Добавить статью
8:17, 9 февраля 2012 20765

Нарында билим берүүнүн сапаты жакшырат

Акыркы ондогон жылдардын арасында республикабыздагы орто мектептердеги билим берүүнүн сапаты жалпысынан алганда, төмөндөп кеткендиги жашыруун деле эмес. Көр тирликтин айынан таптакыр мектепке барбай калган мектеп жашындагы балдарыбыз ар бир региондордо четтен чыгат. Ал эми айлык акыларынын тартыштыгынан албетте, өткөн жылы өкмөт тарабынан мугалимдердин маяналарын көтөргөнгө чейин көптөгөн эл агартуунун мыкты адистери эчак эле кесиптерин алмаштырып кетишкендиги да белгилүү.

Мына ушул маселелердин тегерегинде өткөн жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун милдетин аткаруучу

Канатбек Муратбековдун демилгеси менен Нарын облусундагы орто мектептердин арасында билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, алдынкы мугалимдердин тажрыйбасын жайылтуу максатында бир нече пунктту камтыган атайын Жобо иштелип чыгып, анда мектептер арасында кароо сынак уюштуруу белгиленген.

Жакында мына ушул Жобого ылайык, облустук млекеттик администрация башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Чынара Абдраимакунова баш болгон курамында мыкты мектеп директорлору, алдынкы мугалимдер, ата-энелер комитеттеринин жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган комиссия Ат-Башы районунун дээрлик мектептериндеги иштер менен жеринде таанышып чыгышты.

Комиссиянын жетекчиси жана бул кызматка жаңыдан дайындалган облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Ч.Абдраимакунова кабарчыбызга баш байгесине жеңил автомашина коюлган мектептер арасындагы кароо-сынактын жыйынтыгы ушул жылдын күз айларында жыйынтыкталарын, Ат-Башы районунун билим берүү тармагындагы иштер менен таанышуу комиссиясынын биринчи иш сапары экендигин белгилеген.

Тоолуу облустун айылдарындагы социалдык маселелерди ички резервдердин күчү менен чечүү, айылдардын социалдык экономикалык шартын жакшыртуу багытында өткөн жылы аталган облуста «Элетти көтөрүү - элдин колунда” аттуу айыл өкмөттөр арасында уюштурулган алгачкы кароо сынактын баш байгесине да жеңил автомашина коюлган эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-02-2016
Ыйман ызааттын деградациясы
29626

07-08-2012
Нарын губернатору жарым жылдын отчетун берди
16664

18-07-2012
Айтылуу Соң-Көл камкордукка муктаж
21412

06-06-2012
Малдан жуккан оорулардан корк
20076

17-02-2012
Чек арада үзүлгөн өмүр…
19100

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×