Добавить статью
5:17, 8 февраля 2012 13158

Мамлекеттүүлүктү сактоо үчүн эң ириде эмне керек?

Мамлекеттин мамлекет экенин тастыктап, башка мамлекеттерден айырмалап турган атрибуттары, тили, каада-салты, үрп-адаты бар...

Ошондуктан кээ бир өлкөлөрдө мамлекеттин келечеги үчүн коркунучтуу болуп саналган нерселерди мамлекетке киргизбей коюшкан. Алсак, улуу Кытай элинде Facebook баш болгон бир нече элдердин ортосуна өрт коюучу сайттар жок. Алар келесоолугунан, же артта калганынан эмес, мамлекеттин тынч келечеги үчүн ошого барып жатканы ар бирибизге белгилүү.

Бул сайт деле жаман ойдо чыккан эмес экен. Дүйнөдөгү эң ири социалдык түйүн болуп эсептелген Facebookту 2004-жылы Марк Цукерберг жана анын бөлмөлөштөрү Гарвард университетинде окуп жүргөн мезгилинде негиздешкен. Марк Цукерберг ушул сайттан улам 23 жашында эң жаш миллиардер болгон. Алгач бул сайт TheFacebook деп аталып аны Гарвард университетинин студенттери эле колдонсо, кийин Бостондогу башка университеттер катталышып, кийинчерээк АКШнын бардык окуу мекемелеринин студенттери колдонуп, 2006-жылдан бери Интернетти колдонуучу электрондук почтасы барлардын баары колдонуучу сайтка айланган.

Демек, аракты деле дарылыкка пайдалануу үчүн ойлоп тапкандай, бул сайтты дагы студенттер бири-бирине жардамдашуу үчүн чыгарылган, Ал сайтты чагымчылар азыр чагым чыгаруучу сайтка айландырып алышкан. Алсак, ушул эле сайттан кызматкерлер бири-бирине жетекчилерин жамандап кат жазышып отурушат. Ушул эле сайттан мамлекет жетекчилерине суу куюшат.

Баланы деле бул жакшы, бул жаман деп башынан тарбиялайт эмеспи. Антпесе бала (жаман сөздөрдү жазып жатканым үчүн окурмандар кечирип коюшсун...) “покту” деле жеп алат да. “Покту” жеп үйрөнүп алган бала чоңойгондо деле аны тамак экен деп жей бериши мүмкүн. Биз азыр дал ушундай жакка баратканыбызды сезбей жатабыз. Жаштарга жакшы-жаманды айрып таануусуна камкордук көрбөй, өз алдынча кое бергенибиз, бир кезде башыбызга балээ болору күмөнсүз чындык.

Анан ушинте берсек боло берет экен деп, демократияга жамынган көпчүлүк жаштар улуу-кичүүнү билбей, айдактаган иттей болуп, тигини карап деле, муну карап деле үрө берет. Убакыттын баарын ушундай бир сандырактык менен өткөргөндүктөн, мамлекеттин келечегин ойлогонго да дарамети жетпейт.

Азыркы учурда четте качып жүргөн мамлекет душмандары деле Facebook сайтына Кыргызстан, анын жетекчилери, эли жөнүндө оозго алгыс нерселерди жазып, элдин башын айландырып, мамлекеттин түбөлүктүүлүгүн ойлобогон айрым жаштар ошого кирип кетип жатышат.

“Ушинтип жүрүп дагы бир мамлекетке күнкор болуп калбасак эле” деген Ч. Айтматовдун “Кыргыз туусу” гезитине берген маегиндеги тынчсызданганын эстейм.

Ар бир мамлекеттегидей эле Кыргызстандын дагы улуттук идеологиясы болуш керек. Алалы Ат-башынын Ак-музу бир эле ак-муздуктардыкы эмес, Баткендин Лейлеги бир эле лейлектиктердики эле эмес – ал жалпы кыргыздыкы. Элди бөлүп жаруу менен мамлекеттин күчүн кетирбөө керек. Маселен, Акаевдин убагында кеминдиктердин баары эле жыргап кеткен эмес, алардын баарынын казанына Акаев аш салып берген эмес. Бир ууч туугандары, жасакерлер жыргашкан. Мамлекет жетекчилери кайсы жерлик болбосун, ал эң ириде кыргыздын уулу же кызы болуш керек. Өлкөбүздүн келечеги үчүн биз ага баш кошушубуз керек. Биригишибиз керек. Алар ата-журтум, мекеним, элим-жерим деген атуулдардан коркпой жанына тартышы керек.

Антпесе ар ким келип бизге өз бийлигин арта эте берет да.

“Кытай элинде болбогон эле чай демдөөнүн дагы салты бар экен” деп орус журналисти “ДК” өзүнүн берүүсүндө айткандай, туруктуу, түбөлүктүү эл өзүнүн салтын бербейт.

Ошондуктан, мамлекетибизди, жетекчилерибизди, татыктуу уул-кыздарыбызды ар жактан сындаган, басмырлаган Facebookка окшогон сайттарды жаап салуу керек. Акчага ата-энесин алмаша турган заман артта калды. Азыр баарынын эле курсагы ток. Дагы бир айтарым, ички ыркты бузган, шылдыңдаган сөздөрдү таратып, кээ бирөөлөрдүн кыжырын кайнаткан сайттарды жаап коюу керек. Менин оюма акыл-эстүү калкым да кошулат деген ишеничтемин.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-03-2015
Элибизде патриот уул-кыздарыбыз көп болсун!
33855

04-09-2013
Ничке-Сайдын окуучулары заманбап мектептен билим алууга акысызбы?
40495

21-12-2012
Кыргыз интеллигенциясынын азыркы абалы
29275

19-04-2012
Мамлекеттик тилдин душмандары кимдер?
23535

02-04-2012
Кыргыз тили мамлекеттик тил деңгээлине эмне үчүн жетпей жатат?
17885

07-03-2012
Жакшы ойду ойло, жакшы сөздү сүйлө, жакшы ишти жаса
19533

22-02-2012
Маселени туура коюу керек!
14070

26-12-2011
Кыргыз тилин өнүктүрүүгө салымын кошуучу “Тамга-КИТ” боюнча
18627

25-11-2011
Салттуу билим жөнүндө эмне билесиң?
16584

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×