Добавить статью
9:33, 15 февраля 2012 33136

Укугуңду билесиңби?

Азыркы учурда кыз ала качуу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинде кылмыштын бул түрүнө карата статьялар каралган. Өзгөчө Кылмыш кодексинде жашы жетпеген кыздарды эркинен тышкары мажбурлап үйлөнтүүгө аргасыз кылса 154-статья боюнча 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Коомчулукта ала качууга дуушар кыздардын өз эрки менен эмес, макулдугу жок ала качып алуу менен кыздын зордукталаары ар бирибизге маалым. Бул ала качууга мажбур кыздар илгертеден жашообузга калыптанып калган салтка баш ийип, башкача айтканда «таш түшкөн жерде оор» деп отуруп калышат. Кошумчасы, өзөчө элет жеринде кыздын ата-энеси да көнүмүш болуп калган салтка моюн сунушуп, «эл эмне дейт» бир күйөөдөн чыгыптыр деген ушак-айың сөзгө калабыз дешип кыздарын отуруп калууларына шарт түзүшөт.

Жаш кыздар турмуш ушул экен деп, илгертеден келаткан салттын курмандыгы болуу менен көнүп отуруп калышат. Бул факт жөнүндө эч кимге билдиришпейт, жана айланадагылардын дагы бул окуя менен эч кимдин да иши жок. Көптөгөн кыздарыбыздын аң сезиминде калыптанып калган «болуп келген ченем катары» ой пикирлер орун алгандыгы абдан өкүнүчтүү.

Аялдардын бей өкмөт уюмдары, кризистик борборлор тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоолоржыйынтыгы менен ала качуу фактысынын статистикасынын жана ИИМ, кайрылган арыздар саны ортосунда кескин айрымачылыктар бар. Аны төмөндөгү себептерден көрүүгө болот. Ала качууга дуушар болгон кыздардын басымдуу көпчүлүгү сот органдарына арыз менен кайрылышпагандыгынан көрүнөт.

Аялдардын көпчүлүгүнүн негизги жеке адам укугу жөнүндө түшүнүгү жок. Эгер турмуштун ысык-суугуна бышкан аялдар өзүнүн укуктарын толук билбесе да, жарым-жартылай өзүлөрүнүн интуициясы аркылуу укуктарын билишет, ал эми жаш кыздар өзүлөрүнүн укуктарын таптакыр билишпейт.

Ушул жааттан алып караганда, Билим берүү министрлиги мектептердеги билим берүү орто мектептериндеги окуу китептерине укуктук маселелер камтылган, тактап айтканда окуу программаларына үй-бүлө куруудагы укук жагындагы, кыз ала качуу стереотиптерин жоюуга багытталган окуу сааттарын көбөйтсө деген ой туулат. Өзгөчө айылдык мектеп окуучуларына кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү зарыл. Мында мектептерде психолог адистер да тартылса туура болот деп ойлойм. Бул жерден ата-эне мектеп гана тарбия жүргүзөт деп шылтап койбостон, жигиттин ата-энеси тарабынан да үй-бүлө курууда ала качуу кылмыш, сүйлөшүп, сүйүшүп, бир пикирге келишип гана үй-бүлө куруу жөнүндө таалим-тарбиялоо менен акыл-насыятын айтып, түшүндүрүп туруулары талапка ылайык.

Эмнеси болсо дагы ар бир кыз өзүнүн укутук жактан маалымдуу боло алса, жогорудагыдай кайталанган учурлар саны азаймакчы. Тилекке каршы, жабыркаган кыздар мындай чечкиндүү кадамга барышпай, сот иши ачылган менен өз ара сүйлөшүп алуу менен ишти жаап коюу кеңири орун алып келүүдө. Ошону менен бирге ала качып алган жигиттерге кылган аракеттери үчүн талаптагыдай соттук тартипте өзүнүн кылган ишине каттуу тартипте жоопкерчилик тартуусу зарыл. Коомчулукта мындай жапайычылык менен үйлөнгөн жаштарды ашкерелеген радио, теле көрсөтүүлөр, жалпыга маалымат каражаттарында коомдук пикирди туудурган берүүлөр, макалалар аркылуу жаш жигиттердин аң сезимине жеткирүү зарыл.

Социалдык жашоонун негизи болгон үй-бүлө мамлекеттин жүргүзгөн социалдык саясатына жана коомдо, үй-бүлөдө калыптанган маданият көрөңгөсүнө жараша болот. Жакынкы арада парламент тарабынан расмий никеси каттоосуз жаштарга нике кыйган мечит имамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө мыйзам долбоор демилгеленүүдө. Бул мыйзам долбоордо негизинен аялдар укугун коргоо жана эркектин үй-бүлө куруудагы жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу кыз ала качуу салтына бөгөт коюу максатын көздөйт. Андыктан келечекте кыздарыбыздын укуктук жактан билимдүү болуу менен бирге өз укуктарын коргой билген акыл-эстүү кадамдары зарыл экендигин белгилегим келет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)
42424

16-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи
43455

28-04-2014
Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс
44521

20-11-2013

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

42681

13-06-2012
Баңгилик-өмүрдү алат
30286

08-06-2012
Баңгилик абдан коркунучтуу илдет
28091

21-05-2012
Дүйнөдө баарынан сулуу - ЭНЕ
44031

28-02-2012
 Автотоктоочу жайдын же парковканын кызматкери кимдин чөнтөгүн толтурат?
94506

01-02-2012
Кыз ала качуу — адам укугун бузуу
54092

29-06-2011
Чакан насыялоо - жакырчылыктан чыгарууга өбөлгө
54481

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×