде, үмүт артып турушат. Бирок убакыт кыска, эл ишеничин актоо үчүн берилген мөөнөт абдан аз, абдан кыска…

Ошондуктан «кетсин» деген сөздөн, анын ичинен Атамбаев «кетсин» деген сөздөн кудай сактасын. Анда эле кыргызды дагы бир жолу кудай урду дей бергиле……

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×